Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-декабры № 789
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору жөнүндө жободо:
- аталышы "чарба" деген сөздөн кийин ", тамак-аш өнөр жайы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункту "чарба" деген сөздөн кийин ", тамак-аш өнөр жайы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пунктунда:
экинчи абзацы "чарба" деген сөздөн кийин ", тамак-аш өнөр жайы" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацы "чарба" деген сөздөн кийин ", тамак-аш өнөр жайы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пунктунун бешинчи абзацындагы "штаммдардын, микроорганизмдердин улуттук коллекцияларын" деген сөздөр "өстүрүлгөн микроорганизмдер жана алардын штаммдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пункту "чарба" деген сөздөн кийин ", тамак-аш өнөр жайы" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |