Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
(КР 2023-жылдын 8-августундагы № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2021-жылдын 23-марты № 39
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө жана Жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
(КР 2023-жылдын 8-августундагы № 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилик тартышат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык жоопкерчиликке кириптер кылат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүктүн биринчи абзацында "же соттук тартипте, ал эми администрациялык жаза-чараларын колдонуу бөлүгүндө - администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу" деген сөздөр "жарнама берүүчү, жарнама чыгаруучу же жарнама таратуучу административдик даттануу боюнча чечимге макул болбогон учурда сотко кайрылууга, ал эми жаза чараларын колдонуу бөлүгүндө - Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте даттанууга укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-статьянын 1-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-1. Техникалык регламент Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык кабыл алынышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык кабыл алынган техникалык регламент күчүнө киргенге чейин техникалык регламент ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык мыйзам же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому түрүндө кабыл алынышы мүмкүн.";
2) 28-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 38-статьянын 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 39-статьянын 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 40-статьяда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 676-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
17-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары ушул Мыйзамдын ченемдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.".
5-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 2-бөлүктүн экинчи абзацында "администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 30-мартындагы № 28 (3207) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |