Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 22-декабры № 155
Баалоо иши жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында баалоо ишин жүзөгө ашырууда келип чыккан укуктук негиздерди жана мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Баалоо иши жөнүндө мыйзамдар
Баалоо иши ушул Мыйзамга жана баалоо ишин регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) баалоо - баалоочу (баалоочу уюм) тарабынан ушул Мыйзамга жана ушул Мыйзамдан келип чыккан башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлүүчү, конкреттүү датага карата абал боюнча баалоо объектинин наркын аныктоо (эсептөө) процесси;
2) баалоочу (көз карандысыз адис-баалоочу) - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилген, баалоо ишин жүзөгө ашырууга квалификациялык сертификаты бар жеке жак;
3) баалоочу уюм - мыйзамдарда белгиленген тартипте каттоодон өткөн, ишинин негизги түрү баалоо иши болуп саналган жана штатында квалификациялык сертификаты бар экиден кем эмес баалоочусу болгон юридикалык жак;
4) тапшырыкчы - баалоо жүргүзүү келишимин түзгөн жеке жана (же) юридикалык жак;
5) кадастрдык баалоо - мамлекеттик кадастрдык эсепке алынууга тийиш болгон баалоо объектинин наркын баалоо;
6) баалоо жөнүндө отчет - баалоо объектинин наркы жөнүндө кесипкөй пикирди тастыктоо үчүн жүргүзүлгөн баалоонун натыйжалары боюнча баалоочу (баалоочу уюм) тарабынан түзүлгөн жазуу жүзүндөгү документ;
7) баалоо иши - баалоочу (баалоочу уюм) тарабынан жүзөгө ашырылуучу, баалоо объекттерине карата рыноктук, кадастрдык же объекттин наркын баалоо стандарттарында каралган башка бааны белгилөөгө багытталган кесиптик иш;
8) кайрадан баалоо - кайрадан текшерүү же алынган натыйжаны актуалдаштыруу зарылдыгы болгон учурда, мурда бааланган объектке карата жүргүзүлгөн баалоо;
9) сертификаттоо - баалоочунун баалоо ишин жүзөгө ашыруусу үчүн квалификациясынын жана кесиптик билимдеринин тиешелүү деңгээлин ырастоонун милдеттүү жол-жобосу;
10) квалификациялык сертификат - белгиленген тартипте берилүүчү жана баалоочунун баалоо ишин жүзөгө ашыруусу үчүн зарыл болгон квалификациясынын жана кесиптик билимдеринин бар экендигин тастыктоочу документ;
11) нарк - баалоо объектинин баалуулугунун акчалай суммада туюндурулган эквиваленти;
12) баалоо стандарты - мүлктүн наркын баалоого карата ченемдердин, эрежелердин, талаптардын комплексин белгилөөчү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү ченемдик документ;
13) ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу аткаруу бийлигинин органы, баалоо ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган.
4-берене. Баалоо объекттери
Баалоо объекттерине төмөнкүлөр кирет:
1) кыймылсыз мүлк жана ага болгон укуктар;
2) кыймылдуу мүлк жана ага болгон укуктар;
3) бизнес;
4) финансы инструменттери;
5) материалдык эмес активдер жана интеллектуалдык менчик объекттери;
6) баалуу кагаздар, дебитордук жана кредитордук карыз;
7) жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр, маалымат;
8) мүлктүн жана мүлктүк укуктардын башка түрлөрү.
5-берене. Баалоо ишинин субъекттери
1. Баалоо ишинин субъекттерине төмөнкүлөр кирет:
1) баалоочу жана баалоочу уюм;
2) тапшырыкчы жана баалоо кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчү;
3) баалоочулардын кесиптик бирикмеси;
2. Баалоочу ишин төмөндөгүдөй жүзөгө ашыра алат:
- жеке ишкер катары;
- баалоочу уюм же баалоо анын ишинин негизги түрү болуп саналбаган юридикалык жак менен эмгек келишимин түзгөн баалоочу - кызматкер катары.
3. Банктык, финансылык, аудитордук, консалтингдик жана кызматтардын башка түрлөрүн көрсөтүүчү, ишинин негизги түрү баалоо болбогон юридикалык жактын баалоочусу тарабынан жүргүзүлгөн баалоонун натыйжалары мындай юридикалык жак тарабынан ички гана максаттар үчүн колдонулат. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, мындай учурларда баалоонун натыйжаларын берүү методологиясы, жүргүзүү тартиби жана формасы ушул Мыйзам жана баалоо стандарттары менен аныкталат.
