Загрузка документа…
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы №521 токтому менен бекитилген
|
Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 841 , КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 408 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жардыруу иштериндеги ушул коопсуздук эрежелери (мындан ары – Эрежелер) өнөр жай багытындагы жардыргыч материалдарды пайдалануу менен иш жүргүзгөн жарылгыч материалдарды колдонуучу субъекттерге карата коюлуучу талаптарды белгилейт, «Жардыргыч заттардын жана алардын негизиндеги буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» Бажы бирлигинин Техникалык регламентинде (БС ТР 028/2012) башка талаптар белгиленбеген учурда колдонулат.
2. Ушул Эрежелер гранулдаштырылган жана сууну камтыган өнөр жай багытындагы жарылгыч заттар өндүрүшүнүн стационардык пункттарынын түзүлүшүнө (мындан ары – «өндүрүш пункттары») жана аларды пайдаланууга, көрсөтүлгөн жарылгыч заттар өндүрүшү үчүн орто аралык компоненттерине, аралашмаларына, эмульсияларына жана заводдон өндүрүлгөн жарылгыч заттарды колдонууга даярдоо пункттарына (заводдон өндүрүлгөн жарылгыч заттарды тарадан чыгаруу жана аларды дүрмөттүк-транспорттук машиналарына жүктөө) коюлуучу талаптарды белгилейт.
3. Ушул Эрежелердин талаптары жер үстүндөгү жана жер астындагы рудниктер менен шахта казууларында жайгаштырылган гранулдаштырылган жана сууну камтыган өнөр жайлык багыттагы жардыргыч заттарды (мындан ары – «жардыргыч заттар») өндүрүүчү жана даярдоочу пункттарга таралат.
Ушул Эрежелердин талаптары өзү жүрүүчү аралаштыруу-дүрмөттөө машиналарында жардыргыч заттарды өндүрүүгө таралбайт.
4. Өнөр жай багытындагы бардык жардыргыч материалдар (жардыргыч заттар, тутандыруу каражаттары жана аткылоочу-жардыруучу аппаратура) кооптуулуктун 1-классына тийиштүү жана буларды сактоодогу жана ташуудагы шайкештиктин топторуна (ушул Эрежелердин 1-тиркемеси), сезгичтик боюнча подкласстарга (ушул Эрежелердин 2-тиркемеси) бөлүнүшөт жана колдонуу шарттары боюнча классификацияланат (ушул Эрежелердин 3-тиркемеси).
2-глава. Жардыргыч материалдарды сыноого талаптар
5. Сактоо жана колдонуу үчүн жарактуулугун аныктоо максатында бардык жардыргыч материалдарды керектөөчү уюм сынап көрүүсү керек:
жардыргыч материалдарды керектөөчү уюмдун кампасына (мындан ары – ЖМ кампасы) алынып келгенде (кириш көзөмөлү);
сапаттуулугуна күмөн пайда болгондо (тышкы көрүнүшү боюнча же жардыруу иштеринин канааттанарлык эмес натыйжасы – толук жарылбоо, жарылбай калуу);
кепилдик мөөнөтүнүн аяктоосу алдында, эгер кепилдик мөөнөтүн узартуунун андай мүмкүнчүлүгү тиешелүү жардыргыч материалдардын документтеринде каралган болсо.
Жардыргыч материалдар бир уюмга тиешелүү ЖМнын базистик кампасынан сарптоочу кампасына түшкөндө сыноону өткөрбөсө болот.
Тиешелүү жардыргыч материалдарга карата сыноолор ЖМнын кампаларынын лабораторияларында же ченемдердин талаптарына, техникалык шарттарына (инструкциялар, колдонуу боюнча колдонмолор) ылайык келген полигондордо жүргүзүлөт.
Сыноолордун натыйжалары акт менен таризделип, кийин ушул Эрежелердин 4 жана 5-тиркемелерине ылайык, жарылгыч материалдарды сыноону эсепке алуу журналына жазылат.
Кепилдик мөөнөтү бүткөн жарылгыч материалдарды колдонууга жана сактоого тыюу салынат.
3-глава. Жардыргыч заттарды кургатууга, майдалоого, ыргоого, эритүүгө жалпы талаптар
6. Жардыргыч материалдарды кургатуу, майдалоо, ыргоо, эритүү ушул максаттар үчүн белгиленген жана ЖМнын кампасы жайгашкан аймактагы жайларда (жардыргыч материалдарды даярдоо имараттары) же жардыргыч материалдарды сыноого жана жок кылууга арналган полигондордун аймагында жайгашкан чатырлуу ачык аянтчаларда жүргүзүлүүсү зарыл. Аталган жайлар жана аянтчалар өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизадан өткөн долбоорлордун негизинде куралат.
7. Жардыргыч материалдарды ачык асман астында кургатуу, майдалоо, ыргоо жана каптоо тек гана кургак аба ырайында жардыргыч заттарга кум жана чаң түшпөй турган абалда жүргүзүлүүсү мүмкүн.
8. Нымдуулугу 1,5 % болгон аммиак селитрасынын негизиндеги жардыргыч заттардын патронун заводдук кутуда кургатууга болот. Нымдуулугу 1,5 % дан жогору болгондо патрондор кутудан төгүлүп кургатылат. Жардыргыч заттарды кургатууга арналган имараттарда абанын температурасы 50 °C жогору болбошу керек. Түтүндүү ок-дарыны кургатууну 40 °C жогору эмес температурада жүргүзүү зарыл.
Жардыргыч заттарды кургатуу учурунда имараттагы аларды койгон үстөлдөр жана текчелер ысытуучу заттардан (мештерден, трубалардан, радиаторлордон) кеминде 1 метр алыс жерде болушу керек.
9. Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч заттарды кургатуу үчүн сезгичтиги жогорулатылган тротилдүү жардыргыч заттарга арналган 60 °C жогору эмес температурада жылуулук (аба) кармаган, ошондой эле сезгичтиги жогорулатылган нитроэфирлүү жардыргыч заттарга арналган - температурасы 30 °C жогору эмес аба кургаткычтарын (шкафтарды, камераларды) пайдаланууга уруксат кылынат. Аба үйлөөчүсү бар калорифер өзүнчө бөлмөдө же улай салынган жайда жайгашуусу зарыл.
10. Курамында гексоген жана нитроэфирлер бар жардыргыч заттарды майдалоого тыюу салынат.
11. Жардыргыч заттарды эритүүнү заводдук кутуда абанын температурасы 30 °C жогору эмес абалда жер үстүндөгү кампалардын жылытылган жайларында же ЖМнын жер астындагы кампаларында жүргүзүү зарыл. Эритүүнүн жүрүшүн контролдоо үчүн жардыргыч заттардын ар бир партиясынын келип түшкөн жана аны берүү убакыттарын каттоо зарыл.
4-глава. Жардыргыч материалдарды жок кылууга жалпы талаптар
12. Ар бир жок кылынган жардыргыч материалдар жөнүндө жок кылынган жардыргыч материалдардын саны жана аты, себеби жана жок кылуунун ыкмасы көрсөтүлгөн акт түзүлөт. Акт эки нускада түзүлөт, алар ЖМнын кампасына жана уюмдун бухгалтериясына берилет.
13. Жардыргыч материалдарды жок кылуучу жерди өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизадан өткөн долбоордун негизинде жабдуу зарыл. Ошол эле учурда коркунучтуу зона да белгиленет.
14. Жардыруучу материалды жок кылууну жардыруу иштеринин жетекчисинин контролундагы жардыргычтар аткарат.
15. Жардыргыч материалдарды жардыруу аркылуу жок кылуу сапаттуу жардыргыч материалдардын жардамы менен өткөрүлүшү керек: дүрмөттөлгөн жардыргыч материалдар таңгактары менен жок кылынышы керек, от алдыргычтарды, от алдыруу шнурларын жана пиротехникалык жок кылуу релелерди ар кайсы таңгактоосунда жарылбай калган бөлүктөрү чачырап кетпегендей ыкмалар менен жүргүзүлүшү керек.
16. Жарылбаган жардыруучу материалдар өрттөө жолу менен жок кылынат. От алгычтарды жана алардан жасалган буюмдарды өрттөө менен жок кылууга тыюу салынат.
Жардыргыч материалдарды өрттөө учурундагы коопсуз аралыктын өлчөмү жардыруу учурундагы жардыргыч буюмдардын санына жараша эсептелүүгө тийиш.
17. Жардыргыч материалдарды өрттөөнү аба ырайы кургакта гана жүргүзүүгө болот жана жардырылуучу материалдардын саны көрсөтмө (тескеме) менен аныкталат.
18. Жардыргыч материалдардын, от өткөрүүчү шнурлардын жана от алдыруучу шнурлардын ар бирин өзүнчө өрттөө керек, бир жолку өрттөөдө 20 кг.дан көп өрттөөгө болбойт. Ок-дарыны өрттөө менен жок кылууда, аны кенендиги 30 см.ден ашпаган калыңдыгы 10 см.ге чейин жолчо кылып чачуу керек жана жолчолордун аралыгы 5 метрден кем болбошу керек. Бир мезгилде үчтөн ашпаган жолчолордогу ок-дарыларды өрттөөгө болот.
Жардыргыч заттардын ок-дарыларын өрттөгөн учурда, аларды бири-бирине тийбегендей бир катмарга тизүү керек.
Капталган ок-дарылар белгиленген техникалык шарттар тартибинде жок кылынышы керек.
19. Жардыргыч материалдарды тарасы менен өрттөөгө тыюу салынат. Жардыргыч заттарды өрттөөнүн алдында алардан тутандыруучу (жардыруучу) каражаттардын жоктугун аныктоо керек.
20. Жардыргыч материалдарды өрттөө үчүн шамал соккон тарапка от өткөрүүчү шнурду же болбосо тез күйүүчү материалдардан узундугу 5 метрден кем эмес жолчо төшөп коюу керек. Жардыруучу адам отту тутандыргандан кийин калкалануучу жайга тез арада кетип калышы керек же болбосо коркунучтуу зонадан чыгып кетиши керек.
Өрттөө бардык даярдоо иштери аяктаганда жана адамдар коопсуз жерге чыгарылгандан кийин гана жүргүзүлүшү керек.
21. Жардыргыч материалдар толук күйүп бүткөнгө чейин, ага жакындоого болбойт.
22. Сууну эритүү жолу менен курамында нитроэфир жана гексоген жок аммиак селитрасынын негизиндеги сууга чыдамдуу жардыргыч материалдарды гана жок кылууга уруксат берилет.
Эритүү бочкаларда жана ага окшогон идиштерде жүргүзүлсө болот, ошол эле учурда айлана-чөйрөнү булгоого тыюу салынат.
Эрибей калган калдык чогултулуп, өрттөө жолу менен жок кылынышы керек.
23. Жардыргыч материалдар жок кылынгандан кийин ал жумушту аткарган адамдар жардыргыч заттар толугу менен жок кылынгандыгына ынанышы керек.
24. Бошогон тара дыкаттык менен жардыргыч заттардын калдыктарынан тазаланышы керек.
Пайдаланууга жараксыз тара жана эксудаттын калдыктары бар тара жардыргыч материалдардан өз алдынча өрттөө жолу менен жок кылынышы керек.
25. Ок-дарылардын сырты экссудацияланып калган жардыргыч материалдарды кампадан берүүгө тыюу салынат жана курамында 15%дан жогору суюк нитроэфирлер бар тоңуп калган жардыргыч заттарды пайдаланууга жана алар менен эритүүгө тиешеси болбогон кандайдыр бир иш-аракеттерди жүргүзүүгө болбойт.
5-глава. Жардыргыч материалдарды жүктөөдөгү, түшүрүүдөгү жана ташуудагы жалпы талаптар
26. Жардыруу иштерин жүргүзгөн уюмдар тарабынан жардыргыч материалдарды кабыл алуу, аларды жүктөө жана түшүрүү атайын ушул иштер үчүн бөлүнгөн, кайтарылган жерде (жүктөөчү-түшүрүүчү аянтчада) аткарылышы керек жана жардыруу иштерин жетектөөгө укугу бар, дайындалган адамдын көзөмөлү менен жүргүзүлүшү керек.
Жүктөөчү-түшүрүүчү аянтча долбоордун негизинде жабдылышы керек. Бул аянтчага жардыргыч материалдарды жүктөөгө (түшүрүүгө) тиешеси жок адамдарды киргизүүгө болбойт.
27. Уюм келип түшкөн жардыргыч материалдардын санына аларды жүктөөчү-түшүрүлүүчү аянтчада кабыл алып жаткан жердин бардыгында контролдоону камсыз кылынышы керек.
28. Жүктөөчү – түшүрүүчү аянтча:
жүктөө (түшүрүү) транспорттук каражаттардан 15 метрден кем эмес аралыкта тикендүү зым менен тосулушу керек. Тосмонун бийиктиги 2 метрден кем болбошу керек; түнкү мезгилде стационардык электр жарыгы менен же болбосо рудниктеги аккумулятордук жарык бергич менен жарык берилип турушу керек. Рубильниктер демейдеги абалда жардыргыч материалдарды жүктөөчү (түшүрүүчү) жерден 50 метрден жакын эмес аралыкта жайгаштырылышы керек;
өрткө каршы керектүү каражаттар менен камсыз кылынышы зарыл;
уюм менен, темир жол станциясы, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар органдары менен кабарлашуу үчүн байланыш каражаттары болушу керек. Байланыш каражаттары жардыргыч материалдарды жүктөөчү/түшүрүүчү жерден 50 метрден алыс эмес аралыктагы кароол бөлмөсүндө орнотулушу керек;
жүктөө-түшүрүү иштери жүрүп жаткан мезгилде толугу менен кайтарылышы керек.
Түшүрүүчү, жүктөөчү жана жардыргыч материалдары бар темир жол вагондорунан түшүрүүчү, жүктөөчү жана тундуруучу жерлер (аянтчалар) турак жайлардан жана өндүрүштүк курулуштардан, башкы стационардык темир жолдордон 125 метр алыстыкта болушу керек.
29. Коркунучтуу өндүрүштүк объект аймагында жардыргыч материалдарды биргелешип ташуу төмөнкү талаптар аткарылганда гана жүргүзүлөт:
1) шайкештиги бирдей топто болгон, бирок түрдүү подкласстагы жардыргыч материалдарды, эгерде аларга жалпысынан коопсуздук чаралар 1.1. подкласстагы жардыргыч материалдардагыдай көрүлсө, бирге ташыса болот;
2) шайкештиги N топтогу жардыргыч материалдарды S шайкештигиндеги жардыргыч материалдар менен бирге ташыса болот;
3) коркунучтуу өндүрүштүк объекттин аймагында жардыргыч заттарды, тутандыруучу каражаттарды, атып-жардыруучу аппаратураларды чогуу ташуу жардыруу иштерин жүргүзгөн уюмдун жетекчисинин (техникалык жетекчинин) уруксаты же болбосо жетекчи дайындаган адамдын уруксаты боюнча жана төмөнкү шарттар аткарылганда гана мүмкүн болот:
ташуучу каражатка жүк көтөрүү мүмкүндүгүнүн 2/3 бөлүгүнөн көп эмес жүк жүктөө;
тутандыруучу каражаттарды жүк ташуучу каражаттын алдыңкы бөлүгүндөгү атайын тыгыз жабылган, бардык ички жактарында жумшак тосмолору бар ящиктерге жүктөө;
жардыргыч заттардын таңгактарын тутандыруучу каражаттардын ящиктеринен акыркысы тутандырып жибербегидей бөлүү;
С тобундагы ок-дарыларды жана перфоратордук дүрмөттөрдү заводдук таңгактарда же болбосо башка жардыргыч материалдардан 0,5 метрден жакын эмес аралыкта атайын ящиктерге жайгаштыруу;
жардыргыч материалдары бар ящиктерди жана башка тараларды бирине урулбагандай, сүрүлбөгөндөй бекитүү.
30. Бардык башка учурларда жардыргыч материалдардын коркунучтуу өндүрүштүк объектисинин аймагында шайкештиги түрдүү топтордогу жардыргыч материалдардын ар бирин өзүнчө ташуу керек.
31. ЖМнын кампасынан иш жүргүзүлүүчү жерге чейин (коркунучтуу өндүрүштүк объекттин аймагында) жардыргыч материалдарды ташуу жардыруу иштерин жүргүзүп жаткан уюмдун жетекчиси (техникалык жетекчиси) же болбосо ал дайындаган адам белгилеген маршруттар боюнча жүргүзүлөт.
32. Жардыруучуларды аларга берилген жардыргыч материалдар менен иш жүргүзүлүүчү жерге жеткирүү ушул максаттагы транспорттук каражаттар менен гана жеткирилет. Жардыргыч материалдарды жеткирип жатканда транспорттук каражаттарда бөлөк адамдар болбошу керек.
33. Жардыргыч материалдарды жер астындагы шарттарда жеткирүүгө атайын ушул максатта жабдылган шахталык транспорттун бардык түрлөрү жана каражаттары менен жеткирүүгө уруксат берилет.
34. Тротил, гексоген жана нитроэфирлери бар майдаланган жардыргыч материалдарды ошол салмагы менен трубалар (орноштурулган скважиналар) аркылуу кен, шахта жайгашкан жумушчу орундарына (жер асты пункттарында) жеткирүүгө тыюу салынат.
35. Шахтага адамдар түшүрүлүп же чыгарылып жатканда жардыргыч материалды ташууга тыюу салынат. Шахтанын стволу боюнча жардыргыч материалды жүктөө, түшүрүү жана которуштуруу учурунда шахтанын стволунун жанындагы короодо жана шахтанын үстүндөгү стволунун тегерегиндеги имаратта жардыргыч материалдарды жүктөгөн жана түшүргөн жумушчулар, рукоятчик, стволду кайтаруучу жана жардыргыч материалдарды жеткирүүгө жооптуу адам гана болушу керек.
36. Шахтанын стволу боюнча жардыргыч материалдарды түшүрүү-көтөрүү жардыруу иштеринин жетекчисинин, жардыргыч материалдарды көтөрүү, жеткирүүгө (түшүрүүгө) жооптуу адамдын, диспетчердин (шахта боюнча нөөмөтчүнүн) кабарлоосунан кийин гана өткөрүлүшү керек. Жардыргыч материалдар салынган мүшөктөр жана ящиктер көтөргүч машинанын этажынын бийиктигинин 2/3 жогору, бирок көтөргүчтүн эшигинен бийик болбошу керек. Жардыргыч материалдар салынган мүшөктөр жана ящиктер вагонеткага түшүрүлгөндө, вагонеткалардын бортторунан ашпашы керек, а вагонеткалар көтөргүчкө бекем бекитилиши керек.
Тутандыруучу каражаттар жардыргыч материалдардан өзүнчө түшүрүлүшү (көтөрүлүш) керек.
От алгычтар салынган ящиктер жана сумкалар бийиктиги боюнча бир катарга жайгаштырылышы керек.
37. Жардыруучу адамдарды жардыргыч материалдар менен, ташып берүүчүлөрдү жардыргыч заттар менен эңкейиш көңдөйлөр боюнча адамдарды ташыган вагонеткалар менен түшүрүү-көтөрүүдө ар бир отургучта бирден ашык эмес жардыруучу же ташып берүүчү отурушу керек.
Жардыргыч материалдарды шахтада (рудникте) белгиленген тартипке ылайык, ленталык конвейер жана отургучтары бар абадагы асма жолдор менен жеткирүүгө болот.
38. Бир көтөргүч менен бир эле убакытта ар бири этаждагы көтөргүчтүн полунун 1 м2 жерин ээлеген, жардыргыч материалдарды сумкаларына салып алган бир нече жардыруучуну жана жардыргыч заттарды сумкаларына салып алган бир нече ташып берүүчүнү түшүрүүгө же көтөрүүгө уруксат берилет. Жардыруучу менен ташып берүүчүлөрдүн өзү менен алып жүргөн жардыргыч материалдарынын саны ушул Эрежелердин 49 жана 50-пункттарында көрсөтүлгөндөн ашык болбошу керек.
Жардыруучу адамдарды жардыргыч материалдар менен, ташып берүүчүлөрдү жардыргыч заттар менен түшүрүү-көтөрүү кезектен тышкары жүргүзүлөт.
39. Жардыргыч материалдарды жер астындагы көңдөйлөр боюнча ташуу ылдамдыгы 5 м/с-дан ашпашы керек. Машинист көтөрүүчү машинаны, лебедканы, электровозду жүргүзүүнү акырындык менен ишке кошууга жана жумшак, титиретпей токтотууга милдеттүү.
40. Жардыргыч материалдарды жер астындагы көңдөйлөрдө транспорттук каражаттар менен ташуу төмөнкү шарттар сакталган учурда гана жүргүзүлүшү керек:
1) жардыргыч материалдарды жүктөө-түшүрүү иштерин белгиленген жерлерде гана жүргүзүүгө уруксат берилет;
2) авариялык жагдайда жүктөө-түшүрүү иштери жүргүзүлүүчү жерди жардыргыч материалдарды жеткирүүгө жооптуу адам аныктайт;
3) жардыргыч материалдарды жана тутандыруучу каражаттарды бир темир жол состав менен ташыган учурда, алар түрдүү вагонеткаларда болушу керек, бош вагонеткалар менен бөлүнүп турушу керек, ошол эле учурда жардыргыч материалдар жана тутандыруучу каражаттар салынган вагонеткалардын аралыгы, ошондой эле вагонеткалар менен электровоздун аралыгы 3 метрден кем болбошу керек. Бул составдагы вагонеткаларда жардыргыч материалдардан башка жүктөр жүктөлгөн вагонеткалар болбошу керек;
4) от алгычтардын ичи жыгач менен капталган жана күйбөгөн материалдардан жасалган капкак менен жабылган транспорт каражаттарында ташылышы керек. Ичине тутандыруучу каражаттар салынган ящиктер, сумкалар жана кассеталар жумшак материалдар менен кымтылышы керек жана бийиктиги боюнча бир катарга жайгаштырылышы керек. Башка жардыргыч материалдарды бортунун бийиктигине чейин жүктөп, кадимки эле транспорттук каражаттар менен ташууга уруксат берилет;
5) жардыргыч материалдарды кошоктолгон электровоздор менен ташуу күйбөгөн материалдардан жасалган капкагы бар вагонеткалар аркылуу жүргүзүлүшү зарыл. Майдаланган жардыргыч материалдарды күйбөгөн материал менен жаап ташууга болот;
6) жардыргыч материалдар жүктөлгөн транспорттук каражаттардын (составдардын) алдында жана артында атайын жарык аныктоочу белгилери болушу керек жана ал белгилердин мааниси менен бардык иштегендер тааныштырылышы керек;
7) жардыргыч материалдарды кен казуулардагы көңдөйлөр боюнча ташуу учурунда келе жаткан транспорттун айдоочусу жана көңдөй менен өтүүчүлөр токтоого жана жардыргыч материалдары бар транспорттук каражатты өткөрүп жиберүүгө милдеттүү;
8) жардыргыч материалдарды ташууга (жеткирүүгө) тиешеси бар транспорттук каражаттардын айдоочулары жана бардык адамдар коопсуздук чаралары боюнча нускамалардан өтүшү керек;
9) жардыргыч материалдарды релстүү транспорт каражаты менен ташыган учурда, поездде электровоздун машинистинин, жардыруучудан жана ташып берүүчүдөн, жардыргыч материалдарды ташууга тиешеси бар жумушчулардан башка эч ким болбошу керек; коштоп бара жаткан адамдар поезддин аягындагы адамдар отурган вагонеткада болушу керек. Поездди, эгерде анын ылдамдыгы жөө басып бара жаткандардын ылдамдыгынан ашпаса, жөө коштосо болот;
10) жардыргыч материалдарды атайын жабдылган вагонеткаларда, контейнерлерде, башка идиштерде, эгерде алар кулпу менен бекилсе жана жардыргыч материалдардын кампасында пломбаланган болсо, коштоочу адамдарсыз деле ташыса болот;
11) жардыргыч материалдарды ташууга түздөн-түз катышкан адамдар өзүн сактагычтар менен камсыз болушу керек.
Аммиактуу-селитралуу жардыргыч заттарды жер астындагы көңдөйлөрдө жүктөөчү-жеткирүүчү машиналардын сузгучу менен жардыргыч материалдарды сактагыч участкалык пункттардан жана жүктөөчү жерлерден жардыруу иштери жүргүзүлгөн жерге чейин, эгерде сузгучтун жүгү анын 2/3 бөлүгүндөй бийиктикте болсо, ташыса болот. Ошол эле учурда сузгуч мурунку ташыган жүктөрдүн калдыктарынан тазаланышы керек. Тутандыргыч каражаттар өзүнчө жеткирилиши керек.
41. Жардыргыч материалдарды жеткирүүгө пайдаланылуучу транспорт каражаттарынын техникалык жарамдуулугу жардыруу иштерине даярдыктын жүрүшүндө ай сайын, смена сайын уюмдун буйругунун негизинде дайындалган адам тарабынан текшерилип турушу керек. Жардыргыч заттарды түтүктөр менен жиберген учурда идиштерди, түтүктөрдү жана бекиткич арматураларды текшерүү уюмдун буйругунда белгиленген тартипте жүргүзүлүшү зарыл.
42. Жардыргыч материалдарды вагонеткаларга жана башка транспорттук каражаттарга шахтанын үстүңкү бетинде жүктөө тосмосу бар аянтчада жүргүзүлүшү зарыл.
43. Жер астындагы көңдөйлөрдө жардыргыч заттары бар вагонеткалардын составын түзүп, жана аларды жардырууга даярдоо иштери жүрүп жаткан жерге жеткирүү керек же болбосо атайын жасалган көңдөйлөргө - тундуруучу пункттарга жайгаштыруу керек. Жардыргыч заттар жыйылган ар бир жер төрттөн кем эмес көбүгү бар өрт өчүргүчтөр менен, өрткө каршы суу магистралы менен кошулган өрт өчүргүч каражаттары, түтүктөр же болбосо шлангдар менен камсыз кылынышы керек.
44. Жардыргыч заттарды жер астындагы көңдөйлөр боюнча ташуу учурунда электровоздун машинисти менен коштоп бара жаткан адамдардын ортосундагы кабарлануу системасын жардыруу иштерин жүргүзүп жаткан уюмдун жетекчиси (техникалык жетекчиси) же болбосо ал дайындаган адам бекитет.
45. Кол менен буралган жана көтөргүч менен жабдылган тик казылган өткөөлдөр аркылуу жардыргыч материалдарды түшүрүү-көтөрүү иштери төмөнкү шарттарды сактоо менен аткарылышы керек:
1) кен иштелип жаткан жерде жардыруу иштерине тиешеси жок адамдар болбошу керек;
2) жардыргыч материалдарды түшүрүү-көтөрүүнү экиден кем эмес адам аткарышы керек;
3) буроо жана көтөрүү тескери айландырууга тоскоол боло турган жабдуу же автоматтуу түрдө иштөөчү тормоздор менен камсыздалышы керек, ал эми тиркөөчү илгич алдын ала коргогучу бар кулпу менен жабдылышы керек;
4) жардыруучу заттарды түшүрүү-көтөрүү тутандыруучу каражаттардан өз алдынча жүргүзүлөт;
46. Тик көңдөйлөрдө (мештерде) көтөргүчтөрдү колдонуу аркылуу жардыргыч материалдарды көтөрүү-түшүрүү шахтанын (рудниктин) жетекчиси бекиткен көтөргүчтү орноштуруунун уюштуруу иштерине жана паспортуна ылайык аткарылышы керек.
47. Жардыруу иштери жүрүп жаткан жерге жардыргыч заттарды жана тутандыруучу каражаттарды кол менен алып баруу өз алдынча сумкалар, кассеталар, заводдук таңгактар аркылуу жеткирилүүсү зарыл.
48. Тутандыруучу каражаттарды же дүрмөттүү от алгычтарды жардыруучу адамдар гана ташууга укуктуу, ошол эле учурда алар ичинен жумшак материалдар менен капталган катуу ячейкалары бар сумкага (кассета, ящикке) салынышы керек. Жардыргыч заттарды жеткирүүнү жардыруучулардын байкоосу алдында нускамадан өткөн жумушчулар гана аткара алат.
49. Тутандыруучу каражаттарды жана жардыргыч заттарды чогуу кол менен жеткирген учурда жардыруучу адам 12 кгдан ашпаган жардыргыч материалдарды ташуусу керек. Жардыруучу адам ташыган дүрмөттүү от алгычтардын салмагы 10 кгдан ашпашы керек.
50. Тутандыруучу каражаттары жок жардыргыч заттарды сумка менен ташыганда, норманы 24 кг чейин жогорлатууга жол берилет.
51. Жардыргыч материалдарды заводдук таңгактоосунда ташыганда алардын саны оордуктарды көтөрүүнүн колдонуудагы ченемине ылайык келиши керек.
52. Жардыргыч материалдарды ташууга пайдаланылуучу автотранспорт Кыргыз Республикасынын коркунучтуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына жооп бериши керек.
53. Жардыргыч материалдарды автомобиль, темир жол жана аба транспортторунун түрлөрү менен ташуу аталган транспорттордун түрлөрүндөгү ташуулар жаатындагы ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт.
6-глава. Жардыруу иштеринин (жардыргыч материалдар менен иштөөнүн) жетекчилерин даярдоонун тартиби
54. Өндүрүштүк объектилерде жардыргыч материалдарды колдонууга, анын ичинде жардыруу иштерин жана жардыргыч материалдар менен иштөөнү жүзөгө ашыруунун тартибин (мындан ары – жардыруу иштери боюнча техникалык колдонмо) регламенттеген техникалык, методикалык жана башка документтерди иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү менен байланышкан технологиялык процесстерди түздөн-түз башкарууга тоо-кен техникалык (жогорку же болбосо орто кесиптик) билими бар же болбосо жардыргыч материалдарды колдонууга тиешелүү билимге ээ адамдарга гана уруксат берилет.
55. Бардык учурларда жардыруу иштеринин жетекчилери уруксат берүүгө атайын функциялары бар жана өндүрүштөгү коопсуздук жаатындагы мамлекеттик саясатты жана ченемдик-укуктук жөнгө салууну ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийликтин органынын (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) өкүлүнүн төрагалыгы астындагы квалификациялык комиссияга экзамен тапшырышат.
56. “Ачык жүргүзүлүүчү тоо-кен иштери” кесиби боюнча жогорку, ошондой эле орто окуу жайларын аяктаган адамдарга шахталарда (жер астындагы рудниктерде) жардыруу иштерин техникалык жетектөөгө ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган программа боюнча кошумча окутуудан кийин жана экзамен тапшырганда укук берилет.
57. Башка учурларда тоо-кен техникалык жогорку же орто билими, жардыргыч материалдарды колдонууга байланышкан атайын профилдик билими бар адамдарга жардыруу иштерин техникалык жетектөө укугу ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган программа боюнча кошумча окутуудан өткөндөн кийин жана экзамен тапшырган соң берилет.
58. Жардыруу иштерин жүргүзүү, жардыруу материалдары менен болгон иштерди жетектөө укугуна төмөнкүлөр ээ болушу керек:
1) тоо-кен өнөр жайынын объектилеринде жана жардыруу иштери жүргүзүлүп жаткан жер астындагы курулушта:
- уюмдардын (объектилердин) жетекчилери же алардын орун басарлары (техникалык директорлор, башкы инженерлер);
- техникалык жетекчилердин орун басарлары (башкы инженерлер);
- өндүрүштүк бөлүмдөрдүн башчылары жана алардын орун басарлары;
- башкы технологдор (технологдор);
- тоо-кен (тоо-кен капиталдык, пайдалануу, өткөөл) участкаларынын (цехтеринин) башчылары жана алардын орун басарлары;
- участкалардын (цехтердин) же болбосо бургулоо-жардыруу кызматтарынын башчылары;
- сменалардын башчылары, участкалардын механиктери, тоо-кен мастерлери, тоо-кен диспетчерлери, өткөөлдөрдүн башчылары жана алардын орун басарлары;
2) мунайды жана газды өндүрүүчү уюмдарда, ошондой эле жардыруу иштерин жүргүзүп жаткан геологиялык жана геодезиялык уюмдарда:
- уюмдардын (объектилердин) жетекчилери (директорлору, башкаруучулары, башчылары);
- техникалык жетекчилери (башкы инженерлери) жана алардын орун басарлары;
- башкы геологдор (геофизиктер) жана алардын орун басарлары, улук геологдор (геофизиктер);
- тоо-кен жана жардыруу иштери боюнча улук инженерлер жана инженерлер;
- бургулоо жана тоо-кен иштери боюнча прорабдар;
- башкы (улук) механиктер жана энергетиктер жана алардын орун басарлары;
- участкалардын, цехтердин башчылары жана алардын орун басарлары, сменалардын башчылары , тоо-кен мастерлери;
3) жардыргыч материалдарды пайдаланган илимий-изилдөө институттарында (уюмдарда), конструктордук бюролордо (уюмдарда):
- уюмдардын жетекчилеринин жардыруу иштери боюнча жана (же) жардыргыч материалдар менен иштеген орун басарлары, башкы инженерлери жана алардын орун басарлары;
- лабораториялардын тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары, теманын жетекчилери, эмгекти коргоо бөлүмдөрүнүн начальниктери, тиешелүү адистер;
4) жогорку окуу жайларында:
- эки жана андан көп факультеттерде окутууда (илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдө), окутуу (илим) иштери боюнча проректорлор;
- илимий-изилдөө иштери аткарылган же окутуу жүргүзүлгөн декандар жана кафедра башчылары;
- лабораториялардын башчылары жана темалардын жетекчилери, эмгекти коргоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери (башчылары);
5) жардыруу иштерин аткарууга адистештирилген уюмдарда, ошондой эле жардыруу иштерин жүргүзгөн тоо-кен казуу жана курулуш уюмдарынын адистештирилген бөлүкчөлөрүндө:
- ушундай уюмдардын жетекчилери, техникалык жетекчилери, башкы технологдору, өндүрүштүк-техникалык бөлүмдөрдүн башчылары жана алардын орун басарлары, адистештирилген башкармалыктардын (бөлүкчөлөрдүн) жетекчилери жана алардын орун басарлары, кызматтардын жетекчилери (участкалардын, бөлүмдөрдүн) жана алардын орун басарлары, улук прорабдар, прорабдар, мастерлер;
6) тоо-кенге тиешеси жок, жардыруу иштери подряддык уюмдарсыз аткарылган объектилерде (жардыруунун энергиясы менен материалдарды иштетүү, дүмүрлөрдү алып салуу, башка объектилерде):
- жардыруу иштери өндүрүшү боюнча техникалык жетекчилер же алардын орун басарлары, цехтердин (участкалардын) жетекчилери, жардыруу иштерине түздөн-түз жетекчилик кылган улук прорабдар, прорабдар, сменалардын башчылары, улук мастерлер, мастерлер жана башка адамдар;
- уюмдардын кызматтык тескемелердин алкагында жардыруу иштеринин жүрүшүн контролдоочу башка да адистер.
7-глава. Жардыргыч материалдарды колдонуу менен байланышкан персоналды даярдоо тартиби
59. Жардыргыч материалдарды колдонуу менен байланышкан персонал (жардыруучулар, ЖМнын кампаларынын башчылары, дүрмөттүк устаканалардын жетекчилери, жардыргыч материалдарды таратып берүүчүлөр, ЖМлардын кампаларынын лаборанттары, механикалык даярдоо пункттарын, жардыргыч заттарды даярдоо пункттарын, аралаштыргыч-дүрмөттөгүч машиналарды жана дүрмөттөгүч машиналарды тейлеген жумушчулар, ишинин түрү боюнча жардыргыч материалдарды колдонуу менен байланышкан башка да адамдар) жардыргыч материалдар менен иштөө укугун (жардыруу иштерин жүргүзүүгө укугун) алуу үчүн тиешелүү окутуудан өтүшү керек жана медициналык каршылык көрсөтмөлөрү болбошу керек.
60. Жардыруучу кесибин төмөнкү адамдар ала алышат:
чаң жана газ боюнча коркунучтуу шахталарда – курагы 22ден кем эмес, жер астындагы жумуштарда өткөөлчү кесиби же кен казган орунду тазалаган жумушчу кесиби боюнча эки жылдан кем эмес стажы бар адам;
башка бардык жардыруу иштеринде – курагы 20 жаштан кем эмес уюмдун иштеринин профилине туура келген адистик боюнча иш стажы бир жылдан кем эмес адам керек.
61. Жардыруучу кесибин алууга мүмкүндүк берген кесиптердин номенклатурасы, адистештирилген уюм тарабынан (окутуу борборунан) иштелип чыгат жана ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.
62. Жардыруучулар, аралаштыруучу-дүрмөттөчү жана дүрмөттөөчү машиналарды жана жабдууларды тейлеген жардыруучуларды кошкондо, ошондой эле ЖМнын кампаларынын башчылары, ЖМны даярдоонун механикалаштырылган пункттарынын башчылары, жардыргыч материалдарды колдонуу менен байланышкан башка адистиктин жумушчулары ыйгарым укуктуу орган менен макулдашып иштеп чыккан жана бекиткен программалар боюнча окутуудан өтүшү зарыл.
63. Жардыруучуларга төмөнкү түрдөгү жардыруу иштерин жүргүзүүгө укук берилет:
1) Жардыруу иштеринин жалпы түрлөрү:
жер астындагы көңдөйлөрдөгү жана жер үстүндөгү көмүр жана сланец шахталарындагы газ боюнча коркунучтуу же чаңдан жарылуу коркунучу бар иштелип жаткан катмарлардагы жардыруу иштери;
жер астындагы көңдөйлөрдөгү жана көмүр жана сланец шахталарындагы газ боюнча коркунучтуу эмес же чаңдан жарылуу коркунучу жок иштелип жаткан катмарлардагы жардыруу иштери;
жер астындагы көңдөйлөрдөгү жана кен орундарынын (тоо-кен жана тоо-кен эмес өнөр жай объектилеринин) үстүңкү жагындагы газ же чаңдан жарылуу коркунучу бар жардыруу иштери;
жер астындагы көңдөйлөрдөгү жана кен орундарынын (тоо-кен жана тоо-кен эмес өнөр жай объектилеринин) үстүңкү жагындагы газ же чаңдан жарылуу коркунучу жок жардыруу иштери;
тоо-кенди ачык иштетүүдөгү жардыруу иштери;
2) Жардыруу иштеринин атайын түрлөрү:
сейсмочалгындоодогу, ошондой эле мунай, газ, суу жана башка скважиналарда атып-жардыруу жана башка иштердеги жардыруу иштери;
тоң тиштеген топуракты, саздарды копшутуу, музду жардыруу;
жардыруунун энергиясы аркылуу материалдарды иштетүү (кесүү, ширетүү, чыңдоо); имараттарды, курулуштарды кулатуу, жерпайларды жана биригип калган рудаларды майдалоо;
дүмүрлөрдү казып чыгаруу, карагайларды жыгуу, тоңгон отундарды жана баланстарды иргелөө, карагай агызууда бөгөттөрдү жок кылуу, токойдогу өрткө каршы күрөшүү;
жер астындагы көңдөйлөрдө жана мунай шахталарынын үстүндөгү жардыруу иштери;
тоннель жүргүзүүдөгү жана гидротехникалык курулуштарды куруудагы жардыруу иштери;
тоо-кен чалгындоо көңдөйлөрүн жасоо учурундагы жардыруу иштери;
жер үстүндөгү жарылып кетүү коркунучу бар курулуштарды жок кылуудагы жардыруу иштери;
жардыргыч материалдарды илимий жана окутуу максатында пайдаланууга байланыштуу жардыруу иштери.
64. Эгерде жардыруучулардын ден-соолугу, даярдыгы, жашы жана өндүрүштүк стажы белгиленген талаптарга туура келсе, аларга бир нече жумуштардын түрлөрү боюнча экзамен тапшырууга уруксат берилиши мүмкүн.
65. Жардыргыч материалдарды колдонууга байланышкан персоналды даярдоо программалары жардыруучулар, жардыргыч материалдардын кампаларынын башчылары, жардыргыч материалдарды таратуучулар, аралаштыруучу-дүрмөттөөчү, дүрмөттөчү машиналардын жардыруучулары, өнөр жай багытындагы жардыргыч материалдарды даярдоочу стационардык пункттардын операторлору, ошондой эле жардыргыч материалдарды колдонууга байланышы бар башка кесиптегилер үчүн иштелип чыгарылат.
66. Окутуу аяктаганда жардыруучулар жана жардыргыч материалдарды колдонууга байланышы бар персонал, ыйгарым укуктуу органдын өкүлү жетектеген квалификациялык комиссияга экзамен тапшырышат.
Экзаменди кабыл алуунун натыйжалары боюнча протокол түзүлөт, ага квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат.
67. Атайын курстарда жардыргыч материалдарды колдонууга байланышы бар персоналды даярдоо боюнча буйруктарды, экзамендерди кабыл алуунун протоколдорун жана башка документтерди окутуу өткөрүлгөн адистештирилген уюм (окутуу борбору) жүргүзүшү зарыл.
Протоколдун бир нускасы ыйгарым укуктуу органга берилет жана ал жардыруучунун күбөлүгүн даярдоого, каттоого жана берүүгө негиз боло алат.
68. Жардыруу иштерин жетектөөгө укугу бар адамдар окутуусуз эле, ыйгарым укуктуу органдын квалификациялык комиссиясына экзамен тапшыргандан соң жана бир айлык стажировкадан өткөндөн кийин жардыруучулар катары иштөөсүнө жол берилет.
69. Жардыргыч материалдарды илимий-изилдөө, эксперименталдык жана окутуу максатында пайдаланган уюмдарда жардыргыч материалдар менен иштөөгө жардыруучунун күбөлүгү бар жана тажрыйбалуу адистин (5 жылдан кем эмес жардыруу иштери боюнча стажы бар) жетекчилиги алдында 10 күндүк стажированы өткөн илимий кызматкерлер, мугалимдер жана лаборанттар коё берилет.
70. Жардыруучуга тажрыйбалуу жардыруучунун (5 жылдан кем эмес жардыруу иштери боюнча стажы бар) жетекчилиги алдында бир ай стажер болуп иштегенден кийин гана өз алдынча жардыруу иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.
71. Жардыргыч материалдарды колдонууга байланышы бар адистиктер боюнча окуп жаткан башка адамдар үчүн стажировканын мөөнөтү тиешелүү программалар менен аныкталат.
72. Жардыргыч материалдарды колдонууга байланышы бар персонал стажировкадан өтүүчү жер, анын мөөнөтү жана жетекчиси уюмдун буйругу менен аныкталат.
73. Окутуу аяктагандан кийин (стажировканын алдында) жардыруучуларга жана жардыргыч материалдарды колдонууга байланышы бар персоналга квалификациялык күбөлүк - жардыруучунун күбөлүгү берилет.
74. Жардыруучуга жардам иретинде жардамчыларды дайындоого уруксат берилет. Алар нускама алууга жана жардыргычтын түздөн-түз жетекчилиги жана контролу алдында тутандыруучу каражаттарды жана дүрмөтчү ок-дарыларды колдонууга байланышы жок жумуштарды аткара алышат.
75. Жардырууну даярдап жаткан (жардыргыч материалдар менен иштеген) жумушчуларга жардыргыч материалдарды колдонуудагы коопсуздук чаралары жана милдеттери каралган тескемени колдорун койдуруп алуу аркылуу берүү зарыл.
76. ЖМ кампаларынын жана жардыргыч заттарды даярдоочу механикалаштырылган пункттардын башчылары болуп ЖМ кампаларынын жетекчилерин даярдай турган атайын программа боюнча окуган, квалификациялык комиссияга экзамен тапшырган жана күбөлүгүндө тиешелүү жазууларга ээ болгон жардыруу иштерин жетектегенге укугу бар адамдар, же жардыруучулар, жардыргыч материалды таратуучулар дайындалышы зарыл.
77. Геофизикалык иштерде ЖМ кыска мөөнөттүк же көчмө кампаларына жардыруучунун күбөлүгү бар жана тиешелүү шарттарда жардыруучу болуп бир жылдан кем эмес иштеген стажы бар адамдар башкаруучу боло алат.
78. ЖМ кампаларынын башчылары жардыруу иштерин аткарууга укугу жок. Жардыруу иштерин аткарган жардыруучуларга ЖМнын кампаларынын башчысы милдетин аткарууга тыюу салынат.
79. Кампаларда жардыргыч материалдарды таратуучу кылып ортодон кем эмес билими бар, жардыргыч материалдарды таратуучуларды даярдоочу программа боюнча окутуудан өткөн, квалификациялык комиссияга экзамен тапшырышкан жана адистиги боюнча күбөлүк алышкан адамдарды дайындоого уруксат берилет. Алар өз алдынча иштөөгө 10 күндүк стажировкадан өткөндөн кийин жиберилет.
80. ЖМ кампаларына лаборант болуп тиешелүү программа боюнча окутуудан өткөн, квалификациялык комиссияга экзамен тапшырган адамдар дайындалышы зарыл.
81. Жардыргыч материалдарды механикалаштырылган пункттарда даярдоого тиешелүү программа боюнча окутуудан өткөн, квалификациялык комиссияга экзамен тапшырышкан жана жардыруучунун күбөлүгүн алган адамдар иштөөгө жиберилет. Мындай адамдарга өз алдынча иштөөгө 10 күндүк стажировкадан кийин уруксат берилет.
8-глава. Жардыруучунун күбөлүгүн берүү тартиби
82. Атайын программа боюнча окуган жана ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн төрагалыгы алдындагы квалификациялык комиссияга экзамен тапшырган адамдарга жардыруучунун күбөлүгү - квалификациялык күбөлүк берилет (ушул Эрежеге карата 6-тиркеме).
83. Жардыруучунун күбөлүгү бирдиктүү номери жана сериясы бар белгиленген формадагы күбөлүктөн жана анын эскертүү талонунан турат. Жардыруучунун күбөлүгү ыйгарым укуктуу органда катталат.
Күбөлүккө жана эскертүү талонуна квалификациялык комиссиянын төрагасы жана жардыруучуларды даярдоо боюнча курстарды уюштурган адистештирилген ишкананын (окутуу борбору) өкүлү кол коюшат. Күбөлүк ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Жардыруучунун күбөлүгүнүн эсеби жана толтуруу үчүн серия ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет. Жардыруучунун күбөлүгүнүн номери ыйгарым укуктуу орган тарабынан аны толтуруу жана атайын журналга каттоо убагында берилет.
Күбөлүктө жардыруучу жардыруу иштеринин кайсы түрлөрүн аткарууга уруксат берилгени көрсөтүлөт.
Күбөлүк алганда жардыруучу атайын журналга кол коёт.
84. Эгерде жардыруучу башка ишканага жумушка өтсө, жардыруучунун күбөлүгүндө көрсөтүлгөн жардыруу иштерин жүргүзүү укугу сакталып кала берет.
85. Жардыруучунун күбөлүгү жардыруу иштерин жүргүзүп жатканда өзүнүн жанында болушу керек.
Жардыруу иштерин жүргүзгөн жетекчи жардыруучунун күбөлүгүнүн сакталышынын башка тартибин белгилеши мүмкүн. Ал учурда контролдоочу органдар тарабынан корсөтүлгөн күбөлүктөрдү текшерүү мүмкүнчүлүгү камсыздалууга тийиш.
86. Жардыруучунун күбөлүгү жоголгон учурда, жардыруу иштерин жүргүзгөн уюмдун жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан дубликат берилүүгө тийиш.
Мындай учурда жардыруучунун күбөлүгүнө “дубликат” деп жазылат.
87. Жардыруучунун күбөлүгүнө жардыруучунун бардык өткөн стажировкалары тууралуу жазуулар киргизилет.
88. Өнөр жай коопсуздугу тармагындагы мамлекеттик көзөмөл жүргүзгөн (мындан ары – ыйгарым укуктуу контролдоочу орган) жана өнөр жай коопсуздугу тармагында контроль жана көзөмөл функциялары берилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана жардыруу иштерин жүргүзгөн ишкананын кызмат адамдарынын көрсөтмөсү боюнча, жардыргыч материалдарды эсепке алуунун же ташуунун, сактоонун белгиленген тартибин бузса, жардыруучунун эскертүү талону алынат. Мындай учурда талондо аны алуу үчүн негиз: буйруктун (тескеменин) номери жана датасы көрсөтүлөт. Алынган талон жардыруучунун жеке карточкасы менен бирге ишканада сакталат.
Эгер жардыруучу эскертүү талонун алдырып ийгенден кийин 6 айдын ичинде жардыргыч материалдарын эсебин алуунун жана ташуунун, пайдалануунун, сактоонун белгиленген тартибин бузбаса, эскертүү талону калыбына келтирилет. Эскертүү талонунда кайра калыбына келтиргендиги жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат.
Жардыруучу жардыргыч материалдардын эсебин алуунун жана ташуунун, пайдалануунун, сактоонун бекитилген тартибинин талаптарын кайрадан бузса, эскертүү талону жардыруучу кесиби боюнча ушул Эрежелердин талаптарынын ылайык экзамен тапшырылгандан кийин гана калыбына келтирилет.
89. Жардыруучу жардыргыч материалдардын эсебин алуунун же ташуунун, пайдалануунун, сактоонун белгиленген тартибин бузууга жол бергенде, анын кесепети кырсыкка, аварияга же болбосо жардыргыч материалдарын жоготууга алып келсе же алып келиши мүмкүн болсо, ыйгарым укуктуу контролдоо органынын же жардыруу иштерин жүргүзгөн уюмдун кызмат адамынын көрсөтмөсү боюнча жардыруучунун күбөлүгү алынып коюлат.
90. Жардыруу иштерин жүргүзүү укугунан ажыратылган жардыруучулардын күбөлүктөрү уюмдун жетекчилиги тарабынан ыйгарым укуктуу органга жок кылууга берилет.
Жардыруучулардан алынган күбөлүктөрдү жок кылуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин тескемесинин негизинде, атайын журналга жазуу менен жүргүзүлөт.
Алынган күбөлүктөрдүн дубликаттары берилбейт.
9-глава. Жардыргыч материалдарын колдонуу менен байланышкан жумушчулардын билимин текшерүү тартиби
91. Жардыруучулардын жардыруу иштеринин коопсуздугу боюнча билими ыйгарымдуу укуктуу контролдоочу органдын өкүлүнүн төрагалыгы астында атайын комиссия тарабынан эки жылда бир жолудан кем эмес текшерилип турушу керек.
92. Эгер жардыргыч материалдардын эсебин алуунун же ташуунун, пайдалануунун, сактоонун белгиленген тартиби боюнча талаптар бузулганы аныкталса, уюмдун техникалык жетекчисинин тескемеси же ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын талабы боюнча жардыруучунун билими кезексиз текшерүүдөн өткөрүлүшү мүмкүн. Жардыруучунун билимин кезексиз текшерүүнү уюмдун атайын комиссиясы кошумча даярдыксыз эле жүргүзөт.
93. Эгерде экзамендерин ийгиликтүү тапшырышса, жардыруучулар өз алдынча жумушка стажировкадан өтпөй эле иштешине жол берилет.
94. Экзаменди тапшыра албай калган жардыруучулар жардыруу иштерин жүргүзүү укуктарынан айрылышат жана кайра даярдыктан өткөндөн кийин гана атайын комиссиядан билимин кайра текшерүүгө жол берилет, бул жөнүндө уюмда тескеме (буйрук) чыгышы керек.
95. Мезгилдүү жана кезексиз билим текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча протоколдор түзүлөт жана комиссиянын мүчөлөрү колдорун коюшат.
96. Жардыруучулардын билимин текшерүү жана алдын ала окутуу боюнча документтерди сактоо жана жүргүзүү тартиби жардыруу иштерин жүргүзгөн уюмдун тескемеси (буйругу) менен аныкталат.
97. Жардыруучуларды жардыруу иштеринин башка түрүнө которгондо, алар белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү программага ылайык кайра даярдыктан өтүшү жана экзамен тапшырышы керек. Жардыруу иштеринин жаңы түрүнө өз алдынча иштөөгө жол берүүнүн алдында жардыруучу 10 күндүк стажировкадан өтүүгө милдеттүү.
98. Газ же чаң боюнча коркунучтуу көмүр (сланец) шахталарына иштөөгө өткөндө, жардыруучулар ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган программа боюнча кошумча даярдыктан өтүп, квалификациялык комиссияга экзамен тапшырышы жана 15 күндүк стажировкадан өтүшү керек; ал эми жогорку категориядагы, күтүлбөгөн жерден көмүр, тек, газ чыгуу коркунучу бар шахталарга өткөндө, жардыруучулардын стажировкасынын мөөнөтү 20 күн болушу керек.
99. Жардыруучулар өзүнүн кесиби боюнча бир жылга чейин иштебей калышса, өз алдынча жардыруу иштерин аткарууга уюмдун комиссиясына экзамен тапшыргандан жана 10 күн стажировкадан өткөндөн кийин гана уруксат ала алат. Жардыруучуларга атайын комиссияга уюмдун буйругу менен кошумча даярдыгы жок эле экзамен тапшырууга жол берилет.
100. Уюмга мурда пайдаланылбаган жардыргыч материалдар, аппаратуралар, жабдыктар түшсө, жардыруу иштери жана жардыргыч материалдар менен иштеген бардык адамдар жаңы түшкөн жардыргыч материалдар, аппаратуралар жана жабдыктардын касиеттери жана өзгөчөлүктөрү менен кошумча тааныштырылышы керек.
10-глава. Тутандыруучу каражаттарды колдонуудагы коопсуздук талаптар
101. Электр от алдыргычтарды пайдаланууга берердин алдында алардын сырткы көрүнүшү жана электр каршылыгы, жеке индекс ыйгаруу менен (уюмдун индекси, жардыруучунун индекси) маркировкалангандыгы текшерилиши керек.
Жарылган учурда адамдарга тийип калышын болтурбоо үчүн, текшерүү учурунда электр от алдыргыч ичи беттелген темир түтүккө, калканчтын же болбосо атайын түзүлүштүн артына жайгаштырылышы керек. Электр от алдыргычтардын зымдары каршылыгы текшерилгенден кийин кыска бириктирилип, ошондой абалда жардыруу тармагына кошулганга чейин турушу керек. Бул операцияны аткарып жатканда текшерүүчүнүн жумушчу столунда 100 дөн ашпаган электр от алдыргычы болушу керек. Столдо жарык булактары болбоого тийиш.
102. Электр жардыруу тармагынын изоляцияланган, ишеничтүү электр кошулмалары болушу керек.
Зымдардын учтары жана кабелдердин бутакчалары дыкаттык менен тазаланып, атайын кыпчыгычтар менен бекем бириктирилиши (уланышы) жана бириккен жерлери (уланган жерлери) изоляцияланышы керек.
Газ жана чаң боюнча коркунучу бар шахталарда (рудниктерде), электр от алдыргычтардын жана электр жардыруу тармагынын зымдарын байланыш кыпчыгычтарын колдонуу менен гана бириктирүү керек.
103. Электр жардыруу тармагы эки зымдуу болушу керек. Өткөргүчтөрдүн бири катарында сууну, жерди, түтүктөрдү, темир жол темирлерин, зым аркандарды колдонууга тыюу салынат. Дүрмөттөөнүн алдында жардыруучу электр жардыруу тармагын текшерүүгө милдеттүү жана анын оң иштешине ынанышы керек.
104. Газ же чаң коркунучу бар шахталарда (рудниктерде) жез зымдуу электр от алдыргычтар пайдаланылышы керек. Бул талап электр жардыруу тармагынын кошулуучу жана магистралдык зымдарына (кабелдерге) да тиешелүү.
105. Электр жардыруу тармагы дүрмөттөн токтун булагын көздөй монтаждалышы керек.
106. Жардыруу иштери жүргүзүлүп жатканда ар бир электр от алдыргычка келген токтун күчү буюмдын техникалык документтеринде белгиленген күчүнөн кем болбошу керек.
107. Туруктуу жардыруу магистралы жардыруу жүргүзүлгөн жерден 100 метрден кем эмес аралыкта жайгашышы керек.
108. Электр жардыруу тармагы монтаждалып, кароодон өткөндөн кийин анын ток өткөрүмдүүлүгү текшерилиши зарыл. Текшерүү учурунда персонал коркунучсуз аймакта болушу керек.
109. Скважиналык жана камералык дүрмөттөрдү жардыруу алдында бардык электр жардыруу тармагынын жалпы каршылыгы эсептелип чыгууга жана андан кийин коркунучсуз жерден электр өлчөөчү аспаптар менен өлчөнүшү керек. Өлчөнүлгөн менен эсептелинген каршылыктын айырмасы 10% тен ашык болсо, анда электр жардыруу тармагынын эсептелген каршылыгынан айырманы четтеттүү керек.
Эгерде электр жардыруу тармагынын каршылыгын өлчөөгө мүмкүнчүлүк болбосо, жардыруу иштеринин жетекчисинин уруксаты боюнча, анын ток өткөрүмдүүлүгүн өлчөө менен чектелүүгө жол берилет.
110. Электр жардыруу тармагына чыңалууну бургулоо-жардыруу (жардыруу) иштеринин долбоору же паспорт менен аныкталган коркунучсуз жерден берүү зарыл. Жардыруучу аспаптын (түзүлүштүн) электр жардыруу тармагынын магистралдык зымдарын кошуу үчүн атайын клеммалары болууга тийиш.
Жардыруучу аспапка (машинкага) магистралдык зымдарды бириктирүүгө коркунучтуу зонада адамдар жокто гана уруксат берилет.
Массалык жардыруу жүргүзүлүп жатканда электр жардыруу тармагына чыңалууну жардыруу иштеринин жетекчисинин буйругу менен гана берүүгө мүмкүн.
111. Электр жардыруу тармагынын монтаждалган участкасынын зымдарынын учтары, аларды электр жардыруу тармагынын кийинки участкасынын зымдарына кошконго чейин кыска туюк кошулушу керек.
Ошондой эле, электр жардыруу тармагынын магистралдык зымдарынын учтары, алар жардыруу үчүн чыңалуу берүүчү түзүлүшкө же аспаптын клеммаларына кошулганга чейин да туюк болушу керек.
112. Тутандыруучу каражаттарды дүрмөттөөчү шнурга кошууну жана жардыруу тармагын монтаждоону дүрмөттөөнү түздөн-түз аяктагандан жана жардыруу тармагын монтаждоого байланышпаган адамдарды коркунучсуз жерге алып кеткенден кийин гана жүргүзүүгө уруксат берилет.
113. Электр жардыруу тармагын монтаждоо зонасындагы бардык электр орнотмолордогу, кабелдердеги, байланыш жана аба зымдарындагы жана башка электр кубаттуулук булактарындагы (анын ичинде электромагниттик нурлануу коркунучтуу булактарын) чыңалуу электр жардыруу тармагын монтаждоого чейин алынып салынышы керек.
Жер астындагы шарттарда электр жардыруу тармагын монтаждоо зонасына мындай монтаждалган жер астындагы кен көңдөйлөрүн кошуу зарыл.
Жер үстүндө жардыруу тармагын монтаждоо зонасына электр тогунун зымдарынын тартылуу бийиктигине карабастан, электр жардыруу тармагынын контурунан 50 метрге ашкан контур менен чектелген жердин үстүнкү бөлүгү кошулушу, ал эми скважиналардагы көзөө-жардыруу иштеринде – 10 метрден ашуусу керек.
Электр жабдуулардан чыңалууну алып салууга мүмкүнчүлүк болбосо, анда жардыруу иштерин жүргүзүп жаткан уюмдун буйрук документтери менен бекитилген адашкан токтордон коргоо чаралары (корголгон электр от алдыргычтарды пайдалануу, кошулган зымдарды кайра пайдаланууну четтетүү, буралган зымдарды изоляциялоо үчүн атайын кыпчыгычтарды пайдалануу) көрүлүшү керек.
Жер астындагы кен иштетүүчү көңдөйлөрдө электр жардыруу тармагын монтаждоодо, коркунучтуу зонада жайгашкан жергиликтүү желдеткичтерди, ошондой эле адашкан токтордун аракетинен электр от алдыргычтарды коргоо чараларын жүргүзүү менен чыңалуусу 42ваттан ашпаган жарык берүүчү электр түйүнүн жана сигнализацияны өчүрбөөгө жол берилет.
Зарыл учурларда стволдорго суунун агышы көбөйгөндө насостордогу чыңалууну алып салбоого жол берилет, мында адашкан токтордон коргоо чаралары көрүлүшү керек.
Адашкан токторго жана статикалык электр дүрмөттөргө туруктуу электр дүрмөттөрүнүн жардамы менен жардыруу учурунда, чоң кесилиштеги жер көңдөйлөрүндө тармакты монтаждоодо жана дүрмөттөөдө көтөрүүчү аянты бар, атайы өзү жүрүүчү жабдууну пайдаланууга жол берилет.
114. Жардыруучу аспаптар (машинкалар) жана жардыруучу стационардык түзүлүштөр, бөлөк адамдар кире албаган жерде сакталышы керек.
Жардыруучу аспаптардын (машинкалардын) ачкычтары жардыруу жүргүзүү учурунда жардыруучуда болушу керек.
115. Электр жарылуусун түздөн-түз жарык берүүчү, байланыш жана күч тармактарынан жүргүзүүгө тыюу салынат.
116. Электр ыкмасы менен дүрмөттөрдү тутандырууда электр от алдыргычтардын жана электр жардыруу тармагынын зымдарынын металлдан жасалган буюмдарга тийишүүсүн четтетүү керек.
117. Электр от алдыргычтарды колдонуу менен жардырууда, жардыруучуга жашынган жеринен жарылуудан кийин электр жардыруу тармагы токтун булагынан ажыратылып жана кыска туюк кошулган соң, 5 мүнөттөн эрте эмес, желдетилгенден кийин гана чыгууга уруксат берилет.
118. Эгерде чыңалуу берилгенден кийин жардырылбай калса, жардыруучу аспаптан (токтун булагынан) электр жардыруу тармагын ажыратууга, анын учтарын кыска туюк кошууга, аспаптын (жардыруучу түзүлүш турган ящик) ачкычын өзүнө алып, анан ошондон кийин гана жардырылбай калгандыгынын себебин аныктоого милдеттүү.
119. Ар бир уюмда жардырууга пайдаланылган аспаптарды жана түзүлүштөрдү, ошондой эле көзөмөлдөөчү-өлчөөчү аспаптарды техникалык тейлөөнүн жана берүүнүн, сактоонун тартиби аныкталышы керек.
Жардыруучуларга берээрдин алдында жардыруучу аспаптар (машинкалар) белгиленген техникалык мүнөздөмөлөргө, анын ичинде өнүгүүчү токко, ток импульсуна; газ жана чаң боюнча коркунучу бар шахталарда (рудниктерде), андан тышкары, чыңалуунун импульсунун узактыгына жараша эксплуатацияланышы боюнча нускамаларга ылайыктыгы текшерилиши керек.
120. Стационардык жардыруу пункттарынын жардыруучу жабдуулары газ жана чаң коркунучу бар көмүр, сланц шахталарында, геология чалгындоо объектилеринде, алар орнотулган жерде 15 күндө кеминде бир жолу текшерилип турушу керек.
121. От алуучу шнур (кесүү, кесиндилерди бири-бирине бириктирүү), пиротехникалык реле, электрлик эмес жана дүрмөттөөчү электрондук системалар менен иштөө тийиштүү буюмдардын нускамаларында (колдонмолорунда) белгиленген ыкмаларда аткарылышы керек.
122. От алуучу шнурдун негизги жана дублёрдук тармактарын жардыруу бардык учурларда бир тутантуучу аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш.
123. Төмөнкү энергетикалык толкун өткөргүчтөрдү пайдалануу аркылуу дүрмөттөлгөн электрдик эмес системалар менен иштөө аларды колдонуу боюнча нускамаларга ылайык аткарылышы керек. Мындай учурда системанын элементтеринин ишеничтүү кошулушу камсыз кылынышы жана аларды жердин үстүнө жайгаштырууда толкун өткөргүчтөрдүн жабыркашын алдын алуу боюнча чаралар көрүлүшү керек.
124. Электрсиз системаларды электрондук от алдыргычтар, электр от алдыргычтар жана капкак-от алдыргычтар менен тутантууда, алар жардыруучу импульс тараган жактагы кумулятивдүү чуңкурчада жайгашышы керек.
125. Мындай системалар менен жардырууда жардыруучунун жардыруу болгон жерге 5 мүнөттөн кийин келүүсүнө уруксат берилет. Эгерде жардыруу ишке ашпаса, кеминде 15 мүнөттөн кийин барышы керек.
126. Аралыктан жардырууга (радиожардыруу) техникалык документтер жана тиешелүү жабдуулары (командалык блоктуу радиостанциялар жана радиокабылдагычтары менен аткаруучу блоктору) болгондо уруксат берилет.
127. Радиотараткычы менен жабдылган командалык блок коркунучтуу зонанын чектеринен тышкары жайгаштырылышы керек.
Радиокабылдагычы бар аткаруучу блок жардыруу боло турган жерден жардыруудан улам тоо массасынын бөлүктөрү аны кыйратпаган аралыкта, жолдору ыңгайлуу жерде жайгаштырылат.
128. Массалык жардыруу жүргүзүлгөндө радиоимпульсту берүүгө жардыруу иштеринин жетекчисинин буйругу менен гана жол берилет, ал аткаруучу блоктун жардырууга даярдыгын жана адамдардын коркунучтуу зонадан чыкпагандыгын текшериши керек.
129. Электр от алдыргычтарды аткаруу блогунун кыпчыгычтарына байланыштырууда жардыруучу аткаруучу блоктун тосмолонгонуна ынанышы керек. Андан кийин электр от алдыргычтар жардыруу тармагына кошулат.
130. Жардыруу болгон жерге кирүү жардыруу иштеринин жетекчисинин уруксаты менен, аткаруучу блоктун тосмолонгон абалы жөнүндө кабар келгенден кеминде 10 мүнөттөн кийинки убакытта жүргүзүлөт.
131. Тутандыруучу дүрмөттөр жардыруу иштерин жүргүзгөн уюмдун тескеме (буйрук) документтеринде белгиленген өндүрүш иштеринин ордуларында же өндүрүш иштерине жакын атайын жайларда даярдалышы керек.
От алуучу шнуру бар тутандыргычтарды жасоо (даярдоо) да ЖМ кампасындагы жардыргыч материалдарды даярдоочу имаратта жүргүзүлүшү мүмкүн.
132. От алдыргыч патронго толук киргизилет жана ишенимдүү бекитилет, мында чуңкурайтуу үчүн пайдаланылган ийнелер жардыруучу заттарга тийгенде учкун чыгарбаган жана коррозияга алдырбаган материалдардан даярдалышы керек.
133. От алдыргычтар тутануучу пресстелген же куюлма жардыргыч заттардан жасалган жардыргычтарды заводдо даярдалган уялары бар патрондон (шашка) гана жасоого уруксат берилет. Уяларын чоңойтууга же тереңдетүүгө тыюу салынат.
134. Орто аралык от алдыргычтарды от алуучу шнурду колдонуу менен порошок түрүндөгү патронго салынган жардыргыч заттарынан даярдоодо патрондогу от алуучу шнурдун аяк учу түйүлүүгө же кеминде экиден бүктөлүүгө тийиш. От алуучу шнурду жардыргыч заттардын патронун айланта байлоого уруксат берилет.
135. Пайдаланылбаган жардыргычтар жардыруу иштерин жүргүзүп жаткан уюмдун нускамасында (буйругунда) белгиленген тартипте жардыруу менен жок кылынат.
11-глава. Жардыруу иштерин жүргүзүүдөгү коопсуздуктун жалпы талаптары
136. Иш ордуна жеткирилген жардыргыч материалдар сумкаларда, кассеталарда, же заводдук таңгакта, ошондой эле атайын машиналарда жана контейнерлерде болушу керек.
137. Иш ордуларындагы жардыргыч материалдарды, ошондой эле дүрмөттөлгөн көзөнөктөрсүз, скважиналарды туруктуу көзөмөлсүз (кайтаруусуз) калтырууга тыюу салынат. Көзөмөл (кайтаруу) тартиби жардыруу иштерин жүргүзгөн уюмдун тескемесинде (буйругунда) белгиленүүгө тийиш.
138. Тоодогу ачык кендерде жардыруу иштери жүргүзүлүп жатканда блокто жайгашкан жардыргыч материалдар жана дүрмөттөлгөн скважиналар түн ичинде сөзсүз жасалма жарыктандыруу менен кайтарылуусу керек. Электрдик жардыруу учурда жардыргыч материалдар жаан-чачындан корголууга тийиш.
Жардыруу иштери калктуу конуштарга же болбосо имараттын (курулуштун) ичинде жүргүзүлсө, жардыргыч материалдар изоляцияланган жайда кайтарууда болууга тийиш.
139. Дүрмөттөөгө чейин иш жүргүзүлүп жаткан жерде тыюу салынган зонадан тышкарыда жардыргыч материалдарын бир суткада керектелүүчү көлөмдө жана сменада керектелүүчү көлөмдө тыюу салынган зонада сактоого уруксат берилет. Ал эми массалык жардырууларда дүрмөттөөгө керек жардыргыч заттар тыюу салынган зонада кайтаруунун астында сакталышы мүмкүн.
Тутандыруучу каражаттар жана от алдыруучулар тутандырууну жокко чыгарган аралыкта өзүнчө сакталышы керек.
140. Жардыргыч заттарды дүрмөттүк машиналарда ЖМнын кампасынын аймагында атайын бөлүнгөн аянтчада же болбосо жардыргыч заттарды даярдоочу же жасоочу стационардык пунктта да сактоого жол берилет, мындай учурда сактоонун мөөнөтү эки суткадан ашпашы керек.
141. Шахталардын стволдорунун, штольнялардын (тоннелдердин) кире беришинин өткөөлдөрүндө бир сменага жеткендей көлөмдө будкаларда же үстү жабылган жерде, шахтанын стволунан же штольнянын кире беришинен 50 метрге жакын эмес аралыкта, ошондой эле жер үстүндөгү имараттардан, курулуштардан ушундай эле аралыкта алыс жайгаштырууга уруксат берилет.
142. Жардыргыч материалдарына колдонууда аларды колдонуу боюнча нускамаларда (колдонмодо) каралган сактык чаралары, коопсуздук жана өрткө каршы коопсуздуктун чаралары сакталууга тийиш.
143. Жардыргыч материалдар орун алган жерден 100 метрге жакын ачык күйгөн отту колдонууга жана тамеки чегүүгө тыюу салынат. Күйгүзүүчү нерселерди от аркылуу жардыруу жүргүзүшкөн жардыруучулардын гана алып жүрүүсүнө, ал эми ок атуучу куралды – кароол кызматындагыларга гана алып жүрүүсүнө уруксат берилет.
144. Түтүндүү дары жана С шайкештик тобундагы дарылар менен аларды сактоо жайларында иштөө таманында жана такасында темир бөлүгү болбогон бут кийимчен жүргүзүлөт. Аспаптар жана башка темир инвентарлары учкун чыгарбаган материалдардан даярдалышы керек. Болоттон отверткалар гана даярдалышы мүмкүн.
145. Патрондордогу жана мүшөктөрдөгү порошок түрүндөгү аммиак селитрасынын негизиндеги жардыргыч заттарды колдонуунун алдында сырткы кабыгынын бүтүндүгү бузулбастан ушаланышы керек. Белгиленген стандарттарда (техникалык шарттарда) жана колдонуу боюнча нускамаларда (колдонмолордо) көрсөтүлгөн нормадан нымдуулугу жогору жардыруучу заттарды колдонууга тыюу салынат.
146. Көпкө жатып калган жана жумшартууга мүмкүн болбогон порошок түрүндөгү жардыргыч заттар курамында гексоген же суюк нитроэфирлер жок болсо, ушул Эрежелердин талаптарынын негизинде майдаланышы керек, андан кийин алар газ жагынан коркунучсуз шахталарда (рудниктерде), же жарылуу чаңы боюнча коркунучсуз иштетилүүчү катмарларда, андан тышкары жердин кыртышындагы иштерде пайдаланылышы мүмкүн.
147. Курамында гексоген же суюк нитроэфирлери бар көпкө жатып калган порошок түрүндөгү жардыргыч заттар жумшарылбастан же майдаланылбастан жалаң гана жердин үстүндөгү жардыруу иштеринде колдонулушу керек.
148. Газ жагынан коркунучу бар шахталарда же чаң жарылуусу боюнча коркунучтуу иштетилүүчү катмарларда кабыгы бузулган патрондоштурулган жардыруучу заттарды пайдаланууга тыюу салынат.
149. Жардыруу иштерин жүргүзүү учурунда (жардыргыч материалдар менен иштөөдө) жардыруу иштеринин персоналынын коопсуздугун камсыздоо, адамдардын жардыргыч заттардын жана жардыруунун уулуу азыктарынын чаңынан ууланусунун алдын алуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүргүзүү зарыл. Мындай иш-чаралар жардыруу иштерин жүргүзүп жаткан уюмдун тескемеси (буйругу) менен бекитилет.
150. Жардыруу иштери тийиштүү тапшырма-жолдомо жана кат жүзүндөгү тапшырмага таанышкандыгы тууралуу кол коюу менен (ушул Эрежелердин 17-тиркемеси) жана аны өткөрүүнүн коопсуздук талаптарына жооп берген жерлерде гана уюмдун тескемеси (буйругу) менен дайындалган адамдын жетекчилиги астындагы жардыргыч тарабынан аткарылышы керек.
151. Бир убакытта эле бир нече жардыруучулар коркунучтуу зонанын чектеринде иштегенде, алардын бирин жооптуулукка дайындашы керек. Ал өзүнүн буйруктарын үнү же жардыруу иштерин жүргүзгөн уюмдун тескемеси (буйругу) менен бекитилген сигналдар аркылуу бериши керек.
152. Жардыргыч материалдарды менен түздөн-түз колдонгон адамдардын кийими статикалык электр заряддарын топтобошу керек.
153. Муз үйөрлөрүн жок кылуу жана ысык массивдерди майдалоодон тышкары жардыруу иштеринде от жана электр тутандыруучу ыкманы колдонууга тыюу салынат. Мындай учурда электр-оттук жана атып жардырууну жүргүзүүнүн талаптары сакталышы керек (ушул Эрежелердин 7-тиркемеси).
154. Жардыруу иштерин белгиленген тартипте таризделген техникалык документтерге (бургулоо-жардыруу (жардыруу) иштеринин долбоору, паспорту) ылайык жүргүзүү зарыл. Бул документтер менен бургулоо-жардыруу иштерин жүргүзүп жаткан персонал кол коюп таанышышы керек.
155. Бургулоо-жардыруу (жардыруу) иштеринин долбоорлорун скважиналык, камералык, котелдук дүрмөттөрдү жардыруу үчүн, анын ичинде курулуш объектилеринде жардыруу иштерин аткарууда, имараттарды жана курулуштарды бузууда, атып-жардыруу иштерин аткарууда, саздагы жумуштарда, сейсмикалык чалгындоо иштеринде түзүү зарыл.
Ушул Эрежелерде өзгөчө эскертилгенден тышкаркы учурда, башка жардыруу жумуштары паспорттун негизинде аткарылышы мүмкүн.
156. Массалык жардырууларды колдонуу менен жардыруу иштерин жүргүзгөн ар бир уюмда бургулоо-жардыруу иштерин жүргүзүүнүн типтүү долбоору болуш керек, бул долбоор паспортторду жана бургулоо-жардыруу (жардыруу) иштеринин долбоорлорун, анын ичинде конкреттүү шарттарда аткарылган массалык жардыруулардын долбоорун иштеп чыгуунун базалык документи болот.
Бургулоо-жардыруу иштеринин жүргүзүлүшүнүн типтүү долбоору кенди иштетүүнүн бекитилген долбоорунун, эксперименттик жана өнөр-жай жардырууларынын жыйынтыктарынын, илимий-техникалык изилдөөлөрдүн, ушул Эрежелердин талабына ылайык окшош шарттардагы жардыруу иштеринин өндүрүштүк алдыңкы тажрыйбасынын негизинде аткарылышы керек.
Жардыруу иштерин жүргүзүп жаткан уюм ыйгарым укуктуу органга массалык түрдө жүргүзүп жаткан жардыруу иштери жөнүндө кабарлашы керек.
157. Бургулоо-жардыруу жана жардыруу иштеринин долбоору – бургулоо-жардыруу иштеринин негизги параметрлерин: дүрмөттөрдү тутандыруу ыкмалары; жардыруу тармактарынын эсептери; дүрмөттөрдүн жана тутандыргычтардын конструкциясы; жардыргыч материалдардын болжолдогон чыгымы; коркунучтуу зонаны жана бул зонаны анын чегинде турган объектилерди эсепке алуу менен (имараттар, курулуштар, коммуникациялар) аныктоо; жардыруу жүргүзүлүп жаткан аймакты желдетүү жана башка ушул Эрежелердин талаптарынын конкреттүү шарттарын толуктаган кошумча коопсуздук чараларын көрсөтүү менен, ишти коопсуз уюштуруу боюнча чечимди өзүнө камтышы керек.
158. Жардыруу иштеринин паспортуна төмөнкүлөр кирет:
1) көзөнөктөрдүн же сырткы дүрмөттөрдүн жайланышынын схемасы; жардыргыч материалдардын аталышы; дүрмөттөөнүн ыкмалары тууралуу, көзөнөктөрдүн саны, алардын тереңдиги жана диаметри, тутандыргычтардын жана дүрмөттөрдүн конструкциясы жана массасы, дүрмөттөрдүн жарылуусун кабыл алуунун саны жана ырааттуулугу, кендин материалы жана анын узундугу жөнүндөгү маалыматтар; кенди желдетүүнүн схемасын жана убактысын, басаңдоосун, узундугун (каршылыгын) көрсөтүү менен жардыруу (электр жардыруу) монтажынын схемасы;
2) коркунучтуу зонанын радиусунун көлөмү;
3) жардыруу иштери жүргүзүлүп жатканда, коркунучтуу зонанын чегинен тышкары жайгашуусу тийиш болгон жардыргычтын жашынуучу жери жөнүндө көрсөтмө;
4) жардыруу ордуна жана коркунучтуу зонага кирүүнү эскерткен жана тыюу салган белгилер, бекиткич түзүлүштөр жайгашуусу, курчоонун же кайтаруу постторунун коюлушу жөнүндө көрсөтмө.
Газ жана чаң боюнча коркунучу бар шахталар (рудниктер) үчүн, алардын паспортунда газдын (чаң) жарылып кетишин болтурбоо үчүн атайын каражаттардын жайланышынын схемасы жана саны, ошондой эле газ жана чаң боюнча коркунучу бар шахталардын (рудниктердин) шарттарында жардыруу иштерин жүргүзүүнүн атайын чаралары көрсөтүлүшү керек.
Паспорттор үч сыноо жардыруусунун жыйынтыктарынын негизинде түзүлөт. Сыноо жардырууларынын ордуна, ушуга окшогон шарттарда жүргүзүлгөн жардыруулардын жыйынтыгын деле пайдаланса болот.
159. Бургулоо-жардыруу (жардыруу) иштеринин паспорттору жана долбоорлору жардыруу иштерин жүргүзүп жаткан уюмдун техникалык жетекчиси тарабынан, же болбосо ал дайындаган адам тарабынан, ал эми жалдама ыкма менен жардыруу иштери жүргүзүүдө – жалдама уюмдун жана буйрутма берүүчү ишкананын техникалык жетекчилери же алар дайындаган адамдар тарабынан бекитилиши керек.
160. Жер көңдөйлөрүнүн контурларын бургулоо-жардыруу иштеринин долбоорунда каралган өлчөмгө чейин жеткирүү, бастырмалуу жерлерди алып таштоо, кенди, жер көңдөйлөрүнүн топурагын түзөтүү, сыноо жардырууларында жана кайра бекемдөөдө жер көңдөйлөрүн кеңейтүү үчүн, ошондой эле баш тартууларды жок кылуу максатындагы көзөнөктөрдөгү дүрмөттөрдүн бир жолку жарылышын схема боюнча жүргүзүүгө уруксат берилет. Схема жардыруу иштеринин жетекчиси тарабынан түзүлөт жана бекитилет, газ жана чаң боюнча коркунучу бар шахталарда, шахтанын техникалык жетекчиси тарабынан бекитилет. Схемада көзөнөктөрдүн жайгашуусу, дүрмөттөрдүн массасы жана конструкциясы, посттордун жайгашкан орду жана жардыруучунун жашынган жери, коопсуздукка керектүү кошумча чаралар көрсөтүлөт. Схема менен жардыруучу кол коюп тааныштырылышы керек.
161. Жардыруу иштерин жүргүзүүдө дүрмөттөөнү баштоонун алдында жардыргыч материалдарын ташуу убагынан баштап, иш жүргүзүлө турган жерге тыюу салынган зона киргизилет. Бул чекте дүрмөттөө иштери менен байланышпаган адамдардын болушуна тыюу салынат.
Кирүүгө тыюу салынган зонага уюмдун адистеринин жана көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлеринин өтүүсүнө жардыруу иштеринин жетекчисинин коштоосунда уруксат берилет.
Кирүүгө тыюу салынган зонанын көлөмү бургулоо-жардыруу долбоору менен аныкталат.
Ачык тоо иштеринде тыюу салынган зона жакынкы дүрмөттөн 20 метрден кем болбошу керек. Ал зонага дүрмөттөө жүргүзүлүп жаткан кашаттагы иштөөчү аянтчадай эле, мейкиндик боюнча жакынкы дүрмөттөн эсептегенде андан ылдый жана өйдө жайгашкан кашаттарга да жайылтылат. Жакынкы дүрмөттөн тыюу салынган зонанын өлчөмү дүрмөттөрдү тутандыруунун электрлик эмес же электрондук тутуму колдонулган жана дүрмөттөлүүчү полигондун (блоктун) районундагы тоо-кен иштеринин коопсуздугун камсыз кылуучу иш-чаралар ишкана тарабынан иштелип чыккан учурларда 8 м чейин кыскартылышы мүмкүн.
Жер алдындагы жер көңдөйлөрүндө тыюу салынган зона - жардыргыч заттардын максималдуу мүмкүн болгон санынын жарылуусунан аба толкунунун соккусунун таасиринин эсеби боюнча аныкталат жана зона 50 метрден кем болбоого тийиш.
Тыюу салынган зона жардыруу иштерин жүргүзүү орду менен байланышкан бардык жер көңдөйлөрүнө таратылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 408 токтомунун редакциясына ылайык)
162. Коркунучтуу аймак бургулоо-жардыруу (жардыруу) иштеринин паспорту же долбоорунун эсеби менен аныкталат жана киргизилет:
- тутандыргычтардагы электр от алдыргычтарды колдонуу менен жардырууда - тутандыргычтарды төшөгөндөн баштап;
- от алуучу шнурларды колдонуу менен жардырууда - түйүнгө пиротехникалык релени (жайлатуучуларды) орнотууну баштаганга чейин;
- тутандыргычтарда тутантуунун төмөнкү энергетикалык толкун өткөргүчтүү электрдик эмес системасын пайдаланууда - жардыруу тармагынын участкасын магистралга кошуу убактысынан баштап;
- тутандыруунун электрондук системасын пайдалануу менен жардырууда - жардыруу тармагынын участкаларын магистралга кошуу убактысынан баштап.
Тыюу салынган жана коркунучтуу зоналардын чек араларында аны кайтарууну камсыз кылган посттор коюлушу керек. Постто тургандарга тикелей милдеттери менен байланышпаган иштерди тапшырууга тыюу салынат.
163. Жардыруунун продуктулары багытталган, желдетүү аркылуу аба агымы чыккан жер алдындагы жер көңдөйлөрү коркунучтуу аймакка кирүүгө тыюу салган жазуулары бар аншлаг менен тосулууга тийиш.
Аншлагдар жардыруунун продуктуларынын уулуу курамы коркунучсуз концентрацияга чейин азайган аралыкта коюлууга тийиш. Бул аралык кен иштетилген тилкеде жардырылган жардыргыч заттардын максималдуу санында абанын үлгүсүн сыноонун жыйынтыктарынын негизинде тажрыйба жолу менен аныкталат.
Жардыруу иштери аяктагандан жана жер көңдөйлөрү толук желдетилгенден кийин көрсөтүлгөн тосмолор жана жазуусу бар белгилер алынып салынат.
164. Коркунучтуу зонага башка уюмдун объектилери туура келип калса, ал уюмдун жетекчиси бир сутка мурда жардыруу иштеринин убактысы жана орду тууралуу кат жүзүндө кабарлашы керек, жардыруу иштеринин жетекчисинин бул тууралуу кат жүзүндөгү кабарлоосунан кийин бул обьектердеги бардык адамдар коркунучтуу зонанын чегинен чыгарылышы керек.
165. Жардыруу иштерин жүргүзүү учурунда адамдарга кабарлоо үчүн добуштуу белги берүү керек, ал эми сутканын караңгы учурунда, дабыштан тышкары жарык сигналдарын колдонуу зарыл. Үн менен сигнал берүүгө, жардыргыч материалдарын колдонууга тыюу салынат.
Сигналдардын мааниси жана тартиби:
1) биринчи сигнал – эскертүүчү сигнал (бир узакка созулган). Сигнал коркунучтуу зона киргизилгенде берилет.
2) экинчи сигнал – күжүрмөн сигнал (эки узакка созулган). Бул сигнал боюнча жардыруу жүргүзүлөт.
3) үчүнчү сигнал – бүттү сигналы (үч кыска). Бул сигнал жардыруу иштердин аяктаганын белгилейт.
Сигналдар жардыруу иштерин аткаруучу жардыруучу (улук жардыруучу) тарабынан, ал эми массалык жардырууларда – жардыруу иштерин жүргүзгөн ишкананын атайын дайындалган кызматкери тарабынан берилиши керек.
166. Сигналдар берүүнүн жолу жана милдети, жардыруу иштерин жүргүзүүнүн убактысы ишкананын персоналына, ал эми жер үстүндө жардыруу иштери жүргүзүлгөндө, коркунучтуу зонанын жанындагы калктуу пункттардын жашоочуларына кабарлоо керек.
167. Адамдарды жардыруу болгон жерге киргизүү – жардырууну өткөрүп бүтүп, жардыруу ордунун коркунучсуздугу аныкталгандан кийин, жардыруу иштерин жетектеген адам, же анын тапшырмасы боюнча жардыруучу тарабынан жүргүзүлөт.
168. Дүрмөттөөлүүгө тийиш болгон көзөнөктөрдүн, скважиналардын жана башка жер көңдөйлөрүнүн кире беришинин үстүлөрү тектердин сыныктарынан, бургулоонун калдыктарынан, бөтөн заттардан тазаланышы керек.
Көзөнөктөрдү жана скважиналарды дүрмөттөө алдында бургулоонун калдыктары тазаланууга тийиш.
169. Забойниктер учкун чыгарбаган материалдардан гана даярдалууга тийиш.
170. Электр от алдыруучу менен жабдылган патрон – тутандыргыч көзөнөктүн (скважинанын) кире беришинде биринчи болуп жайгаштырылышы керек. Энергетикасы төмөн толкун өткөргүчтүү тутандыруунун электрлик эмес системасын пайдаланууда тутандыруучунун көзөнөктө (скважинада) жайланышы аларды колдонуу боюнча нускамага ылайык аткарылышы керек.
Механизациянын каражаттарын колдонуусуз дүрмөттөөдө электр от алдыргычтуу патрон-тутандыргычты көзөнөктүн түбүнө биринчи жайгашуусуна жол берилет. Мындай учурда электр от алдыргыч гильзанын түбү көзөнөктүн оозуна карата багытталышы керек. Көмүр жана сланец шахталарында көзөнөктө патрон-тутандыргычтын мына ушундай жайгаштырылышы газ чыгаруу жана жардыруунун чаңы жок болгондо, ошондой эле электр от алдыргычтардын зымдарынын узундугу көзөнөктөрдүн тереңдигинен 0,6 метрден кем эмес ашып турганда гана мүмкүн.
171. Кептелип калган тутандыргычты ургулаганга болбойт. Эгерде кептелип калган тутандыргычты чыгарууга мүмкүн болбосо, көзөнөктү (скважинаны) дүрмөттөөнү токтотуу зарыл; тутандыргычты башка дүрмөттөр менен жардыруу керек.
172. Көмүр массивин көзөнөктөрдө же скважиналарда узундугу 5 метрден ашык узартылган же бөлүп-бөлүп жайгаштырылган дүрмөттөрдү жардыруу менен алдын ала жумшартууда жана көзөнөктө (скважинада) гидравликалык забойка болгондо кошумча тутандыруучу каражат катарында от алуучу шнурду аны көзөнөктөн (скважинадан) чыгарбастан пайдаланууга жол берилет.
173. Газ жана чаң жагынан коркунучу бар шахталарда бөлүнүп коюлган дүрмөттөрдү күйүүчү газды бөлүп чыгарбаган жер көңдөйүнүн тектүү кендеринде, оюлган көзөнөктөрдө гана колдонууга жол берилет.
174. Эгерде дүрмөттөө учурунда дүрмөттүн бир бөлүгү чачылып кетсе, көзөнөктү (скважинаны) кайрадан толтуруп дүрмөттөп, кошумча дүрмөттөлгөн бөлүгүнө сөзсүз түрдө кошумча тутандыргычты орнотуу менен дүрмөттү башка дүрмөттөр менен жардыруу керек.
175. От алуучу шнурду, ошондой эле тутандыргычка киргизилген электрондук от алдыргыч жана электр от алдыргычтын зымдарын жулууга же чоюуга тыюу салынат.
От алуучу шнурдун дүрмөттөн чыгып турган учтарынын сынышына жол берилбейт.
176. Газ жана чаң жагынан коркунучтуу шахталарда (рудниктерде) забойкалары жок дүрмөттөрдү жардырууга тыюу салынат.
177. Көзөнөктөрдү (скважиналарды) забойка материалдары менен толтурууда, көзөнөктө (скважинада) жайгашкан жардыргыч заттарга жана тутантуучу каражаттарга сырттан таасир этүүнү жол бербеген сактык чараларын көрүү керек. Ошол эле учурда электр зымы, от алуучу шоона жана толкун өткөргүчтөр бош бекитилбеши керек.
Көзөнөктөргө жана скважиналарга забойка катарында кесек же күйүүчү материалдарды колдонууга болбойт.
178. Көзөнөктөр жана скважиналарга забойка кылуучу машинанын жардамы менен забойканы жайгаштыруу аларды пайдалануу боюнча нускамалардын (колдонмолордун) негизинде жүргүзүлүшү керек.
179. 2 метрден ашуун бийиктикте көзөнөктөрдү (скважиналарды) дүрмөттөөгө жана жардыруу тармагын монтаждоого жабдылган көтөрүүчү аянтчаларда (помост), иштин коопсуздугун, дүрмөттөрдүн туура жайгашуусун жана жардыруу тармагынын монтажынын тууралыгын камсыз кылган кенге жайгаш текчелерде, же көтөрүүчү механизмдердин аянтчаларында жүргүзүүгө уруксат берилет.
Көзөнөктөрдү (скважиналарды) 2 метрден өйдө бийиктиктеги тепкичтерде дүрмөттөөгө тыюу салынат.
180. Тышкы дүрмөттөрдү жардырууда, аларды бир дүрмөттүн жарылышы жанындагы дүрмөттөрдүн бузулушуна алып келбегендей жайгаштыруу керек. Эгерде мындай кылууга мүмкүн болбосо, анда жардырууну бир мезгилде жүргүзүү керек (электр от алдыргычтардын же от алуучу шнурдун жардамы менен).
Сырттагы дүрмөттү же от алуучу шнурду таштар, шагыл жана башка кесек материалдар менен жабууга тыюу салынат.
181. 15 метр тереңдиктеги скважиналар сөзсүз түрдө ички скважина тармагы менен кайталанышы керек.
Жер астындагы жер көңдөйлөрүндө тармакты кайталоонун зарылдыгы бургулоо-жардыруу (жардыруу) иштеринин долбоорунда аныкталат.
182. Коргоочу нерселер менен жабылган дүрмөттөрдүн тобун жардыруу зарыл болгондо, дүрмөттөр бир убакта же 200 мс ашпаган суммалык кечигүү менен жарылышы керек.
183. Чагылгандуу жаан жаап жатканда, жердин үстүндө да, тоонун жер көңдөйлөрүнүн үстүңкү бөлүгүндө да электр жардыруусун колдонуу менен жардыруу иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Эгерде электр-жардыруу тармагы чагылгандуу жаан боло электе даярдалган болсо, анда чагылгандуу жаанга чейин жардырууну жүргүзүү керек же болбосо участкалык зымдарды магистралдык зымдарга уланган жерин бөлүп салып, учтарын изоляциялоо керек, адамдарды коркунучтуу зонанын чегинен сырткары же жашынуучу жайга чыгарып кетүү зарыл.
184. Жардыруу иштерин (жардыргыч материалдар менен иштөө) жумушчу орундун жарыгы жетишсиз болгондо жүргүзүүгө тыюу салынат.
185. Бүлүнгөн жерлердеги көлөмү чоң кесектерди бөлүү үчүн көзөнөктөгү жана сырткы дүрмөттөрдү жардыруу учурунда жардыруу (электр жардыруу) тармагын үстүнөн төмөн гана дүрмөттөөгө жана монтаждоого уруксат берилет. Ачык тоо иштеринде көлөмдүү кесектерди майдалоо, скважиналык же көзөнөк дүрмөттөр ыкмасы менен жүргүзүлөт. Бургулоого мүмкүн болбогон жерлерде жайгашкан көлөмдүү кесектерди майдалоо сырткы (үстүнкү) дүрмөттөр менен жүргүзүлөт.
186. Калып калган көзөнөктөрдүн бөлүктөрүн (“стакандар”) бардык учурларда: жардыргыч материалдардын калдыктары бар болсо да, жок болсо да бургулоого тыюу салынат.
187. Скважинада же көзөнөктө жүргүзүлгөн атуудан кийин жаңы дүрмөттөөгө кеминде 30 мүнөттөн кийин уруксат берилет.
188. Камералык дүрмөттөрдү жардырууда от алуучу шнурду, электр от алдыргычты, электр эмес тутандыруу системаларын пайдаланууга уруксат берилет. Ар бир дүрмөттүү камерага эки тутандыргыч жайгаштырылат; негизги жардыруу жүргүзүлүүчү жардыруу же электр жардыруу тармагы ошол эле ыкма менен кайталанышы керек.
Камералык дүрмөттөрдөгү тутандыргычтар катуу, бышык кабыкчаларда (ящик, коробкаларда) сакталышы керек.
189. Камералык дүрмөттөр жайгашкан жер көңдөйлөрүндө дүрмөттөөнүн алдында электр зымы алынып салынышы керек.
190. Коркунучтуу зоналар, аларды кайтаруу, ошондой эле адамдар жана жабдуулар жайгашуучу жерлер, массалык жардырууларды жүргүзүү жана даярдык көрүүдө жардыргыч материалдардын жайгашуусу жана жеткирүүнүн тартиби, жардыруудан кийин адамдарды ал жерге киргизүү ирээти бургулоо-жардыруу (жардыруу) иштеринин долбоорунда аныкталат.
191. Аба кыймылынын коопсуздугуна коркунуч түзүүчү жер үстүндөгү массалык жардыруулар белгиленген тартипте макулдашылгандан кийин гана жүргүзүлүшү керек.
12-глава. Жарылбай калган дүрмөттөрдү жок кылуудагы коопсуздук талаптары
192. Жардыруу иштерин жүргүзүп жаткан уюм - жардыруу иштерин жүргүзүүчү уюмдун тескемеси (буйрук) документтери менен бекитилген, жардыргыч заттардын жарылбай калган дүрмөттөрүн жок кылуу боюнча нускамага ээ болууга милдеттүү.
Жардыргыч заттардын жарылбай калган дүрмөттөрүн жок кылуу боюнча нускама, ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жана жергилүктүү өзгөчөлүктөрдү, анын ичинде тоолуу-геологиялык жана тоолуу-техникалык шарттарды, жардыруу иштеринин ыкмаларын, жардыруу жолдорун, колдонулуучу жардыргыч каражаттар жана тутандыруучу каражаттарды эсепке алуу менен даярдалат.
Ар бир нускама төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- жарылбай калган дүрмөттөрдү алдын алуу боюнча негизги иш-чараларды;
- жарылбай калган дүрмөттөрдү табуу тартибин;
- жардыруу иштеринин ар бир түрү үчүн жарылбаган дүрмөттөрдү жок кылуу ыкмасын;
- жарылбаган дүрмөттөрдү жок кылууда коркунучтуу зонанын радиусунун чоңдугун, аны жеринде жана жер алдындагы жер көңдөйлөрүндө аныктоо тартибин жана ошондой эле аны кайтарууну;
- жарылбаган дүрмөттөрдү жок кылуу иштерин уюштурууну;
- жарылбай калган дүрмөттөрдү жок кылуу учурунда алынган жардыргыч материалдардын калдыктарын чогултуу, эсепке алуу жана жок кылуу тартибин;
- иштердин коопсуздугу боюнча иш-чараларды.
Жардыруу иштерин даярдоо жана жүргүзүү менен байланышкан бардык кызмат адамдарын жана жумушчуларды жардыргыч заттардын жарылбай калган дүрмөттөрүн жок кылуу боюнча уюмда иштелип чыккан нускама менен кол койдуруп тааныштыруу керек.
193. Жардыруучу тармакка тутандыруучу жибергенден кийин дүрмөттө, анын бир бөлүгүндө же дүрмөттөр тобунда от алуунун жоктугу (мындан ары – жарылбай калышы), жардыруу иштеринде жарылбай калуулар (ушул Эрежелердин 8-тиркемеси) Каттоо журналына жазылууга тийиш.
Техникалык себептер боюнча дүрмөттөр жарылбай калган бардык учурларда (мисалы, смена аралыгында жардыруу тармагынын оңолгус бузулушу) жарылбай калуу катары каралат.
Баш тартуулар жалкы, топтук жана массалык болуп бөлүнүшөт:
жалкы баш тартуу – жардыргыч заттардын же бир нече дүрмөттөрдүн жардыруу тармагынын ар түрдүү участкасынан кошулган бир дүрмөтүнүн баш тартышы, эгерде бир жана ошол эле участкага кошулган дүрмөттөрдүн арасынан бирден ашык эмес дүрмөт жарылбаса;
топтук баш тартуу – жардыргыч заттардын жардырылуучу дүрмөттөрүнүн (эки же андан көп) бир бөлүгү жарылбаганда, бардык дүрмөттөр же анын бир бөлүгү бир жана ошол эле жардыруу тармагына кошулган учурда;
массалык жарылбоо – жардырыла турган жардыргыч заттардын бардык дүрмөттөрү жарылбаганда же болбосо бир же бир канча блоктогу (кендеги) дүрмөттөр жарылбай калганда, бирдиктүү жардыруу тармагына кошулган бир нече блокторду (кенди) жардыруу учурунда.
Сырткы белгилери боюнча жарылбай калуулар төмөнкүлөргө бөлүнөт:
ачыктары – сыртынан караганда көрүнгөн (жардырылган тоо массасында жардыргыч материалдардын болушу, тоо массасынын мүнөздүү үйүлүүсү, тоо тектеринин массивинин бузулбашы);
жашыруундары – жардыруудан кийин кенди текшерүүдө аларды сырткы белгилери боюнча табууга мүмкүн эместер.
Мезгилдүүлүгүнө жараша жарылбай калуулар төмөнкүчө бөлүнөт:
кокусунан, дайыма эле кездеше бербейт, пайда болушунун себептери ар кандай;
системалуу, тез-тез пайда болуп турат, пайда болушунун себептери бирдей.
194. Жарылбаган дүрматтөрдү өз убагында табуу үчүн жана күтүлбөгөн жерден жарылып кетишин алдын алуу үчүн, жардыруу болгондон кийин жардыруу иштеринин бардык жерлери дыкаттык менен текшерилиши керек.
195. Жардыруучу жер үстүнөн жарылбай калууну байкаса, анда жарылбай калган дүрмөттүн жанына айырмалай турган белги коюшу керек, ал эми жер астындагы шартта болсо – жер көңдөйүндөгү кендин оозун тосуу же тыюу салган белги коюшу керек жана бардык учурларда бул тууралуу жардыруу иштеринин жетекчисине кабарлашы керек.
196. Жарылбай калууларды жок кылуу менен байланышкан жумуштар жардыруу иштерин жүргүзүп жаткан уюмдун бекитилген тескемесине (буйргуна) ылайык уюмдун атайын дайындалган адамынын (жардыруу иштеринин жетекчисинин) жетекчилигинин астында жүргүзүлөт.
197. Дүрмөттөр жарылбай калган жерде жок кылууга байланышпаган кандайдыр бир иштерди аткарууга тыюу салынат.
198. Жарылбай калган дүрмөттүн табылган электр от алдыргычтарынын зымдарын кыска бекитүү зарыл.
199. Жарылбай калган дүрмөттү байкаган (же дүрмөттүн жарылбай калганына шектенген) экскаватордун машинисти төмөнкүлөргө:
тоо массасын жүктөө (кайрадан жүктөө) боюнча бардык иштерди дароо токтотууга;
локомотивдин мишинисттерине же автосамосвалдардын айдоочуларына кыймылдуу составдарын коркунучтуу зонадан чыгарып кетүү жөнүндө көрсөтмө берүүгө;
жарылбай калган дүрмөттүн жанына өзгөчөлөнгөн белги коюуга;
карьердин (уюмдун) диспетчерине дүрмөттүн жарылбай калганы байкалганы тууралуу кабарлоого жана жардыруу иштеринин жетекчисин (тоо мастерин, смена башчысын) чакырууга;
техникалык көзөмөл адамдары келгиче өзү же жардамчысы аркылуу көрсөтүлгөн коркунучтуу аймактын чегиндеги кандайдыр бир иштерге көзөмөл жүргүзүп турууга милдеттүү.
Дүрмөттүн жарылбай калган убактысы, кабыл алынган коопсуздук чаралар, ошондой эле жарылбай калуунун байкалганы тууралуу кимдерге кабарланганын, экскаватордун машинисти сменанын кабыл алуу – өткөрүп берүү журналына жазат.
200. Сузгуч жүк машинанын машинисти, тирөөчү, өткөөлчү, тоо жумушчусу, терең скважиналарды бургулоочу жана башка жер астындагы рудниктин (шахтанын) жумушчулары жарылбай калууларды тапканда, төмөнкүлөргө: бардык жумуштарды токтотууга, адамдарды коркунучтуу зонадан чыгарып кетүүгө, жер көңдөйүн жабууга жана тез арада сменанын тоо мастерине бул тууралуу кабарлоого милдеттүү.
201. Карьердин диспетчери (рудниктин, шахтанын) жарылбай калуунун байкалганы тууралуу кабарды алары менен тез арада бул тууралуу уюмдун жардыруу иштеринин жетекчисине же болбосо анын ордунда иштеп турган адамга кабарлоо керек жана жарылбай калуу болгон райондогу коркунучтуу зонанын чегиндеги жарылбоону жок кылууга байланышпаган бардык жумуштарды токтотуу үчүн керектүү чараларды көрүшү керек.
202. Жарылбаган сырткы дүрмөттү жок кылууда, ага жаңы дүрмөт салып жана кадыресе тартипте жардырууну жүргүзүү керек.
203. Көзөнөктөрдөгү жарылбаган дүрмөттөрдү, 30 см.дан жакын эмес аралыкта жардамчы көзөнөктөрдү бургулап, андагы дүрмөттөрдү жардыруу менен жок кылууга уруксат берилет. Жардамчы көзөнөктөрдүн санын, алардын жайгашкан ордун жана багытын жардыруу иштеринин жетекчиси белгилейт. Жарылбаган көзөнөктөрдүн багытын аныктоо үчүн көзөнөктүн оозунан узундугу 20 см забойкалык материалды чыгарууга уруксат берилет.
Забойкасыз жардырууда жарылбаган дүрмөттөрдү көзөнөккө кошумча патрон-тутандыргычты киргизүү аркылуу жардырууга уруксат берилет.
Жер үстүндө, ошондой эле газ же чаң коркунучу жок жер астындагы жер көңдөйлөрүндө, көзөнөктөрдөгү жарылбаган дүрмөттөрдөн чыгып калган электр от алдыргычтардын зымдары байкалган учурда, жардыруучуга коопсуз орундан электр от алдыргычтын өткөрүмдүүлүк көпүрөчөсүн мындай максаттар үчүн багытталган аспаптар менен текшерүүгө жана жарылбаган дүрмөттү кадыресе тартипте жардырууга уруксат берилет.
Газ же чаң боюнча коркунучу бар шахталарда бул ыкма менен жарылбаган, эң төмөнкү каршылык линиясы төмөндөбөгөн дүрмөттөрдү гана жок кылууга уруксат берилет.
Жарылбаган дүрмөттөрдү жок кылууда от өткөрүүчү же от алуучу шнурду, ошондой эле электр от алдыргычтардын зымдарын же тутандыруучуга киргизилген электрдик эмес жардыруу системасынын толкун өткөргүчтөрүн тартууга тыюу салынат.
204. Гидромонитор коюлган кендерде көзөнөктөрдөгү жарылбай калууларды жардыруучунун же жардыруу иштеринин жетекчисинин көзөмөлү астында суунун агымы менен жок кылууга жол берилет. Жарылбай калууну түздөн-түз жок кылуу учурунда, кенде адамдар болбоого тийиш жана сууну аралыктан туруп агызуу керек. Ошол эле учурда электр от алдыргычты суу жууп кеткен тутандыргычтан алуу чаралары көрүлүүгө тийиш.
205. Металлды жана металлдан жасалган конструкцияларды майдалоодо жарылбаган көзөнөк дүрмөттөрүн жок кылуу жаңы тутандыргычты көзөнөккө киргизип, забойканы алып салып, анан жардыруу жүргүзүлүшү керек.
206. Жарылбай калган скважиналык дүрмөттөрдү жок кылууда төмөнкүлөргө уруксат берилет:
1) эгерде жардыруу тармагынын сырткы бүтүндүгүнүн бузулуусунун натыйжасында жарылбай калуу келип чыкса (эгерде жарылбаган дүрмөттүн каршылыгынын эң төмөн линиясы азайбаса), жарылбаган дүрмөттү жардырууга. Эгерде текшерүүнүн жүрүшүндө тоо массасынын бөлүктөрүнүн чачырап кетүү коркунучу же болбосо жардырууда аба толкунунун соккусунун таасири байкалса, жарылбаган дүрмөттү жардырууга тыюу салынат.
2) дүрмөт жарылбаган скважинанын жайгашкан ордунан тоо тектерин тазалоо менен жарылбаган дүрмөттү алып чыгууга. Курамында дары, нитроэфир же гексоген бар аммиак негизиндеги жардыргыч заттардан дүрмөттү от алуучу шнурду пайдалануу менен жардырууда, жарылбаган дүрмөттөн тоо тектерин тазалоону жардыргыч материалдарга сузгучтун түздөн-түз таасирин жокко чыгарган, экскаватор менен жүргүзүүгө жол берилет.
3) жарылбаган дүрмөттүн скважинасынан 3 м кем эмес аралыкта катар бургуланган скважинадагы дүрмөттү жардыруу менен;
4) от алуучу шнурду колдонуу менен D шайкештик тобундагы жардыргыч заттарды жардырууда (түтүндүү дарыдан тышкары) – дүрмөттү скважинадан жууп салуу менен.
5) келтирилген ыкмалар менен жарылбай калууну жок кылуу мүмкүнчүлүгү болбогондо – жардыруу иштерин жүргүзүп жаткан уюмдун бекитилген техникалык жетекчиси же ал дайындаган адам бекиткен атайын иштелип чыккан долбоор боюнча;
207. Кендин жеңдериндеги жарылбаган дүрмөттөрдү жок кылуу көмөкчү жеңдердеги дүрмөттүн жеңинин узундугунан 1/3 ден кем эмес аралыкка нары өткөн дүрмөттөрдү жардыруу менен, ошондой эле ушул Эрежелердин 206-пунктунда көрсөтүлгөн ыкмалар менен жүргүзүлүүгө тийиш.
208. Жарылбаган камера дүрмөттөрүн жок кылуу забойканы чечип таштап, андан кийин ага жаңы тутандыргычты киргизүү жана кадыресе тартипте жардыруу менен жүргүзүлөт (эгерде жарылбаган дүрмөттүн эң аз каршылыгынын эң төмөнкү линиясы азайып калбаса).
Эгерде каршылыктын эң төмөнкү линиясын текшерүү учурунда тоо массасынын бөлүктөрүнүн коркунучтуу күүлөнүүсү, же жардыруу учурунда аба толкунунун соккусунун таасири байкалса, жарылбаган дүрмөттү жардырууга тыюу салынат.
Мындай учурда, кийин жардыруу заттарын алып салуу менен забойканы тазалоо керек.
Жарылбай калууну жок кылууга чейин мындай дүрмөттөр кайтарууга алынышы керек.
Жарылбаган камера дүрмөттөрүн жок кылуу үчүн, кошумча жер көңдөйлөрүн жүргүзүү зарыл болгон учурда, бул жумуштар жардыруу иштерин жүргүзгөн уюмдун жетекчиси (техникалык жетекчиси) же ал дайындаган адам бекиткен, атайы иштелип чыккан долбоор боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.
209. Жарылбаган дүрмөттү жок кылууга арналган дүрмөт жардырылгандан кийин, жарылган массаны дыкат карап чыгып, жардыргыч материалдарды чогултуу зарыл. Ошондон кийин гана, жардыруу иштеринин жетекчиси аныктаган сактануу чараларын сактоо менен жумушчулар иштерин улантуу үчүн киргизилиши мүмкүн. Табылган жардыруу материалдары уюмда белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш.
210. Массалык жардырууларда жарылбаган дүрмөттөрдү жок кылуу, жардыруу иштерин жүргүзгөн уюмдун техникалык жетекчиси же ал дайындаган адам бекиткен, атайы иштелип чыккан долбоор боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.
211. Сейсмологиялык чалгындоо иштеринде жарылбаган скважинадагы (көзөнөктөгү) жарылбаган дүрмөт, алынып чыгууга жана жарылбоонун себептери жок кылынган соң, кайрадан ошол тереңдикке түшүрүлүшү керек. Эгерде жарылбаган дүрмөттү чыгарууга мүмкүн болбосо, аны кошумча түшүрүлгөн үстүнө коймо дүрмөттү жардыруу менен жок кылуу зарыл. Башка учурларда жарылбай калууларды жок кылуу конкреттүү шарттарды эсепке алуу менен, атайын долбоор боюнча жүргүзүлөт.
212. Атуучу (жардыруучу) аппарат жарылбаганда жардыруучу зымдарды токтун булагынан ажыратуу жана аны жардыруу магистралынан өйдө көтөргөндөн кийин кыска бекитип коюу зарыл.
Скважинадан өйдө көтөрүлгөн жарылбаган атуучу (жардыруучу) аппарат жардыруучу тарабынан текшерилиши керек. Ошону менен катар тутандыруучу каражаттарды алып салып, алардын өткөргүчтөрүн кыскартуу, ал эми аппаратты дүрмөт оңдоочу жайга жеткирүү зарыл. Толук эмес жардырууда аппаратта калган жардыргыч заттардын калдыктарын чогултуу жана бекитилген тартипте жок кылуу зарыл.
Атылуучу-жардыруучу аппаратура скважинада кысылып калганда, жабдылган аппаратты жок кылуу же аны жердин үстүнө чыгаруу жумуштары буйрутмачы менен макулдашылган пландын (иш чаранын) негизинде жүргүзүлөт.
213. Муздарды жардырууда жарылбаган дүрмөттөрдү акыркы жардыруудан кийин кеминде 15 мүнөттөн кийин чыгарууга уруксат берилет.
Эгерде жарылбаган дүрмөттү чыгарып алууга мүмкүнчүлүк болбосо, ага жарылбаган дүрмөттүн массасынан 25% кем эмес жаңы дүрмөт байланып, кийин сууда жардыруу керек.
214. Ысык массивди жардырууда, жарылбаган дүрмөткө 15 мин. кийин жана температурасы 80 ̊С тан төмөн болсо, ошондой эле аммиак селитрасы бөлүнбөсө барууга уруксат берилет.
Көзөнөктөгү жардыргыч заттарынын жарылбаган дүрмөт суу менен жуулуп жок кылынууга тийиш.
215. Дүмүрлөрдү түп-орду менен кыркып жок кылууда жарылбаган дүрмөттөрдү жок кылуу көзөнөктөн забойканы кол менен сууруп (казып) чыгаруу, жарылбаган дүрмөттүн ордуна жаңысын салуу жолу жана кайрадан жардыруу аркылуу жүргүзүлүшү керек.
216. Эгерде жарылбаган дүрмөт сменада жок кылынбай калса, анда кийинки сменанын жардыруучусуна тийиштүү нускамага жана берилген тапшырма-жолдомого белги коюу менен тапшырууга уруксат берилет. Мындай учурда жумушчулар жумуш ордуна жарылбаган дүрмөттү жок кылуудан кийин, сменанын жардыруу иштеринин жетекчисинин уруксаты менен киргизилүүгө тийиш.
13-глава. Жер астындагы жер көңдөйлөрүндө жардыруу иштерин жүргүзүүдөгү кошумча талаптар
217. Жер астындагы жер көңдөйлөрүндө жардыруу иштерин жүргүзүүдө көзөнөктөрдү жана скважиналарды дүрмөттөө алдында кенди желдетүүнү камсыз кылуу, мурда жардырылган тоо массасын алып салуу, жардыруу иштерине катышпаган адамдарды тыюу салынган (коркунучтуу) зонанын чегинен бургулоо-жардыруу (жардыруу) иштеринин паспорту (долбоору) менен аныкталган жерлерге чыгаруу зарыл, мында жардыруучунун коопсуз шарттарда иштешин камсыз кылуу керек.
218. Жер астындагы жер көңдөйлөрүн дүрмөттөө жана жардыруу иштери жетекчинин көзөмөлүндө жүргүзүлүшү керек.
219. Жер көңдөйлөрүнүн каршылаш кендеринде жана катар көңдөйлөрдө жардыруу иштерин жүргүзүү төмөнкү шарттарды колдонуу менен жүргүзүлөт:
1) жакынкы кендерге 15 м аралык калганда, көзөнөктөрдү дүрмөттөөнүн алдында, каршылаш кендердеги жардыруу иштерине тиешеси жок бардык адамдар бул кендерден коркунучу жок жерге чыгарылышы керек жана каршылаш кендин кире беришинде пост коюлушу керек.
