Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 23-марты № 29
Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу
(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык, КР 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамынын, КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 62, 2023-жылдын 23-мартындагы № 69, 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 , 2023-жылдын 22-майындагы № 104, 2023-жылдын 15-августундагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
"Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 67-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-статьянын 4-бөлүгүнүн экинчи абзацынын үчүнчү сүйлөмүндө "сарпталган каражаттардын наркынын өлчөмүндө каттагандыгы жана жарыялагандыгы үчүн жыйымдар" деген сөздөр "жыйымдар Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 32-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "төлөмдөрү алынат, алардын өлчөмдөрү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет" деген сөздөр "жыйымдары Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 37-статьянын 8-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "алынат, алардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 38-статьянын 5-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "алынат, алардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 45-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмүндө "каттоого кетирилген каражаттардын наркынын өлчөмүндө жыйым" деген сөздөр "жыйым Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
(КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 70 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене.
"Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 228 "а"-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) онунчу бөлүгү "жыйымдары" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
б) он биринчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
6-берене.
(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 87 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене.
(КР 2023-жылдын 22-майындагы № 104 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8-берене.
"Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 10, 375-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) биринчи бөлүгү "алым" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
9-берене.
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) статьянын аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "акы" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын:
б) 6-бөлүгүндө "төлөмдөрдүн ставкалары жана ченемдери" деген сөздөр "жыйымдардын өлчөмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10-берене.
"Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-статьянын бешинчи абзацында "акы" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 29-статьянын экинчи бөлүгүнүн алтынчы абзацында "чектелген акыны" деген сөздөр "белгиленген жыйымды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 47-статьяда:
а) биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацында "төлөм" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) үчүнчү бөлүгүндө "акы" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын.
11-берене.
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "38-статья. Кыймылсыз тарыхый-маданий мурас объекттерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын ставкалары";
б) экинчи сүйлөмү алып салынсын.
12-берене.
"Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2001-ж., № 1, 10-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) биринчи бөлүгү "алым" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
13-берене.
"Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 2001-ж., № 6, 188-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн төлөмдөр
Кыргыз Республикасынын аймагында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу (ушул Мыйзамдын 10-статьясынын "а", "б", "г", "е" пункттарында көрсөтүлгөн пайдаланылуучу түрлөрүнөн тышкары), эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат.
Жеке жана юридикалык жактар үчүн төлөмдөрдүн төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коммерциялык максаттарда пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым;
- белгиленген лимиттердин, ченемдердин жана эрежелердин чектеринде өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коммерциялык максаттарда пайдалануу үчүн жыйым.
Жыйымдын өлчөмү өскөн жерин, аймактын биотикалык продукттуулугун жана башка экологиялык факторлорду эске алуу менен, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануунун түрүнө, максатына жана көлөмүнө жараша белгиленет.
Жыйымдардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленилет.
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн жыйымдар белгиленген тартипке ылайык республикалык бюджетке түшөт жана жапайы өсүмдүктөрдү, алар жараткан табигый өсүмдүктөр тобун жана алардын өсүү чөйрөсүн коргоого, сактоого жана калыбына келтирүүгө, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн мамлекеттик кадастрын жана мониторингин жүргүзүүгө, ошондой эле корук иштерине пайдаланылат.
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн жыйым төлөө жаратылышты пайдалануучуларды өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, алардын өсүү чөйрөсүн коргоо жана өздөрү келтирген зыяндын ордун толтуруу боюнча иш-чараларды аткаруудан бошотпойт.".
14-берене.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 181 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15-берене.
"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
13-статьянын 4-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16-берене.
"Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 3, 278-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-статьяда "ойлоп табууларды патенттегендиги үчүн алымдар" деген сөздөр "салыктык эмес кирешелер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Салык, салыктык эмес жана бажы мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Салык кодекси. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси, Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.".
18-берене.
"Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 685-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) биринчи бөлүгү "алымдар" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
19-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
19-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-берене. Лицензия жана (же) уруксат берүүдө, кайра жол-жоболоштурууда жана лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдө мамлекеттик алым
1. Лицензия жана (же) уруксат берүүдө, кайра жол-жоболоштурууда жана лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдө Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык бир жолку мамлекеттик алым алынат. Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттин лицензия берүүчүсү тарабынан берилген лицензияны өз ара таануу жана бир тараптуу тартипте таануу жол-жобосу үчүн Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык мамлекеттик алым алынат.
2. Арыз ээлеринен жана лицензия алуучулардан ушул Мыйзамда каралбаган башка мамлекеттик алымдарды алууга тыюу салынат.".
20-берене.
"Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2014-ж., № 3, 167-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 7 жана 8-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу акы төлөнүүчү негизинде жүзөгө ашырылат. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн алынуучу жыйым Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу акысы болуп саналат. Жыйым аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу үчүн уруксат алып жатканда толук көлөмдө төлөнөт жана кайра кайтарылууга жатпайт.
8. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу үчүн жыйымдын суммасы төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
1) 35 пайызы жаныбардын олжолонгон жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттерине түшөт;
2) 65 пайызы республикалык бюджетке түшөт жана аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аңчылык ресурстарына мониторинг, кайтаруу жана көбөйтүү, чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүүгө, аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү жөнгө салуучу, координациялоочу жана башка функцияларды жүзөгө ашырууга багытталат.";
б) 9-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
21-берене.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 46-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда "төлөмдөр" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 47-беренеде:
а) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) пайдасын бөлүштүрүүдөн которуулар жана мамлекеттик ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр;";
б) 11-пунктунда "ижарага берүүдөн кирешелер" деген сөздөр "ижарага берүүнүн ижара акысы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 12-пунктунда "жана кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү үчүн төлөмдөр" деген сөздөр алып салынсын;
г) 13-15-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) сынам жыйымы;
14) аскердик милдетке байланышкан жыйымдар;
15) радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия алуу учун тооруктардын (аукцион, конкурс) натыйжалары боюнча радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн номерлөөнүн бөлүнгөн ресурсу үчүн жыйымдар;";
д) 16-18-пункттарда "төлөмдөр" жана "төлөм" деген сөздөр "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
е) 21-пунктунда "жана атайын азыктарды" деген сөздөр алып салынсын;
ж) 26-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
з) 48-беренеде:
а) 7-пунктунда "ижарага берүүдөн кирешелер" деген сөздөр "ижарага берүүнүн ижара акысы" деген сөздөргө алмаштырылсын:
б) 8 жана 9-пункттардагы "төлөм" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) жайыттарды, ошондой эле айыл аймактарынын аймагында жайгашкан мамлекеттик токой фондунун жайыттарын пайдалангандыгы үчүн жыйым;";
г) 12-пункт күчүн жоготту деп таанылсын:
д) 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу үчүн жыйым;".
22-берене.
(КР 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
23-берене.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 282-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34) лицензияны кармап калуу үчүн жыйым (ЛКЖ) - лицензиат жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап калуу үчүн ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык төлөй турган акчалай сумма;";
2) 29-берененин 3-бөлүгүндө "төлөмдү" деген сөз "жыйымды" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 33-берененин 6-бөлүгүндө "төлөм" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
4) 34-берененин 5-бөлүгүндө "төлөм" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 36-берененин 3-бөлүгүндө "төлөм" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 37-берененин 2-бөлүгүндө "төлөм" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
7) 38-берененин 5-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы экинчи сүйлөмдө "төлөмдөрдүн" деген сөз "жыйымдын" деген сөзгө алмаштырылсын;
8) 51-беренеде:
а) берененин аталышында "жана төлөмдөр" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 55-берененин 4-бөлүгүндө "төлөмдүн" деген сөз "жыйымдын" деген сөзгө алмаштырылсын.
24-берене.
"Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 23-статьянын 1-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ;";
2) 25-статьянын 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) лицензиянын берилиши үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлбөсө;".
25-берене.
"Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 881-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ.".
26-берене.
"Кыргыз ССРинин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундагы № 196 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 553-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
27-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 31(3103) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
2020-жылдын 19-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|