6-берене. Баалоочунун укуктары
Баалоочу (баалоочу уюм) төмөнкүлөргө укуктуу:
1) баалоо стандарттарына ылайык баалоо ыкмаларын жана баалоо мамилелерин өз алдынча колдонууга;
2) баалоо жүргүзүүдө тапшырыкчыдан баалоо объектине, ошондой эле баалоону жүзөгө ашыруу үчүн керек болгон документацияга толук көлөмдө жетүүнү камсыз кылууну талап кылууга;
3) тапшырыкчынын түшүндүрмөсүн, ошондой эле баалоону жүзөгө ашыруу үчүн керектүү кошумча маалыматтарды алууга;
4) баалоону жүргүзүүгө, зарылдыгына жараша, тиешелүү жааттардагы адисти (адистерди) келишимдик негизде катышууга тартууга;
5) баалоону жүргүзүүдөн баш тартууга. эгерде тапшырыкчы:
а) баалоону аткаруу үчүн керектүү документтерди бербесе, же толук эмес, же так эмес маалыматтарды камтыган документтерди берсе;
6) баалоо объектин инспектирлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылбаса;
в) баалоонун натыйжаларына таасир этүү максатында баалоочунун иш-аракетине кийлигишсе;
6) мамлекеттик, коммерциялык жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзүүчү маалыматтарды кошпогондо, үчүнчү жактардан баалоо жүргүзүү үчүн керектүү маалыматты жазуу же оозеки формасында сурап алууга.
7-берене. Баалоочунун милдеттери
Баалоочу (баалоочу уюм) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) баалоо ишин жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын жана баалоо стандарттарынын талаптарын сактоого;
2) баалоочулардын иштиктүү жана кесиптик этикасынын ченемдерин сактоого;
3) баалоо жөнүндө анык эмес отчет түзүүгө жол бербөөгө;
4) объективдүү жана көз карандысыз баалоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуучу жагдайлар жаралган учурда, баалоочу баалоо жүргүзүүгө өзүнүн катышууга мүмкүнчүлүгү жок экендиги жөнүндө тапшырыкчыга же аны менен эмгек келишимин түзгөн баалоочу уюмга билдирүүгө;
5) баалоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө тапшырыкчыдан жана үчүнчү жактардан алынуучу документтердин, маалыматтын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылууга;
6) баалоо жөнүндө түзүлгөн отчетторду үч жыл аралыгында сактоого;
7) баалоо объектин түздөн-түз текшерип чыгууну жүзөгө ашырууга, ошондой эле ал боюнча өз укугун башкага ишенип бербей туруп, документтерди изилдеп чыгууга;
8) баалоо жөнүндө отчеттордун сакталып турган көчүрмөлөрүн же башка маалыматтарды мамлекеттик органдарга, башка уюмдарга, кызмат адамдарына алардын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте берүүгө.
8-берене. Баалоочунун көз карандысыздыгы
1. Баалоочу баалоо ишин жүзөгө ашырууда ак ниет, көз карандысыз жана объективдүү аракеттенүүгө, кызыкчылыктардын кагылышуусунан жана кесиптик милдеттерге шайкеш келбеген ар кандай аракеттерден же кырдаалдардан оолак болууга милдеттүү.
Эгерде бул баалоо жүргүзүүнүн натыйжасынын аныктыгына, анын ичинде баалоо жүргүзүүдө тактоого тийиш болгон суроолордун чөйрөсүн чектөөгө терс таасирин тийгизе турган болсо, тапшырыкчынын, же болбосо баалоочунун ишине кызыкдар башка жактардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
2. Көз карандысыз баалоо жүргүзүүгө жол берилбейт, эгерде:
а) баалоочу баалоо объектине карата баалоо келишиминен тышкары буюмдук же милдеттендирилген укуктарга ээ болсо;
б) баалоочу юридикалык жактын уюмдаштыруучусу, менчик ээси, акционери, кредитору, камсыздандыруучусу, же болбосо юридикалык жак баалоочунун уюмдаштыруучусу, акционери, кредитору, камсыздандыруучусу болуп саналса;
в) баалоочу баалоо объектинин кызматкери болуп саналса;
г) баалоочу тапшырыкчы менен, баалоо объектинин жетекчилигине мүчө болгон кимдир бирөөсү менен, ошондой эле ушул бөлүктө саналып өткөн адамдар менен түздөн-түз туугандык мамиледе болгон адам болуп саналса;
д) баалоочу баалоо объектинин жетекчиси, энчилеш ээси же туунду коомунун же филиалынын (өкүлчүлүгүнүн) кызматкери, баалоо объектинин энчилеш ээси болуп саналса.
9-берене. Баалоо ишин жүзөгө ашырууда мүлктүк жоопкерчиликти камсыз кылуу
Баалоо объектинин рыноктук же башка наркынын баалоо жөнүндө отчётто көрсөтүлгөн жыйынтыктоочу чоңдугун колдонуунун натыйжасында тапшырыкчыга келтирилген чыгашалар, же үчүнчү жактарга келтирилген мүлктүк зыяндын орду Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык орду толтурулууга тийиш.
Баалоо объектинин рыноктук же башка наркынын жыйынтыктоочу чоңдугун пайдалануунун натыйжасында тапшырыкчыга келтирилген чыгашалардын же үчүнчү жактарга келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толтуруу баалоочунун (баалоочу уюмдун) жана камсыздандыруучу уюмдун ортосунда түзүлгөн баалоочунун (баалоочу уюмдун) жарандык-укуктук жана (же) кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана шарттарда камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.
10-берене. Тапшырыкчынын укуктары жана милдеттери
1. Тапшырыкчы баалоо жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) баалоочудан (баалоочу уюмдан) баалоонун натыйжалары боюнча тыянактардын негиздемесин талап кылууга жана алууга;
2) баалоочудан (баалоочу уюмдан) баалоо жүргүзүү келишиминде белгиленген мөөнөттө баалоо жөнүндө отчетту алууга;
3) мүлктүк жоопкерчиликти камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу уюму менен баалоочунун же баалоочу уюмдун жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу келишимин түзүүнү талап кылууга;
4) баалоо жүргүзүү келишиминен келип чыгуучу башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
2. Тапшырыкчы баалоо жүргүзүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) баалоочуга (баалоочу уюмга) баалоону өз учурунда жана толук жүргүзүшүнө көмөк көрсөтүүгө, ал үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө, керектүү маалыматтарды жана документтерди берүүгө, баалоочунун (баалоочу уюмдун) оозеки же жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча оозеки же жазуу формасында толук түшүндүрмө жана тастыктап берүүгө, ошондой эле баалоо жүргүзүү үчүн үчүнчү жактардан маалыматтарды суратып алууга;
2) баалоочу (баалоочу уюм) тарабынан суралуучу маалыматты жана документтерди жашырууга (жетүүнү чектөөгө) багытталган кандай гана болбосун аракеттерди жасабоого;
3) баалоо жүргүзүү келишимине ылайык, анын ичинде эгерде баалоо жүргүзүүнүн натыйжалары баалоонун тапшырыкчысынын позициясы менен ылайык келбеген учурда да, баалоочунун (баалоочу уюмдун) кызмат көрсөтүүлөрүнө өз убагында төлөп берүүгө;
4) ушул Мыйзамдын, баалоо стандарттарынын жана баалоо иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын жана баалоо жүргүзүү келишиминен келип чыгуучу башка милдеттерди аткарууга.
11-берене. Баалоо стандарттары
1. Баалоо стандарттары мүлктүн наркын баалоо тартибине карата ченемдердин, эрежелердин, талаптардын комплексин белгилейт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Баалоо стандарттары Кыргыз Республикасынын баалоочуларынын (баалоочу уюмдардын) баалоо объектинин наркынын түрүн, баалоо мамилелерин жана баалоо ыкмаларын аныктоодо, ошондой эле менчиктин бардык формасындагы мүлктөрдүн наркына баалоо жүргүзүүдө колдонуусу милдеттүү болуп саналат.
2. Баалоо стандарттары баалоонун эл аралык стандарттарын эске алуу менен иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын баалоо иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык келиши керек.
12-берене. Баалоого карата мамилелер
1. Баалоо объекттеринин наркын белгилөөдө төмөнкүдөй мамилелер колдонулат:
1) чыгашалуу;
2) кирешелүү;
3) салыштырмалуу.
