Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 8-августу № 88
Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө
1-берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Креативдүү индустриялар паркынын укуктук статусун, Креативдүү индустриялар паркын башкаруунун өзгөчөлүктөрүн жана анын иштөө тартибин аныктайт.
2-берене. Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
1) креативдүү индустрия - талантты, инновацияларды, технологияларды, маданий мурастарды пайдалануу менен чыгармачылыкка жана интеллектуалдык менчик продуктуларын түзүүгө негизденген экономикалык иштин түрү, анын натыйжасы болуп экономикалык баалуулукка ээ болгон товар, жумуш, кызмат көрсөтүү саналат;
2) креативдүү кесиптер - негизги экономикалык баалуулугу креативдүү иштин натыйжасында жаралуучу кесиптер;
3) Креативдүү индустриялар паркы (мындан ары - КИП) - КИПтин резиденттерине карата колдонулуучу өзгөчө укуктук режим.
4-берене. Креативдүү индустриялар
Креативдүү индустрияларга экономиканын төмөнкү тармактары кирет.
1) архитектура, шаардык жана региондук пландоо, ландшафт дизайны, интерьер дизайны;
2) декорацияларды түзүүнү кошуп алганда, көркөм сүрөт искусствосу;
3) санариптик искусствону кошуп алганда, медиа искусство, виртуалдуу жана толукталган реалдуулукту, аралаш реалдуулукту түзүү, 3D-дизайн;
4) музыка, аткаруучулук искусство;
5) кино, телекөрсөтүү, радио, фотография, видеография, видеопродакшн;
6) анимация, графикалык дизайн, мультимедиа дизайны;
7) ЖМК, интернет-стриминг, подкасттарды жана блогдорду жүргүзүү;
8) кол өнөрчүлүк, жасалга-колдонмо искусствосу, көркөм өнөр иштери;
9) кийим-кече, аксессуарлар дизайнын, коллекцияларды түзүүнү кошуп алганда, мода индустриясы;
10) программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект;
11) компьютердик жана мобилдик оюндарды түзүү, киберспорт;
12) адабият, сценарийлерди жазуу, сторителлинг;
13) арт-менеджмент;
14) басма иши;
15) музейлерди, галереяларды, китепканаларды, маданият жана эс алуу парктарын, коворкингдерди, тренинг-борборлорун, мейкерспейстерди кошуп алганда, креативдүү мейкиндиктердин иши;
16) акселераторлордун жана бизнес-инкубаторлордун иши;
17) туроператорлордун, гиддердин, экскурсия алып баруучулардын, котормочулардын, аниматорлордун, туристтик көңүл ачууларды уюштуруучулардын иши жана туристтик маршруттарды иштеп чыгуу;
18) конференцияларды, форумдарды, көңүл ачууларды, мода көрсөтүүлөрдү, шоу жана массалык иш-чараларды уюштуруу, продюссерлик кылуу;
19) жарнама, социалдык тармактардагы маркетинг, коомчулук менен байланыш;
20) квалификацияны жогорулатуу курстарын, тестирлөө жана сертификаттоо борборлорун кошуп алганда, креативдүү кесиптер чөйрөсүндөгү окутуу.
5-берене. КИПтин ишинин түрлөрү
Аларга КИПтин режими колдонулган иштин түрлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ушул Мыйзамдын 4-беренесинде саналган тармактардын чегинде аныкталат.
6-берене. КИПтин режими
1. КИПтин режими - КИПтин ишинин түрлөрүн жүзөгө ашыруучу жана КИПтин резиденттери катары катталган адамдардын ишкердик ишин жүзөгө ашыруунун өзгөчө укуктук режими.
2. КИПтин резиденттери Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте салык төлөйт.
3. КИПтин резиденттеринин кызматкерлери "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандырылууга тийиш.
