Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-декабры № 841
Кен казуучу компаниялар үчүн жардыруучу заттарды сактоо жерлерин даярдоодо чектөөлөрдү жок кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 521 "Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелеринде:
- 429-пунктунун биринчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул аралык видео байкоочу система жана кыймылды билдиргич түзүлүштөрү болгон шартта ыйгарымдуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча азайтылышы мүмкүн.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |