Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-декабры № 806
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Минск шаарында 2013-жылдын 25-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкаганда жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Минск шаарында 2013-жылдын 25-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Минск шаарында 2013-жылдын 25-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Минск шаарында 2013-жылдын 25-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы катары аныкталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жана көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жөнүндө кабарласын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 806 токтому менен жактырылган |
Минск шаарында 2013-жылдын 25-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууга Минск шаарында 2013-жылдын 25-октябрында кол коюлган.
Макулдашуунун жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарына ушул уюмга мүчө мамлекеттерине берилүүчү жашыруун маалыматты сактоо чөйрөсүндөгү укук, милдет жана жоопкерчиликтерди бекитүүгө багытталган. Макулдашууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында кызматташуу процессинде колдонулуучу маалыматтын жашыруундук даражасы, жашыруун маалыматты сактоо жана берүү чаралары аныкталган.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 23-октябрындагы № 136 буйругу менен жактырылган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиш.
Макулдашууну ратификациялоо финансы чыгымдарын талап кылбайт, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.