МыйзамКүчүндө

КР 2021-жылдын 24-июнундагы № 75 «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция24.06.2021 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 21-июну № 75

"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 711-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

19-берененин 2-бөлүгүндө:

а) 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) мурда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясынан ажыратылган - лицензиясынан ажыратылган күндөн тартып беш жылдын ичинде;";

б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:

"4-1) адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясынан эки жолу ажыратылган;".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Президент Кыргызской Республики

С.Жапаров

 

2021-жылдын 27-майында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган