Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-декабры № 786
"Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 27-февралы, № 15) колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мөөнөткө чейин узартылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам 2017-жылдын 31-декабрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|