Каршылаш кендердеги көзөнөк дүрмөттөрдү бир эле убакта жардырууга тыюу салынат. Каршылаш кендердин ортосундагы бузулбаган кыртыштын өлчөмүн сөзсүз түрдө аныктоо зарыл. Жардыруучуга көзөнөктөрдөгү дүрмөттөрдү ар бир өзүнчө жардырууга уюмдун жетекчиси же ал дайындаган тарап кол койгон тапшырма-жолдомо керек. Иш жардыруу иштеринин жетекчисинин катышуусунда аткарылышы зарыл;
2) жардыруу каршылаш кенден адамдарды чыгарып кеткенден кийин жана ага пост коюлган соң гана жүргүзүлөт;
3) каршылаш жер көңдөйүндөгү пост жардыруу иштеринин жетекчисинин уруксаты менен гана алынышы мүмкүн;
4) каршылаш кендердин ортосундагы бузулбас кыртыштын аралыгы 7 м түзсө, жумуштар бир гана кенде жүргүзүлүшү керек. Мындай учурда дүрмөттөлгөн көзөнөктөрдүн тереңдигинен 1 м терең алдыга озгон көзөнөктөрдү бургулоо керек;
5) газ же чаң коркунучу бар шахта жана рудниктердеги бузулбас кыртыштын калыңдыгы 3 м болгондо, ар бир жардыруунун алдында жемирилген жер көңдөйлөрүндөгү газ өлчөнүп жана жер көңдөйү туруктуу желдетилип, ошондой эле чаңдын жарылышын алдын алуу чаралары көрүлүшү керек.
Газ коркунучу бар көмүр шахталарынын жемирилген кендериндеги газ өлчөмү жардыруу иштеринин жетекчилери жана жумушчулар тарабынан өлчөнүлгөндөн тышкары, метанды автоматтык контролдоо каражаты коюлушу керек.
220. Көмүр шахталарындагы катар жаткан жер көңдөйлөрүндө, жер көңдөйлөрүнүн ортосундагы аралык 15 м же азыраак болсо, ар бир кендеги жардыруу, катар жаткан кендердеги адамдарды бургулоо-жардыруу иштеринин паспортунда каралган коркунучу жок жерге чыгарылып жана кайтаруу посттору коюлгандан кийин жүргүзүлүшү керек.
221. ЖМнын кампасынан, участкалык пункттан, бөлүштүрүү камерасынан 30 метрден кем эмес аралыкта жардыруу иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле жардыргыч материалдарын сактоочу аты аталган жерлерден 100 метр аралыкта жардыруу иштери жүргүзүлүп жатса, бул жакта адамдардын болушуна тыюу салынат. Бул аралык жардыруу ордунан жардыргыч материалдары бар жакынкы камерага чейинки аралыкты түзөт.
222. Эгерде дүрмөттөр коюлган жерден 20 м кем эмес аралыкта уратылып алынып, тазаланбаган, жер көңдөүнүн 1/3 аянтын туурасынан кесип турган тоо массасы, вагонетка же нерселер турса, бош өткөөлдөр жок болсо, дүрмөттөрдү жардырууга тыюу салынат.
223. Таш көмүр катмарындагы жардыруу иштеринде, иштетилген көмүрдүн катмары тик болсо, анда сөзсүз жардырылган көмүрдүн жайгашышы, таш көмүр катмарына зарыл сандагы аба жана адамдар эркин өтүшү үчүн жетишерлик магазин болушу зарыл.
224. Жардыруу иштери аяктагандан кийин, эгерде жардыруунун уулуу продуктуларынын курамы углероддун шарттуу оксидинин кайра эсептөөсүнөн көлөмү боюнча 0,008 % ашпаган шартта, адамдардын жер көңдөйлөрүнө (кенге) кирүүсүнө уруксат берилет. Жер көңдөйүн желдетүү учурунда жардыруунун уулуу продуктуларынын концентрациясынын жогоруда көрсөтүлгөн өлчөмүнө 30 мүнөт убакытта жетишүүгө болот.
Жардыруунун зыяндуу продуктуларын текшергенде 1 л азот диоксидин 6,5 л углероддун оксидине барабар кылып саноо керек.
225. Көмүрдү катмар-катмары менен уратуу учурунда, кендердин биринде жардыруу иштери жүргүзүлүп жатса, тазалоочу кенде ийилчээк калканын, төшөмө же таңгактын алдында адамдардын болушуна жол берилбейт.
Көмүр катмарында, камераларда, көмүр катмарынын үстүнкү оюктарында, ошондой эле көмүр катмарларынын тик жана эңкейип түшкөн желдеткич штректерде жардыруу учурунда, ушул Эрежелердин талаптарын жана бургулоо-жардыруу иштеринин паспортунда көрсөтүлгөн адамдарды уулуу газдар менен уулантуунун алдын алуу боюнча чараларын аткаруу шарты менен жардыруучунун аба агымы кирген кен көңдөйлөрүндө жүрүүсүнө жол берилет.
226. Жасалма тоңдурулган тектердеги же кысылган абанын (кессон) зонасындагы жардыруу иштери атайын иштелип чыккан долбоор боюнча жүргүзүлүшү керек.
227. Шахтанын стволдорунун өткөөлүндө жана тереңинде жардырууну үстүнөн же иштеп жаткан мейкиндиктен жүргүзүүгө уруксат берилет. Жардыруу жүргүзүп жаткандар абанын таза агымы кирген жер көңдөйлөрүндө болушу керек.
228. Патрон-тутандыргычтарды жердин үстүндө долбоордун документтерине ылайык атайын жасалган, стволдон, имараттан жана курулуштан 50 м кем эмес жайгашкан орун жайларда (дүрмөт будкасы) даярдоого уруксат берилет.
229. Тутандыргычтарды түбүнөн түшүрчү челектерде түшүрүүгө- көтөрүүгө тыюу салынат.
Стволдун үстүнкү кабыл алуучу аянтынан жогоруда челектин көтөрүлүүсүнө тоскоол кылуучу нерселер жок жана тосмологон түзүлүш оң болсо, көңтөрүүчү челектерде түшүрүү-көтөрүүгө уруксат берилет.
Түшүрүү-көтөрүүнүн ылдамдыгы багыттоочусу жок кыймылдаганда 1 м/секундадан жана багыттоочу менен кыймылдаганда 2 м/секундадан ашпашы керек.
230. Стволго патрон-тутандыргычтарды түшүрүү атайын сумкаларда (ящиктерде) жардыргыч заттардан өзүнчө жардыруучунун коштоосу менен жүргүзүлөт. Бул учурда стволдун кенинде дүрмөттөө менен алек болгондор жана насостун машинисти гана болушу керек.
Иш текчесинде жана чоюлма алкакта раструбалар аркылуу челектерди коштоп жүргөн адамдар болушуна уруксат берилет. Шнурларды дүрмөттөп жатканда бул текчелерде башка жумуштарды жасоого тыюу салынат.
231. Шахтанын стволундагы суу толгон кенде электр жардыруу тармагы антенналык зымдардын жардамы менен монтаждалат. Зымдар тартылган орнотмолордун бийиктиги, суу антеннага жетпегендей деңгээлде болушу керек.
Мындай учурда электр от алдыргычтардын узундугу зымдын учтарын кошумча бириктирүүлөрсүз эле антенналарга кошуп коюуга мүмкүндүк берген узундукта болушу керек.
232. Жардыруучу электр жардыруу тармагын монтаждоону бардык жумушчулар кенден чыгарылып кеткенден кийин жүргүзүшү керек (сигналдарды берүүгө жооптуулардан жана өткөөл текчесин тейлегендерден башкасы).
233. Магистралдык зымдар катарында, өткөөл текчесинин деңгээлинен ылдый түшпөгөн, ным өткөрбөгөн кабыкчасы бар ийилгич кабелди пайдалануу зарыл.
234. Жардыруу тармагынын монтаждоосу бүткөндөн жана бардык адамдар жердин үстүнө чыгарылгандан кийин стволдо бардык боштуктар ачылышы керек.
235. Жардыруу иштери жер астындагы жана жер үстүндөгү курулуштарга жакын жүргүзүп жатканда, бургулоо-жардыруу (жардыруу) долбоору боюнча бул курулуштарды эксплуатациялаган мекемелер менен макулдашкандан кийин жүргүзүлүшү керек.
236. Шаардын шартында шахтанын стволдоруна өткөөл жасоодо жана суунун агымы көп болгондо, патрон-тутандыргычтарды стволдун кенинин биринчи текчесинде же атайын орнотулган текчеде даярдоого уруксат берилет.
237. Электр жардыруунун жардамы менен тоннелдердин өткөөлдөрүн жасоодо өткөөлдөгү бардык жабдыктардын чыңалуусу дүрмөттөөгө чейин алынып ташталышы керек.
Патрон-тутандыргычтарды түздөн-түз тоннелдик жасалгалоочу төшөгүчтүн аянтчаларында же калканчта даярдоого тыюу салынат.
238. Көтөрүлүүчү жогорку штольняларды бөлгөндө бир эле убакытта карама- каршы кендерде жардырууга тыюу салынат.
239. Калоттордогу жардыруу иштери бургулоо-жардыруу (жардыруу) иштеринин долбоору боюнча, тоннелди куруп жаткан уюмдун жетекчиси менен макулдашылгандан кийин гана жүргүзүлөт.
Бир эле убакытта калоттун эки канатында жардырууга тыюу салынат.
240. Газ жана чаң боюнча коркунучу бар шахталарда жана рудниктерде жардыруу иштерин жүргүзгөндө, ар бир жолу көзөнөктөрдү дүрмөттөөнүн алдында, аларды жардыруунун жана жардыруудан кийин кенди кароонун алдында метандын концентрациясы кендин бардык кесилишинде канча экенине ченөө жүргүзүшү керек. Кенде жана андан 20 м аралыктагы уланган жер көңдөйлөрүндө, ошондой эле жардыруучу жашынган жерде метандын концентрациясынын курамы 1% же андан көп болсо жардыруу иштерин аткарууга тыюу салынат.
Жардыруучу жашынган жерде метандын концентрациясын өлчөө ар бир жолу электр жардыруу тармагын жардыруу шайманына кошоордун алдында жүргүзүлүп турууга тийиш.
241. Газ жана чаң жагынан коркунучу бар көмүр шахталарда жана рудниктерде жардыруу иштери тынбай жана туруктуу желдетилген жер көңдөйлөрүнүн кендеринде, чаң жарылуусунан коргоочу тиешелүү чаралар көрүлгөн учурда жүргүзүлүшү керек.
Метанды көп бөлүп чыгаруучу жер көңдөйлөрүндө токтун булагы катары учкун коркунучусуз жардыруучу аспаптар гана пайдаланылышы керек.
Метанды көп бөлүп чыгаруучу жер көңдөйлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- чуңкурлуу участкалардын катмарларындагы метанга салыштырмалуу молдугу 10 м3/т жана андан жогору жана газга абсолюттуу молдугу 3 м3/мин. жана андан жогору чаң жагынан коркунучтуу бардык кен көңдөйлөрү;
- чуңкурлуу участкалардын катмарларындагы метанга салыштырмалуу молдугу 15 м3/т жана андан жогору жана газга абсолюттуу молдугу 3 м3/мин. жана андан жогору чаң жагынан коркунучтуу эмес бардык жер көңдөйлөрү;
Абдан татаал шарттарда (солкулдатып жардырууларда, көмүр түшүрүүчү кен көңдөйлөрүн өздөштүрүүдө, тектин көлөмдүү эмес бөлүктөрүн майдалоодо, тазалануучу кендерде чатырын жардыруу менен отургузууда, чуңкурлуу участкаларда оңой менен бузулбаган чатырчаларды бошотуучу жер астындагы жардырууларда, жарылбай калууларды жок кылууда) жардыруу иштери сменадагы (участкадагы) ишти жүргүзүүнүн коопсуздугу үчүн жооптуу болуп дайындалган адамдын катышуусунда жана анын жетекчилиги астында жүргүзүлүшү керек.
242. Газ бөлүнүп чыккан же жарылуучу чаңы бар тазалоочу, даярдоочу кендердеги жана жер көңдөйлөрүнүн кээ бир участкаларындагы жардыруу иштери ар бир кен (жер көңдөйү) үчүн жардыруу иштерин жүргүзгөн уюмдун буйрук документинде бекитилген режимди сактоо менен жүргүзүүгө жол берилет. Режимде кендин аталышы, пайдалануучу жардыргыч заттын түрү, жана жардыруу каражаттары, дүрмөттөөдөн баштап, жардыруу иштеринин аныкталган убактысы, желдетүү убактысы, кенди кароо, адамдарды чыгаруучу жерлер жана жардыруучунун жашынуучу жери, кирген абанын агымынын кыймылынын жолунда адамдардын болушу көрсөтүлөт.
243. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) аралаш тек боюнча жардыруу жолу менен жүргүзүлгөн даярдалган жер көңдөйлөрүнүн туюк кендериндеги газы бар көмүр катмарын жарым-жартылай бургулоого;
2) тазалоочу кендерде комбайндардын, сүрткүчтөрдүн алдындагы көмүр массивин алдын ала копшоого. Бул талап адамдардын катышуусусуз көмүр алууга, суудагы жардырууга, ошондой эле геологиялык бузулуулардын зоналарында текти жана көмүрдү толук уратууга таратылбайт.
244. Тиешелүү жардыргыч материалдарын тандоо жардыруунун шарттарына, анын ичинде ушул Эрежелердин 4-пунктунда көрсөтүлгөндөй ыңгайлуулук топторуна, жана төмөндө саналган талаптарга ылайык алдын алуучу коргоо чөйрөсүн түзүүнүн зарылдыгына жараша жүргүзүлөт.
245. Корголбогон II-класстагы жардыруучу заттарды төмөнкү учурларда колдонууга уруксат берилет:
1) түз жаткан, жантайма, көтөрүлүүчү жана тик жер көңдөйлөрүндө жүргүзүү, аракеттеги горизонтто шахта стволун тереңдетүү үчүн, төмөнкү шарттарда:
кенде көмүр катмарлары, жука кен катмары жокто, ошондой эле метан бөлүп чыгарууда;
жардыруунун алдында кендин өтө жогору чекитин эсепке алганда 20 см.дан кем эмес, тереңдетилип жаткан кендин стволун суу каптап кеткенде;
кендин каалаган чекитинен көмүр катмарына чейин (ага жакындаганда) нормал боюнча эсептегенде 5 метрден кем эмес артта калганда. Катмарды жер көңдөйүндөгү кен кесип өткөндө, кендин каалаган чекитинен катмарга чейинки аралык жер көңдөйүнүн узундугун эсепке алганда 20 метрден ашык болууга тийиш;
көмүр катмарларын жана жука катмарларды кесип өткөндөн кийин катмарды изоляциялоо боюнча иш жүрүп жаткан монолит түркүк менен бекемделген жер көңдөйүндө;
2) газ же чаң жагынан коркунучу бар шахта жана рудниктердин же шурфтардын үстү менен өткөн кенде, анын ичинде бул кендер күтүлбөгөн жерден көмүр, тек жана газ бүркүү боюнча коркунучтуу катмарларды кесип өткөндө, төмөнкү шарттар аткарылганда:
кенди жардыруунун алдында кендин эң жогорку чекити боюнча эсептегенде 20 см.дан кем эмес бийиктикте суу каптап кеткенде. Стволду жасалма тоңдурулган текте өткөрүүдө же суу агымы жокто кенди сууга каптатуунун ордуна башка чаралар кабыл алынышы керек;
стволдо жана андан 50 метрден кем эмес аралыкта кишилер жок учурда анын үстүнөн жардырууну жүргүзүү;
3) суу чачыратуучу чүмбөттү туман образдуу чүмбөт менен айкалыштырып колдонуп, жер көңдөйлөрүндөгү бүркүп жиберүү коркунучу бар тектерде солкулдатып жардырууда. Дүрмөттөрдү жардыруу үстүнөн же камера-коргоо жайларында шахтада адамдар жок болгондо жүргүзүлүшү керек;
4) кокусунан эле көмүр жана газ бүркүүчү катмарларда көмүр массивинин чатырындагы тоо тегин бошотуу боюнча иштерди жардыруу иштерин жүргүзгөн уюмдун техникалык буйругу менен бекитилген коопсуздук боюнча чараларды жүзөгө ашыруу шарттарында жүргүзүүдө;
5) топурак менен ылайды жырып кетүү коркунучу бар участкаларда калканч үстүндөгү коргоочу жаздыктарды түзүү үчүн скважиналык дүрмөттөрдү пайдаланууда;
6) механикалаштырылган тазалоочу кендерде оңой менен урабаган чатырды алдын ала бошоңдотуу үчүн.
246. Ушул Эрежелердин 245-пунктунда саналган жумуштарды аткарууда тоо тегинин бекемдигине жана жардыруунун шарттарына жараша төмөнкү жардыргыч заттар пайдаланышы керек:
горизонталдык жана жантайыңкы жер көңдөйлөрүн жүргүзүп жатканда, төмөндө саналган 245-пункттун 1-пунктчасында (стволдорду тереңдетүүдөн тышкары) жана 3-пунктчасында катуулугунун коэффициенти f 7ден аз тоо теги боюнча, ошондой эле оңой менен урабаган ар кандай бекемдиктеги тоо тегин бошотууда – тротилге караганда сезгичтиги жогору сенсибилизаторлору жок жардыргыч заттар;
горизонталдык жана жантайыңкы жер көңдөйлөрүн жүргүзүп жатканда, төмөндө саналган 245-пункттун 1-пунктчасында (стволдорду тереңдетүүнөн тышкары) жана 3-пунктчасында катуулук коэффициенти f 7ден 10го чейинки тоо тегинде гексоген же нитроэфирлер курамында бар жардыргыч заттарды колдонууга үңкүр көзөнөктөрдө гана жол берилет. Калган бардык көзөнөктөрдө тротилге караганда сезгичтиги жогору сенсибилизатору жок жардыргыч заттар колдонулушу керек;
горизонталдык жана жантайган жер көңдөйлөрүн жүргүзүүдө бекемдик коэффициенти f=10 жана андан жогору тоо тектери боюнча каалаган жардыруу материалдарын колдонууга жол берилет;
245-пункттун 2, 4 жана 5-пунктчасында саналып өткөн шарттарда, ошондой эле стволдорду тереңдетүүдө бардык жардыргыч заттарды пайдаланууга жол берилет.
247. III класстагы сактагыч жардыргыч заттарды төмөнкү учурларда пайдаланууга уруксат берилет:
1) жарылуучу чаңы жок жана метан бөлүп чыгарган тоо тегинде гана, анын ичинде бүркүп жиберүү коркунучу бар тоо тегинде жүргүзүлгөн жер көңдөйү кенинде;
2) кендин стволдорунда, тоо теги боюнча, иш жүрүп жаткан мейкиндикте аны тереңдетүүдө жана андан метан бөлүп чыкканда;
3) катмарларды жылаңачтоого чейин сууну чачыратуучу тосмолорду колдонуу жана катмар менен жер көңдөйүнүн кенинин ортосунда жер көңдөйүнүн бардык аянт боюнча кесилишинде тоо тегинин кабыкчасы бар шартта, кокусунан эле көмүр жана газ бүркүү коркунучу бар катмарларды ачууда. Кабыкчанын өлчөмү (түз жана тик санаганда) тик катмарларды ачканда 2 метрден кем эмес жана жантайма катмарларды ачканда 1 метрден кем болбошу керек.
248. IV класстагы сактагыч жардыргыч заттар төмөнкү учурларда пайдаланылат:
1) чаңдын жарылуу коркунучу бар, метан бөлүнүп чыкпаган көмүр катмары боюнча жүргүзүлгөн жер көңдөйүндөгү көмүр жана аралаш кенде;
2) газ же чаң коркунучу бар, жардыруу иштеринин учурунда метан көп бөлүнүп чыкпаган катмар боюнча жүргүзүлгөн жер көңдөйүндөгү түз жаткан, жантайма, көтөрүлүүчү (10°) көмүр жана аралаш кенде;
3) солкулдатып, анын ичинде камуфлеттик жардыруу менен көмүр катмарын аны жылаңачтагандан кийин ачууда жана андан соң 20 метрден кем эмес жер көңдөйүн жүргүзүүдө;
4) бут штректерде тоо тектерин астынан жардыруу менен;
5) бут штректерде метандын салыштырма молдугу 10 м3/т аз чуңкур участкаларда тоо тектерин үстүнөн жардыруу менен;
6) кокусунан эле көмүр жана газ бүркүү коркунучу бар катмарларда жүргүзүлгөн жер көңдөйүндөгү аралаш кенде тоо тектерин жардырууда, озуп кетүүчү тоо тектүү кенде;
7) жардыруу иштерин колдонбостон эле көмүр алууну алдын ала жүргүзүү шартында, жардыруу иштеринде метанды көп чыгарган жер көңдөйүндөгү аралаш кенде f > 4 каптал тоо тектерин жардыруу үчүн;
8) Көмүр катмарындагы көмүрдү жардыруу менен алууда;
9) жер көңдөйүн желдетүүнү жалпы шахталык депрессиянын эсебинен камсыз кылган, алдын ала бургуланган диаметри 500 мм кем эмес скважинасы бар 45°дан жогору бурч менен кулаган катмарларда көтөрүлүүчү жер көңдөйүн (меш) жүргүзүүдө;
249. V класстагы сактагыч жардыргыч заттар төмөнкүлөрдө колдонулат:
1) жардыруу иштеринде метанды көп бөлүп чыгарган жер көңдөйүндөгү түз жаткан, жантайма жана көтөрүлүүчү (10° чейин) көмүр жана аралаш кенде. Аралаш кенде көмүр жана тоо теги боюнча бирдей эле жардыргыч зат колдонулат;
2) жер көңдөйүн желдетүүнү жалпы шахталык депрессиянын эсебинен камсыз кылган, алдын ала скважина бургуланган метан бөлүп чыгарган жер көңдөйүндөгү көтөрүлүүчү (10° жана андан ашуун) көмүр жана аралаш кенде;
3) метанды көп чыгарган кенге кирбеген көмүр катмарынын оюгунда;
4) метандын салыштырма молдугу 10 м3/т жана жогору чуңкурлуу участкада кыртыштын үстүн жардыруу менен жүргүзүлгөн бут штректеринде;
5) жардыруу иштерин колдонуусуз алдын ала көмүрдү алуу шартында, жардыруу иштеринде метанды көп бөлүп чыгарган жер көңдөйүндөгү аралаш кенде f = 4 жана андан аз каптал тоо тектерин жогорку жана аралаш жардыруу үчүн.
250. VI класстагы сактагыч жардыргыч заттар колдонулат:
1) метанды көп бөлүп чыгарган көмүр катмарынын жогорку оюктарында;
2) алдын ала скважина бургулоосуз жүргүзүлгөн метан бөлүп чыгарган жер көңдөйүндөгү көтөрүлүүчү (10° жана андан ашуун) көмүр кенинде;
3) метан бөлүп чыгарган бузулган массив (анын ичинде бузулган массивди кыркуу менен жүргүзүлгөн жер көңдөйүндөгү кенде) аркылуу жүргүзүлгөн жер көңдөйүндөгү кенде. Көзөнөктөрдүн тереңдиги 1,5 метрден, ал эми көзөнөктөгү патрондолгон жардыргыч заттын дүрмөтүнүн массасы 0,6 кг.дан ашпоого тийиш.
4) көмүр катмарынын артынан жүргүзүлгөн желдеткич штректердеги f = 4 жана андан аз тоо тектерин үстүн жана аралаш жардыруу үчүн.
251. VII класстагы сактагыч жардыргыч заттар атайы жардыруу иштеринин төмөнкү түрлөрү үчүн колдонулат:
1) көмүр түшүрүүчү жер көңдөйүндө тоо массасынын салаңдашын жоюу;
2) көлөмдүү эмес кесектерди сырткы дүрмөт менен майдалоо;
3) чатырды отургузууда жыгач тирөөчтөрдү жардырып талкалоо.
252. Жер көңдөйүндөгү бардык кендерде, солкулдатып жардыруу жүргүзүлгөндөн тышкары, ошондой эле атайы жумуштарды аткарууда ушул Эрежелердин 245-250-пункттарында көрсөтүлгөндөргө салыштырмалуу жогорку класстагы сактагыч жардыргыч заттарды колдонууга жол берилет.
253. Газ бөлүп чыгарган же жарылуучу көмүр чаңы бар жер көңдөйүндөгү кенде көз ирмемдик жана кыска-жай аракеттеги, сактагыч электр от алдыргычты гана колдонууга уруксат берилет.
Мындай учурда төмөнкү шарттар сакталууга тийиш:
1) кыска-басаңдоочу аракеттеги электр от алдыргычтын жалпы максималдуу басаңдатуу убактысы - иштеген убактысы боюнча айырма эсебин алганда IV класстагы жардыргыч заттарды колдонууда - 220 мс, V жана VI класстагы жардыргыч заттарды колдонууда - 320 мс ашпоого тийиш;
2) көмүр боюнча даярдалган жер көңдөйлөрүндө жана тазалоочу кендердин комбайн оюктарында машинасыз эле көмүр кениндеги бардык дүрмөттөр жардыруучу аспаптын тогунун бир эле тутандыруусу менен жардырылууга тийиш;
3) көмүр кенинин узундугу 5 метрден ашуун болсо аны участканын узундугу боюнча бөлүүгө жана ушул Эрежелердин 259-пункттунун талаптарын сактоо менен алардын ар биринде жардырууларды өзүнчө жүргүзүүгө уруксат берилет;
4) каптал тоо тектерин жардыруу менен көмүр боюнча жүргүзүлгөн даярдык көрүлгөн жер көңдөйлөрүндө, көмүр жана тоо теги боюнча көзөнөктөрдөгү дүрмөттөрдү жардыруу өзүнчө да, бир убакта да (бир кенде же анын бири озуп кетүү менен) жүргүзүлүшү мүмкүн, бирок бөлүп-бөлүп жардыруу жер көңдөйүн жүргүзүүнүн башталышында озуп кетүүчү кирүүнү түзүү учурларынан тышкары, бирок 5 метрден көп эмес, көмүргө жана тоо тегине бирден ашык эмес циклде шахтанын жетекчисинин уруксаты боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш.
254. Жардыруучуга жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн ар кандай класстагы жардыргыч заттарын берүүгө, ошондой эле сактагычтуу жана сактагычсыз электр от алдыргычтарын, анын ичинде ар кандай кендер үчүн, эгер анын биринде чоң жайлаткычы менен же эң төмөнкү класстагы жардыргыч заты колдонулса, кыска-жайлаткыч жана жайлаткыч аракеттеги электр от алдыргычтарды бир убакта берүүгө тыюу салынат,
255. Жардыруучунун жашынган орду жалпы шахталык депрессиянын эсебинен таза аба агымы менен желдетилген жер көңдөйүндө жайгашууга тийиш жана жардыруу ордунан төмөнкүдөн кем эмес аралыкта орун алууга тийиш:
1) түз жаткан жана жантайма (10°га чейин) даярдык көрүлгөн жер көңдөйлөрүндө, көлөмдүү эмес кесектерди сырткы дүрмөттөр менен майдалоодо, ошондой эле көмүр катмарынын четин жардырууда - 150 метр;
2) жантайма, анын ичинде көтөрүлүүчү (10°тан ашуун) даярдык көрүлгөн жер көңдөйлөрүндө - 100 метр, бирок түз жаткан жер көңдөйүндө жана жер көңдөйүнүн оозунан 10 метрге жакын эмес, же анын башка бир жер көңдөйү менен жанаша турган жер көңдөйү үчүн сөзсүз түрдө;
3) 18°ге чейинки бурчтагы жаткан көмүр катмарында (катмарда) - 50 метр;
4) 18° жана андан көп бурчта жаткан көмүр катмарында (катмарда) - 50 метр, бирок штректеги көмүр катмары (катмар) менен жанышадагыдан 20 метр алыс эмес;
5) камера тибиндеги тазалоочу кенде, ошондой эле көмүр катмарын өчүрүүдө - 200 метр;
6) калканчтуу кенде – 50 метр, бирок кыймылдама мештен 20 метр жакын эмес;
7) көтөрүлүүчү жер көңдөйлөрүндө тоо тектерин жана көмүрдү өткөрүүдө - 150 метр;
8) жердин бетинен стволдорду (шурф) жүргүзүүдө - 50 метр.
256. Жардыруучунун жашынган ордун, кароол постторунун, башка адамдардын жайгашуусун бардык учурларда бургулоо-жардыруу иштерин эсепке алуу менен долбоорлордо, паспорттордо же схемаларда аныктоо керек, жардыруучу жашынган орундан жардыруучунун артында орун алган кароол постторуна чейинки аралык 10 метрден аз болбоого тийиш жана кароол посту жайгашкан орундан калган адамдар жайгашкан жерге чейинки аралык да 10 метрден кем болбоого тийиш.
257. 100 метрден ашуун созулган туюк жер көңдөйлөрүндө көмүр жана аралаш кен боюнча жардыруу иштерин жүргүзүү жардыруучунун жашынган ордунан жардыруу станциясына чейин туруктуу жардыруу магистралы төшөлгөн шартта жүргүзүлүшү керек.
258. Ар бир циклдеги дүрмөттөрдү дүрмөттөөгө жана жардырууга, анын ичинде көмүр жана тоо тектери боюнча бөлүп жардырууга, кенди желдеткенден, метандын курамын ченегенден, жарылган көмүрдү тазалагандан, кендин жана ага 20 метрден кем эмес аралыкта жакын жаткан жер көңдөйүндөгү чаңдын жарылуусунан коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзгөндөн кийин гана жол берилет.
259. Газ же чаң коркунучу бар (кокусунан эле жарылуучу коркунучтууларынан тышкары) катмарлардан тазалоочу кенде тазалоочу кенди узундугу боюнча участкаларга бөлүүгө, бөлүп жардырууга уруксат берилет. Ар бир участкадагы дүрмөттөрдү дүрмөттөөгө жана жардырууга мурдагы участкадагы дүрмөт жарылгандан, уратылган көмүр тазалангандан, кен бекемделгенден жана газ жана көмүр чаңынын жарылуусун алдын алуу боюнча чаралар кабыл алынгандан кийин гана жол берилет.
260. Көмүр жана тоо тектери боюнча даярдалган жана кесилген жер көңдөйлөрүнүн башка жер көңдөйлөрүнөн 5 м узундукта жанаша кошулуусу байкалганда, тирөөчтүн бузулушу, тоо тектеринин уроо, ошондой эле кабелдердин жана зым түтүктөрүнүн зыян тартуу коркунучун азайтуу максатында көзөнөктөрдүн узундугун жана жардыргыч заттардын дүрмөттөрүн кыскартууну эске алуу зарыл.
261. Даярдык көрүлгөн жер көңдөйлөрүнөн тоо тектүү жана аралаш кенде газ бөлүнүп чыкса, көз ирмемдик жана кыска-жай аракеттеги электр от алдыргычтарды колдонууга уруксат берилет. Мында жайлатуунун максималдуу убактысы ушул Эрежелердин 262-пункттундагы талаптарды эске алуу менен аныкталууга тийиш.
Кенде дүрмөттөрдүн комплектин бөлүп жардыруу жүргүзүүгө жол берилет, бирок үч жолудан көп эмес. Көзөнөктөрдү ар бир жолку дүрмөттөө мурдагы жардыруу жүргүзүлгөндөн кийин жана кенде жардыруу жана башка иштердин коопсуздугун камсыз кылуу чаралары кабыл алынганда жүргүзүлүүгө тийиш.
262. Метан бөлүп чыгарбаган жер көңдөйүнүн тоо тектери боюнча жардырууда – жардыруу иштери көз ирмемдик, кыска-жай жана 2 с.га чейин убакытка жайлатылган аракеттеги электр от алдыргычтарды колдонуу менен жардыруу санын жана жайлатуунун өткөрүүчү сериясын чектөөсүз жүргүзүүгө мүмкүн.
263. Газ бөлүп чыгарган же жарылуучу көмүр чаңы бар (чатыры жардырылган бут штректеринен тышкары) жер көңдөйүндөгү кенде 60 мс.дан (номиналы боюнча) ашпаган жайлатуу аралыгы менен кыска-жай аракеттеги электр от алдыргычтарын колдонууга уруксат берилет. Чатыры жардырылган бут штректеринде көз ирмемдик аракеттеги электр от алдыргычтарын колдонууга уруксат берилет.
264. Кендеги дүрмөттөрдү жардырууга жайлатылган аракеттеги электр от алдыргычтарды колдонууга уруксат берилет. Мында газ бөлүп чыгаруу жана жарылгыч чаң жок болгондо II класстагы сактоочсуз жардыргыч заттарды пайдаланууга жол берилет.
265. Сактоочсуз жардыргыч заттарды жана жайлатылган аракеттеги электр от алдыргычтарды пайдаланууга жол берилген жер көңдөйлөрүндөгү кендин биринде колдонууга жана жардыруучулардын бирине ар кандай иштөө жөндөмдүүлүгүндөгү сактоочсуз жардыргыч заттарды же сактоочсуз жана сактагыч жардыргыч заттарды иштөө жөндөмдүүлүгү аз жардыргыч заттарды контурлуу көзөнөктөрдө гана жайгаштыруу шартында берүүгө жол берилет. Газ же чаң коркунучу бар көмүр катмарынын же жука катмарчасынын багытында 5 м аралык менен (алардан тик жана түз эсептегенде) мындай жер көңдөйлөрүн жүргүзүүдө, ошондой эле алардын кесилишинен кийин 20 м аралыкта (жер көңдөйүнүн узундугун эсепке алганда) сөзсүз түрдө сактагыч жардыргыч заттарын жана көз ирмемдик жана кыска-жай аракеттеги электр от алдыргычтарды газ же чаң коркунучу бар кен үчүн ушул Эрежелерде каралган коопсуздук чараларын сактоо менен колдонуу керек.
266. Бир көзөнөктө ар кандай класстагы жардыргыч заттарды жана туташ дүрмөттө – бирден ашык патрон-тутандыргычты жайгаштырууга тыюу салынат.
267. Көмүр жана тоо тектери боюнча жардырууда көзөнөктөрдүн минималдуу тереңдиги 0,6 м болушу керек.
268. Эки патрон жана андан көп жардыргыч заттардан турган дүрмөттү көзөнөккө бир убакта киргизиш зарыл. Тутандыргычты өзүнчө кошсо болот.
269. Забойка катары топурак, топурактын кум менен аралашмасы, топурактан же топурак менен кумдун аралашмасынан же ошого окшош материалдардан бекиген забойка менен бирге кошулган көзөнөктөгү суузабойка колдонулушу керек.
270. Көмүр жана тоо тектери боюнча жардырууда забойканын минималдуу чоңдугу бардык забойка материалдары үчүн төмөндөгүлөрдү түзүүгө тийиш:
1) көзөнөктүн бийиктиги 0,6 - 1,0 м болгондо – көзөнөктүн тереңдигинин жарымы;
2) көзөнөктүн тереңдиги 1 м.ден ашык болгондо - 0,5 м;
3) скважинадагы дүрмөттөрдү жардырууда - 1 м.
271. Жардыргыч заттардын дүрмөтүнөн жакынкы жер үстүнө чейинки аралык көмүр боюнча 0,5 м.ден кем эмес жана тоо тектеринде, анын ичинде көлөмдүү эмес тоо тектерин жардырууда 0,3 м.ден кем эмес болууга тийиш. Көмүрдү жардырууда VI класстагы жардыргыч заттарын колдонууда бул аралыктын 0,3 метрге чейин кыскарылышына жол берилет.
272. Аралаш көзөнөк дүрмөттөрүнүн ортосундагы жол берилген минималдуу аралык ушул Эрежелердин 9-тиркемесинде келтирилген көрсөткүчтөргө ылайык болушу керек.
f > 10 тоо тектериндеги аралаш көзөнөк дүрмөттөрдүн ортосундагы аралык бургулоо-жардыруу (жардыруу) иштеринин долбоорунда аныкталууга тийиш.
273. Чаң боюнча коркунучу бар катмарлардагы көмүрдү же көмүрдүн каптал тоо тектерин жардыруу менен жүргүзүлгөн кенде, кен сыяктуу эле, кенге тутумдаш дүрмөттөр жарылган жерден 20 м.ден кем эмес узундукта жер көңдөйүндө ар бир жардыруу алдында сланцтоо же чөгүп калган көмүр чаңын нымдагыч менен суулоо зарыл.
Чаң жарылуу коркунучу бар катмарлардагы тазалоочу кен иштетилген кесимде тосулган көмүрдү же оюктагы көмүр катмарын жардырууда да сланцтоо же кенге жакын мейкиндикти нымдагычты колдонуу менен суулоо керек.
274. Солкулдатып жардыруу күтүүсүздөн көмүр бүркүү коркунучу бар катмарларды иштетүүдө, ошондой эле күндөлүк божомолдоодо же казуу учурунда “коркунучтуу” белгисин алган коркунуч туулган катмарларда, чачыроонун кесепеттеринен адамдарды коргоого багытталган, аныкталган режимде жүргүзүлүүгө тийиш, анын ичинде:
1) түз жаткан, жантайма (үстүнөн ылдый жүргүзүлгөн) жана 10° чейин жантаюу бурчу бар көтөрүлүүчү жер көңдөйлөрүн кошуп алганда, ошондой эле тазалоочу кенде көмүрдү уратуу үчүн;
2) бүркүү коркунучу бар кубаттуулугу 0,1 м.ден жогору көмүр катмарын жаруу;
3) коркунуч туулган көмүр катмарларын ачууда, эгер болжолдоо аркылуу бүркүү коркунучунун көрсөткүчтөрүнүн коркунучтуу мааниси аныкталса же жаруу алдында божомол жүргүзүлбөсө;
4) 600 м жана андан көп тереңдикте кумдакты жарууда, эгер божомол менен кумдактын бүркүү коркунучу аныкталса же жаруу алдында чачыроо коркунучуна божомол жасалбаса;
5) бүркүү коркунучу бар кумдак боюнча жер көңдөйүндө жүргүзүлсө.
Ушул Эрежелердин солкулдатып жардырууга карата талаптары кокусунан эле көмүр жана газ чачыроосунун алдын алууга багытталган катмардагы жана катмардан тышкары (алдыңкы) торпедалоого да таралат.
Катмарларды жарууда, ошондой эле тазалоочу жана даярдык көрүлгөн жер көңдөйлөрүндө корголгон аймактын чегинде солкулдатып жардыруу үчүн каралган режимди сактабастан жүргүзүүгө жол берилет.
275. Күтүүсүздөн бүркүү коркунучу бар көмүр катмарлары жана тоо тектери боюнча жүргүзүлгөн жер көңдөйү үчүн бургулоо-жардыруу иштеринин паспортунун параметрлерин тандоо жер көңдөйүнүн кесилишинин бардык аянтында көмүрдү (тоо тектерин) толук уратуу камсыз кылынышы керек. Эгер солкулдатып жардырууда кендин талап кылынган конфигурациясына жетишилбесе, жер көңдөйүн контурлоо боюнча кайрадан силкилдетип жардырууну өткөрүү керек.
Геологиялык бузулуулар бар жерде көмүр жана тоо тектери боюнча жардырууну бир убакта жүргүзүү керек.
Аралаш кенде жер көңдөйлөрүн жүргүзүүдө көмүрдү алдыга озуп кетүүчү жардыруу менен уруп сындырууга кендин тоо тегинен 5 метрден көп эмес артта калышына уруксат берилет.
Аралаш кенде жер көңдөйлөрүн жүргүзүүгө алдыга озуп кетүүчү жардыруу менен тоо тектерин уратуу катмардын кубаттуулугу 0,8 м.ге чейин болгондо гана жүргүзүлүүгө тийиш.
276. Солкулдатып жардыруудан кийин кенди тариздөө үчүн машиналарды, механизмдерди жана кол менен уруучу куралдарды колдонууга тыюу салынат.
277. Солкулдатып жардыруу колдонулган ар бир кен үчүн жардыруу иштерин жүргүзгөн уюмдун буйругу менен түзүлгөн жана бекитилген коопсуздук чараларынын нускамасы жана мындай жардыруунун технологиясын белгилеген тартип колдонулат. Нускама жер үстүндөгү жайгашкан солкулдатып жардыруунун жооптуу жетекчиси менен телефондук сүйлөшүүлөрдүн жазууларын эске алууга тийиш.
278. Бургулоо-жардыруу иштеринин паспорту жана солкулдатып жардыруу боюнча нускама менен солкулдатып жардыруу менен байланышкан жардыруу иштеринин жетекчилери жана солкулдатып жардыруу жүргүзүлүүчү участканын жумушчулары кол коюу менен тааныштырылууга тийиш.
279. Солкулдатып жардыруу жумушчу эмес сменада же смена аралык дем алыштарда жүргүзүлөт. Солкулдатып жардыруу убактысынын аралыгы, солкулдатып жардыруу жүргүзүүнүн тартиби жана аны аткарууга жооптуу адамдар уюмдун буйругу менен бекитилиши керек. Эксплуатациялык шахтада адистештирилген уюм мейкиндикти даярдаган учурда мындай тартип буйрутма берген уюм жана адистештирилген ишкананын биргелешкен буйругу менен белгиленет.
Солкулдатып жардырууну жүзөгө ашырууда шахта боюнча солкулдатып жардырууну жүргүзүү журналы болушу керек.
Солкулдатып жардыруунун убактысы жана орду тууралуу маалымат (кулактандыруу түрүндө) жардыруу иштери башталганга чейин сменадан кеч эмес бардык жер алдындагы жер көңдөйлөрүндө иштеген жумушчуларга жеткирилиши зарыл.
280. Солкулдатып жардырууда, жардыруу ордунан желдеткичтен чыккан аба агымынын кыймылынын жүрүшүндө жайгашкан бардык жер көңдөйлөрүндөгү шахталар, ошондой эле жардыруучунун жашынган ордунан кенге чейинки абанын таза агымы бар бардык жер көңдөйлөрү кирген коркунучтуу зона түзүлүшү керек.
Дүрмөттөөнү баштоонун алдында коркунучтуу зонанын чегинде жайгашкан бардык жер көңдөйлөрүндөгү шахталарда электр кубаттуулугу өчүрүлүшү керек. Электр кубаттуулугун күйгүзүүгө жардыруудан кийин жер көңдөйүнүн атмосферасында метандын курамы бар-жоктугу жана электр жабдууларында жана кабелдерде бузулуу жоктугу текшерилгенден кийин гана жол берилет.
Солкулдатып жардыруу учурунда жергиликтүү желдеткичтерди, ошондой эле метандын курамын автоматтык түрдө контролдоочу аспаптарды жана көмүр катмарларындагы жарылуу коркунучу бар зоналарды көзөмөлдөө үчүн датчиктерди өчүрүүгө жол берилбейт.
Көзөнөктөрдү дүрмөттөөнү баштоого чейин электр кубаттуулугун өчүрүүгө мүмкүн болбогон жер көңдөйүндө (алардын суу каптап кетүү мүмкүн экенине байланыштуу) чыңалууну жардыруу тармагынын монтаждоосу башталышынын алдында алып салуу зарыл.
281. Ири тик катмарларды ачууда жардыруу иштерине көмүр катмарын ачууга (тоо тегинин кабыгын алып салууга) гана жол берилет. Участоктун тоо-тектерин бир жардыруу менен гана жок кылуу зарыл.
Кендеги ачып жаткан жер көңдөйүндө солкулдатып жардыруунун режими 4 м.ден кем эмес аралыкта киргизилиши керек жана кенден жер көңдөйүн алып салгандан кийин көмүр катмарынан тик жана түз (нормаль) алганда 4 м.ден кем эмес аралык жокко чыгарылат.
Көмүр катмарын ачууну төмөндөгүдөй ырааттуулукта аткаруу зарыл: ачылуучу жер көңдөйүндөгү кендин катмарга жакындашы, катмарды кесип өтүү жана ачуу, катмардан алыстоо (чегинүү).
Түз жаткан жана жантайма жер көңдөйлөрүндөгү бүркүү коркунучу бар жана коркунуч туудурган көмүр катмарларын жарууда жардыруу жүргүзгөн жашынуучу жерге чейинки аралык төмөнкүдөй болушу керек: катмарга жакындаган жана андан алыстаган участкаларда - 600 м; өзгөчө бүркүү коркунучу бар катмарларды кесип өткөн участкаларда – жердин үстүнөн; калган учурларда - 1000 м. Мындай аралыктар таза агымдын кыймылынын каршы багытын эсепке алганда, жарылган кенден чыккан агымдын таза агым менен кошулган жерде аныкталат.
Аракеттеги горизонттун тик стволунун тереңинде чыгуу коркунучу бар жана коркунуч туудурган көмүр катмарларын жарууда жардыруу жүргүзүүчү жашынуучу орун төмөндөгүдөй жайгашуусу керек:
кесилиш участкаларында – жер үстүндөгү стволдон 50 м;
жакындоо жана алыстоо участкаларында – иш жүрүп жаткан мейкиндикте, бирок тийиштүү көмүр бассейни үчүн жетекчиликке ылайык аба чыккан агымын буруп изоляциялоону камсыз кылуу шартында тереңдетүүчү стволдон 200 метрге жакын эмес. Белгиленген шарттарды аткаруу мүмкүн болбогондо жардыруу жогорудан жүргүзүлүшү керек.
Бүркүү коркунучу бар көмүр катмарларынан өткөн жер көңдөйүндөгү көмүр жана аралаш кендерде көмүрдү же көмүр жана тоо тектерин дүрмөттөр менен гана бир убакта жардырууда, ошондой эле алдыга озбогон тоо тектеринде көмүрдү алууда, бүркүү коркунучу бар тоо тектеринде жер көңдөйлөрүн жүргүзүүдө жана мындай тоо тектерин жарууда кенден жардыруучунун жашынган жерине чейинки аралык 600 м.ден кем эмес, бирок жардырылган кенден чыккан абанын агымы таза абанын агымы менен кошулган жерден 200 м.ден кем эмес болууга тийиш. Жардыруу иштери менен байланышпаган адамдар жардырылуучу кенден 1000 м.ден кем эмес аралыкта таза абада турууга тийиш.
Бүркүү коркунучу бар көмүр катмарларын алдын ала алып салуу үчүн жүргүзүлгөн кендеги тоо тектери боюнча дүрмөттөрдү жардырууда жардырылган кенден чыккан аба агымынын таза агымга кошулган орундан жардыруучунун жашынган ордуна чейинки аралык 200 метрден кем болбоого тийиш.
