Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 99 токтомунун редакциясына ылайык)
2017-жылдын 8-ноябры № 733
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өз убагында даярдоо жана сапаттуу өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык" мекемеси (мындан ары - Катчылык) түзүлсүн.
2. Катчылык III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү мезгилине карата түзүлөөрү белгиленсин.
3. Катчылык жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Катчылык бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юстиция органдарында каттоодон өтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- акча каражатын издеп тапсын жана Катчылыктын ишин белгиленген тартипте каржыласын;
- Катчылык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте эки жумалык мөөнөттө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоого жана өткөрүүгө демөөрчүлүк каражаттарды топтоо жана сарптоо системасын, алардын сарпталышын контролдоо механизмин уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
6. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Катчылык үчүн зарыл болгон маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында берип турушсун;
- Катчылыктын ишине зарыл болгон көмөк көрсөтүшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирдикте Катчылыкты зарыл болгон жайлар менен камсыздасын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлгандан күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
Тиркеме
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 99 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык (мындан ары - Катчылык) III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өз убагында жана сапаттуу даярдоо менен жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү максатында түзүлгөн.
2. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Катчылыктын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Катчылык";
- расмий тилде: "Секретариат по подготовке и проведению III Всемирных игр кочевников".
4. Катчылык оперативдүү башкаруу укугуна негизделген мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат.
Катчылыктын уюмдаштыруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналат.
5. Катчылыктын негизги жана жүгүртүүдөгү каражаты, өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби, анын ичинде Кыргыз Республикасынын казыналык системасындагы атайын эсеби бар. Атайын эсептин каражаттары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземдерин өткөрүү үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алууга жана башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө багытталат.
6-1. "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык" мекемесинин жайгашкан жери: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, И.Раззаков көчөсү,100.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 99 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Катчылыктын максаттары, милдеттери жана функциялары
7. Катчылыктын негизги максаты III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана эл аралык деңгээлде өткөрүү боюнча чаралар комплексин ишке ашыруу болуп саналат.
8. Катчылыктын негизги милдеттери:
- Катчылыктын алдында турган максаттардын алкагында уюштуруу иштерин өткөрүү;
- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары брендин эл аралык аренада пропагандалоо жана андан ары илгерилетүү;
- III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоонун жана өткөрүүнүн алкагында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка уюмдарга көмөктөшүү.
9. Катчылыктын негизги функциялары:
- кеңири жарнамалык жана басма ишин жүргүзүү;
- III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоонун жана өткөрүүнүн алкагында кино, видео жана фото тасмаларын тартуу;
- масштабдуу иш-чараларды өткөрүүнүн негизги тенденцияларына жана багыттарына комплекстүү талдоо жана божомолдоо жүргүзүү;
- Катчылыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоо;
- III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө коомдук-туристтик бирикмелерди маалыматтык колдоо;
- III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү үчүн гранттарды, техникалык, донордук жана демөөрчүлүк жардамдарды тартууга жөндөм берүүчү документтик долбоордук базаны даярдоо жана түзүү;
- III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын пропагандалоого жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууга жөндөм түзүүчү маркетинг иш-чараларын иштеп чыгуу жана жарнак роликтерин тартуу;
- III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземдерине билеттерди сатуу;
- Катчылыктын максаттарына жана милдеттерине шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды аткаруу.
3. Катчылыктын укуктары
10. Катчылык төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды, документтерди, маалыматтарды мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык суроого жана белгиленген тартипте алууга;
- III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде ишке тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялоого;
- чыгармачылык жамааттарды же алардын айрым мүчөлөрүн Катчылыктын ишине акы төлөө негизинде ишке тартууга;
- убактылуу чыгармачылык жамааттарды түзүүгө;
- уюмдардын жана мекемелердин адистерин, кызматкерлерин белгиленген тартипте Катчылыктын ишине тартууга;
- өзүнүн ишинин маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен кызматташууга, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө;
- юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимдерин түзүүгө;
- юридикалык жана жеке жактар менен алардын уюштуруучулук укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
- алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары брендин пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү координациялоо;
- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары брендин жайылтуу үчүн басма жана жарнак продукцияларын чыгарууга жана таркатууга;
- Катчылыктын кызматкерлерин кызматтык иш сапарларга, анын ичинде эл аралык конференцияларга, семинарларга жана көргөзмөлөргө жиберүүгө;
- коомдук, эл аралык жана башка уюмдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
- мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, башка юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте ведомстволор аралык комиссияларды, эксперттик кеңештерди, жумушчу топторду түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- Катчылыктын максаттарына жана милдеттерине шайкеш келген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерди аткарууга.
4. Катчылыктын финансы-чарбалык иши
11. Катчылыктын мүлкү мамлекеттик менчик болуп эсептелет.
Катчылык өзүнүн ишинин максаттарына, менчик ээсинин тапшырмаларына жана мүлктүн арналышына ылайык мүлктү пайдаланууга укуктуу.
12. Катчылыкты каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары;
- акысыз же кайрымдуулук төгүмдөр;
- чет мамлекеттердин, уюмдардын, ишканалардын, жеке жактардын, эл аралык уюмдардын жана фонддордун төгүмдөрү жана инвестициялары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактар.
13. Катчылыктын каражаты III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоонун жана өткөрүүнүн алкагындагы иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө, ошондой эле финансы-чарбалык ишин жүргүзүүгө пайдаланылат.
14. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чараларда пайдаланылбаган каражаттардын калдыгы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулат.
15. Республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат жана оперативдүү башкаруу укугунда Катчылыкка берилет.
5. Катчылыктын ишин башкаруу
16. Катчылыктын ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу катчылыктын жетекчиси башкарат.
17. Катчылыктын жетекчисинин бир орун басары болот, ал катчылыктын жетекчисинин сунушу боюнча Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
18. Катчылыктын жетекчисинин орун басары жетекчи жок учурда катчылыктын жетекчисинин милдетин аткарат.
19. Катчылыктын жетекчиси:
- Катчылыктын ишин жетектейт жана Катчылыкка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана анын ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартат;
- Катчылыктын атынан ишти ишеним катсыз жүргүзөт, бардык мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелерде анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Катчылыктын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына контролду уюштурат;
- Катчылыктын кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт;
- Катчылыктын түзүмүн жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине бекитүүгө киргизет;
- Катчылыктын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Катчылыктын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын колдонот жана сыйлоо чараларын көрөт;
- Катчылыктын ушул Жобо менен белгиленген милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт.
20. Катчылыктын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналбайт.
21. Катчылык өзүнүн иши жөнүңдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.
6. Катчылыктын отчеттуулугу. Жоюу жана кайра уюштуруу
22. Катчылык өзүнүн ишинин натыйжаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууларды жүргүзөт.
23. Катчылык өз ишин бекитилген иш пландардын негизинде жүргүзөт жана ал боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.
24. Катчылыкты жоюу же кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
25. Катчылыктын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.