Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 812
Асыл тукум жаныбарларынын генетикалык ресурстарын өнүктүрүү жана сактоо чөйрөсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, генофонддук чарбаларды түзүү, породалардын тектик жана асыл тукумдук сапаттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан асыл тукум заводунун жана асыл тукум фермасынын статусу ыйгарылган чарбалык субъекттерге мамлекеттик субсидия берүү механизми жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын республикалык бюджетти түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан асыл тукум заводунун жана асыл тукум фермасынын статусу ыйгарылган чарбалык субъекттерге мамлекеттик субсидия берүү үчүн финансылык каражат караштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине төмөндөгү жоопкерчиликтер жүктөлсүн:
- мал чарбасындагы асыл тукумдуу иштин субъекттерин субсидиялоого бөлүнүүчү бюджеттик каражатты максаттуу пайдалануу жана бөлүштүрүү үчүн;
- асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө субсидия бөлүп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалыматтар жана эсептер, анын ичинде сатылган жаныбарлардын базар баасынын көрсөткүчтөрү туура, документ менен таризделип берилиши үчүн.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан асыл тукум заводунун жана асыл тукум фермасынын статусу ыйгарылган чарбалык субъекттердин 2017-жылдын 1-январындагы абалына карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу (узартуу) маселесин карасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан асыл тукум заводунун жана асыл тукум фермасынын статусу ыйгарылган чарбалык субъекттерге мамлекеттик субсидия берүү механизми жөнүндө ЖОБО
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо айыл чарба жаныбарларынын генетикалык ресурстарын сактоого жана өнүктүрүүгө, породалык жана асыл тукумдук сапаттарын жакшыртууга карата колдонулат.
2. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
- асыл тукум карточкасы - асыл тукум жаныбарын эсепке алуунун формасы;
- тубар жаныбарлардын саны - төл алуу үчүн пайдаланылуучу, төл берүүгө жашы жетилген ургаачы жаныбарлардын саны;
- асыл тукум күбөлүгү - жаныбардын ушул түрүнүн асыл тукумдук баалуулугун тастыктаган документ.
2-бөлүм. Субсидия алуучулар
3. Мамлекеттик субсидия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасынын асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, асыл тукум заводунун жана асыл тукум фермасынын статусу ыйгарылган асыл тукум мал чарбасындагы субъекттерге гана берилет.
3-бөлүм. Субсидия берүүнүн тартиби
4. Сатылган асыл тукум жаныбарлары үчүн мамлекеттик субсидия алууга талап кылынган документтердин тизмеси:
- ушул Жобонун 1-тиркемесиндеги формага ылайык, асыл тукум мал чарба субъектисинин арызы;
- ушул Жобонун 2-тиркемесиндеги формага ылайык, райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын асыл тукум жаныбарлары бар деген сунушу;
- аймактагы чарбада инфекциялык жана өтө жугуштуу ылаңдардын жок экендиги жөнүндө ветеринардык маалымкат;
- ушул Жобонун 3-тиркемесиндеги формага ылайык, асыл тукум мал чарба субъектисинин жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин колу коюлган, акыркы үч жылда сатылган малдын саны жөнүндө маалымат;
- юридикалык жактын уставынын көчүрмөсү;
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (эгерде жеке ишкер болсо);
- тукуму тууралуу асыл тукум карточкасы (идентификациялык номери, зарыл учурда жылкыларга кулагындагы татуировка жана азот менен басылган тамганын номери);
- жаныбардын асыл тукум күбөлүгү, асыл тукум жаныбарынын карточкасынын көчүрмөлөрү жана жаныбардын атасынын жана энесинин асыл тукум карточкалары.
5. Асыл тукум жаныбарларын сатууга субсидия алуу үчүн талапкер болгон асыл тукум мал чарбасынын субъектилери (мындан ары - субъект) керектүү документтери менен арызын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине беришет.
6. Ушул Жобонун 4-пунктунда каралган арыздын жана документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги документтерди кароо жана сатууга арналган асыл тукум жаныбарларынын бар экендигин тастыктоо үчүн субъекттерди изилдөө максатында комиссия түзөт (мындан ары - Комиссия).
Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү:
райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын өкүлдөрү;
ветеринария боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү (каралган субъект жайгашкан аймакта);
Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун асыл тукум мал чарбасынын тармагы боюнча өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
Үч жылдан ашык иштеп жаткан субъекттердин асыл тукум жаныбарларын сатуусу жаныбарлардын баардык түрлөрү үчүн тубар жаныбарлардын санынын минимум 5 пайызын түзүшү керек жана жаныбарларды бонитировкалоо шкаласы боюнча 1-класстан төмөн болбоого тийиш.
7. Комиссия тапшырылган документтерди милдеттүү түрдө жерине барып карайт, арыз ээси тарабынан көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы жөнүндө ушул Жобонун 4-тиркемесиндеги формага ылайык изилдөө актысын түзөт жана ушул Жобонун 5-тиркемесиндеги формага ылайык сатууга арналган асыл тукум жаныбарларынын бар экендиги жана ылайыктуулугу жөнүндө корутунду чыгарат.
6-пунктта айтылган талаптарга ылайык эместик аныкталса, башкача айтканда, документтердин пакети толук берилбесе, Комиссия субсидия алууга арызды 10 иш күндүн ичинде коштоочу кат жана ушул Жобонун 5-тиркемесиндеги формага ылайык сатууга арналган асыл тукум жаныбарларынын бар экендиги жана ылайыктуулугу жөнүндө корутунду менен чогуу субъектке кайта берет.
Субъекттер субсидия алуу үчүн толукталган же өзгөртүлгөн арызды кайрадан бере алышат.
8. Субъекттер субсидия алуу үчүн арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын, документтердин түп нускасын камсыздашат: аталган асыл тукум субъектинде асыл тукум жаныбарларынын бар экендиги жөнүндө райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын сунушун, чарбада инфекциялык жана өтө жугуштуу ылаңдардын жок экендиги жөнүндө ветеринардык маалымкатты, ата-теги тууралуу асыл тукум карточкаларын беришет, алар текшерилгенден кийин көчүрмөсү менен кайта берилет.
9. Комиссия берилген маалыматтардын тууралыгы жөнүндө изилдөө актысын түзгөндөн жана сатууга арналган асыл тукум жаныбарларынын бар экендиги жана ылайыктуулугу жөнүндө корутунду чыгаргандан кийин, субъект Комиссияга тастыктоочу документти - бул асыл тукум жаныбарларынын сатылаары жөнүндө райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын жана айыл өкмөтүнүн ушул Жобонун 5-тиркемесиндеги формага ылайык биргелешкен маалымкатын берет.
10. Жогоруда аталган тапшырылган документтердин негизинде бюджеттик субсидия алуучулар жөнүндө жыйынтыктоочу акты түзүлөт, анда Комиссия ошол асыл тукум жаныбарынын сатылып жаткан учурдагы орточо рыноктук баасын көрсөтөт.
11. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги келерки жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун пландоодо белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине асыл тукум жаныбарларын өнүктүрүүнү субсидиялоого арыз киргизет.
12. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджетти ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан даярдалып, жетекчисинин колу коюлган, асыл тукум жаныбарларынын сатылган фактысын ырастаган документтердин негизинде асыл тукум мал чарбачылыгын субсидиялоо үчүн республикалык бюджеттен каралгандын чегинде бюджеттик ассигнование бөлүп берет.
Каражаттар Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жиберилет. Субъекттерге субсидия берүү - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин укугу, ал бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
4-бөлүм. Жоопкерчилик чаралары
13. Мамлекеттик субсидия алуу үчүн тапшырылган документтердин жана алардагы маалыматтардын тууралыгы үчүн субъект жоопкерчиликте болот.
14. Мамлекеттик субсидия алган субъект өз убагында (жылына 1 жолу) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине субсидиянын пайдаланылышы жөнүндө маалымат берип турат.
1-тиркеме
Форма
|
| Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине ________________________________________ (аты-жөнү) кимден _________________________________________ (жетекчинин аты-жөнү) _________________________________________ _________________________________________ (асыл тукум субъектинин аталышы) _________________________________________ _________________________________________ (райондун жана облустун аталышы) |
АРЫЗ
Асыл тукум жаныбарларын сатууга мамлекеттик субсидия берүүнү суранам _____________________________________
_____________________________________________________________________________________________________
(жаныбардын түрү, породасы, жынысы, жашы, 1 баш жаныбардын
_____________________________________________________________________________________________________
сатылган баасы жана сатылган жаныбарлардын жалпы саны)
____________________________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________________
Берилген көрсөткүчтөр боюнча маалыматтын тууралыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартууга даярмын.
Күнү, колу
2-тиркеме
Форма
|
| Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине _______________________________________ (аты-жөнү) |
|
| Райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын башчысынан _______________________________________ (аты-жөнү) _______________________________________ (райондун жана облустун аталышы) |
СУНУШ
Асыл тукум статусу бар субъекттин ____________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________________
(завод же ферма)
сатууга арналган асыл тукум жаныбарлары бар экендигин жана жаныбарлардын ылайыктуулугун текшерүү үчүн анын документтеринин пакетин кароо жана асыл тукум субъектини текшерүү үчүн Комиссия жиберүүңүздү суранам.
Бул сунушка төмөндөгү көчүрмөлөр тиркелет:
1. Сатууга арналган жаныбарлардын тукуму жөнүндө маалыматтары бар асыл тукум карточкалары (идентификациялык номерлери, кулагындагы татуировка жана керектүү учурда жылкылар үчүн азот тамга номерлери).
2. Чарба жайгашкан аймактын инфекциялык жана өтө жугуштуу ылаңдардан таза экендиги жөнүндө ветеринардык маалымкат.
Күнү, колу
3-тиркеме
Форма
Акыркы үч жылдын ичинде сатылган асыл тукум жаныбарлары жөнүндө МААЛЫМАТ
_________________________________________________________________________________________________________
(асыл тукум субъектинин аталышы)
_________________________________________________________________________________________________________
(облустун, райондун, айыл өкмөтүнүн аталышы, коду жана телефон номери)
Асыл тукум жаныбарынын түрү жана породасы: ________________________________________________________________
№ | Жынысы, жашы боюнча тобу | Өлчөө бирдиги | Акыркы 3 жылдагы көрсөткүчтөр | ||
2014 | 2015 | 2016 | |||
1 | Сатылуучу жаныбарлардын саны | баш |
|
|
|
| Анын ичинен: |
|
|
|
|
2 | Өндүргүчтөр | баш |
|
|
|
3 | Тубар | баш |
|
|
|
4 | 1 жашка чейинки | баш |
|
|
|
5 | 1 жаштан жогору | баш |
|
|
|
6 | 1 жашка чейинки | баш |
|
|
|
7 | 1 жаштан жогору | баш |
|
|
|
8 | 1 баш жаныбардын орточо сатык баасы: | сом |
|
|
|
9 | Сатылуучу жаныбардын 1 кг тирүүлөй салмагынын орточо баасы | сом |
|
|
|
Асыл тукум мал чарба субъектисинин жетекчиси |
| колу |
Башкы бухгалтер |
| колу |
4-тиркеме
Форма
Асыл тукум катары сатуу үчүн көрсөтүлгөн жаныбарлар жөнүндө берилген маалыматтардын тууралыгын текшерүү тууралуу АКТ
Асыл тукум субъектини текшерүүнүн негизинде ______________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________
(чарбанын аталышы, кайсы облус жана кайсы район)
анда _________________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________ бар
(башынын саны)
асыл тукум жаныбарларынын бар экендиги аныкталды,
анын ичинен ___________________________________________________________________________________________
(түрү, породасы, жынысы жана
______________________________________________________________________________________________________
жашы көрсөтүлөт)
______________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________
Асыл тукум жаныбарларын сатуу үчүн райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынан берилген документтердин баардык көчүрмөлөрү жана түп нускасына туура келет.
Комиссия мүчөлөрү: |
|
|
Аты-жөнү | Кызмат орду | Колу |
1. |
|
|
2. |
|
|
3. |
|
|
4. |
|
|
5. |
|
|
5-тиркеме
Форма
Сатууга арналган асыл тукум жаныбарларынын бар экендиги жана ылайыктуулугу жөнүндө КОРУТУНДУ
Төмөнкүдөй курамдагы комиссия:
________________________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
________________________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________________________
асыл тукум субъектини текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкүдөй корутундуга келди:
________________________________________________________________________________________________________
(асыл тукум субъектинин аталышы)
сатууга арналган асыл тукум жаныбарларынын саны:
________________________________________________________________________________________________________
(жаныбарлар, алардын түрлөрү аталат)
________________________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибине ылайык келет (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому).
Комиссия мүчөлөрү: |
|
|
Аты-жөнү | Кызмат орду | Колу |
1. |
|
|
2. |
|
|
3. |
|
|
4. |
|
|
6-тиркеме
Форма
МААЛЫМКАТ
Бул маалымкат _____________________________________________________________________________________________
(асыл тукум заводунун же ферманын аталышы, облусу, району)
__________________________________________________________________________________________________ берилди,
(айыл өкмөтү)
асыл тукум чарбасынын жетекчиси _____________________________________________________________________________
(жетекчисинин аты-жөнү)
___________________________________________________________________________________________________________
(асыл тукум жаныбарынын түрү, породасы, жынысы, жашы көрсөтүлөт)
___________________________________________________________________________________________________________
(1 баш жаныбардын баасы жана сатылган жаныбарлардын жалпы саны)
___________________________________________________________________________________________________________
(сатып алган чарбанын аты, облусу, району,
___________________________________________________________________________________________________________
айыл өкмөтү)
саткандыгы чын.
Райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын башчысы |
|
|
____________________________________ (райондун аталышы) |
| _________________________________ (аты-жөнү) |
Айыл өкмөтүнүн башчысы |
|
|
_________________________________ (айыл өкмөтүнүн аталышы) |
| _________________________________ (аты-жөнү) |