Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 6-апрели № 79
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-статьянын 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүш чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 10-статьяда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 14-статьянын экинчи бөлүгүнүн биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1048-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-берененин экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 6-берененин экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 9-берененин экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2013-жылдын 12-июлу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-беренеде:
а) 3-бөлүктүн биринчи абзацында "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 5-бөлүгүндө" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 5-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 6-бөлүгүндө" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 6-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 6-бөлүктө "Жогорку сотунун Конституциялык палатасы" деген сөздөр "Конституциялык соту" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 6-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 14-берененин 4 жана 6-бөлүктөрүндө "Өкмөтү", "Өкмөтүнө" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Министрлер Кабинети", "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 16-берененин 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 3, 184-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 5-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-берененин 9-пунктунда "администрациялык" деген сөз алып салынсын;
3) 7-берененин 5-бөлүгүндө "киргизилиши мүмкүн" жана "киргизилиши мүмкүн эмес" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "киргизилет" жана "киргизилбейт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 9-берененин экинчи абзацында "жүргүзүлүшү мүмкүн" деген сөздөр "жүргүзүлөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 14-беренеде:
а) 2 жана 3-бөлүктөрдө "узартылышы мүмкүн" деген сөздөр "узартылат" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүктө "жол бербөөгө укуктуу" деген сөздөр "жол бербейт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 15-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 16-беренеде:
а) 6-бөлүктө "кошумча жибериши мүмкүн" деген сөздөр "кошумча жиберет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүктө "даттанууга укуктуу" деген сөздөр "даттанат" деген сөзгө алмаштырылсын;
8) 18-беренеде:
а) 1-бөлүктө "жиберүүгө укуктуу" деген сөздөр "жиберет" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүктө "бербей коюуга укуктуу" деген сөздөр "бербейт" деген сөзгө алмаштырылсын;
9) 20-берененин 4-бөлүгүндө "кайра жиберүүгө укуктуу" деген сөздөр "кайра жиберет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 23-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 1-пунктта "башка" деген сөз алып салынсын;
- 9-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүктүн 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 24-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын:
12) 25-берененин 1-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацта "1." деген цифра алып салынсын;
б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) укук бузуулар аныкталган учурда текшерүү актысына белги коёт жана укук бузуу тууралуу протокол түзөт, же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же кызмат адамына Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте тийиштүү чараларды көрүү тууралуу билдирүү жиберет;";
13) 26-берененин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза аткаруу мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 27-берененин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 22-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |