Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 813
Жер үстүндөгү сууларды коргоо боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесинде:
- 3-пунктундагы "жана экологиялык бакубатчылыкты" деген сөздөр ", калктын экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу-он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- туризм, спорт жана калк массалык түрдө эс алуучу жерлерге өнөр жайлык, айыл чарбалык, шаардын агынды сууларын агызууга;
- табигый дарылык ресурстарды камтыган суу объекттерине өнөр жайлык, айыл чарбалык, шаардын агынды сууларын агызууга, ошондой эле нөшөрдөн чогулган агынды сууларды агызууга;
- чарбалык-ичүүчү суу менен камсыз кылуу булактарынын санитардык коргоо зонасынын экинчи алкагынын чегинде агынды сууларды агызууга, эгерде аларда булгоочу заттардын жана микроорганизмдердин болушу ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде белгиленген гигиеналык ченемдерден ашып кетсе.";
- 37-пунктунун экинчи абзацындагы "коомдук саламаттыкты сактоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 43-1-пункт менен толукталсын:
"43-1. Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маданий-тиричиликтин суу пайдалануу суу объекттеринин суусунун сапатына сууга түшүү сезону башталганга чейин кеминде эки жолу жана сууга түшүү сезонунун учурунда айына кеминде эки жолу лабораториялык контролдоо жүргүзөт.";
- 12-пунктундагы "Ооруларды" деген сөз "Жугуштуу ичеги-карын ооруларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
13 | Жалпы колиформдук бактериялар, ашуун эмес | 1000 КОЕ/100 мл | 500 КОЕ/100 мл | - | - |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын:
"
13-1 | Жылуулукка туруктуу колиформдук бактериялар, ашуун эмес: | 100 КОЕ/100 мл | 100 КОЕ/100 мл | - | - |
";
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
14 | Колифагдар (бляшка түзүүчү бирдикте), ашуун эмес: | 10 БОЕ/100 мл | 10 БОЕ/100 мл | - | - |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |