Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-ноябры № 745
Көмүрдүн баасынын өсүү темпин басуу, 2017/2018-жылдардагы күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу 90 календардык күнгө киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген Социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларын мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүк баасын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чараларды көрсүн.
Караңыз:
КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик Агенттигинин 2017-жылдын 17-ноябрындагы N 41 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-ноябрындагы N 745 "Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу жөнүндө" буйругу
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | С. Исаков |