Редакцияот 30.09.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 30-сентябры № 521

Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө

Жардыруу иштерин жүргүзүүдө коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу максатында, “Өнөр жай багытындагы жардыруучу материалдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков