Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 50 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477, 2020-жылдын 30-январындагы № 43, КР Министрлер Кабинетинин 2022 жылдын 08 апрелиндеги №193, 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 502, 2024-жылдын 6-ноябрындагы № 671, 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 556 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата талаптарды белгилейт жана аныктайт.
2. Ушул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин жүзөгө ашыруу боюнча лицензияларга ээ болгон бардык юридикалык жактардын иш-аракетине жайылтылат.
3. Ломбарддар өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, "Ломбарддардын иши жөнүндө", "Чарбачылык шериктиктер жана коомдор жөнүндө", "Күрөө жөнүндө", "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ломбарддардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ломбард Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча жоопкерчилик менен же толук шериктештик коомунун формасында түзүлөт жана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын статусуна ээ болот.
Уставдык капиталдын түзүлүшү Кыргыз Республикасынын банктарында акчалай түрүндө гана жүзөгө ашырылат.
5. Ломбард Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген күрөөкананын уставдык капиталынын өлчөмүнөн кем эмес деңгээлде уставдык капиталдын өлчөмүн кармоого милдеттүү.
51. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 502 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдү ачуунун тартиби
6. Ломбард Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн өзгөчөлөнгөн кичи бөлүнүштөрүн - филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу. Өкүлчүлүктөр жана филиалдар ломбарддын уюштуруу документтеринде көрсөтүлүшү керек.
7. Өкүлчүлүктү же филиалды түзүүдө ломбард ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдук катты алуу үчүн ломбард төмөнкүдөй документтерди берүүгө тийиш:
1) филиалды (өкүлчүлүктү) ачууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч кат;
2) ломбарддын филиалын (өкүлчүлүгүн) ачуу жөнүндө ломбарддын ыйгарым укуктуу органынын чечими;
3) ломбарддын филиалы (өкүлчүлүгү) жөнүндө жобонун көчүрмөсү;
4) ломбарддын филиалынын (өкүлчүлүгүнүн) жетектөөчү кызматкерлеринин кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) сунушталган адамдар жөнүндө маалыматтар;
5) ири габариттүү мүлктү күрөөгө кабыл алуу ниети болгон учурда, 100 (бир жүз) кв.метрден кем эмес аянттагы менчик укугундагы же пайдалануу укугундагы аймагы бар экендиги жөнүндө юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсү кошумча берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Ломбарддын ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген документтерди 10 жумуш күндүн ичинде карайт. Алар ушул Жобонун талаптарына ылайык болсо, ломбардга уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук каты берилет.
Филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечим юридикалык жактын органы тарабынан кол коюлат жана юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет.
9. Берилген документтер ушул Жобонун жана "Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келбесе, алар ылайык келбестиктерди жоюу үчүн арыз ээсине кайтарылат.
3. Ломбарддын милдеттери
10. Ломбард төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ченемдик укуктук актылар менен белгиленген талаптарды сактоого;
- кассалык тартипти сактоого;
- күрөөлөрдүн (күрөөлүктөрдүн) эсебин алуу китебине жана күрөө билетине ээ болууга;
- материалдык баалуулуктар менен иштөө эрежесин сактоого;
- буйруктарга жана ломбарддын кызматкерлери менен материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимдерге ээ болууга;
- ломбарддын кызматкерлеринин жана кардарларынын иши үчүн коопсуздук шарттарын камсыздоого;
- "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болгон документтерди көрсөткөндө ломбарддын ишин текшерүүгө карата ломбарддын ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине уруксат берүүгө;
- ломбард жайгашкан жердин дареги, телефон номерлери, факс жана электрондук даректери (эгер бар болсо) өзгөрсө, он күндүк мөөнөттө күрөө коюучуларга болгон өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат берүүгө;
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча Кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналында кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты белгилеп турууга;
- зайымчы үчүн ачык, жеткиликтүү болууга тийиш жана коммерциялык сырдын предмети болушу мүмкүн эмес зайымдын жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасынын өлчөмү жөнүндө маалыматты зайымчыга берүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-ноябрындагы № 671 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ломбардга төмөнкүлөр тыюу салынат:
- тиешелүү лицензия алганга чейин ломбардды уюштуруу менен байланышкан уюштуруу ишинен сырткары, ломбарддык ишти жүзөгө ашырууга;
- чет элдик валютада зайымдарды берүүгө;
- ачык жарыя кылуу, жарнамалоо, тооруктарды өткөрүү жана мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөө шарттарында башка методдор аркылуу каражаттарды тартууга жана бул каражаттарды өз ишин жүргүзүү үчүн пайдаланууга;
- ломбард ишине тиешеси болбогон кызмат көрсөтүүлөрдү жана операцияларды жарнамалоого;
- ломбардга жана ломбард жайында кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө тиешеси болбогон бөтөн адамдарга уруксат берүүгө;
- ломбарддын максаттарына жана милдеттерине карама-каршы келген операцияларды жүргүзүүгө;
- күрөөгө коюлган автотранспорт каражаттарына болгон менчик укугун же башка буюмдук укукту ырастабастан автотранспорт каражаттарын заемчудан күрөөгө алууга;
- эгерде зайымчынын укуктарын начарлатса жана/же милдеттерин көбөйтсө, зайым келишиминин шарттарын бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө жана толуктоого;
- ломбарддардын иши жөнүндө жана номиналдык пайыздык ставканы чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган, 12 пайыз кошулган ломбарддын зайымынын жол берилген жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасынын чегинен ашып кетүүгө. Ломбарддын зайымынын жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасын эсептөө ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт;
- зайымдын суммасы 200000 сомдон ашкан зайым келишиминдеги маалыматтарды кошпогондо, зайым келишими боюнча жана зайымчы жөнүндө кандайдыр бир маалыматтарды кредиттик бюрого берүүгө.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 43 , 2024-жылдын 6-ноябрындагы № 671 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Ушул Жобонун аталган талаптарын жана жоболорун бузгандыгы үчүн ломбард Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартат.
4. Кассалык операцияларды жана ломбард тарабынан зайымдарды берүү боюнча операцияларды жүргүзүүнүн тартиби
13. Ломбард кассалык операцияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы № 281 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине ылайык жүргүзүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы N 502 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Кардардан күрөө (күрөөлүк) предмети келгенде, ломбард кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- күрөө (күрөөлүк) предметин баалоого;
- күрөө коюучу менен макулдашуу боюнча күрөөгө коюлган мүлктүн берилүүчү суммасын белгилөөгө;
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча күрөө билетин тариздөөгө;
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча Кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналына бүтүмдү каттоого;
- ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча Күрөөлөрдү (күрөөлүктөрдү) эсепке алуу китебине бүтүмдү каттоого;
- материалдык баалуулуктар менен иштөө эрежесине ылайык күрөө (күрөөлүк) предметинин сакталышын жана коопсуздугун камсыздоого;
- ломбарддын эсебинен күрөө (күрөөлүк) предметин аны баалаган толук суммага камсыздандырууга;
- зайымдарды берүүгө.
- зайым келишиминин шарттарын зайымчыга берүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 502 , 2024-жылдын 6-ноябрындагы № 671 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Күрөөгө мүлктү кабыл алууда ломбард эки нускада күрөө билетин тариздейт. Ар бир күрөө билети өздүк катар номерине ээ жана ломбарддын мөөрү менен бекитилет.
16. Күрөөгө мүлктү кабыл алуу төмөнкүдөй учурларда бир күрөө билети менен таризделет, эгерде:
1) ушул мүлктүн сапат белгисин өзгөртмөйүнчө күрөөгө коюлган мүлктү бөлүштүрүүгө мүмкүн болбосо;
2) күрөөгө коюлган мүлк бир гана зайым келишимин аткарууну камсыздаса.
17. Күрөө билетин электрондук документ түрүндө ломбард тариздейт. Күрөө билетин электрондук документ түрүндө тариздөө ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жүзөгө ашырылат.
Күрөө коюучу кайрылганда ломбард техникалык каражаттардын, программалык камсыздоонун жардамы менен электрондук документ түрүндөгү күрөө билетинин таризделишин камсыз кылат жана таризделген күрөө билеттеринин эсебин жүргүзөт.
Эгерде күрөө билетине каралган бардык жазуулар жүргүзүлсө, ломбарддын (филиалдын) жетекчисинин квалификацияланган электрондук колу жана күрөө коюучунун жөнөкөй электрондук колу коюлса, ал таризделди деп эсептелет. Таризделген күрөө билети кагазга басылып чыгарылат, ломбарддын мөөрү менен бекемделет жана күрөө коюучуга берилет.
Күрөө билетиндеги күрөө коюучунун жөнөкөй электрондук колу күрөөгө коюлган буюмдун бааланган суммасы, ала турган зайымдын суммасы, зайым боюнча пайыздык ставка, зайымды кайтаруунун суммасы жана датасы менен таанышууну жана макулдашууну билдирет.
Күрөө билети таризделгенден кийинки андагы бардык өзгөртүүлөр ломбарддын (филиалдын) жетекчисинин квалификацияланган электрондук колу жана күрөө коюучунун жөнөкөй электрондук колу менен күбөлөндүрүлөт.
Электрондук кол тамганы колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын электрондук кол тамганы колдонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
Күрөө билетин электрондук документ түрүндө тариздөө онлайн-режимде жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Ломбард реалдуу убакыт режиминде туруктуу кошулууну камсыз кылат.
Ломбард өзүнүн сайтында зайым келишиминин жана күрөө билетинин формаларынын үлгүлөрүн жайгаштыруу менен "Күрөө коюучунун жеке кабинети" терезесинин ачылышын программалык камсыз кылууну карайт.
Зайымдын шарттары менен таанышууда күрөө коюучу "Күрөө коюучунун жеке кабинети" терезесинде өтүнмөнү паспортунун толук маалыматтарынын көчүрмөсүн, байланыш маалыматтарын (мобилдик телефон номери, электрондук почта) тиркөө менен толтурат.
Күрөө коюучу күрөөгө коюлган мүлктү жана күрөөгө коюлган мүлктү баалоо үчүн ырастоочу документтерди ломбардга берет.
Ломбард техникалык каражаттардын, программалык камсыз кылуунун жардамы менен жеке маалыматтар боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык күрөө коюучуну идентификациялоону жүзөгө ашырат жана күрөөгө коюлган мүлккө баалоо жүргүзөт.
Ломбард зайымчынын өтүнүчүнүн негизинде зайым келишимин электрондук документ түрүндө тариздейт.
Ломбард күрөө коюучу үчүн жөнөкөй электрондук колду түзүүнү, купуялуулукту, коргоону камсыз кылат жана ушул Жободо каралган учурларда кол коюу үчүн аны күрөө коюучуга берет.
Электрондук документ түрүндөгү зайым келишимине жана күрөө билетине ломбарддын (филиалдын) жетекчисинин квалификацияланган электрондук колу, ал эми күрөө коюучунун/зайымчынын - жөнөкөй электрондук колу коюлат. Таризделген күрөө билети берилген байланыш маалыматтары (электрондук почтасы) аркылуу берилет.
Зайымчы кайрылганда зайымды берүү ломбарддын кассасында же зайымчынын банктагы эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен ломбард тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 502 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Күрөө коюучуга ломбардда жана күрөө коюучуда сакталган күрөө билетинин нускасындагы мүлктү кайтарып берүүдө, милдеттүү түрдө төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт жана күрөө коюучунун колу менен күбөлөндүрүлөт:
1) факты жүзүндө мүлктүн кайтарылган күнү, айы, жылы;
2) кайтарылган мүлктүн сүрөттөлүшү.
19. Эгерде мүлк мыйзамдарда белгиленген тартипте толугу менен ломбард тарабынан күрөө коюучунун милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо үчүн сатылса, анда күрөө коюучунун макулдугун күбөлөндүргөн жазууга (коюлган колуна) карабастан, күрөө билетинин колдонулушу токтотулду деп эсептелет, ал эми күрөө билети милдеттенмелердин алдында күрөөгө коюлган мүлктү сатуунун жол-жоболорунун мыйзамдуулугун негиздеген документтер менен бирге белгиленген тартипте сакталат.
5. Ломбарддын бухгалтердик эсеби жана отчёт берүүсү
20. Ломбард "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзүнүн жүргүзгөн операцияларынын бухгалтердик эсебин алууга жана финансылык отчётту түзүүгө тийиш.
6. Ломбардды кайра уюштуруу жана жоюу
21. Ломбард өз ишин Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык токтото алат. Бул үчүн ломбард жоюу жөнүндө (өзүнүн ишин токтотуу жөнүндө) чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде ломбард ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ломбарддын ишин токтотуунун себептерин көрсөтүү менен катты, лицензиянын түп нускасын жана анын көчүрмөлөрүн, эгерде мындайлар болсо, ошондой эле ломбард ишин токтоткон күнгө чейинки мезгил үчүн анын иши жөнүндө отчетту берүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-ноябрындагы № 671 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Ломбард жоюу же кайра уюштуруу жолу менен өз ишин токтотот.
23. Ломбардды жоюуда анын мүлкүн сатып түгөткөндөн түшкөн пайданы кошо алганда ломбардда болгон акча каражаттары кызматкерлердин эмгегине төлөө боюнча эсептөөлөрдөн, күрөө менен камсыздалган милдеттенмелер боюнча кредит берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыргандан, бюджеттин жана башка кредит берүүчүлөрдүн алдындагы милдеттенмелерин аткаргандан кийин уюштуруучуга өткөрүп берилүүгө (ломбардды уюштуруучулардын ортосунда алардын уставдык капиталдагы үлүшүнө карата пропорциялуу бөлүнүүгө) тийиш.
24. Каттоочу орган тиешелүү буйрук чыгарган күндөн тартып жоюу аяктады, ал эми ломбард өзүнүн ишин токтотту деп эсептелет.
25. Ломбарддын иш процессинде пайда болгон документтер ломбард жоюлганда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Форма
________________________________________________ |
| ____________________________________ |
ломбарддын дареги жана аталышы, ИНН коду |
| (салык органынын аталышы) |
|
| М.О. |
Күрөө билети №
20__-ж. "__" _________________
Жаран __________________________________________________________________ кабыл алынды.
(күрөө коюучунун аты-жөнү)
Паспортунун сериясы ______________ № _____________ "__" ___________ 20__-ж. берилген.
Күрөө предметинин (күрөөлүктүн) аталышы ________________________________________________
Күрөө предметинин (күрөөлүктүн) жеке-тектик белгилери
Күрөөгө коюлган мүлктү баалоо суммасы ___________________________________________________
Зайым суммасы ________________________________________________________________________
Зайымдын мөөнөтү _____________________________________________________________________
Зайымды кайтаруу датасы _______________________________________________________________
Кредитти кайтаруу суммасы ______________________________________________________________
Зайым боюнча пайыздык ставка ___________________________________________________________
(бир календардык күндүн эсебинен эсептелген, зайым боюнча пайыздык ставканы көрсөтүү менен)
Мүлк күрөөгө кабыл алынды
Зайым берилди ______________________________________________________ М.О.
(кызмат адамынын аты-жөнү, датасы)
Күрөө билети жана зайымдын суммасы _______________________________________
Зайымчы ________________________________________________ алды.
(зайымчынын колу)
|
| Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо ЖУРНАЛЫ
Операция жүргүзүлгөн күн | Операциянын түрү | Операциянын суммасы | Кардардын аты-жөнү | Паспорттун маалыматтары (номери, берилген күнү, ким тарабынан берилген) | Жеке жактын жашаган жеринин дареги | Жеке жактын турган жеринин дареги |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ломбарддын жооптуу кызматкеринин колу: _________________________
Ломбарддын жетекчисинин колу: ________________________
Эскертүү:
операциянын түрү: зайым алуу же күрөөнү сатып алуу.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Форма
_________________________________________________________________________
(ломбарддын аталышы жана дареги, ИНН коду)
Күрөөлөрдү (күрөөлүктөрдү) эсепке алуу китеби
Күрөө коюучунун аты-жөнү | Күрөөнүн (күрөөлүктүн) суммасы | Кредит берилген күн | Күрөөнүн (күрөөлүктүн) түрү | Күрөө (күрөөлүк) жөнүндө жалпы маалымат | Күрөөнү (күрөөлүктү) жабуу күнү | Пайыздарды төлөө күнү | Эскертүү | Бухгалтердин жана кассирдин колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
"Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Зайым келишими боюнча жылдык натыйжалуу пайыздык ставканы эсептөө ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-ноябрындагы № 671 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Зайым келишими боюнча жылдык натыйжалуу пайыздык ставканы эсептөө эрежелери (мындан ары - Эрежелер) зайымчы - жеке жак менен түзүлгөн зайым келишими боюнча сый акылардын жылдык натыйжалуу ставкасын эсептөө тартибин белгилейт.
