Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 8-июлу № 83
Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамы редакциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 1-февралындагы № 21, 2022-жылдын 30-июнундагы № 49, 2023-жылдын 15-августундагы № 181, 2025-жылдын 21-январындагы № 18 , 2026-жылдын 21-майындагы N 72
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-статьянын 20-пунктунда ", ошондой эле мамлекеттик статистика органдарындагы статистикалык," деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 102-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-статьянын 4-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарында жекече ишкер" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен белгиленген тартипте жеке ишкер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 497-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
11-статьянын 5-бөлүгүндө "мамлекеттик статистика тармагындагы компетенттүү органдар" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 3, 97-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-берененин 5-бөлүгүндө "мамлекеттик статистика органдарынын" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-статьянын 1-бөлүгүндө "мамлекеттик статистиканын органдары" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6-берене.
(КР 2023-жылдын 1-февралындагы №21 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 181 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8-берене.
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 487-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-берененин 8-бөлүгүнүн биринчи абзацында ", статистикалык" деген сөз алып салынсын.
9-берене.
"Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 347-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
16-беренеде "мамлекеттик статистика органдары жүргүзүшөт" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган жүргүзөт" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10-берене.
(КР 2025-жылдын 21-январындагы № 18 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12-берене.
"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 468-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-берененин 6-бөлүгүндө "мамлекеттик статистика органдарына" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13-берене.
"Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 487-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
20-берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө "статистиканын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14-берене.
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15-берене.
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
16-берене.
(КР 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
17-берене.
"Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 6, 629-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда "статистика органдарына" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 10-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда "статистика органдарына" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
18-берене.
"Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 940-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
31-берененин 1-бөлүгүндө "статистикалык органдары" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
19-берене.
"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1237-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "мамлекеттик статистика органдарынын" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 21-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда "мамлекеттик статистика органдарынын" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
20-берене.
"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1238-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "мамлекеттик статистика органдарынын" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 21-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда" мамлекеттик статистика органдарынын" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21-берене.
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-берененин 11-бөлүгүндө ", статистика органдарына" деген сөздөр "органдарына, расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 12-берененин 9-бөлүгүндө ", статистикалык органдарына" деген сөздөр "органдарына, расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
22-берене.
"Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 3, 167-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-берененин 4-бөлүгүнүн 15-пунктунда "статистика органдарына" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 25-берененин 6-бөлүгүндө:
а) мамлекеттик тилдеги "Кыргыз Республикасынын статистикалык органдары" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) расмий тилдеги "статистическими органами" деген сөздөр "государственньм органом в области официальной статистики" деген сөздөргө алмаштырылсын.
23-берене.
"Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 881-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
17-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда "статистикалык бирдиктердин Бирдиктүү мамлекеттик реестрине" деген сөздөр "Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
24-берене.
"Эмгек милдеттерин аткарууда кызматкерге иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча келтирилген залалдан, кесиптик оорудан же болбосо ден соолугунун башка бузулуусунан келип чыккан зыяндын ордун толтуруунун суммасын керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулаганын эске алуу менен индексациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 542-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Баалардын индекси расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан эсептелет.".
25-берене.
(КР 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
26-берене.
(КР 2023-жылдын 1-февралындагы №21 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
27-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-июлундагы № 58 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С. Жээнбеков |
2019-жылдын 29-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |