Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-ноябры № 732
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНын МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьясынын 3-пунктундагы "ыктыярдуу негизде жана никелешкен адамдардын өз ара макулдугунун, жубайлардын үй-бүлөдөгү укуктарынын теңдигине" деген сөздөр "нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу никеге туруусунун негизинде, жубайлардын никедеги жана үй-бүлөдөгү укуктарынын жана милдеттеринин теңдигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-статьясынын экинчи абзацында:
- "тең укуктуу" деген сөздөн кийин "жана ыктыярдуу" деген сөздөр менен толукталсын;
- "толук" деген сөз "өз ара" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 12-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Никеге туруунун тартиби
1. Никеге туруу, никеге туруп жаткан адамдардын жеке катышуусунда ушул пункттун экинчи абзацында каралган мөөнөттөн тышкары, арызда көрсөтүлгөн күнү никеге турууну мамлекеттик каттоо аркылуу жүргүзүлөт.
Салтанат менен коштолгон никеге турууну каттоо арызда кечирээк мөөнөт көрсөтүлбөгөн учурда арыз берилген күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте жүргүзүлөт.
2. Никеге турууну мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын никени каттоодон баш тартуусуна никеге турууну каалаган адамдар (экөөнүн бирөөсү) тарабынан административдик иш жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.".
2-берене.
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7, 501-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-статьясынын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартууга административдик иш жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.";
2) 14-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо ага жеке идентификациялык номер ыйгарылат.
Жеке идентификациялык номер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ыйгарылат.";
3) 16-статьясында:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Арызда төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:
- баланын фамилиясы, аты, атасынын аты;
- баланын жынысы жана туулган датасы;
- ата-энесинин (ата-энесинин биринин) жеке идентификациялык номери, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери.";
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эгерде баланын төрөлгөндүгү жөнүндө ата-энеси жеке билдирүүгө мүмкүнчүлүктөрү болбосо, анда баланын төрөлгөндүгү жөнүндө ата-энесинин биринин тууганы же ата-энеси (ата-энесинин бири) ыйгарым укук берген адамы, же болбосо төрөт учурунда энеси жаткан же бала төрөлгөн медициналык уюмдун же башка уюмдун кызмат адамы тарабынан билдирилет.";
4) 19-статьясында:
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"Арызда төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:
- арыз берүүчүнүн жеке идентификациялык номери, фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн аталышы, өздүгүн күбөлөндүргөн документинин реквизиттери;
- бала табылган дата жана дареги (жердин аталышы);
- баланы таап алган адамдын (адамдардын) жеке идентификациялык номери, фамилиясы, аты, атасынын аты жана жашаган жери;
- туулгандыгы катталып жаткан учурдагы баланын турган орду;
- балага ыйгарылган фамилия, аты, атасынын аты, баланын жынысы, туулган күнү.
Арызда анын жазылган датасын көрсөтүү менен арызды берүүчү кол коюшу керек.";
- 4-пунктунун экинчи абзацындагы "документ" деген сөз "акт" деген сөз менен алмаштырылсын;
5) 22-статьясынын 1-пунктунун экинчи, бешинчи жана жетинчи абзацтары "фамилиясы" деген сөзгө чейин "жеке идентификациялык номери," деген сөздөр менен толукталсын;
6) 23-статьясында:
- экинчи жана үчүнчү абзацтары "фамилиясын" деген сөзгө чейин "жеке идентификациялык номери," деген сөздөр менен толукталсын;
- алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 26-статьясынын 1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- никеге туруп жаткан адамдардын ар биринин жеке идентификациялык номери, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, никеге турууну мамлекеттик каттоо күнүндөгү жаш курагы, жарандыгы, улуту, жашаган жери жана мурдагы никелери тууралуу маалыматтары;";
8) 27-статьясында:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Никеге турууну мамлекеттик каттоо ушул статьянын 5-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөн тышкары арызда көрсөтүлгөн күнү жүргүзүлөт.";
- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Никелешкен адамдардын каалоолору боюнча никеге турууну салтанаттуу кырдаалда мамлекеттик каттоо эгер арызда кечирээк мөөнөт көрсөтүлбөсө, арыз берилген күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.";
- 6-пунктундагы "же башка жүйөлүү себептердин" деген сөздөр ", кош бойлуулугунун, бала төрөлгөнүнүн жана тараптардын биринин өмүрүнө болгон түздөн-түз коркунучтун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пунктундагы "жүргүзүлүшү мүмкүн эмес" деген сөздөр "жүргүзүлбөйт" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9-пунктунда:
биринчи абзацындагы "баш тарта алат" деген сөздөр "жазуу жүзүндө баш тартат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "сот тартибинде" деген сөздөр "административдик иш жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 31-статьясынын 1-пунктунун экинчи абзацы "ар биринин" деген сөздөрдөн кийин "жеке идентификациялык номери," деген сөздөр менен толукталсын;
10) 32-статьясынын 1-пунктунун экинчи абзацы "ар биринин" деген сөздөрдөн кийин "жеке идентификациялык номери," деген сөздөр менен толукталсын;
11) 35-статьясында:
- 1-пункту "Жашы жетпеген жалпы балдары жок" деген сөздөрдөн кийин "жана мүлк жагынан жана башкалар боюнча бири-бирине доосу болбогон" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктунда:
экинчи абзацы "балдары" деген сөздөн кийин "жана мүлк жагынан жана башкалар боюнча бири-бирине доосу" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацы "ар биринин" деген сөздөрдөн кийин "жеке идентификациялык номери," деген сөздөр менен толукталсын;
12) 36-статьясынын 2-пунктунун үчүнчү абзацы "жубайдын" деген сөздөн кийин "жеке идентификациялык номери," деген сөздөр менен толукталсын;
13) 39-статьясынын 1-пунктунун экинчи абзацы "ар биринин" деген сөздөрдөн кийин "жеке идентификациялык номери," деген сөздөр менен толукталсын;
14) 40-статьясынын 1-пунктунун экинчи абзацы "ар биринин" деген сөздөрдөн кийин "жеке идентификациялык номери," деген сөздөр менен толукталсын;
15) 43-статьясынын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Асырап алууну мамлекеттик каттоо асырап алуучулардын (асырап алуучунун) арызы боюнча жүргүзүлөт. Арыз жазуу жүзүндө берилет.
Арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
- баланын жеке идентификациялык номери, фамилиясы, аты, атасынын аты;
- ыйгарым укуктуу органдын бала асырап алуу жөнүндө чечиминин реквизиттери (аталышы, чыгарылган күнү);
- асырап алуучулардын (асырап алуучунун) жеке идентификациялык номери, фамилиясы, аты, атасынын аты, жарандыгы, улуту, жашаган жери;
- асырап алуучулардын никелешүү жөнүндө акт жазуусунун түзүлгөн датасы, номери жана асырап алуучулардын никесин мамлекеттик каттоону жүргүзгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын аталышы;
- асырап алуучулардын (асырап алуучунун) өздүгүн күбөлөндүргөн документтин реквизиттери;
- асырап алуучулар (асырап алуучу) ата-энелери (ата-энеси) катары жазылганы тууралуу маалыматтар;
- асырап алуучулар ыйгарым укуктарын өткөрүп берген учурда ыйгарым укуктар берилген адамдын жеке идентификациялык номери, фамилиясы, аты, атасынын аты.
Арызга анын түзүлгөн күнүн көрсөтүү менен арыз берүүчүнүн колу коюлушу керек.
Арыз менен бирге эле асырап алуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими берилүүгө жана асырап алуучулардын (асырап алуучунун) инсандыгын ырастаган документтер көрсөтүлүүгө тийиш.
