Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-декабры № 797
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Санкт-Петербург шаарында 2013-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Санкт-Петербург шаарында 2013-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Санкт-Петербург шаарында 2013-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Санкт-Петербург шаарында 2013-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы катары аныкталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жана көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жөнүндө кабарласын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-декабрындагы № 797 токтому менен жактырылган |
Санкт-Петербург шаарында 2013-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашууга Санкт-Петербург шаарында 2013-жылдын 20-ноябрында кол коюлган.
Макулдашуунун жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашуу кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 455-б буйругу менен жактырылган.
Аталган Макулдашуу КМШга катышкан мамлекеттердин маалыматтык коопсуздугун камсыздоого багытталган биргелешкен координацияланган иш-чараларды жүргүзүү максатында иштелип чыккан.
Макулдашуунун 13-беренесине ылайык ага кол койгон Тараптар жагынан анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө үчүнчү билдирүүнү депозитарий алган күндөн тартып күчүнө кире тургандыгы белгиленген.
Аталган Макулдашууну ратификациялоо зарылчылыгы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин бей укук жана башка деструктивдүү иш-аракеттерди жасоо максатында маалыматтык-коммуникациялык каражаттарды жана технологияларды пайдалануу коркунучуна каршы аракеттенүү боюнча кызматташууну өнүктүрүү ниети менен түшүндүрүлөт.
Макулдашууну ратификациялоо кошумча финансы чыгымдарын талап кылбайт, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.