Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 15-февралы № 27
Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 28-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1) транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу;";
2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 311-берене менен толукталсын:
"311-берене. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу
1. Жеке жакка берилген транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренелеринде каралган учурларда бул укукту пайдалануу тартибин бузгандыгы үчүн колдонулат.
2. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу сот тарабынан дайындалат.
3. Алкоголдук, баңги заттык мас абалында унаа айдоо, ошондой эле өздөрү катышуучусу болуп саналган жол-транспорт кырсыгы болгон жерди таштап кетүү учурларын кошпогондо, транспорт каражаттарын майыптыгына байланыштуу колдонгон адамдарга транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу колдонулбайт.";
3) 34 беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1) жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү;";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Укук бузуулардын кошумча укуктук кесепеттери жасалган укук бузуунун жагдайларына жараша колдонулат жана эгерде алар ушул Кодексте башкача каралбаса, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн (берененин бөлүгүнүн) беренесинин санкциясында каралбаган учурларда да колдонулушу мүмкүн.";
в) мамлекеттик тилдеги тексттин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Мүлктү алып коюу, адистештирилген унаа токтотуучу жайга транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо, дөңгөлөктөргө блокираторлорду же башка шаймандардын түрлөрүн колдонуу, транспорт каражатын башкаруудан четтетүү түрүндөгү укук бузуунун кошумча укуктук кесепеттери, укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн болгон куракка жеткенге чейин жеке жак жосун жасаган учурларда да колдонулат.";
4) 38-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 2-пункттагы "(транспорт каражатынын мамлекеттик каттоосун убактылуу токтотуу)" деген сөздөр "(транспорт каражаттарын башкаруу жана транспорт каражатын мамлекеттик каттоо укугунун колдонулушун убактылуу токтотуу)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пункт "(жалган) болсо" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле, идентификациялоого тоскоол болуучу материалдарды же болбосо түзүлүштөрдү ордунда жок кылуу учурларын кошпогондо, эгерде мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) бул белгилерди (белгини) идентификациялоого тоскоол болуучу же аны кыйындатуучу материалдарды же болбосо түзүлүштөрдү колдонуу менен жабдылган болсо" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 8-пункттагы "100" деген цифралар "30" деген цифраларга алмаштырылсын;
5) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 381-берене менен толукталсын:
"381-берене. Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү
1. Укук бузууларды автоматтык режимде иштөөчү фото жана кино тартуу, видеожазма функциялары бар атайын техникалык каражаттар же фото жана кино тартуу, видеожазма каражаттары менен жазып алуу учурларын кошпогондо, ушул Кодекстин 182-берененин 4-бөлүгүндө, 185-беренеде, 187-берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 188-берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө, 192-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 193-берененин 3-бөлүгүндө каралган укук бузууларды бир календардык жылдын ичинде үч жана андан көп жолу жасаган транспорт каражаттарынын айдоочулары, жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшырууга жөнөтүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу орган фото жана кино тартуу, видеожазма функциялары бар, автоматтык режимде иштөөчү, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарын же фото жана кино тартуу, видеожазма каражаттарын колдонуу менен жазылып белгиленген, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган укук бузууларды жасаган адамдарды аныктаган учурда жана бул укук бузуулар дал ошол транспорт каражатын башкарган адам тарабынан жасалганы аныкталганда (далилдегенде), ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 5711-беренесине ылайык, бул адамды жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүлөт.
Адам укук бузуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн алган күндөн тартып үч айдын ичинде кошумча укуктук кесепеттин бул түрүн аткаруудан баш тарткан учурда, транспорт каражаттарын башкаруу укугун берген орган ошол адам жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырганга чейин мындай укукту убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алат.
Эскертүү. Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшыруу, транспорт каражаттарын башкаруу укугунун колдонулушун убактылуу токтотуу тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
6) 39-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун кошпогондо, адамга берилген атайын укуктан (аңчылык кылуу укугунан, лицензиядан ж.б.) ажыратуу бул укукту колдонуунун тартибин бир жылдын ичинде эки жана андан көп жолу бузгандыгы үчүн колдонулат.";
б) 2-бөлүктөгү "193," деген цифралар алып салынсын;
в) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 50-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"50-берене. Коомдук иштердин, камакка алуунун жана транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуунун мөөнөттөрүн эсептөө
Коомдук иштердин мөөнөтү - саат, камакка алуу - сутка, транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу - ай, жыл менен эсептелет.";
8) 55-берененин 3-бөлүгүндөгү "48" деген цифралар "72" деген цифраларга алмаштырылсын.
9) 182-беренеде:
а) 4-бөлүктүн биринчи абзацындагы "(идентификациялоого тоскоол болгон түзүлүштөрдү жана материалдарды жеринде жоюу учурларынан тышкары)," деген сөздөр алып салынсын;
б) 7-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
10) 184-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы "транспорт каражатын каттоочу документи" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы "көрсөткүч" деген сөздөн кийин ", юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "55" деген цифралар "150" деген цифраларга алмаштырылсын;
11) 187-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "55" деген цифралар "75" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацындагы "75" деген цифралар "150" деген цифраларга алмаштырылсын;
12) 188-беренеде:
а) 2-бөлүктөгү "Өткөөлдөрдөн өтүү же светофордун тыюу салуучу сигналында же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосунда өтүү эрежелерин бузуу;" жана ", ага тете тротуар менен же болбосо жөө жүрүүчүнүн же велосипед жолунда жүрүү" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүктөгү "Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же манёвр жасоо эрежелерин бузуу" деген сөздөр "Өткөөлдөрдөн өтүү же светофордун тыюу салуучу сигналында же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосунда өтүү эрежелерин бузуу, ага тете тротуар менен же болбосо жөө жүрүүчүнүн же велосипед жолунда жүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу, -
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
13) 189-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"189-берене. Автоээнбаштык
1. Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети, -
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жыл ичинде кайталанып жасалса, -
транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратууга алып келет.";
14) 192-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратууга алып келет.";
15) 193-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"193-берене. Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү
1. Алкоголь, баңгизат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, -
транспорт каражатын башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.
1-1. Алкоголь, баңгизат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас абалындагы кандай болбосун транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын транспорт каражатын башкаруусу, -
үч суткага камакка алууга алып келет.
2. Транспорт каражатын башкаруучу айдоочунун белгиленген тартипке ылайык мас абалын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартуусу, -
үч суткага камакка алууга алып келет.
2. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жосун кандай болбосун транспорт каражатын башкарууга укугу жок адам тарабынан жасалса, -
беш суткага камакка алууга алып келет.
3. Алкоголдук, баңгизаттык же кандай болбосун башкача мас абалындагы адамдын, же болбосо бул каражатты башкарууга укугу жок адамдын автомототранспорт каражатын башкаруусуна мындай транспорт каражатын эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдын жол берүүсү, буга тете автомототранспорт каражатынын айдоочусунун, же болбосо ээсинин мас абалындагы адамдын башкаруусуна берүүсү, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш-жаза жосунунун белгилери жок болсо, адамга материалдык зыян же болбосо анын ден соолугуна этиятсыздыктан залал алып келген, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, -
транспорт каражатын башкаруу укугунан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.
4-1. Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш-жаза жосунунун белгилери жок болсо, адамга материалдык зыян же анын ден соолугуна этиятсыздыктан залал алып келген, ушул берененин 1-1-бөлүгүндө каралган жосун, -
жети суткага камакка алууга алып келет.
5. Ушул берененин 1 же 4-бөлүктөрүндө каралган жосундар жаза мөөнөтү өткөндөн кийин кайталанып жасалса, -
укук бузуунун каражаты болуп саналган транспорт каражатын убактылуу алып коюу менен транспорт каражаттарын башкаруу укугунан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.
6. Ушул берененин 1-1, 2-1 жана 4-1-бөлүктөрүндө каралган жосундар ушул Кодекстин 33-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык камакка алуу колдонулбаган адамдар тарабынан жасалса, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Белгиленген тартипке ылайык мас абалды күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тарткан транспорт каражатын башкаруучу адамдын мас абалы аныкталган учурда, ушул берененин 1-бөлүгү боюнча да жоопкерчилик тартат.";
16) 194-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"түшүрүлгөн атайын түстүү графикалык схемаларды, жазууларды, сүрөттөрдү, атайын үн чыгаруу жана жарык берүү үчүн орнотулган атайын жабдууларды жок кылуу менен жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
17) 449-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"449-берене. Транспорт каражатында жасалма мамлекеттик каттоонун номердик белгисин пайдалануу
1. Жалган же стандарттуу эмес (жасалма) мамлекеттик каттоо номердик белгилери (белгиси) бар транспорт каражатын башкаруу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун жыл ичинде кайталанып жасалса, -
транспорт каражаттарын башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.";
18) 454-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) укук бузуулар жөнүндө протоколдор ички иштер органдары тарабынан түзүлгөн ушул Кодекстин 56-59, 70-72, 96, 126-129, 131-беренелери, 189-беренесинин 2-бөлүгү, 192-беренесинин 4-бөлүгү, 193-беренесинин 1- 21, 4-5-бөлүктөрү, 271-беренеси, 431-беренесинин 2-бөлүгү, 449-беренесинин 2-бөлүгү боюнча;";
19) 456-беренедеги "93-95, 97-99, 101, 102, 108, 109-беренелери, 112-беренесинин 2-бөлүгү, 125, 130, 132-135, 137-142-беренелери, 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары, 160, 165, 177-180, 182-192-беренелери, 193-беренесинин 3-бөлүгү, 194-201, 228, 2281, 272, 273, 310, 325, 430-беренелери, 431-беренесинин 1-бөлүгү, 432, 445, 447-450-беренелери" деген сөздөр "93-95, 97-99, 101, 102, 108, 109-беренелери, 112-беренесинин 2-бөлүгү, 125, 130, 132-135, 137-142-беренелери, 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары, 160, 165, 177-180, 182-188-беренелери, 189-беренесинин 1-бөлүгү, 190-191-беренелери, 192-беренесинин 1-3-бөлүктөрү, 193-беренесинин 3 жана 6-бөлүктөрү, 194-201, 228, 2281, 272, 273, 310, 325, 430-беренелери, 431-беренесинин 1-бөлүгү, 432, 445, 447, 448-беренелери, 449-берененин 1-бөлүгү, 450-беренеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 506-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "электрондук санариптик колтамгасын (ЭСК)" деген сөздөр "электрондук колтамгасын (ЭК)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) 513-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Фото, кино тартуу жана видео жазуу функциялары бар, автоматтык режимде иштеген, укук бузууларды белгилөө үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонууга тиешелүү жол белгилерин милдеттүү түрдө орнотуу менен жол берилет.";
22) 520-берененин 2-бөлүгүндөгү "санариптик" деген сөз алып салынсын;
23) 534-берененин 1-бөлүгүндөгү "131, 193, 271, 401, 410, 411, 421-426-беренелеринде, 431-беренесинин 2-бөлүгүндө, 433, 435-439-беренелеринде" деген сөздөр "131, 189-беренесинин 2-бөлүгүндө, 192-беренесинин 4-бөлүгүндө, 193, 271, 401, 410, 411, 421-426-беренелеринде, 431-беренесинин 2-бөлүгүндө, 433, 435-439-беренелеринде, 449-беренесинин 2-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 535-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Өндүрүштүн катышуучуларынан автоматтык режимде иштеп турган фото жана кино тартуу, видеожазма функциялары бар, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен жазылып белгиленген укук бузуулар жөнүндө токтомдор боюнча өтүнүчтөр келип түшкөндө, жаза берүү жөнүндө токтомдун аткарылышы бул өтүнүчтөр ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралганга чейин токтотула турат.";
25) 546-берененин 6-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "533-беренесинде белгиленген" деген сөздөр "56-главасында белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
26) 563-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ушул Кодекстин 177-181-беренелерин, 182-беренесинин 4-бөлүгүн, 184-беренесинин 3-бөлүгүн, 185-беренесин, 187-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүн, 189-беренесинин 1-бөлүгүн, 193-беренесинин 3 жана 6-бөлүктөрүн, 194-беренесинин 3-бөлүгүн, 195-200-беренелерин жана 449-беренесинин 1-бөлүгүн кошпогондо, 21-главасында каралган укук бузуулар үчүн айып пулдар айып салуу жөнүндө токтомду алган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде төлөнгөн учурда, айып пулдардын өлчөмү 70 пайызга азайтылат.";
27) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 5641 жана 5642-беренелер менен толукталсын:
"5641-берене. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтомдун аткарылышы
Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө соттун токтому ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аткарылат.
5642-берене. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтомду аткаруу тартиби жана мөөнөтү
1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтомду аткаруу адамга транспорт каражаттарын башкаруу укугун берген ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлүгүн алып коюу жана андан ажыратуу мезгилине сактоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
2. Эгерде транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу тиешелүү күбөлүктү берүүдөн баш тартса, алып коюу ички иштер органдары тарабынан мажбурлоо тартибинде жүргүзүлөт.
3. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу мөөнөтү аталган укуктан ажыратуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып эсептелет.
4. Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүктөрдү сактоо жана кайтарып берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
28) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 5711-берене менен толукталсын:
"5711-берене. Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу
1. Ушул Кодекстин 381-беренесинде белгиленген учурларда жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди колдонуу ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы үч жумуш күндүн ичинде адамга транспорт каражаттарын башкаруу укугун берген тиешелүү органга материалдарды жөнөтөт, бул тууралуу маалыматтарды Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизет.
3. Адамга транспорт каражаттарын башкаруу укугун берген орган материалдар келип түшкөндө, мыйзамдарда белгиленген тартипте жол кыймылынын эрежелерин билүү боюнча квалификациялык сынактарды кайра тапшырууну уюштурууга жана кабыл алууга милдеттүү.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж. № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 24-26-пункттар менен толукталсын:
"24) транспорттук каражаттарды жана аларга чиркегичтерди, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулар курамын жана билим берүү уюмдарынын окуучуларын мамлекеттик каттоону жана кайра каттоону жүзөгө ашырууга;
25) квалификациялык сынактарды кабыл алууга жана транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүүгө;
26) автомобиль транспорту менен эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууну кошпогондо, автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоону жүзөгө ашырууга, транспорт каражаттарынын (автомектептердин) айдоочуларын окутууга (кайра окутууга) жана өз компетенциясынын алкагында лицензиялык контролду жүзөгө ашырууга.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-статья "Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 6-статьяда:
а) ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-пункттагы "МАИ, Бажы инспекциясынын" деген аббревиатура жана сөздөр "мамлекеттик контролдоонун ыйгарым укуктуу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Ушул Мыйзамды колдонуунун натыйжалуулугун аныктоо максатында компетенциясынын чөйрөсүнө ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети кирген мамлекеттик органдар ушул Мыйзамдын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону жүзөгө ашырат.";
3) 9-статьяда:
а) 1-пункттагы "бузуулардын" деген сөз "укук бузуулардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пункттагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 16-статьянын 5-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 18-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 21-статьяда:
а) 4 жана 6-пункттардагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кайра алып кетүү жөнүндө' милдеттенме менен 6 айдан ашпаган мөөнөткө Кыргыз Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасынын жарандары, жарандыгы жок адамдар жана чет элдик адамдар тарабынан алып келинген, эл аралык кыймылга катышкан мамлекеттердин айырмалоочу каттоо белгиси болгон транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагында ээликтен ажыратылууга жана туруктуу катталууга тийиш эмес.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7. Автомобиль транспорту чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жана жөнгө салууну жүзөгө ашыруу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоо органдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Убактылуу каттоо тартибине ылайык эл аралык каттамга катышкан мамлекеттердин айырмалоочу каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын убактылуу каттоодон өткөрүшөт.";
7) 23-статьянын 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 231-статьяда:
а) 1-пункттун алтынчы абзацындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана транспорт чөйрөсүндөгү, анын ичинде фото жана видеожазма функциялары бар, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар менен жазылып белгиленген укук бузуулар үчүн айып пул түрүндө жаза салуу тууралуу өз убагында аткарылбаган токтомдор болгон учурда айып пулдардын суммаларын төлөөгө.";
9) 24-статьяда:
а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-1-пунктта:
- жетинчи абзац "издөөдө" деген сөздөн кийин "жана (же) камакта" деген сөздөр менен толукталсын;
- сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана транспорт чөйрөсүндөгү, анын ичинде фото жана видеожазма функциялары бар, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарда автоматтык режимде жазылып белгиленген укук бузуулар үчүн айып пулдар боюнча транспорт каражатынын ээсинин карызы бар экени тууралуу маалымат автоматташтырылган маалымат тутумунда болгондо, транспорт каражатынын ээси транспорт каражатын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоого чейин ал укук бузуулар үчүн айып пул төлөөсү зарыл.";
в) 7-пункттун экинчи абзацында "Бузуулар" деген сөз "Укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 241-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 25-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана транспорт чөйрөсүндөгү, анын ичинде фото жана видеожазма функциялары бар, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар менен жазылып белгиленген укук бузуулар үчүн айып пулдар боюнча арыз ээсинин карызы бар экени тууралуу маалыматтын автоматташтырылган маалымат тутумунда бар болушу айдоочулук күбөлүктү берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.";
12) 26-статьянын 3-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 261-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"261-статья. Айдоо көндүмдөрүнө үйрөтүүчү уюмдарга (автомектептерге) коюлуучу талаптар
1. Айдоо көндүмдөрүнө үйрөтүүчү уюм (автомектеп) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензияга ээ болууга милдеттүү, ошондой эле алар төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
- айдоонун теориясын жана практикасын үйрөтүүчү уюмдун кызматкерлеринде (инструкторлорунда) үч жылдан кем эмес айдоо стажынын болушуна;
- айдоонун көндүмдөрүн үйрөтүүчү керектүү сандагы жана оң абалдагы видеобайкоо жабдуулары менен жабдылган автомобиль транспортунун (менчик же ижаралык негиздеги) болушуна;
- айдоонун теориялык көндүмдөрү текшериле турган менчик же ижаралык негиздеги иш абалындагы компьютердик техниканын болушуна;
- окуу үчүн жеке же ижарага алынган видеобайкоо каражаттары менен жабдылган имараттын (окуу жайы, класстар), ошондой эле автоаянтчанын (автомобиль транспортун айдоонун практикалык көндүмдөрүн текшерүү үчүн жерлер) болушуна.
2. Автомектеп Жол кыймылынын эрежелерине окугандардын билимдеринин баалары чагылдырылган каттоо журналын жүргүзүүгө милдеттүү. Каттоо журналын жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Ушул журналдан көчүрмөдөн жана зарыл болгон учурда теориялык жана практикалык окуулар өткөрүлгөн жайлардан видеобайкоо жазуулары транспорт каражатын башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди кабыл алган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.";
14) 27-статьянын 3-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 28-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун токтотуунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:
- айдоочунун күбөлүгүнүн жарактуулугу белгиленген мөөнөтүнөн өтүшү;
- айдоочунун транспорт каражаттарын коопсуз башкаруусуна жолтоо болуучу, медициналык корутунду менен тастыкталган ден соолугунун начарлашы;
- транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими.";
16) 31-статьяда "Бузуулар" деген сөз "Укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
(КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене.
"Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 911-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-берененин 2-бөлүгү "транспорту" деген сөздөн кийин "жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 13-беренеде:
а) 1-пунктта "бирдиктүү" деген сөз алып салынсын;
б) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) автомобиль транспорту менен, анын ичинде санариптик форматта жүк ташуу жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташуу боюнча ишкердик ишти лицензиялоону жүзөгө ашырат;";
в) 9-пунктта "контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат" деген сөздөр "өз компетенциясынын чегинде контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 131-берене менен толукталсын:
"131-берене. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) автомобиль транспортунда коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
2) автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өз компетенциясынын чегинде иштеп чыгат;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү сакталышын өз компетенциясынын чегинде контролдоону уюштурат жана жүзөгө ашырат;
4) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү эл аралык ташууну кошпогондо автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоону жүзөгө ашырат;
5) жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташууну, автотранспорт каражаттарын техникалык эксплуатациялоону уюштуруу боюнча тармактык эрежелерди өз компетенциясынын чегинде иштеп чыгат;
6) мамлекеттин автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү коомдук бирикмелер жана ассоциациялар (бирликтер) формасындагы юридикалык жактардын бирикмелери менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.";
4) 17-берененин 4-бөлүгү "автотранспорттогу ыйгарым укуктуу органдын," деген сөздөрдөн кийин "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын," деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 21-февралындагы № 13 (3462) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 29-декабрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |