Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 1-декабры № 114
Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 12, 524-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) согуштук-транспорттук милдет - мобилизациялоо жарыяланганда жана согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдү транспорттук каражаттар жана мүлк менен өз учурунда, толук кандуу камсыз кылуу үчүн белгиленүүчү Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдыктын жана мобилизациянын курамдык бөлүгү;
2) мобилизациялоо - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдү согуш мезгилинин уюмуна жана курамына, ал эми Кыргыз Республикасынын экономикасын, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, менчигинин түрүнө карабай юридикалык жактарды, Кыргыз Республикасынын аймагын согуш мезгилинин шарттары боюнча иштөөгө которуу боюнча иш-чаралардын комплекси;
3) мобилизациялык даярдоо - мамлекетти куралдуу кол салуудан коргоону жана согуш мезгилинде мамлекеттин биринчи кезектеги керектөөлөрүн жана калктын муктаждыгын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын экономикасын, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, менчигинин түрүнө карабай юридикалык жактарды, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагын даярдоо боюнча тынчтык мезгилинде жүргүзүлүүчү иш-чаралардын комплекси;
4) экономиканы мобилизациялык даярдоо - согуш мезгилинин шартында Куралдуу Күчтөрдүн керектөөлөрүн, мамлекеттин жана калктын муктаждыктарын канааттандыруу максатында тынчтык мезгилинде экономиканы күн мурунтан даярдоо боюнча жүргүзүлүүчү иш-чаралар комплекси;
5) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдү мобилизациялык даярдоо - тынчтык жана согуш мезгилинде жүзөгө ашырылуучу жана башкаруу органдарынын, аскерлердин, күчтөрдүн жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын, мобилизациялык ресурстардын жана запастагылардын дайыма күжүрмөн даярдыгынын жогорку деңгээлин камсыз кылууга багытталган иш-чаралар тутуму;
6) мобилизациялык ресурстар - Кыргыз Республикасынын аймагында мобилизациялоону жүргүзүүнү туруктуу камсыз кылуу үчүн мамлекет Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн мобилизациялык жайгаштыруу үчүн пайдаланышы мүмкүн болгон адам, транспорт жана материалдык ресурстар;
7) мобилизациялык кубаттуулуктар - мобилизациялоо заказдарын аткарууга багытталган өндүрүштүк аянттар, технологиялык жабдуу, инженердик-техникалык жана башка документация;
8) мобилизациялык резерв - мамлекеттик материалдык резервдин курамдык бөлүгү болуп саналган, мобилизациялоодо, согуштук абалда жана согуш мезгилинде мобилизациялык заказдарды аткаруу үчүн зарыл болгон жана кезектеги өндүрүштүк иште мобилизациялоо заказы бар уюмдар тарабынан пайдаланылбаган адам, транспорт ресурстарынын жана материалдык баалуулуктардын чектелген номенклатура боюнча запасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрү үчүн материалдык-техникалык каражаттар;
9) мобилизациялык тапшырма - мобилизациялоо жана согуш мезгилинде мамлекеттин туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча маселени чечүүгө багытталган иш-чараларды аткаруу үчүн мамлекеттик органдарга жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга тапшырма;
10) мобилизациялык заказ - менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга мобилизациялоо учурунда жана согуш мезгилинде белгилүү бир номенклатуранын товарларын (жумуштарын, кызмат көрсөтүүлөрүн) өндүрүүгө мамлекеттик заказ;
11) мобилизациялык план - өлкөнүн экономикасын, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарды согуш мезгилинин шарттарындагы иш режимине өткөрүү боюнча, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдү согуш мезгилине уюштурууга жана курамга өткөрүү боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн мазмунун, көлөмүн, тартибин жана мөөнөтүн аныктоочу мамлекеттик документ;
12) мобилизациялык органдар - штаттык бөлүктөр же мобилизациялоо тапшырмалары бар мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардагы, уюмдардагы жана ишканалардагы (менчигинин түрүнө карабастан) иштин көлөмүнө жараша атайын дайындалган кызматкерлер;
13) мобилизациялык даярдык - Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдүн, уюмдардын же мекемелердин согуш мезгилинин штаттарына жана керектөөлөрүнө чейин алардын мобилизациялык жайгаштырууну уюшкандык менен, белгиленген мөөнөттө, жашыруун жүзөгө ашыруу жөндөмүн мүнөздөөчү абалы;
14) мобилизациялык жайгаштыруу - Куралдуу Күчтөрдү согушка жөндөмдүү абалга келтирүүнүн жана күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу жана операцияларды жүргүзүү үчүн керектүү кошуундарды, бөлүктөрдү жана мекемелерди түзүүнүн тутумдук бөлүгү;
15) мобилизацияга тартуу - Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарын, кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн согуш мезгилине карата уюшулушуна жана курамына которуу боюнча иш-чаралардын комплекси;
16) камсыздандыруу запасы - мамлекеттик органдардын чечими боюнча түзүлүүчү мобилизациялык багыттагы объекттер, мобилизациялык кубаттуулуктар, учурдагы өндүрүштө консервацияланган жана пайдаланылбаган мобилизациялык запастардын (резервдердин) бардык түрү жана мобилизациялык багыттагы башка мүлк;
17) ыктыярдуу резервдик отряд - түздөн-түз коркунуч, согуштук агрессия учурунда, куралдуу чыр-чатактар (согуштук инцидент, согуштук акциялар жана курал-жарактарды жана согуш техникаларын пайдалануу менен башка согуштук кагылышуулар) жаралганда мобилизациялоону, согуштук абалды жана согуштук кырдаалды жарыялабастан Кыргыз Республикасынын жаш курагы чектелбеген категориядагы жарандарынын ичинен түзүлүүчү согуштук убактылуу түзүлүш;
18) резервдик түзүлүштөр - түздөн-түз коркунуч, согуштук агрессия мезгилинде, куралдуу чыр-чатак (согуштук инцидент, согуштук акциялар жана курал-жаракты жана согуш техникаларын пайдалануу менен башка согуштук кагылышуулар) жаралганда мобилизациялооону, согуштук абалды жана согуштук кырдаалды жарыялабастан, аймакты коргоо, кайтаруу жана мамлекеттик чек аранын айрым участокторун коргоо милдеттерин чечүү үчүн тынч жана согуш учурунда түзүлөт;
19) атайын түзүлүштөр - министрликтердин, ведомстволордун, уюмдардын, түрдүү деңгээлдеги мекемелердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын көбөйтүү, ошондой эле мобилизациялоону жарыялаганда, өзгөчө, согуштук абал режими киргизилгенде каралган иш-чараларды жүргүзүүнү уюштуруу жана аткарылышын камсыз кылуу, кризистик (өзгөчө) кырдаалдарды жана алардын кесепеттерин жеңип өтүү, ошондой эле экономиканы согуш мезгилинин шарттарындагы жана мыйзамдарда аныкталуучу башка учурлардагы ишке өткөрүү үчүн түзүлүүчү түзүмдөр.";
2) 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы болуп туруп:
1) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт;
2) Кыргыз Республикасына карата агрессия жасалганда же агрессиянын түздөн-түз коркунучу жаралган учурда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна токтоосуз киргизет;
3) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдүн мобилизациялык жайгаштырылыш схемасын, Кыргыз Республикасынын экономикасын мобилизациялык даярдоо планын бекитет;
4) Кыргыз Республикасынын экономикасын мобилизациялык даярдоого жетекчилик кылууну жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасында мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
5) Кыргыз Республикасында мобилизациялык даярдоонун жана мобилизациялоонун максаттарын жана милдеттерин аныктайт;
6) мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коёт;
7) аткаруу бийлигинин органдарынын мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы ыйгарым укуктарын аныктайт, алардын ишине жетекчилик кылат;
8) мамлекеттик бийлик органдарынын мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы макулдашып иштешин жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
9) мобилизациялоо жарыяланганда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн же алардын бөлүктөрүн согуш мезгилине уюшулушуна жана курамына өткөрүү, ошондой эле атайын түзүлүштөрдү жайгаштыруу боюнча иш-чаралардын жүргүзүлүшүнө контролду жүзөгө ашырат;
10) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын коргоо, жарандардын аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар, согуштук абал жөнүндө мыйзамдарына ылайык мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.";
3) 6-статьяда:
а) статьянын аталышындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн мобилизациялык жайгаштыруу планын иштеп чыгууну координациялайт, калктын жашоо турмушун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн мобилизацияга даярдоо кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын экономикасынын мобилизациялык пландарын иштеп чыгууну уюштурат, материалдык-техникалык ресурстардын заказдарын (тапшырмаларды) камсыз кылуу тартибин белгилейт;
2) согуш мезгилине менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын заказдарды (тапшырмаларды) аткаруусуна келишимдерди (контракттарды) түзүү тартибин белгилейт;
3) Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо менен байланышкан иш-чараларды каржылоо тартибин жана булактарын аныктайт;
4) республикалык бюджеттен мобилизациялык даярдоого каражат бөлүү жана менчигинин түрүнө карабастан, мобилизациялык даярдоо боюнча иш аткарган юридикалык жактарга экономикалык жана башка жеңилдиктерди берүү жөнүндө сунуштарды түзөт;
5) мобилизациялоону жарыялоо жана согуш абалын киргизүү менен колдонулууга киргизилүүгө жаткан, ошондой эле мобилизациялык даярдык маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну уюштурат;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерде камтылган милдеттенмелердин аткарылышын уюштурат;
7) калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн мобилизацияга даярдоо кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын экономикасынын мобилизациялык пландарын иштеп чыгууну уюштурат, заказдарды (тапшырмаларды) материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылуу тартибин белгилейт;
8) мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо маселелери боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө чечим кабыл алат;
9) Кыргыз Республикасында мобилизациялык даярдоону илимий жана методикалык жактан камсыз кылууну уюштурат;
10) өз ыйгарым укуктарынын чегинде мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат;
11) мобилизациялык органдардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
12) мобилизациялык даярдыкка контроль жүргүзөт, тийиштүү статистикалык отчеттуулуктун тартибин белгилейт, Кыргыз Республикасынын мобилизациялык даярдыгынын деңгээлине баа берет жана бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине ар жыл сайын баяндайт;
13) мобилизациялоо жарыяланган учурда Кыргыз Республикасынын экономикасын согуш абалынын шарттарында иштөөгө которуу жөнүндөгү чечимдерди аткарууну уюштурат;
14) мобилизациялоо мезгилинде жана согуш учурунда аскерге милдеттүү жарандардын ичинен жетекчилерди, адистерди, квалификациялуу жумушчуларды жана кызматчыларды мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарында жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарда брондоо боюнча иштин тартибин белгилейт жана аны жүргүзүүнү уюштурат;
15) Кыргыз Республикасынын экономикасында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана аскердик (атайын) түзүлүштөрдө мобилизациялык жайгаштыруу жана мобилизациялык иш-чараларды аткаруу боюнча аскердик-экономикалык жана командалык-штабдык окууларды (машыгууларды) өткөрүүнү уюштурат;
16) мобилизациялык, мамлекеттик резервдерде жана мамлекеттик бөксөрбөс запаста материалдык каражаттарды топтоо, жаңыртуу жана пайдалануу тартибин аныктайт;
17) курал буюмдарынын жана аскер техникасынын, маанилүү граждандык продукциянын, ошондой эле опурталдуу делинген, калктын жашоо турмушун камсыз кылуу тутумунун объекттеринин жана улуттук кенч болуп саналган объекттердин долбоордук документтерине документтердин камсыздандыруу фондун түзүү, сактоо жана пайдалануу тартибин аныктайт.";
в) 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 10-статьяда:
а) 2-пунктта:
- 4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) мобилизациялоо мезгилинде жана согуш учурунда өлкөнү коргоону жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында өзүнүн менчигинде турган имараттарды, курулмаларды, транспорт каражаттарын жана башка мүлктү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте алар тарткан чыгашалардын ордун мамлекет тарабынан толтуруп берүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүп берет.";
- пункт төмөнкү мазмундагы 5 жана 6-пунктчалар менен толукталсын:
"5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөргө катталган транспорт каражаттарын жана мүлктү мобилизациялоо мезгилинде жана согуш учурунда тиешелүү аскер комиссариаттарынын мобилизациялык наряддары менен белгиленген пункттарда жана мөөнөттөрдө беришет;
6) мобилизациялоо жарыяланганда жана согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик түзүлүштөрүнө аскердик-транспорттук милдетти аткаруу тартибинде өткөрүп берүү үчүн аскер комиссариаттарынын мобилизациялык наряддары менен аныкталган аларга таандык транспорт каражаттарын өткөрүп берүү, сатуу, жоготуу же техникалык жана башка себептер менен иштен чыккандыгы жөнүндө тиешелүү аскер комиссариаттарына билдирет.";
б) 4-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Граждандар - транспорт каражаттарынын ээлери, аскерий башкармалыктын жергиликтүү органдарынын кызмат адамдарынын аскердик-транспорттук милдеттерди аткаруусу менен байланышкан укукка сыйбаган чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздиктерине) жарандык-процесстик, административдик тартипте даттанууга укуктуу.";
5) 11-статьяда:
а) 1 жана 2-пункттарда "атайын түзүлүштөрүн" деген сөздөр "башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын кызмат адамдары, ошондой эле граждандар ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.".
