Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 4-августу № 162
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө", "2010-жылдын апрель-июнунда жана 2021-жылдын апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 11, 458-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) биринчи абзацта "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз жети өлчөмүндө" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) 2-статьяда:
а) "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз жети өлчөмүндө" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
3) мамлекеттик тилдеги 4-статьянын экинчи бөлүгүндө "пособиелер" деген сөз "жөлөкпулдар" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
"2010-жылдын апрель-июнунда жана 2021-жылдын апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 2865-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышында "жана 2021-жылдын апрелинде" деген сөздөр алып салынсын;
2) 1-беренеде "жана 2021-жылдын апрелинде" деген сөздөр алып салынсын;
3) 2-берененин экинчи жана үчүнчү абзацтарында ", ошондой эле 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы" деген сөздөр алып салынсын;
4) мамлекеттик тилдеги 3-берененин үчүнчү абзацында "жеткенче" деген сөз "жеткенде" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 4-беренеде "жана өлчөмдөрү" деген сөздөр алып салынсын;
6) 5-берененин үчүнчү абзацында "жана 2021-жылдын апрель" деген сөздөр алып салынсын;
7) 6-беренеде "жана 2021-жылдын апрелинде" деген сөздөр алып салынсын;
8) 8-беренеде:
а) 1-бөлүктө ", ошондой эле2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктө:
- биринчи абзацта "эсептик көрсөткүчтүн отуз жети өлчөмүндө" деген сөздөр алып салынсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 29-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |