Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-декабры № 823
"Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамынын кеминде үчтөн эки бөлүгү түзүлгөн күндөн тартып төлөнөөрү белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын (мындан ары - Тартип комиссиясы) мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартибин аныктайт.
2. Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген төрагасына жана мүчөлөрүнө, материалдык сый акы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти тарабынан ай сайын төмөнкү өлчөмдөрдө төлөнөт:
1) Тартип комиссиясынын төрагасына - райондук жана ага теңдештирилген сотунун төрагасынын кызматтык маянасынын өлчөмүндө;
2) Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнө - райондук жана ага теңдештирилген сотунун судьяларынын кызматтык маянасынын өлчөмүндө.
3. Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген төрагасына жана мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акы ар бир айдын аягында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине Кыргыз Республикасынын Тартип комиссиясынын төрагасынын (ал жок учурда - орун басарынын) Тартип комиссиясынын мүчөсү катышпаган Тартип комиссиясынын жыйындары өткөрүлгөн күндөрдүн саны жөнүндө берилүүчү маалыматынын, ошондой эле жумуш убактысын эсепке алуу табелинин негизинде эсептелет.
Материалдык сый акы киреше салыгын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык чегерүүлөрдүн суммасын кармоо менен төлөнөт.
4. Материалдык сый акынын суммасын эсептөөдө Тартип комиссиясынын жыйындарына катышпаган ар бир күн үчүн ушул Тартиптин 2-пунктунда белгиленген материалдык сый акынын суммасынан 1 пайызга барабар болгон азайтуучу коэффициент колдонулат.
5. Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүүгө тийиш.
6. Материалдык сый акынын суммасы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти тарабынан эмгек акы долбоорунун алкагында тейлөөгө келишим түзүлгөн банктагы жеке эсебине которулат.