2. Баалоого карата мамилелерди колдонуу шарттары жана тартиби баалоо стандарттарында аныкталат.
13-берене. Объекттин наркы
1. Объекттин наркы анын жекече өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде максаттуу дайындалышын, баалуулугун, кирешелүүлүгүн, пайдалануу натыйжалуулугун, жарактуулугун, ага болгон суроо-талап менен сунушту жана конкреттүү датага же убакыттын белгилүү мезгилине карата түзүлгөн башка факторлорду эске алуу менен аныкталат.
2. Объекттин наркы рыноктук, же баалоо стандарттарына ылайык башкача болушу мүмкүн жана ал үчүн баалоо жүргүзүлүп жаткан максатка жана ченемдик укуктук актылардын талаптарына жараша, баалоочу кызмат көрсөтүүлөрдүн тапшырыкчысынын каалоосу боюнча аныкталат.
Рыноктук нарк деп тийиштүү маркетингден кийин, тараптардын ар бири компетенттүү, сарамжалдуу жана мажбурлоосуз аракет кылып жаткан учурдагы коммерциялык бүтүмдө сатып алууга даяр сатып алуучунун жана сатууга даяр сатуучунун ортосунда баалоо датасына карата мүлктү алмашууга боло турган эсептик акчалай сумма түшүнүлөт.
14-берене. Көз карандысыз баалоо жүргүзүүнүн милдеттүүлүгү
Баалоочуларды (баалоочу уюмдарды) тартуу менен көз карандысыз баалоо жүргүзүү төмөнкү учурларда милдеттүү болуп саналат.
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишкана жана өз мүлкү менен инвестициялык долбоорлордо (51 пайыз же андан жогору) мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбачыл субъекттер катышкан учурда;
2) катышуучунун үлүшүн акчалай эмес формада берген учурда юридикалык жактардын уставдык капиталын каттоодон өткөргөндө;
3) ээсиз мүлктү мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын менчигине баланска кабыл алганда;
4) камсыздандыруу учуру келгенде мүлктүн, камсыздандыруу тобокелдигинин же келтирилген залалдын камсыздандыруу наркын баалоо жөнүндө талаш пайда болгондо;
5) мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү менчиктештиргенде;
6) мамлекеттик мүлктү жана менчикте мамлекеттин үлүшү бар субъекттердин мүлкүн ишенимдүү башкарууга өткөрүп бергенде;
7) мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн менчик ээсинин мүлкүн улутташтырууда, аны конфискациялоодо, сатып алууда же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка мажбурлап акысыз тартып алууда;
8) карызкордун мүлкүн банкроттук процесстин алкагында тоорукка коюуда;
9) жоюлуп жаткан мамлекеттик ишкананын жана (же) мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбачыл коомдун кийинкисинде ээликтен ажыратуу жана карызкордун талаптарын канааттандыруу үчүн мүлкүнүн наркын аныктоодо;
10) кайра уюштурулган юридикалык жактардын башкаруу органдарынын чечимине же кайра уюмдаштыруу жөнүндө келишимге ылайык, мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбачыл коомду кайра түзүүдө, өткөрүлүп берилүүчү (кабыл алынуучу) мүлктүн наркын аныктоодо;
11) кадастрдык эсепке алууга тийиш болгон объектинин кадастрдык наркы жөнүндө талаш пайда болгондо;
12) мамлекеттик жана сот органдарынын талаптары жана (же) чечимдери болгондо;
13) кыймылсыз мүлк түрүндөгү күрөө предметин өндүрүп алууда жана мыйзамдардын талаптарына ылайык өндүрүүнү күрөөгө коюлган мүлккө айландыруунун алкагында финансы-кредиттик уюмдун балансына алууда;
14) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка учурларда.
15-берене. Камсыздандыруу үчүн мүлктү баалоо
1. Камсыздандыруу максаттарында мүлктү баалоо Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдары менен аныкталган тартипте мамлекеттик жана жеке камсыздандыруу уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Камсыздандыруу учуру келгенде, мүлктүн камсыздандыруу наркын, камсыздандыруу тобокелдигин же келтирилген зыянды баалоо тууралуу талаш-тартыш болгондо, баалоочу же баалоочу уюм тартылат.
16-берене. Кадастрдык баалоо
1. Кадастрдык баалоо мамлекеттик кадастрдык эсепке алууну жүргүзүү максатында объекттердин кадастрдык наркын аныктоо үчүн жана жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугунун деңгээлин, мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жерлерди алып коюуда жоготуулардын жана зыяндардын ордун толтурууну белгилөө үчүн жүргүзүлөт.
Кадастрдык баалоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, зарыл болгондо кадастрдык баалоого баалоочуларды же баалоочу уюмдарды тартууга укуктуу.
2. Кадастрдык баалоонун тартиби, аны жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Кадастрдык баалоо жана объекттердин кадастрдык наркы боюнча талаш-тартыштарды чечүү үчүн кадастрдык баалоонун катышуучулары жана кызыкдар жактар болуп саналбаган баалоочулар же баалоочу уюмдар тартылат.
17-берене. Соттук-эксперттик баалоо
1. Соттук-эксперттик баалоо кылмыш-жаза, жарандык иштердин, укук бузуулар жөнүндө иштердин жана аткаруу өндүрүшүнүн алкагында камсыз кылынат.
Соттук-эксперттик баалоо иш үчүн мааниси бар корутундуларды жана маалыматтарды алуу үчүн процесстик өндүрүш процессинде дайындалат.
2. Соттук-эксперттик баалоону камсыз кылуу жана анын натыйжаларын пайдалануу тартиби соттук-эксперттик иш жаатындагы ченемдик укуктук актылар менен регламенттелет.
2-глава. Баалоо ишин жүзөгө ашыруу үчүн негиздер жана аны жүргүзүү тартиби
18-берене. Баалоо ишин жүзөгө ашыруу негиздери жана шарттары
1. Баалоо жүргүзүү үчүн негиз болуп баалоочунун (баалоочу уюмдун) жана тапшырыкчынын ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык түзүлгөн баалоо жүргүзүү келишими саналат. Баалоочунун (баалоочу уюмдун) кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу зарылдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, тапшырыкчы баалоочуну (баалоо уюмун) тандоодо көз каранды болбойт.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда баалоо объектин баалоо, анын ичинде кайрадан баалоо, баалоочу тарабынан соттун, бейтарап соттун аныктамасынын негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Эксперт катары тартылган баалоочу тарабынан баалоо жүргүзүү үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык чыгарылган баалоону дайындоо жөнүндө токтом саналат.
4. Баалоо объектине баалоо жүргүзүү менен байланышкан чыгымдар, ошондой эле баалоочуга акчалай сыйакылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулууга (төлөнүүгө) тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Баалоо жүргүзүү келишимине карата милдеттүү талаптар
1. Баалоо кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимге карата Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү келишими жөнүндө ченемдер жана баалоо иши жаатындагы ченемдик укуктук актылар колдонулат.
2. Баалоо жүргүзүү келишиминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) тараптардын реквизиттери:
а) жеке адам үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттук маалыматтар, иш жүзүндө жашаган жери;
б) юридикалык, анын ичинде баалоочу аны менен эмгек келишимин түзгөн жак үчүн - фирмалык аталышы, каттоо номери, ИНН, ИУЖК коду, жайгашкан жери (юридикалык дареги);
2) баалоо объектинин аталышы жана (же) жайгашкан жери, баалоо объектинин түрү;
3) баалоо объектинин сыпатталышы;
4) баалоо объектинин наркын аныктоо датасы;
5) баалоо жүргүзүүнүн максаты;
6) баалоонун түрү;
7) аныкталуучу наркынын түрү;
8) баалоо жүргүзүү мөөнөтү;
9) баалоо жүргүзүүдө колдонула турган баалоо стандартына көрсөтмө;
10) тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;
11) баалоо объектине тапшырыкчынын менчик укугун ырастоочу документтин реквизиттерин, же болбосо тапшырыкчыга баалоо жүргүзүү келишимин түзүүгө укук берүүчү башка негиздер;
12) баалоочунун квалификациялык сертификатынын реквизиттери (аны берген органды көрсөтүү менен номери жана берген датасы);
13) баалоочунун (баалоочу уюмдун) мүлктүк жоопкерчилиги маселелерин сотко чейинки жөнгө салууга тапшырыкчынын укугу;
14) баалоочунун (баалоочу уюмдун) мүлктүк жоопкерчилигин камсыз кылуу жөнүндө маалыматтар;
15) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган башка маалыматтар.
3. Баалоо жүргүзүлгөн дата болуп баалоо объектинин ошол күндөгү абалы боюнча наркы аныкталган күн эсептелет.
20-берене. Баалоо жөнүндө отчет
1. Жүргүзүлгөн баалоонун натыйжалары боюнча баалоо жөнүндө эки нускада отчет түзүлөт, алардын бири тапшырыкчыга берилет, экинчиси баалоочуда (баалоочу уюмда) баалоо стандарттарында аныкталган тартипте сакталат.
Баалоо стандарттарында баалоо жөнүндө отчеттун формасына жана мазмунуна карата талаптар белгиленет.
2. Баалоо жөнүндө отчетко номер коюлат, көктөлөт, баалоочунун кол тамгасы коюлат жана анын мөөрү (бар болсо) менен бекемделет, ал эми баалоочу уюмдун баалоочусу тарабынан баалоо жөнүндө отчет түзүлгөн учурда, отчет баалоочу уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет жана ошол баалоочу уюмдун мөөрү менен бекемделет.
3. Баалоо объектинин ушул Мыйзамда жана баалоо стандарттарында каралган негиздер боюнча жана тартипте түзүлгөн баалоо жөнүндөгү отчетто көрсөтүлгөн рыноктук же башка наркынын жыйынтык чоңдугу, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, баалоо жөнүндө отчет түзүлгөн күндөн тартып, бир жылдын ичинде баалоо объекти менен бүтүм түзүү максаттары үчүң сунушталган деп таанылат.
4. Баалоо объектинин баалоо жөнүндө отчетто белгиленген рыноктук же башка наркынын чоңдугунун аныктыгы боюнча күмөн жаралган учурда, аны менен бирге, ушул эле объектти баалоо жөнүндө башка отчет болгондугуна байланыштуу, кызыкдар тарап (тапшырыкчы же үчүнчү жак) баалоо жөнүндө берилген отчетту рецензиялоону демилгелөөгө укуктуу.
21-берене. Баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоо
1. Баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоо баалоо жөнүндө текшерилүүчү отчеттун ушул Мыйзамда жана баалоо стандарттарында белгиленген, коюлган талаптарына шайкештигин аныктайт жана демилгелеген тараптын эсебинен жүргүзүлөт.
Баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоо баалоо иши чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес практикалык кесиптик иш тажрыйбасына ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилген квалификациялык сертификаты бар баалоочу тарабынан аткарылат.
2. Баалоо жөнүндө отчётту рецензиялоо тартиби, рецензиялоонун жыйынтыктары боюнча түзүлүүчү корутундуга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
22-берене. Баалоочулардын кесиптик бирикмелери
1. Баалоочулар кесиптик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн баалоочулардын коммерциялык эмес кесиптик коомдук уюмдарына мүчө болгон шарттарда бириге алышат.
2. Баалоочулардын кесиптик бирикмеси жарандык мыйзамдарга ылайык, баалоочулардын (баалоочу уюмдардын) ыктыярдуу мүчөлүгүнө негизденген коммерциялык эмес уюм формасында түзүлөт.
23-берене. Талаш-тартыштарды кароо
Баалоону жүргүзүү жана баалоо объектинин наркынын аныктыгы маселелери боюнча баалоочунун (баалоочу уюмдун) жана тапшырыкчынын (үчүнчү жактын) ортосунда келип чыккан, анын ичинде баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоону жүргүзүү аркылуу чечилбеген талаш-тартыштар соттон тышкаркы же соттук тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
3-глава. Баалоо ишин мамлекеттик жөнгө салуу
24-берене. Баалоо ишин мамлекеттик жөнгө салуу
1. Баалоо ишин мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) баалоо иши жаатындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алат;
2 ) төмөнкүлөрдүн тартибин аныктайт:
- баалоочуларды сертификаттоо жүргүзүү;
- баалоо иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын баалоочулар жана баалоочу уюмдар тарабынан сакталышын контролдоо;
- баалоочунун квалификациялык сертификатын чакыртып алуу, токтотуп туруу жана баалоочунун квалификациялык сертификатынын иш-аракетин жандандыруу;
- баалоочу уюмдардын ишин токтотуп туруу жана жандандыруу.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында баалоо ишин өнүктүрүү боюнча баалоочулардын, мамлекеттик органдардын, баалоочу уюмдардын, ошондой эле башка кызыкдар жактардын өкүлдөрүнүн ичинен кеңеш түзүлөт, Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңештин иштөө тартиби жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Жеке жактарды сертификаттоо алардын квалификациясын жана кесиптик билимдерин тастыктоо максатында андан ары тиешелүү категориядагы квалификациялык сертификатты берүү менен жүргүзүлөт. Сертификаттоо тартиби, квалификациялык сертификаттардын категориялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Баалоочу ишти жүзөгө ашыруусу үчүн баалоочунун квалификациялык сертификатынын болушу милдеттүү шарт болуп саналат. Баалоочу уюмдун баалоо ишин жүзөгө ашыруусу үчүн баалоо уюмун ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 3-пунктчасынын талаптарына шайкеш келтирүүсү милдеттүү шарт болуп саналат.
5. Кыргыз Республикасынын баалоочуларынын жана баалоочу уюмдарынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн баалоочуда квалификациялык сертификаттын болушу негиз болуп саналат.
Ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 3-пунктчасынын талаптарына шайкеш келген баалоочу уюмдар Кыргыз Республикасынын баалоочуларынын жана баалоо уюмдарынын мамлекеттик реестрине киргизилет.
Кыргыз Республикасынын баалоочуларынын жана баалоочу уюмдарынын мамлекеттик реестри баалоочулар жана баалоочу уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтык система болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын баалоочуларынын жана баалоочу уюмдарынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
6. Төмөнкү негиздердин бири болгондо, баалоочунун квалификациялык сертификаты чакыртып алынат:
1) сертификаттоого киргизүүгө керек болгон жасалма документтерди пайдалануу менен квалификациялык сертификатты алган факты аныкталганда;
2) баалоочуну баалоо иши менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндө жаза каралган соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
3) ушул Мыйзамда, баалоо стандарттарында жана баалоо иши жаатында ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарды баалоочу (баалоочу уюм) тарабынан системалык түрдө (экиден ашык жолу) бузуу фактылары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталганда;
4) баалоочу тарабынан түзүлгөн баалоо жөнүндө корутундуну (отчетту, рецензияны) билип туруп, анык эмес (жалган) деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде.
Ушул берененин 6~бөлүгүнүн 3-пункту менен каралган негиз боюнча баалоочунун сертификаты чакыртылып алынган жак квалификациялык сертификат чакыртылып алынган күндөн тартып бир жыл өткөнгө чейин сертификаттоодон өтүүгө укуктуу.
7. Баалоочунун квалификациялык сертификатынын колдонулушу төмөнкү негиздердин бири болгондо токтотулуп турат:
1) баалоочунун арызынын негизинде;
2) баалоочунун ушул Мыйзамда жана баалоо стандарттарында белгиленген талаптарды одоно бузуу фактысы аныкталганда;
Ушул Мыйзам менен жана баалоо стандарттарында белгиленген бузуулар баалоочу тарабынын жоюлганда квалификациялык сертификатынын колдонулушу жандандырылууга тийиш.
8. Баалоочу уюмдун иши төмөнкү негиздер болгондо токтотулуп турат:
1) баалоочу уюмдун арызынын негизинде;
2) баалоочу уюм тарабынан ушул Мыйзамда жана баалоо стандарттарында белгиленген талаптарды одоно бузуу фактысы аныкталганда;
3) баалоочу уюмдун ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 3-пунктчасынын талаптарына шайкеш келбөө фактысы аныкталган учурда.
Ушул Мыйзамда жана баалоо стандарттарында белгиленген бузуулар баалоочу уюм тарабынан жоюлганда, анын иши жандандырылууга тийиш.
9. Баалоочу уюмдун иши төмөнкү негиздер болгондо токтотулат:
1) баалоочу уюм тарабынан ушул Мыйзамда жана баалоо стандарттарында белгиленген талаптарды системалуу түрдө бузуу (экиден көп жолу) фактылары аныкталганда;
2) баалоочу уюм тарабынан билип туруп анык эмес (жалган) түзүлгөн баалоо жөнүндө корутундуну (отчетту, рецензияны) таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде.
25-берене. Баалоо иши жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын, баалоо стандарттарынын жана Кыргыз Республикасынын баалоо иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузган баалоо ишинин субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
4-глава. Корутунду жоболор
26-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам 2022-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 10-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |