Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 29-ноябры № 143
Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамы редакциясына ылайык)
1-берене
«Салык консультанттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-статьянын 1-бөлүгүндө:
а) 3-пунктунда «аудитордук же» деген сөздөр алып салынсын;
б) 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде катталган аудиторлор жана аудитордук уюмдар.».
2-берене
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2772-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
19-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Банктын аудити эл аралык аудит стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш жана Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде катталган аудитордук уюм тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.».
3-берене
«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берененин 53-пункту күчүн жоготту деп таанылсын
4-берене
(КР 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 151-глава менен толукталсын:
«151-глава. Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде каттаганы, кайра каттаганы үчүн жана Мамлекеттик бирдиктүү реестрди жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдар
541-берене. Төлөөчү
Кесиптик аудитордук бирикмелерди кошпогондо, Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде катталууга же кайра катталууга арыз берген жак, ошондой эле Мамлекеттик бирдиктүү реестрде катталган аудитор, аудитордук уюм төлөөчү болуп саналат.
542-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдарды төлөө өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.»;
2) 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 191-пункт менен толукталсын:
«191) Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде аудиторлорду, аудитордук уюмдарды каттаганы, кайра каттаганы үчүн жана Мамлекеттик бирдиктүү реестрди жүргүзгөнү үчүн алынуучу жыйымдар;».
6-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 20-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |