Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-декабры № 791
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- өзбек тарабына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын;
- көрсөтүлгөн Макулдашууну Жарандык авиациянын эл аралык уюмунда (ИКАО) каттоодон өткөрсүн.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы № 791 токтому менен жактырылган |
Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбооруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 447-б буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган Макулдашуу аба кыймылын тейлөө жаатында, ошондой эле ички учууларды жана Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек аралары аркылуу эл аралык учууларды аткарууда коопсуздукту камсыздоодо чоң мааниге ээ.
Эреже катары, ал чек арадагы аба трассаларынын бүткүл узундугунда макулдашкан мамлекеттердин аба кыймылын башкаруу кызматтарынын жана аба кемелеринин экипаждарынын ортосунда бардык бийиктиктерде туруктуу радио байланыш түзүү менен гана камсыздалат. Мында аэронавигациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир провайдеринин аба мейкиндигинде радиолокация менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү кошумча эске алынган.
Азыркы кезде ар бир провайдердин аэродромдорунун чек ара жанындагы трассаларында жана чек ара жанындагы райондорунда учууларды техникалык жаткан камсыздоо өз мамлекетинин аба мейкиндигиндеги учуулардын коопсуздугун камсыздоо маселелерин өз алдынча толугу менен чечүүгө мүмкүндүк бербейт. Колдо болгон радиотехникалык камсыздоонун жардамы менен учуулардын коопсуздугу максималдуу түрдө камсыздалган аба мейкиндигинин зоналарында аба кыймылын тейлөөгө жоопкерчиликти тараптарга өкүлдөө коопсуздукту жана учуулардын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоонун убактылуу, бирок натыйжалуу каражаты болуп саналат.
Ушуга байланыштуу Эл аралык жарандык авиация (ИКАО) жөнүндө конвенциянын тиркемеси болгон Эл аралык стандарттардын жана Сунушталган Практиканын талаптарын аткаруу максатында, ошондой эле ички мамлекеттик жол жоболорду өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасы 1992-жылы кошулган, Чикаго шаарында 1944-жылдын 7-декабрында кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын негизинде "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору даярдалды.
Көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо изилдөө-куткаруу жумуштарын жүргүзүү үчүн аба кыймылын тейлөөнү жана авариялык билдирүүлөрдү уюштурууда географиялык шарттарды жана учууларды радиотехникалык камсыздоонун мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен улуттук эгемендикке зыян келтирбестен аба кыймылын тейлөөнүн укуктук камсыздоо шарттарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Макулдашууну ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен чыгымдарды сарптоого алып келбейт.