1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477, 2020-жылдын 30-январындагы № 43,КР Министрлер Кабинетинин 2022 жылдын 08 апрелиндеги №193 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата талаптарды белгилейт жана аныктайт.
2. Ушул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин жүзөгө ашыруу боюнча лицензияларга ээ болгон бардык юридикалык жактардын иш-аракетине жайылтылат.
3. Ломбарддар өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, "Ломбарддардын иши жөнүндө", "Чарбачылык шериктиктер жана коомдор жөнүндө", "Күрөө жөнүндө", "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ломбарддардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ломбард Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча жоопкерчилик менен же толук шериктештик коомунун формасында түзүлөт жана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын статусуна ээ болот.
Уставдык капиталдын түзүлүшү Кыргыз Республикасынын банктарында акчалай түрүндө гана жүзөгө ашырылат.
5. Ломбард Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген күрөөкананын уставдык капиталынын өлчөмүнөн кем эмес деңгээлде уставдык капиталдын өлчөмүн кармоого милдеттүү.
2. Филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдү ачуунун тартиби
6. Ломбард Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн өзгөчөлөнгөн кичи бөлүнүштөрүн - филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу. Өкүлчүлүктөр жана филиалдар ломбарддын уюштуруу документтеринде көрсөтүлүшү керек.
7. Өкүлчүлүктү же филиалды түзүүдө ломбард ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдук катты алуу үчүн ломбард төмөнкүдөй документтерди берүүгө тийиш:
1) филиалды (өкүлчүлүктү) ачууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч кат;
2) ломбарддын филиалын (өкүлчүлүгүн) ачуу жөнүндө ломбарддын ыйгарым укуктуу органынын чечими;
3) ломбарддын филиалы (өкүлчүлүгү) жөнүндө жобонун көчүрмөсү;
4) ломбарддын филиалынын (өкүлчүлүгүнүн) жетектөөчү кызматкерлеринин кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) сунушталган адамдар жөнүндө маалыматтар;
5) ири габариттүү мүлктү күрөөгө кабыл алуу ниети болгон учурда, 100 (жүз) чарчы метрден кем эмес аянттагы аймагы бар экендиги жөнүндө нотариалдык жактан ырасталган/күбөлөндүрүлгөн менчик укугундагы же пайдалануу укугундагы документтин көчүрмөсү кошумча берилет.
8. Ломбарддын ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген документтерди 10 жумуш күндүн ичинде карайт. Алар ушул Жобонун талаптарына ылайык болсо, ломбардга уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук каты берилет.
Филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечим юридикалык жактын органы тарабынан кол коюлат жана юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет.
9. Берилген документтер ушул Жобонун жана "Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келбесе, алар ылайык келбестиктерди жоюу үчүн арыз ээсине кайтарылат.
3. Ломбарддын милдеттери
10. Ломбард төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ченемдик укуктук актылар менен белгиленген талаптарды сактоого;
- кассалык тартипти сактоого;
- күрөөлөрдүн (күрөөлүктөрдүн) эсебин алуу китебине жана күрөө билетине ээ болууга;
- материалдык баалуулуктар менен иштөө эрежесин сактоого;
- буйруктарга жана ломбарддын кызматкерлери менен материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимдерге ээ болууга;
- ломбарддын кызматкерлеринин жана кардарларынын иши үчүн коопсуздук шарттарын камсыздоого;
- "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болгон документтерди көрсөткөндө ломбарддын ишин текшерүүгө карата ломбарддын ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине уруксат берүүгө;
- ломбард жайгашкан жердин дареги, телефон номерлери, факс жана электрондук даректери (эгер бар болсо) өзгөрсө, он күндүк мөөнөттө күрөө коюучуларга болгон өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат берүүгө;
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча Кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналында кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты белгилеп турууга;
11. Ломбардга төмөнкүлөр тыюу салынат:
- тиешелүү лицензия алганга чейин ломбардды уюштуруу менен байланышкан уюштуруу ишинен сырткары, ломбарддык ишти жүзөгө ашырууга;
- чет элдик валютада зайымдарды берүүгө;
- ачык жарыя кылуу, жарнамалоо, тооруктарды өткөрүү жана мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөө шарттарында башка методдор аркылуу каражаттарды тартууга жана бул каражаттарды өз ишин жүргүзүү үчүн пайдаланууга;
- ломбард ишине тиешеси болбогон кызмат көрсөтүүлөрдү жана операцияларды жарнамалоого;
- ломбардга жана ломбард жайында кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө тиешеси болбогон бөтөн адамдарга уруксат берүүгө;
- ломбарддын максаттарына жана милдеттерине карама-каршы келген операцияларды жүргүзүүгө;
- күрөөгө коюлган автотранспорт каражаттарына болгон менчик укугун же башка буюмдук укукту ырастабастан автотранспорт каражаттарын заемчудан күрөөгө алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 43 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Ушул Жобонун аталган талаптарын жана жоболорун бузгандыгы үчүн ломбард Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартат.
4. Кассалык операцияларды жана ломбард тарабынан зайымдарды берүү боюнча операцияларды жүргүзүүнүн тартиби
13. Ломбарддар кассалык операцияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгынын 1994-жылдын 23-июлундагы № 1/7 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине ылайык ишке ашыруусу керек.
14. Кардардан күрөө (күрөөлүк) предмети келгенде, ломбард кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- күрөө (күрөөлүк) предметин баалоого;
- күрөө коюучу менен макулдашуу боюнча күрөөгө коюлган мүлктүн берилүүчү суммасын белгилөөгө;
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча күрөө билетин толтурууга;
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча Кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналына бүтүмдү каттоого;
- ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча Күрөөлөрдү (күрөөлүктөрдү) эсепке алуу китебине бүтүмдү каттоого;
- материалдык баалуулуктар менен иштөө эрежесине ылайык күрөө (күрөөлүк) предметинин сакталышын жана коопсуздугун камсыздоого;
- ломбарддын эсебинен күрөө (күрөөлүк) предметин аны баалаган толук суммага камсыздандырууга.
15. Күрөөгө мүлктү кабыл алууда ломбард эки нускада күрөө билетин тариздейт. Ар бир күрөө билети өздүк катар номерине ээ жана ломбарддын мөөрү менен бекитилет.
16. Күрөөгө мүлктү кабыл алуу төмөнкүдөй учурларда бир күрөө билети менен таризделет, эгерде:
1) ушул мүлктүн сапат белгисин өзгөртмөйүнчө күрөөгө коюлган мүлктү бөлүштүрүүгө мүмкүн болбосо;
2) күрөөгө коюлган мүлк бир гана зайым келишимин аткарууну камсыздаса.
17. Эгерде бардык каралган жазуулар ага киргизилсе жана күрөө билетинин ар бир нускасына ломбарддын өкүлү жана күрөө коюучу тарабынан кол коюлса, ошондой эле ломбарддын мөөрү менен бекитилсе, күрөөлүк билет таризделген деп эсептелет.
Күрөө билетинин бир нускасы ломбардда сакталат, ал эми экинчи нускасы күрөө коюучуга берилет.
Күрөө билети таризделгенден кийинки бардык өзгөртүүлөр ломбардда жана күрөө коюучуда сакталган күрөө билетинин нускасына киргизилет. Мында, күрөө билети таризделгенден кийин андагы ар бир өзгөрүү ломбарддын өкүлүнүн жана күрөө коюучунун коюлган колу менен күбөлөндүрүлөт.
18. Күрөө коюучуга ломбардда жана күрөө коюучуда сакталган күрөө билетинин нускасындагы мүлктү кайтарып берүүдө, милдеттүү түрдө төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт жана күрөө коюучунун колу менен күбөлөндүрүлөт:
1) факты жүзүндө мүлктүн кайтарылган күнү, айы, жылы;
2) кайтарылган мүлктүн сүрөттөлүшү.
19. Эгерде мүлк мыйзамдарда белгиленген тартипте толугу менен ломбард тарабынан күрөө коюучунун милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо үчүн сатылса, анда күрөө коюучунун макулдугун күбөлөндүргөн жазууга (коюлган колуна) карабастан, күрөө билетинин колдонулушу токтотулду деп эсептелет, ал эми күрөө билети милдеттенмелердин алдында күрөөгө коюлган мүлктү сатуунун жол-жоболорунун мыйзамдуулугун негиздеген документтер менен бирге белгиленген тартипте сакталат.