7-берене. КИПти түзүүнүн максаттары
КИП чыгармачыл (креативдүү) ишкердикти тездетип өнүктүрүү, улуттук экономиканы өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий потенциалын ишке тартуу, республиканын креативдүү индустрияларын изилдөө, ата мекендик жана эл аралык рыноктордо креативдүү иштин натыйжаларын илгерилетүү, креативдүү кесиптерди жана креативдүү индустрияларды жайылтуу, креативдүү индустриялар жаатындагы билим берүү долбоорлорун өнүктүрүү максатында түзүлөт.
8-берене. КИПтин резиденттери
1. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келген, ушул Мыйзамда аныкталган тартипте КИПтин резиденти катары катталган юридикалык жана жеке жактар КИПтин резиденттери болуп саналат.
2. КИПтин резиденти катары түшкөн каражатынын кеминде 90 пайызы КИПтин ишинин түрлөрүн жүзөгө ашыруудан түшкөн каражаттан турган юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк адам катталышы мүмкүн.
3. КИПтин резидентинин иши резидент менен КИПтин дирекциясынын ортосунда түзүлгөн ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимге (мындан ары - келишим) ылайык жүргүзүлөт.
9-берене. КИПтин резиденти статусун алуу
1. КИПтин резидентинин иши келишимге ылайык жүзөгө ашырылат, аны түзүү үчүн арыз ээси КИПтин дирекциясына Байкоочу кеңеш тарабынан белгиленген форма боюнча арыз берет.
2. КИПтин дирекциясы арызды карап чыгат жана Байкоочу кеңешке сунуштама жөнөтөт. Байкоочу кеңеш тарабынан чечим кабыл алынгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде КИПтин дирекциясы арыз ээси менен КИПтин резидентинин ишин жүзөгө ашыруу жөнүндө келишим түзөт жана аны КИПтин резиденттеринин реестрине киргизет.
3. КИПтин резиденттеринин реестри КИПтин дирекциясы тарабынан жүргүзүлөт жана КИПтин расмий интернет-ресурсуна жайгаштырылат.
10-берене. КИПтин резиденти статусун токтотуу
1. КИПтин резидентинин статусу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) КИПтин резидентинин арызынын негизинде;
2) КИПтин резиденти статусунан ажыратылганда.
2. КИПтин резиденти ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган талаптарды же Келишимдин шарттарын бузган учурда КИПтин резиденти статусунан ажыратылат.
3. Статусунан ажыратуу жөнүндө чечим КИПтин дирекциясынын сунушу боюнча Байкоочу кеңеш тарабынан кабыл алынат.
4. Байкоочу кеңеш тарабынан чечим кабыл алынгандан кийин КИПтин дирекциясы келишимди бузууну демилгелейт.
5. Келишим ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана келишимде каралган тартипте бузулууга тийиш.
11-берене. КИПти башкаруу
1. КИПтин жогорку башкаруу органы болуп Байкоочу кеңеш саналат.
Байкоочу кеңеш жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. КИПтин учурдагы ишине жетекчиликти директор тарабынан башкарылуучу КИПтин дирекциясы жүзөгө ашырат.
12-берене. КИПтин Байкоочу кеңеши
1. КИПтин Байкоочу кеңеши 7 мүчөдөн турат жана үч жылга төмөнкү тартипте түзүлөт:
1) 2 мүчө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат;
2) 5 мүчө креативдүү индустриялардын кесиптик бирикмеси (бирикмелери) тарабынан дайындалат.
2. Байкоочу кеңештин төрагасы Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен бир жылга шайланат.
13-берене. КИПтин Байкоочу кеңешинин компетенциясы
1. КИПтин Байкоочу кеңеши дирекциянын сунушу боюнча:
1) КИПтин дирекциясынын башчысын (директорун) дайындайт жана бошотот;
2) КИПтин дирекциясынын бюджетин бекитет;
3) КИПтин резиденти статусун берүү жана КИПтин резиденти статусунан ажыратуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
2. КИПтин дирекциясы тарабынан жүргүзүлүүчү КИПтин резиденттеринин ишине туруктуу мониторинг жүргүзүүнүн, ошондой эле креативдүү индустриялар секторун башка изилдөөлөрдүн жана алардын абалын баалоонун негизинде Байкоочу кеңеш:
1) аларга КИПтин режими жайылтылуучу иштин түрлөрүнүн тизмегине иштин түрлөрүн киргизүү же андан чыгаруу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет;
2) креативдүү индустрияларды өнүктүрүү жана креативдүү ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберет;
3) креативдүү индустриялар секторлоруна тиешелүү маалыматтарды статистикалык маалыматтарга киргизүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине берет;
4) КИПтин алты айдан кем эмес мезгилине милдеттерди жана ишинин көрсөткүчтөрүн аныктайт.
3. Байкоочу кеңеш креативдүү ишкердик маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен туруктуу өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат, креативдүү индустриялар чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын жана башкаруу чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгууга жана коомдук талкуулоого катышат.
Байкоочу кеңеш өз ишине ата мекендик жана эл аралык эксперттик жана илимий уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле креативдүү индустриялар боюнча айрым адистерди тартат.
Байкоочу кеңеш индустриялардын негизги өнүгүү тренддерин жана негизги көйгөйлөрүн аныктоо максатында республиканын айрым креативдүү индустрияларына, анын ичинде ушул Мыйзамдын 4-беренесинде саналып өткөн экономика тармагына кирбеген аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү уюштурат.
14-берене. КИПтин дирекциясы
1. Дирекцияны КИПтин Байкоочу кеңеши тарабынан дайындалган директор жетектейт.
2. КИПтин дирекциясынын ишин каржылоо квартал сайын КИПтин ишинин түрлөрүн жүзөгө ашыруунун натыйжасында отчеттук квартал үчүн түшкөн каражаттан 1 пайыз өлчөмүндө, кварталдын акыркы айынан кийинки айдын 20сына чейин КИПтин резиденттери тарабынан төлөнүүчү чегерүүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.
3. КИПтин дирекциясына КИПтин режими жайылтылат.
4. Дирекция мамлекеттик эмес коммерциялык эмес уюм формасында түзүлөт. Дирекциянын иши ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдарда жөнгө салынат.
15-берене. КИПтин дирекциясынын компетенциясы
1. КИПтин дирекциясынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) КИПтин резиденттеринин реестрин жүргүзүү;
2) типтүү келишимди иштеп чыгуу жана бекитүү;
3) келишимдерди түзүү жана алардын шарттарынын аткарылышын контролдоо;
4) жактын КИПтин резиденти катары катталгандыгын ырастоочу күбөлүктү берүү;
5) КИПтин ишинин маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө КИПтин резиденттеринин кызыкчылыктарын билдирүү;
6) КИПтин резиденттеринин долбоорлорун ата мекендик жана эл аралык рыноктордо илгерилетүүнү камсыз кылуу;
7) КИПтин резиденттеринин ишин маалыматтык коштоону ишке ашыруу;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү процессинде алардын кызыкчылыктарын коргоо максатында КИПтин резиденттерине укуктук жана методологиялык колдоо көрсөтүү;
9) КИПтин резиденттери тарабынан потенциалдуу инвесторлорду тартууга көмөктөшүү;
10) Байкоочу кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
11) өзүнүн ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту жылына бирден кем эмес жолу Байкоочу кеңешке берүү;
12) Байкоочу кеңештин суроо-талабы боюнча маалыматты берүү;
13) Байкоочу кеңеш аныктаган форматта КИПтин ишине туруктуу мониторинг жүргүзүү жана анын натыйжаларын Байкоочу кеңешке берүү;
14) Байкоочу кеңештин тапшырмасы боюнча башка маалыматтык-аналитикалык ишти жүргүзүү;
15) КИПтин резиденттери үчүн алардын потенциалын жогорулатуу боюнча коммуникативдик, маалыматтык, консультациялык иш-чараларды өткөрүү;
16) КИПтин расмий интернет-ресурсун түзүү жана колдоо;
17) КИПтин дирекциясынын иши жөнүндө отчетторду расмий интернет-ресурска жайгаштыруу.
16-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) ушул Мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышын камсыз кылсын;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |