Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 22-апрели № 242
Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым
түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 14-августундагы № 561, 2014-жылдын 10-январындагы № 16, 2014-жылдын 4-ноябры № 628, 2015-жылдын, 20-ноябрындагы № 789, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 6-беренелерине, Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 5-пунктуна ылайык, социалдык жактан маанилүү товарларына баалардын өсүү темпин токтотуп туруу, калктын социалдык аялуу катмары үчүн тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябры № 628, 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789 токтомдорунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын ички рыногунда мамлекеттик убактылуу жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмеси (мындан ары Тизме);
- социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартиби.
2. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- социалдык жактан маанилүү товарларынын негизги түрлөрүн берүү бааларына дайыма мониторинг жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жума сайын тиешелүү маалымат берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561, 2014-жылдын 10-январындагы № 16 , 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 193 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
41. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары:
- (2-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябры № 628 токтомунун редакциясына ылайык)
- социалдык жактан маанилүү негизги товарларын сатуу боюнча базарлардагы жагдайга, анын ичинде облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана айыл өкмөтүнүн маалыматтарынын негизинде байкоо жүргүзүшсүн;
- социалдык жактан маанилүү товарларга баалар бир айдын ичинде 20 же андан көп пайызга жогорулаган учурда бул товарлардын бааларын кармап туруу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине киргизишсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 16 , 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789 токтомунун редакциясына ылайык)
4-2. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, башка шаарлардын жана айыл аймактарынын аткаруучу органдарына:
- өндүрүүчүлөрдүн жана жеткирүүчүлөрдүн социалдык жактан маанилүү негизги азык-түлүк товарларын сатуу жарманкелерин, аларды өткөрүү үчүн шарт түзүү менен уюштуруу;
- социалдык жактан маанилүү негизги товарларынын бааларын кармап туруу маселелери боюнча калктын жана ишкерлердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 16 , 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789 токтомдорунун редакциясына ылайык)
5. Социалдык жактан маанилүү товарларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин сактоону контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясына), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561, 2014-жылдын 10-январындагы № 16 , 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789 токтомдорунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өткөргөн мониторингдин, анализдердин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан киргизилген сунуштардын, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча сунуштарды киргизсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө - Тизмеге киргизилген товарларынын айрым түрлөрүнө бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү же токтотуу жөнүндө, эгерде баанын өсүшү бир айдын ичинде 20 жана андан ашык пайызды түзө турган болсо;
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешине кризисинин коркунучу пайда болгон учурда Тизмеге киргизилген азык-тγлγк товарларга бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү же токтотуу жөнүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561, 2014-жылдын 10-январындагы № 16 , 2014-жылдын 4-ноябры № 628 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бѳлγмγнѳ жана ѳнѳр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бѳлγмγнѳ бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябры № 628 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр |
| И.Чудинов |
1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык жактан маанилүү товарлардын ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Биринчи сорттогу буудай уну
2. Биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктары (тандыр нан)
3. 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт, быштак
4. Өсүмдүк (күн карама) майы
5. Каймак май (туздалбаган, 72%дан аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз)
6. Чай (кара, көк)
7. Эт (уй эти, кой эти, чочко эти, канаттуулардын эти)
8. Тоңдурулган бүтүн, тазаланган жана тазаланбаган балык (карп, сельд, скумбрия, лосось тукумдары)
9. Кумшекер
10. Йоддолгон аш тузу
11. Күрүч
12. Гречка
13. Таруу
14. Макарон азыктары
15. Тоок жумурткасы
16. Балдардын азыгы (кургак сүт жана каша)
17. Жашылчалар (картошка, пияз, сабиз, ак кочан капуста, помидор, бадыраң, сарымсак)
18. Жер-жемиштер (алма)
19. Көмүр
20. Аи-80 жана Аи-92 маркаларындагы бензин, дизель майы
21. Суюлтулган газ
22. Жасалма булалардан токулган жибек кездемелери
23. Тигүү үчүн жиптер
24. Минералдык жер семирткичтер
25. Тоюттар (чөп, саман, аралаш тоют, жем, эгин тоюттары)