Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-ноябры № 778
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү тиркелгендер жактырылсын:
- "2017-жылдын 28-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ош шаарында жалпы билим берүү мектебин куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2017-жылдын 28-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ош шаарында жалпы билим берүү мектебин куруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри жана Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ош шаарында жалпы билим берүү мектебин куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ош шаарында жалпы билим берүү мектебин куруу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарапка жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 778 токтому менен жактырылган |
2017-жылдын 28-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ош шаарында жалпы билим берүү мектебин куруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ош шаарында жалпы билим берүү мектебин куруу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы мүчө болуп, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери: Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-июлундагы № 283-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашууда Ош шаарында өзбек тараптын каражатынын эсебинен 630 окуучулук орундуу жалпы билим берүүчү мектепти куруу жана объектти кыргыз тарапка менчик укугунда акысыз өткөрүп берүү каралган.
Аталган Макулдашууну ратификациялоо мектепти курууга керектелүүчү курулуш материалдарын Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына алып кирүүнү жана алып чыгууну жеңилдетет, ошондой эле салык салууга тиешелүү маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет.
Макулдашууда кыргыз тараптын өзбек тарапты виза менен камсыздоо, Кыргыз Республикасынын кирүү/чыгуу визаларын тариздөөдөн бошотуу, персоналды - Өзбек Республикасынын жарандарын каттоого туруу жол-жоболорунан, иштөө үчүн уруксат документтерди алуудан бошотуу жана башкы подряддык уюмга жана анын субподряддык уюмуна көмөк көрсөтүү жөнүндө милдеттенмелери аныкталган. Мында, Макулдашуунун 3-беренесинин "а", "в", "г" пункттарында көрсөтүлгөн кыргыз тараптын милдеттенмелерине байланыштуу чыгымдар Ош шаарынын мэриясына жүктөлгөн жана Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражатынын эсебинен каржыланат.
Аталган Макулдашууну ратификациялоо финансылык жана башка кесепеттерди жаратпайт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча ассигнование бөлүү талап кылынбайт.