Асырап алуучулар (асырап алуучу) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча бала асырап алууну мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз берүү үчүн башка жактарга ыйгарым укук берүүгө укуктуу. Ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары ишеним катта атайын каралууга тийиш.";
16) 44-статьясынын 1-пунктунда:
- экинчи жана үчүнчү абзацтары "фамилиясы" деген сөзгө чейин "жеке идентификациялык номери," деген сөздөр менен толукталсын;
- бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- асырап алуучунун (асырап алуучулардын) жеке идентификациялык номери, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган күнү, жарандыгы, улуту, жашаган жери;";
17) 45-статьясынын экинчи жана үчүнчү абзацтары "фамилиясын" деген сөзгө чейин "жеке идентификациялык номерин," деген сөздөр менен толукталсын;
18) 52-статьясынын 4-пунктунун экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтары "фамилиясы" деген сөзгө чейин "жеке идентификациялык номери," деген сөздөр менен толукталсын;
19) 53-статьясынын 2-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары "фамилиясы" деген сөзгө чейин "жеке идентификациялык номери," деген сөздөр менен толукталсын;
20) 57-статьясынын 1-пунктунун экинчи, үчүнчү, алтынчы жана сегизинчи абзацтары "фамилиясы" деген сөзгө чейин "жеке идентификациялык номери," деген сөздөр менен толукталсын;
21) 58-статьясынын 1-пунктунун экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтары "фамилиясы" деген сөзгө чейин "жеке идентификациялык номери," деген сөздөр менен толукталсын;
22) 60-статьясында:
3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Баланын ата-энеси тарабынан жарандык абалдын актыларын жазуу органына баланын атын, фамилиясын жана атасынын атын өзгөртүү жөнүндө биргелешкен арыз берилет.
Баланын ата-энеси тарабынан баланын фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү жөнүндө биргелешкен арыз берүү мүмкүн болбогон учурда эркин билдирүү атасынын жана энесинин өзүнчө арыздары менен таризделет. Мындай арыздагы кол тамганын түп нуска экендиги нотариуста күбөлөндүрүлүшү керек. Эркин билдирүү өзүнчө арыз менен таризделген ата-энесинин биринин арызы экинчисинин арызы менен бир убакта жарандык абалдын актыларын жазуу органына берилет. Баланын фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүдө ата-энесинин бири катышууга милдеттүү.";
төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Атын, фамилиясын, атасынын атын өзгөртүүгө төмөнкү учурларда жол берилет:
- өзүнүн аты жагымсыз угулса же айтууга кыйын болсо;
- документтери жарандык абалдын актыларына шайкеш келбегендигине байланыштуу аларды тартипке келтирүү максатында арыз берүүчүнүн каалоосу;
- эгер никелешүү катталган учурда никеге чейинки фамилияларында калган болсо, жубайлардын биринин жубайлардын экинчисинин фамилиясын алууга каалоосу;
- жубайлардын биринин никеге чейинки фамилиясына кайтуу каалоосу;
- арыз ээсинин мурдагы никеден төрөлгөн балдары менен бирдей фамилияда болууга каалоосу;
- эгер жубайлардын бири каза болсо, ал эми арыз берүүчү никеге чейинки фамилиясында болсо, арыз ээсинин балдары менен жалпы фамилияда болууга каалоосу;
- арыз ээсинин атасынын (энесинин) фамилиясын алууга каалоосу;
- эгер арыз берүүчүгө фамилиясы атасынын же энесинин фамилиясы боюнча ыйгарылган болсо, арыз ээсинин өзүнүн фамилиясы катары атасынын же чоң атасынын атын алып жүрүүгө каалоосу;
- эгер арыз берүүчүгө атасынын же чоң атасынын атынан фамилия берилген болсо, арыз берүүчүнүн фамилиясы катары атасынын же энесинин фамилиясын алууга каалоосу;
- арыз берүүчүнүн кыргыздын улуттук салттарын сактоо менен фамилия же атасынын атын алууга каалоосу;
- башка улуттагы арыз берүүчүлөрдүн өздөрүнүн улуттук салттары боюнча фамилия же атасынын атын алууга каалоосу.";
23) 61-статьясынын үчүнчү абзацы "арыз берүүчүнүн" деген сөздөрдөн кийин "жеке идентификациялык номери," деген сөздөр менен толукталсын;
24) 62-статьясында:
- 2-пунктунун экинчи абзацындагы ", жана башкалар" деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пунктунда:
"ички иштер органдарына" деген сөздөрдөн кийин "жана аскер комиссариаттарына" деген сөздөр менен толукталсын;
"төрт күндүк" деген сөздөр "үч күндүк" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
25) 63-статьясынын 1-пунктунун экинчи абзацы "адамдын" деген сөздөн кийин "жеке идентификациялык номери," деген сөздөр менен толукталсын;
26) 64-статьясынын 1-пунктунун экинчи абзацы "адамдын" деген сөздөн кийин "жеке идентификациялык номери," деген сөздөр менен толукталсын;
27) 68-статьясында:
1-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Каза болгондугу тууралуу билдирүү ошол адам өлгөндөн же өлгөн адамдын денеси табылган күндөн үч күндөн кечиктирилбестен берилиши жана төмөнкү маалыматтар камтылышы керек:
- арыз берүүчүнүн же юридикалык жактын өкүлүнүн жеке идентификациялык номери, фамилиясы, аты, атасынын аты, дареги, өздүгүн күбөлөндүргөн документтин реквизиттери;
- өлгөн адамдын жеке идентификациялык номери (бар болсо), фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган күнү жана жери, өлгөн күнү жана жери, жарандыгы, улуту, үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери жана өздүгүн күбөлөндүргөн документтин реквизиттери.
Арызга анын жазылган датасын көрсөтүү менен арыз берүүчү кол коюшу керек.";
28) 69-статьясынын 1-пунктунда:
- экинчи абзацы "адамдын" деген сөздөн кийин "жеке идентификациялык номери (бар болсо)," деген сөздөр менен толукталсын;
- бешинчи жана жетинчи абзацтары "фамилиясы" деген сөзгө чейин "жеке идентификациялык номери," деген сөздөр менен толукталсын;
29) 70-статьясынын экинчи абзацы "адамдын" деген сөздөн кийин "жеке идентификациялык номерин (бар болсо)," деген сөздөр менен толукталсын;
30) 73-статьясында:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу арыз, кайрылуу ээсинин турган жериндеги же оңдолууга, же өзгөртүлүүгө тийиш болгон жарандык абалдын акт жазуулары сакталган жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органына берилет.
Арыз жарандык абалдын акт жазуусу түзүлгөн адам тарабынан же ал ыйгарым укук берген адам тарабынан берилет. Жарандык абалдын акт жазуусуна өзгөртүү же оңдоо киргизүү жана күбөлүк алуу жөнүндө ыйгарым укуктар ишеним катта каралган болушу керек.
Өлгөн адамга байланыштуу жарандык абалдын мурда түзүлгөн акт жазуусуна оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү өлгөн адамдын жакын тууганынын арызы боюнча жүргүзүлөт.";
- 2-пункттун экинчи абзацы "арыз ээсинин" деген сөздөрдөн кийин "жеке идентификациялык номери," деген сөздөр менен толукталсын;
31) 74-статьясынын 5-пунктундагы "сотко" деген сөз "административдик иш жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
32) 75-статьясынын 2-пунктунун экинчи абзацы "ички иштер органына" деген сөздөрдөн кийин "жана аскер комиссариаттарына" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-беренесинин 5-бөлүгүндөгү "он күндүн" деген сөздөр "үч күндүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4-берене. Өтмө жоболор
1. Адамдардын жеке идентификациялык номери болбогон учурда, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн арыз берүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ошондой адамдарга жеке идентификациялык номер ыйгарылгандан кийин жүзөгө ашырылат.
2. Өлгөн адамдын жеке идентификациялык номери болбогон учурда, өлүмдү мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз берүү, ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген жагдай эрежеден тышкаркы учур болуп саналат.
5-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|