Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 22-июлу № 87
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 314-берененин 2-бөлүгү "анын ишине" деген сөздөрдөн кийин "көндүрүү, азгырып жалдоо же" деген сөздөр менен толукталсын;
2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3151-берене менен толукталсын:
"3151-берене. Экстремисттик ишти каржылоо
1. Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик ишти уюштурууну-даярдоону же жүзөгө ашырууну каржылоо үчүн каражаттар толук же жарым-жартылай багышталат же пайдаланылат деген ниеттенүү же сезип билүү менен түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) каражаттарды берүү, каржылык кызматтарды көрсөтүү же кандай гана болбосун усулдар же ыкмалар менен каражат жыйноо -
II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен адам тарабынан, -
III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул беренеде каралган кылмышты жасаган адам, эгерде ал экстремисттик ишти каржылоо жөнүндө өз ыктыяры менен билдирсе жана (же) кылмышты ачууга жана алдын алууга көмөк көрсөтсө, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо, жазык жоопкерчилигинен бошотулат.
Ушул беренеде экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасоого даярданып жаткан же жасаган адамдарга тиешелүү каражаттарды же экстремисттик уюмдун контролундагы каражаттарды алуу жана сактоо, же болбосо мындай каражаттар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо же аларды башкаруу каржылык кызмат көрсөтүү болуп таанылат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
153-берененин 9-бөлүгү "313-315" деген цифралардан кийин "3151" деген цифралар менен толукталсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 16-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|