6) 12-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Тынчтык мезгилде мобилизациялык даярдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу, координациялоо жана анын өткөрүлүшүн контролдоо үчүн төмөнкүлөр түзүлөт (дайындалат);
мамлекеттик органдардын башкаруу аппараттарынын курамында - өз алдынча мобилизациялоо органдары (бөлүмдөр, бөлүктөр, секторлор);
Куралдуу Күчтөрдүн жана аларда мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүнүн курамында - аскердик башкаруу органдары (башкы башкармалыктар, башкармалыктар, бөлүмдөр, бөлүктөр);
мобилизациялык заказдары (тапшырмалары) бар ишканаларда - өз алдынча мобилизациялоо органдары (бөлүктөр же өзүнчө кызматкерлер);
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында - аскердик каттоону жана мобилизациялык даярдоону жүргүзүү боюнча кызматкерлер;
Мобилизациялык органдардын түзүмү, штаттык курамы, иш милдеттери, укуктары жана милдеттери аткарылуучу тапшырмалардын мүнөзүнө жана заказдардын (тапшырмалардын) көлөмүнө жараша аныкталат жана аларда бул мобилизациялык органдар түзүлүп жаткан мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана ишканалардын жетекчилери тарабынан бекитилет.
Мобилизациялык органдар жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.";
б) 2-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 13-статьяда:
а) 1-пунктта "атайын түзүлүштөрдү мобилизация учурунда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн мобилизациялоо жарыяланганда жана согуш учурунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пункт "Аскердик-транспорттук милдет" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик органдарга," деген сөздөр менен толукталсын;
в) 3 жана 4-пункттарда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 14-статьянын 5-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 18-статьянын 2-пунктунда "атайын түзүлүштөрдүн граждандык кызматтарында" деген сөздөр "башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдүн граждандык кызматтарында, анын ичинде ыктыярдуу отряддарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 21-статьяда "атайын түзүлүштөрдүн" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 22-статьяда:
а) 1-пунктта "атайын түзүлүштөргө" деген сөздөр "башка аскердик (атайын) түзүлүштөргө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пунктта "атайын түзүлүштөрдү" деген сөздөр "башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 24-статьянын 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"резервдик түзүмдөрдөгү кызмат.";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"резервдик түзүмдөрдө, отряддарда, ошондой эле аскердик башка түзүмдөрдө ыктыярдуу негиздеги кызмат;";
2) 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-берене менен толукталсын:
"22-1-берене. Жарандарды резервдик түзүмдөргө чакыруу, ошондой эле ыктыярдуу резервдик түзүмдөргө, отряддарга жана аскердик башка түзүмдөргө ыктыярдуу негизде чакыруу
1. Түздөн-түз коркунуч, согуштук агрессия мезгилинде, куралдуу чыр-чатак (согуштук инцидент, согуштук акциялар жана башка курал-жарактарды жана согуш техникаларын пайдалануу менен аскердик кагылышуулар) жаралганда, жарандарды резервдик түзүмдөргө, ыктыярдуу резервдик отряддарга жана башка аскердик түзүмдөргө чакыруу мобилизациялоону жарыялабастан, ошондой эле мобилизациялоону, согуш абалын же согуштук жагдайды жарыялоо менен ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. 18 жаштан 60 жашка чейинки курактагы жарандар резервдик түзүмдөргө жана башка аскердик түзүмдөргө чакырылууга тийиш. Ыктыярдуу резервдик отряддарга ыктыярдуу негизде чакырууга чакырылган күндө он сегиз жашка толгон жарандар тартылат, мында жаш курак чектелбейт.
3. Резервдик түзүмдөргө, ыктыярдуу резервдик отряддарга жана башка аскердик түзүмдөргө чакырылган жарандарга акчалай акы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган контракттык кызмат өтөөнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген ченемдер боюнча төлөнөт.
4. Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү аскер башкармалыгынын органдарында резервдик түзүмдөргө, ыктыярдуу резервдик отряддарга жана башка аскердик түзүмдөргө талапкер катары ыктыярдуу негизде каттоого турууга укуктуу.
Резервдик түзүмдөрдү, ыктыярдуу резервдик отряддарды түзүү жана иштетүү негиздери, аларды пайдалануу тартиби, ошондой эле резервдик түзүмдөрдө жана ыктыярдуу резервдик отряддарда жарандардын кызмат өтөө тартиби, төлөө тартиби жана укуктук статусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
3) 36-беренеде:
а) 3-бөлүктө
- экинчи абзацында "отуз беш" деген сөздөр "кырк" деген сөзгө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацында "отуз алты жаштан кырк беш жашка" деген сөздөр "кырк бир жаштан элүү жашка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацында "кырк алты жаштан элүү жашка" деген сөздөр "элүү беш жашка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Офицер курамындагы аскерге милдеттүүлөрдүн запаста жүрүү курагынын чеги төмөнкүнү түзөт:
Аскердик наамы | Чектеги жаш курагы | ||
| 1-разряддагы запас | 2-разряддагы запас | 3-разряддагы запас |
Кенже офицердик курам | 48 | 53 | 58 |
Улук офицердик курам | 58 | 63 | 65 |
Жогорку офицердик курам | - | - | 68 |
";
4) 41-берененин 1-бөлүгүнүн алтынчы, жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эсепте катталууда 500гө чейин аскерге милдеттүүлөр жана аскерге чакырылуучулар болсо - аскердик эсепке алуу жана мобилизациялык даярдыкты жүргүзүү боюнча бир жумушчу;
- эсепте катталууда 501ден баштап жана андан жогору аскерге милдеттүүлөр жана аскерге чакырылуучулар болсо - аскердик эсепке алуу жана мобилизациялык даярдыкты жүргүзүү боюнча эки жумушчу.".
3-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-статьянын жетинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жарандардын айрым категориялары жана өзгөчө статустагы (укуктук режим менен) аймактарда жашап жаткан жарандар үчүн аңчылык ок атуучу сайлуу куралын сатып алууга башка укуктар жана мөөнөттөр белгилениши мүмкүн.".
4-берене.
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 752-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
16-беренеде:
а) берене "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар" деген сөздөрдөн кийин "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, карамагында коргоо маселелери болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарандык коргонууну жана аймактык коргоону уюштурууну жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;".
5-берене.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 27-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 25-пункт менен толукталсын:
"25) аскердик каттоо жүргүзүү, аскердик кызматка, резервдик түзүмдөргө, ыктыярдуу резервдик отряддарга жана мобилизациялык даярдоого чакырууну уюштурууга көмөк көрсөтүү.";
2) 29-берененин 6-бөлүгүнүн 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
6-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 913-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-берененин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бүтүндүгүн жана коопсуздугун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн, улуттук коопсуздугун, коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана аскердик милдеттерге тиешелүү мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
51-берененин 1-бөлүгү:
а) 2-пункту "айлана-чөйрөнү коргоонун" деген сөздөрдөн кийин ", коргонуунун" деген сөз менен толукталсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
4) өз аймагында аймактык коргонуу жана жарандык коргоо иш-чараларын камсыз кылуу боюнча милдеттерди чечүүгө.".
8-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 6-декабрындагы № 107 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 20-октябры
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |