Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-февралы № 99
"III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык" мекемесинин ишинин айрым маселелери жөнүндө
"III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык" мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн белгилөө жана эмгек акы төлөө чыгымдарын өз убагында каржылоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык" мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү, 1-тиркемеге ылайык;
- "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык" мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн кошумча пайыздык үстөктөрдүн өлчөмү, 2-тиркемеге ылайык.
2. "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык" (мындан ары - Катчылык) мекемесинин кызматкерлери үчүн төмөнкүлөр белгиленсин:
- кызматтык маяналарына үстөктөр төлөнөрү: иштеген жылдары үчүн ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык өлчөмдө, ченемделбеген иш күнү үчүн 50 пайызга чейинки өлчөмдө;
- өргүүгө чыгууда ден соолугун чыңдоого жөлөкпул эмгек акы фондунун эки айлык өлчөмүндө төлөнөт;
- календардык жылдын аягында эмгек акынын орточо айлык фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы төлөнөт.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 733 "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык" мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык" мекемесинин жайгашкан жери: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, И.Раззаков көчөсү,100.".
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018-жылдын республикалык бюджетинде Катчылыкка каралган каражаттардын чегинде Катчылыктын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө чыгымдарын белгиленген тартипте каржыласын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана ушул токтомдун 2017-жылдын 8-ноябрынан тартып күчүнө кире турган 3-пунктун кошпогондо, 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
№ | Кызмат орундардын аталышы | Кызматтык маяналардын өлчөмү (сом менен) |
1 | Жетекчи | 24000 |
2 | Жетекчинин орун басары | 22000 |
3 | Башкы бухгалтер | 17000 |
4 | Адис | 12000 |
№ | Иш стажы | Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү, % |
1 | 1 жылдан 3 жылга чейин | 5 |
2 | 3 жылдан 5 жылга чейин | 10 |
3 | 5 жылдан 10 жылга чейин | 15 |
4 | 10 жылдан 15 жылга чейин | 20 |
5 | 15 жылдан 20 жылга чейин | 25 |
6 | 20 жылдан 25 жылга чейин | 30 |
7 | 25 жылдан жогору | 40 |
Эскертүү:
1) иштеген жылдары үчүн үстөк министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун карамагындагы мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда иштеген стажы үчүн белгиленет;
2) иштеген жылдары үчүн үстөк кызматтык маянага башка үстөктөрдү жана кошумча төлөөлөрдү эсепке албастан эсептелет;
3) иш стажын белгилөө боюнча комиссия иштеген жылдары үчүн ай сайын үстөк төлөө максатында иш стажын аныктайт. Иш стажын белгилөө боюнча комиссиянын курамын Катчылыктын жетекчиси бекитет;
4) иштеген жылдары үчүн үстөк төлөө ай сайын, ушул үстөктү алууга укук берүүчү иш стажына жараша дифференциалдуу жүргүзүлөт.