5. Ломбарддын бухгалтердик эсеби жана отчёт берүүсү
5.1 Ломбард күрөө билеттерин ыйгарым укуктуу салык органы аныктоочу тартипте салык органында каттоого милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022 жылдын 08 апрелиндеги №193 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Ломбард "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзүнүн жүргүзгөн операцияларынын бухгалтердик эсебин алууга жана финансылык отчётту түзүүгө тийиш.
6. Ломбардды кайра уюштуруу жана жоюу
21. Ломбард Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык өзүнүн ишин токтотушу мүмкүн. Бул үчүн ломбард 3 күндүн ичинде ломбард ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органга ломбарддын ишин токтотуу себептерин көрсөтүү менен катты, лицензиянын түп нускасын жана анын көчүрмөсүн, эгерде алар болсо, ошондой эле ишин токтоткон күнгө чейин ломбарддын иши жөнүндө отчётту бериши керек.
22. Ломбард жоюу же кайра уюштуруу жолу менен өз ишин токтотот.
23. Ломбардды жоюуда анын мүлкүн сатып түгөткөндөн түшкөн пайданы кошо алганда ломбардда болгон акча каражаттары кызматкерлердин эмгегине төлөө боюнча эсептөөлөрдөн, күрөө менен камсыздалган милдеттенмелер боюнча кредит берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыргандан, бюджеттин жана башка кредит берүүчүлөрдүн алдындагы милдеттенмелерин аткаргандан кийин уюштуруучуга өткөрүп берилүүгө (ломбардды уюштуруучулардын ортосунда алардын уставдык капиталдагы үлүшүнө карата пропорциялуу бөлүнүүгө) тийиш.
24. Каттоочу орган тиешелүү буйрук чыгарган күндөн тартып жоюу аяктады, ал эми ломбард өзүнүн ишин токтотту деп эсептелет.
25. Ломбарддын иш процессинде пайда болгон документтер ломбард жоюлганда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Форма
________________________________________________ | ____________________________________ | |
ломбарддын дареги жана аталышы, ИНН коду | (салык органынын аталышы) | |
М.О. |
Күрөө билети №
20__-ж. "__" _________________
Жаран __________________________________________________________________ кабыл алынды.
(күрөө коюучунун аты-жөнү)
Паспортунун сериясы ______________ № _____________ "__" ___________ 20__-ж. берилген.
Күрөө предметинин (күрөөлүктүн) аталышы ________________________________________________
Күрөө предметинин (күрөөлүктүн) жеке-тектик белгилери
Күрөөгө коюлган мүлктү баалоо суммасы ___________________________________________________
Зайым суммасы ________________________________________________________________________
Зайымдын мөөнөтү _____________________________________________________________________
Зайымды кайтаруу датасы _______________________________________________________________
Кредитти кайтаруу суммасы ______________________________________________________________
Зайым боюнча пайыздык ставка ___________________________________________________________
(бир календардык күндүн эсебинен эсептелген, зайым боюнча пайыздык ставканы көрсөтүү менен)
Мүлк күрөөгө кабыл алынды
Зайым берилди ______________________________________________________ М.О.
(кызмат адамынын аты-жөнү, датасы)
Күрөө билети жана зайымдын суммасы _______________________________________
Зайымчы ________________________________________________ алды.
(зайымчынын колу)
|
| Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо ЖУРНАЛЫ
Операция жүргүзүлгөн күн | Операциянын түрү | Операциянын суммасы | Кардардын аты-жөнү | Паспорттун маалыматтары (номери, берилген күнү, ким тарабынан берилген) | Жеке жактын жашаган жеринин дареги | Жеке жактын турган жеринин дареги |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ломбарддын жооптуу кызматкеринин колу: _________________________
Ломбарддын жетекчисинин колу: ________________________
Эскертүү:
операциянын түрү: зайым алуу же күрөөнү сатып алуу.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Форма
_________________________________________________________________________
(ломбарддын аталышы жана дареги, ИНН коду)
Күрөөлөрдү (күрөөлүктөрдү) эсепке алуу китеби
Күрөө коюучунун аты-жөнү | Күрөөнүн (күрөөлүктүн) суммасы | Кредит берилген күн | Күрөөнүн (күрөөлүктүн) түрү | Күрөө (күрөөлүк) жөнүндө жалпы маалымат | Күрөөнү (күрөөлүктү) жабуу күнү | Пайыздарды төлөө күнү | Эскертүү | Бухгалтердин жана кассирдин колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|