ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 813 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128»Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесин бекитүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция15.12.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 15-декабры № 813

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Жер үстүндөгү сууларды коргоо боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесинде:

- 3-пунктундагы "жана экологиялык бакубатчылыкты" деген сөздөр ", калктын экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу-он биринчи абзацтар менен толукталсын:

"- туризм, спорт жана калк массалык түрдө эс алуучу жерлерге өнөр жайлык, айыл чарбалык, шаардын агынды сууларын агызууга;

- табигый дарылык ресурстарды камтыган суу объекттерине өнөр жайлык, айыл чарбалык, шаардын агынды сууларын агызууга, ошондой эле нөшөрдөн чогулган агынды сууларды агызууга;

- чарбалык-ичүүчү суу менен камсыз кылуу булактарынын санитардык коргоо зонасынын экинчи алкагынын чегинде агынды сууларды агызууга, эгерде аларда булгоочу заттардын жана микроорганизмдердин болушу ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде белгиленген гигиеналык ченемдерден ашып кетсе.";

- 37-пунктунун экинчи абзацындагы "коомдук саламаттыкты сактоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 43-1-пункт менен толукталсын:

"43-1. Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маданий-тиричиликтин суу пайдалануу суу объекттеринин суусунун сапатына сууга түшүү сезону башталганга чейин кеминде эки жолу жана сууга түшүү сезонунун учурунда айына кеминде эки жолу лабораториялык контролдоо жүргүзөт.";

1-тиркемеде:

- 12-пунктундагы "Ооруларды" деген сөз "Жугуштуу ичеги-карын ооруларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

13

Жалпы колиформдук бактериялар, ашуун эмес

1000 КОЕ/100 мл

500 КОЕ/100 мл

-

-

";

- төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын:

"

13-1

Жылуулукка туруктуу колиформдук бактериялар, ашуун эмес:

100 КОЕ/100 мл

100 КОЕ/100 мл

-

-

";

- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

14

Колифагдар (бляшка түзүүчү бирдикте), ашуун эмес:

10 БОЕ/100 мл

10 БОЕ/100 мл

-

-

".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

С. Исаков