Зайымдын жылдык пайыздык натыйжалуу ставкасы - Эрежелерге ылайык эсептелүүчү, зайым келишими боюнча ишенимдүү, жылдык, натыйжалуу, салыштырып эсептелген (реалдуу наркы) пайыздык ставка.
2. Жылдык натыйжалуу пайыздык ставка зайым келишиминде көрсөтүлөт.
3. Жылдык натыйжалуу пайыздык ставканы эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) зайым келишими түзүлгөн датага;
2) зайым келишимине кошумча макулдашууну түзүү аркылуу зайым келишимине зайымчынын акчалай милдеттенмелеринин суммасын (өлчөмүн) жана (же) аларды төлөө мөөнөттөрүн өзгөртүүгө алып келүүчү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда.
4. Зайым келишиминде каралган учурларда пайыздык ставкалардын өзгөрүүлөрүн кошкондо, зайым келишимине кошумча макулдашууну түзүү аркылуу зайым келишимине зайымчынын акчалай милдеттенмелеринин суммасын (өлчөмүн) жана (же) аларды төлөө мөөнөттөрүн өзгөртүүгө алып келүүчү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда, зайым келишими боюнча жылдык натыйжалуу пайыздык ставка зайым берүүчү тарабынан зайымды жабуу датасына карата калган мөөнөттөгү негизги карыздын калдыгынын негизинде эсептелет, бул датадан тартып зайым келишиминин, зайымчы төлөөгө тийиш болгон комиссиялардын жана башка төлөмдөрдүн шарттары өзгөртүлөт жана алар зайым келишимине кошумча макулдашууда көрсөтүлөт.
2. Жылдык натыйжалуу пайыздык ставканы эсептөө
5. Зайым келишими боюнча жылдык натыйжалуу пайыздык ставка төмөнкү барабардык аркылуу эсептелет:
мында:
n - зайымчынын акыркы төлөөсүнүн катар номери;
j - зайымчыга төлөөнүн катар номери;
Sj - зайымчыга j-ошол төлөөнүн суммасы;
APR - зайымдын жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасы;
tj - зайымды берген күндөн тартып зайымчыга j-ошол төлөө учуруна чейинки мезгил (күн менен);
m - зайымчынын акыркы төлөмүнүн катар номери;
i - зайымчынын төлөмүнүн катар номери;
Pi - зайымчынын i-ошол төлөмүнүн суммасы;
ti - зайымды берген күндөн тартып зайымчыга i-ошол төлөм учуруна чейинки мезгил (күн менен).
6. Зайым келишими боюнча жылдык натыйжалуу пайыздык ставканы эсептөөгө зайымчынын негизги карыз жана кошуп эсептелген пайыздар боюнча бардык төлөмдөрү, ошондой эле зайым келишими колдонулган бүткүл мезгилдеги зайымчынын комиссиялары жана башка төлөмдөрү киргизилет.
7. Зайым келишими боюнча зайымдын суммаларын кайтарып берүү жана (же) сый акыларды төлөө милдеттенмелерин бузуу үчүн төлөнгөн бышмана (айып пул, туум) зайым келишими боюнча жылдык натыйжалуу пайыздык ставканы эсептөөгө кирбейт.
8. Зайымчынын зайым берүүчүгө төлөөлөрү жана зайым берүүчүнүн зайымчыга төлөөлөрү алар иш жүзүндө жүргүзүлгөн датада, кийинкилери - төлөөлөрдүн графиги (болсо) боюнча эске алынат.
9. Эгерде жылдык натыйжалуу пайыздык ставканы эсептөөдө алынган сан бир ондук белгиден ашса, ал төмөнкүдөй онунчу үлүшкө чейин тегеректелүүгө тийиш:
1) эгерде жүзүнчү үлүш 5тен көп же ага барабар болсо, онунчу үлүш 1гe көбөйөт, андан кийинки бардык белгилер алып салынат;
2) эгерде жүзүнчү үлүш 5тен аз болсо, онунчу үлүш өзгөрүүсүз калат, андан кийинки бардык белгилер алынып салынат.