282. Солкулдатып жардырылган жер көңдөйү жардыруу иштеринин алдында кенден 100 метрден кем эмес узундукта туурасынан кесилген аянттын 1/3ү ашыгыраагын тосуп турган вагончолордон жана башка нерселерден бошотуу керек.
283. Солкулдатып жардыруу алдында коркунучтуу зонанын чегинде жайгашкан желдеткич түзүлүштөр, ошондой эле башка участкаларга же шахтанын мейкиндигине газдын кирип кетишин алдын алуу үчүн коюлган тосмолор жардыруу иштеринин жетекчилери тарабынан каралышы керек.
Желдеткич түзүлүштөрүнүн бузулуулары байкалган учурда алар жоюлганга чейин солкулдатып жардырууга тыюу салынат.
284. Солкулдатып жардыруу колдонулган кенде жардыргыч заттарды жайгаштыруу үчүн багытталбаган алдыга озуучу көзөнөктөр жана скважиналар болсо, алар дүрмөттөлгөн көзөнөктөрдүн тереңдигинен 1 метрге кем эмес ашкан топурак же башка күйбөгөн материалдар менен узунунан толтурулушу керек. Мындай көзөнөктөрдө (скважиналарда) дүрмөттөрдү жардырууга тыюу салынат.
285. Солкулдатып жардырууну даярдоо жана өткөрүү үчүн кенде солкулдатып жардыруунун түздөн-түз жетекчиси жана жер үстүндө солкулдатып жардыруунун жооптуу жетекчиси дайындалышы керек.
Солкулдатып жардыруу жардыруучу тарабынан кендеги солкулдатып жардыруунун түздөн-түз жетекчисинин катышуусунда жүргүзүлүүгө тийиш.
Солкулдатып жардырууга карата уруксат шахтанын үстүндөгү солкулдатып жардыруунун жооптуу жетекчиси тарабынан телефон аркылуу берилет.
286. Солкулдатып жардыруу аяктагандан кийин жер көңдөйүн текшерүү жер үстүндөгү солкулдатып жардыруунун жооптуу жетекчисинин уруксаты боюнча, ал жардыруу жүргүзүлгөн кен иштетилген кесимдеги метандын курамы тууралуу маалымат алгандан кийин, бирок жардыруудан кийин 30 мүнөттөн эрте эмес жана метандын 2% тен аз концентрациясында жүргүзүлүшү керек. Кенди текшерүүнү кендеги солкулдатып жардыруунун түздөн-түз жетекчиси жана жардыруучу жүргүзүүсү керек.
287. Метандын курамын текшерген кендеги солкулдатып жардыруунун жетекчиси солкулдатып жардыруудан кийин кенге карата аны текшерүү үчүн кыймылдап баратканда, жардыруучудан 3 м аралыкта алдыда болууга тийиш. Метандын концентрациясы 2% жана андан көп экени белгилүү болгондо алар токтоосуз түрдө абанын таза агымы бар жер көңдөйүнө кайтууга милдеттүү.
Көмүр жана газ бүркүү мүмкүн болгон учурда шахтанын жетекчиси күн мурунтан жер көңдөйүн газдан арылтуу боюнча чараларды бекитүүгө тийиш.
288. Солкулдатып жардыруу жүргүзүү үчүн даярдык көрүлгөн жер көңдөйүндөгү кенге карата атайы кабелдерден туруктуу жардыруу магистралы тартылышы керек.
289. Көмүр жана аралаш кенде жана бүркүү коркунучу бар тоо тектерин солкулдатып жардырууда дүрмөттөрдү тутандыруу көз ирмемдик жана 220 мс.дан ашпаган жайлатуу убактысы менен кыска-жай аракеттеги сактагыч электр от алдыргычтан жүргүзүлүшү керек.
Катмарларды алар ачылганга чейин солкулдатып жардыруу менен жаруу электр от алдыргычтардын жайлатуу убактысы – кыска-жай жайлатуу таасири 320 мс. ашпаган жайлатуу убактысы менен жүргүзүлөт.
290. Бир же бир нече дүрмөт жарылбаган учурда аларды солкулдатып жардырууга берилген убакыттын аралыгында жок кылуу керек.
291. Солкулдатып жардыруу менен катмарларды ачууда жардыргыч заттардын бөлүнгөн (эки ярустуу) дүрмөттөрүн төмөнкү шарттарды сактоо менен колдонууга жол берилет:
1) дүрмөттөрдү тутантууну көз ирмемдик жана кыска-жай таасирлүү электр от алдыргычтар жүргүзөт;
2) дүрмөттөр бөлүнгөн көзөнөктөрдө чөгүндү дүрмөттүн жайлатуусу ооздогу биринчи дүрмөттөн көбүрөөк болушу керек;
3) тийиштүү шарттар үчүн жол берилген III жана IV класстагы жардыргыч заттарды пайдаланууда бөлүнгөн дүрмөттөрдүн ортосундагы забойканын узундугу 0,75 м.ден кем эмес, ал эми көзөнөктүн оозундагы биринчи дүрмөттүн массасы – 1,2 кг.дан кем эмес болушу керек. II класстагы жардыргыч заттарды колдонууда бөлүнгөн дүрмөттөрдүн ортосундагы забойканын узундугу 1 м.ден кем эмес, ал эми ооздон биринчи көзөнөктөгү дүрмөт жардыргыч заттардын көлөмү 1 кг.дан ашпашы керек;
4) дүрмөттөр бөлүнгөн көзөнөктөрдүн узундугу кеминде 3 м түзүшү керек.
292. Бургулоо-жардыруу иштеринин жардамы менен катмарларды жаруу жана кесип өтүү жер көңдөйүндөгү кен жана тик катмардын (пропласток) ортосундагы тоо тектеринин кабыгынын калыңдыгы 2 м.ден кем эмес, айдөш, жантайма жана тик жантайма үчүн катмарга карата тик жана түз 1 м.ден кем эмес болгондо жүргүзүлүшү керек.
Тик жана тик жантайма катмарларды кесип өтүү алдында көмүр массивин суулап жуугандан кийин ачылган жер көңдөйүндөгү кен менен жуулган катмардын ортосундагы тоо тектеринин кабыгынын калыңдыгы 1,2 м.ден кемди түзбөшү керек. Тоо тектеринин кабыгын алуу максатындагы акыркы заходканы дүрмөттөп жардыруу үчүн көзөнөктөр суулап жуулгандан кийин жуулган катмарга 0,5 м.ге чейин жеткире бургуланбашы керек.
293. Тик же тик жантайма бүркүү коркунучу бар катмарларда жүргүзүлгөн даярдык көрүлгөн жер көңдөйлөрүндөгү кенде солкулдатып жардыруу алдыга озуучу тирөөчтү алдын ала орнотуу менен же каптал тоо тектерин алдын ала уратуу менен, же болбосо көмүр катмарын бекемдөө менен жүргүзүү керек.
Бургулоо-жардыруу иштеринин паспортун түзүүдө алдыга озуучу тирөөчтү пайдалануу учурунда көзөнөктөрдүн жогорку катарын алдыга озуучу тирөөчтөн 0,5 м.ден кем эмес аралыкта жайгаштыруу керек.
294. Скважиналык дүрмөттөрдү жардырууда (торпедалоодо) коопсуздуктун төмөнкүдөй кошумча чаралары жүргүзүлүшү керек:
катмарды торпедалоодо (катмарды суужардыруу менен тазалоодо) – колдонулуп жаткан ченемдик документтерге ылайык, жантайма скважинага үзгүлтүксүз суу төгүү, ошондой эле полиэтилен идиштеринен сууну жардырып чаңдатып себүү менен суу бүрккүч чүмбөттөрдү колдонуу;
алдыңкы катардагы (катмардан тышкары) торпедалоодо – карбамиддин хлорид калий менен 3:1 катышындагы нымдалган аралашмасынан забойка же герметизатор колдонулган полиэтилен атайы ампуласынан орун алган суу забойка, ошондой эле аракеттеги ченемдик документтерге ылайык суу-аба же суу бүрккүч чатырды колдонуу.
295. Өзүнчө желдетилген, бирок кайсы бир кен иштетилген кесимдеги дүрмөттөр башка бир кенде тартылган электр жардыруу тармагынын бузулушуна алып келгендей жайгашкан жер көңдөйүндөгү кенде солкулдатып жардырылышы керек:
бардык кенге бир убакта токтун козуткучун берүү менен;
ар кандай убакытта мурдагы кендеги жардыруудан жана жардыруу иштеринин коопсуздугун камсыз кылуучу чаралар кабыл алынгандан кийин улам кийинки кенде (же кен тобунда) дүрмөттөө жана жардыруу менен.
296. Солкулдатып жардыруу үчүн бурч боюнча көзөнөктөрдү бургулоону айландыруу жолу менен гана жүргүзүү керек. Тоо тектери боюнча көзөнөктөрдү бургулоодо уруучу жана уруп айландыруучу куралдарды колдонууга жол берилет.
297. Катмардын участкасы иштердин кезектүүлүгүн сактоо менен камуфлеттик жардыруу аркылуу уруу коркунучу жок абалга алып келинүүгө тийиш:
жардыруу орундарында четки бөлүктөрүнүн уруу коркунучу жоктугун баалоо;
камуфлеттик жардыруунун параметрлерин аныктоо (көзөнөктөрдүн узундугу, дүрмөттүн массасы, көзөнөктөрдүн ортосундагы аралык);
камуфлеттик жардыруунун натыйжалуулугун баалоо.
Көмүр шахталарындагы көрсөтүлгөн иштер тоо соккулары боюнча коркунучтуу катмарларды иштетүүнүн, шахталарда иш жүргүзүүнүн коопсуздугу боюнча нускамага ылайык жүргүзүлүшү керек.
298. Камуфлеттик жардырууну уюмдун техникалык жетекчиси же ал дайындаган адам тарабынан бекитилген атайы долбоор боюнча жүргүзүү зарыл.
299. Тоо соккуларына ыктаган көмүр катмарында тазалоочу жана даярдык көрүлгөн кенде жардыруу иштерин жүргүзүү алдында, ошондой эле катмарларды иштетүүдө адамдар жардыруу ордунан коопсуз аралыкка, бирок 200 м.ден аз эмес чыгарылып, абанын таза агымында турушу керек.
300. Кен иштеринин бетме-бет багыттарда көңдөйлөрүн жүргүзүүдө алардын арасы 15 метрге жакындагандан баштап жардыруу иштери алардын бирөөндө гана жүргүзүлүп, экинчиси токтотулушу керек.
301. Узундугу 10 м чейинки скважиналарда камуфлеттик жардыруу учурунда ички забойканын узундугу бургулап жардыруу (жардыруу) иштеринин долбоору менен аныкталат жана скважинанын узундугунун жарымынан кем болбошу керек. Узундугу 10 м ашкан скважиналарда ички забойканын узундугу 5 метрден кем болбошу керек.
Гидрозабойканы, анын ичинде полиэтиленден жасалган, суусу бар ампулаларды пайдаланууда, чыга бериш жактагы көзөнөктөр 1 м. кем эмес аралыкта топурак забойка менен толтурулат.
302. Кен казып алууда жана даярдык жумуштарында тоо тектеринин I - II категорияда кулоо коркунучу пайда болгондо көмүрдү же тоо тектерин уратуу боюнча жардыруу иштерине участокту кулоо коркунучу жок абалга келтиргенден кийин уруксат берилет.
14-глава. Жер астындагы көңдөйлөрдө массалык жардырууларды жүргүзүү учурунда коопсуздуктун кошумча талаптары
303. Күндөлүк иштерди уюштурууда (мындан ары – жер астындагы шарттарда массалык жардыруулар), жардыруулар жүргүзүлгөн учурда желдетүүгө жана рудникте (шахтада, участокта) ишти кайра улантууга көп убакыт талап кылынганда каралган багыттары боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) технологиялык жардыруулар – негизги массивди жапырт уратууга, аны бөлүү, кесүү (кыркуу), ошондой эле кабаттын астындагы чектерде төбөсүн, табигый катмарды уратуу боюнча;
2) атайын жардыруулар – камералардын төбөлөрүн, ортосундагы катмарды кабаттын бүт бийиктиги боюнча камералар аралык табигый катмарларды кулатуу боюнча, блоктордун чектеринде (блоктордун топтору), бош жерлерди жок кылуу боюнча, авариялык кырдаалдарды жок кылуу боюнча;
3) эксперименттик жардыруулар – массалык жардыруулар учурунда бургулоо-жардыруу иштеринин параметрлерин аныктоо боюнча.
304. Технологиялык жардыруулардын типтүү долбоорлорунда, атайын жана массалык эксперименттик жардыруулардын долбоорлорунда өздөштүрүлүп жаткан пайдалуу кен орундарынын кыскача тоо-кен геологиялык мүнөздөмөсү, бургулоочу техниканы, жардыргыч материалдарды тандоонун негиздемеси; бургулоо жана жардыруу иштеринин параметрлеринин методикасы жана жалпы эсептөөлөрү; дүрмөттөрдүн жана дүрмөттөгүчтүн конструкциялары жөнүндө маалыматтар; жардыруу иштеринин механикалаштыруу каражаттарын, жардыргыч жана көзөмөлдөөчү-эсептөөчү приборлорду тандоонун негиздемеси; жардыруу тармактарынын схемасы; жардыруу тармактарынын, желдетүү убактысынын, коркунучтуу зоналарды, анын ичинде жардыруу жана даярдоо этаптарында эсептөө методикасы; бургулоо-жардыруу иштерин коопсуз уюштуруу боюнча чечимдер; коргоо курулуштарынын түрлөрүн жана пайдалануу шарттарын кошо алганда иштерди коопсуз жүргүзүү боюнча иш-чаралар, ошондой эле конкреттүү тоо-кен техникалык жагдайда, анын ичинде тыюу салынган зоналары бар жагдайда, иштердин коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча чечимдер болушу керек.
305. Бургулоо-жардыруу иштеринин типтүү долбоорлорун, ошондой эле атайын жана эксперименттик массалык жардыруулардын долбоорлорун уюмдун жардыруу иштерин жүргүзгөн техникалык жетекчиси же ал дайындаган адам бекитүүсү керек.
Жардыруу иштерин подряддык уюмдар аткарган учурда аталган долбоорлорду заказ берген жана подряддык уюмдардын техникалык жетекчилери же алардын дайындаган адамдары бекитүүлөрү керек. Мында иштердин коопсуздугун жана жардыргыч материалдардын сакталуусун камсыз кылуу маселелери боюнча тараптардын милдеттери конкреттүү көрсөтүлүүгө тийиш.
306. Технологиялык массалык жардыруу долбоору жалпы жана техникалык көрсөткүчтөрдөн, анын ичинде массалык жардыруу параметрлеринин таблицасын камтыган эсептөөдөн (ушул Эрежелерге тиркелүүчү 10-тиркеме); тиркеле турган эсеп-кысап, уюштуруучулук-буйрутма документтерден, графикалык документтер жана массалык жардырууну өткөрүү тартибинен (ушул Эрежелерге тиркелүүчү 11-тиркеме) турат.
Жалпы бөлүмдө массалык жардырууну өткөрүүнү дайындоо, аны өткөрүү убактысы, орду, жардыруу иштеринин жетекчиси тууралуу маалыматтар камтылышы зарыл.
Техникалык эсептөөлөрдө жалпы жонунан системалаштырылган маалыматтар жана жардыруу боюнча маалыматтар, ошондой эле конкреттүү параметрлер түшүрүлгөн атайын таблица камтылат.
Жардырууну өткөрүү тартиби массалык жардырууга даярдык көрүү жана аны өткөрүү иштерин уюштуруу, персоналдын жер алдындагы көңдөйлөргө, анын ичинде жардыруучу чөлкөмгө киришинин коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндөгү маалыматтарды камтышы керек.
Массалык жардыруу долбооруна графикалык жана блок, панель, горизонт сыяктуу пландарды камтыган уюштуруучулук-буйрутма материалдар; иштетилүүчү тилкелер; дүрмөттөөгө жата турган көңдөйлөрдүн жайгашуу схемасы; жардыруучу түйүндөрдүн жана желдетүүнүн схемасы; зарыл эсеп-кысаптар; массалык жардырууну өткөрүүгө карата техникалык даярдыктын актысы (ушул Эрежелерге тиркелүүчү 12-тиркеме); уюмдун (рудниктин, шахтанын, курулуш объектисинин) техникалык жетекчиси тарабынан бекитилген жана массалык жардырууга даярдык көрүү, аны өткөрүү үчүн дайындалган адамдардын тизмеси тиркелет.
307. Атайын массалык жардыруу долбоорунда 304 жана 306-пункттарда саналып кеткен маалыматтардан жана көрсөткүчтөрдөн тышкары урай турган объектинин параметрлери жана абалы, дүрмөттөө көңдөйлөрүнүн (бургулардын) абалы, шыптардын, асылма блоктун ачылып кетүү аянты; бөлүнгөн жерлердин, камералардын ортосундагы катмарлардын, коңшу блоктордун жана аларга алып баруучу тоо көңдөйлөрүнүн абалы; урап түшүүчү тоо тектеринин бийиктиги, тектеш блоктордун абалы көрсөтүлүшү керек.
Атайын массалык жардыруу долбоорунда ошондой эле жердин топографиясы, жер үстүндөгү жана алдындагы курулуштардын болушу, мүмкүн болуучу коркунуч туудурган жылып кетүү зоналары (урап калуу зоналары), суулардын жана суу жаткан горизонттордун болушу эске алынышы керек.
Атайын массалык жардыруу долбооруна, ушул Эрежелерге тиркелүүчү 10-тиркемеде көрсөтүлгөн документтерди эске албаганда, төмөндөгү графикалык материалдар тиркелет:
1) жардырууну өткөрүү учурундагы коркунучтуу зоналар жана коркунучтуу зоналарды кайтаруу посттору түшүрүлгөн үстүңкү катмардын жалпы планы;
2) дүрмөттөө учурундагы коркунучтуу зоналардын чектери жана посттордун жайгашкан орду түшүрүлгөн үстүңкү жана астыңкы ташуу горизонтторунун планы;
3) шахтаны (чектеш шахталарды) желдетүү схемасы;
4) «Объект – дүрмөт» линиясы боюнча геологиялык тилкелер (жардыруунун сейсмикалык таасирине кабылуучу зонада жайгашкан объектилер болгон учурда).
Массалык жардыруу долбоорун түзүп жаткан учурда графикалык материалдар иштетиле турган кендердин жана объектилердин абалы чагылдырышы керек жана маркшейдер иштерин жүргүзүү боюнча талаптарга ылайык аткарылууга тийиш.
Атайын массалык жардырууну өткөрүү тартибинде, ушул Эрежелерге тиркелүүчү 11-тиркемеде айтылган маселелерден тышкары, конкреттүү шарттарды эске алган, иштин коопсуздугун камсыз кылуучу башка чараларды ишке ашыруунун тартибин жана мөөнөтүн көрсөтүү зарыл.
308. Эксперименттик массалык жардыруу долбоору максатына жараша технологиялык массалык жардыруу долбоору же атайын массалык жардыруу долбооруна ылайык маселелерден турган чечимдерди камтышы керек.
309. Уюмдун (рудниктин, шахтанын) жетекчиси массалык жардырууларды өткөрүү жөнүндө тескеме (буйрук) чыгарат. Массалык жардырууларды өткөрүү жөнүндөгү тескемелерде (буйруктарда) өз алдынча мааниге ээ болгон ар бир учурда жардырууга жооптуу жетекчи аныкталышы керек.
310. Скважиналарды (шпурларды), миналык камералар өткөөлдөрүн бургулоо аяктагандан кийин урай турган (кабат алды, панелдер, блок) массивдерде маркшейдерлик иш жүргүзүү менен алып салуу зарыл жана дүрмөттөлүп жаткан көңдөйлөрдүн факт жүзүндөгү абалын көрсөтүү менен пландарды (тилкелердин) түзүү керек.
311. Массалык жардырууга даярдалган кабат алды (блок, панель) рудниктин (шахтанын, курулуш объектисинин) жетекчиси дайындаган комиссия тарабынан текшерилет. Текшерүүнүн натыйжалары ушул Эрежелердин 12-тиркемесиндеги үлгүгө ылайык рудниктин (шахтанын, курулуш объектисинин) жетекчиси тарабынан бекитилген актыда чагылдырылат.
312. Массалык жардырууга жооптуу жетекчи аны өткөрүү боюнча буйрукту (тескемени) алгандан кийин жардырууну өткөрүү даярдыгы жөнүндө акты менен таанышып чыгууга милдеттүү, андан кийин жардыруу боюнча документтер жана милдеттер тууралуу персоналды тааныштырууга, ишти коопсуз алып баруу, анын ичинде жардыруучу материалдарды колдонуу боюнча нускамаларды өткөрүүгө милдеттүү.
Пайдалануучу уюмдун тиешелүү кызматтарынын жетекчилеринин катышуусу менен жооптуу жетекчи ишти жүргүзүүнүн тартибин жана мөөнөтүн, жардыруунун долбоору тарабынан каралган негизде жооптуу адамдарды аныктайт, зарыл болгон буйрук документтерин даярдайт.
313. Рудниктин, шахтанын, курулуш объектисинин техникалык жетекчиси жана жардыруунун жооптуу жетекчиси массалык жардырууну тейлөөчү авариялык-куткаруу түзүмдөрүнүн планын иштеп чыгышат жана авариялык-куткаруу тейлөө түзүмүнүн командири менен макулдашышат.
314. Дүрмөттөрдү түзүү кабыл алынган иш коопсуздугунун талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Ошол эле учурда дүрмөттүн иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрү массалык жардыруу параметрлеринин таблицасында көрсөтүлөт.
Жардыргыч заттарды алып келүүгө жана дүрмөттөөгө катышы бар персонал өзүн куткаруучу изоляциялар менен камсыз кылышы керек.
315. Дүрмөттөөчү түзүлүштү жайгаштыруу чөлкөмүндөгү жана дүрмөттөө орундарындагы аба агымынын ылдамдыгы жер алдындагы кендерди иштетүүнүн аныкталган талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
316. Массалык жардыруу иштеринен кийин жардыруу иштеринин жетекчилерине жана жумушчуларына ишке киришүүгө авариялык-куткаруу түзүмдөрү тарабынан жериндеги абал текшерүүдөн өткөрүлүп, жер алдындагы кен иштетүүчү бардык шахталарда нормалдуу рудниктик атмосфера калыбына келтирилген учурда гана уруксат берилет.
317. Жардыруу чөлкөмүндөгү ишке киришүү үчүн адамдарга бериле турган уруксат авариялык-куткаруу түзүлүштөрүнөн зарыл болгон маалыматтар алынгандан кийин гана жардыруунун жооптуу жетекчиси тарабынан берилет.
318. Массалык жардыруудан кийинки биринчи нөөмөттө участкалардын жетекчилери же алардын орун басарлары участкадагы забойлордун абалын жеке өздөрү текшерүүгө милдеттүү.
319. Массалык жардыруулар өткөрүлгөн чөлкөмдөгү иштетиле турган жана ошол чөлкөмгө танапташ иштетилүүчү кендер жардыруулардан кийин узактыгы рудниктин (шахтанын же курулуш объектисинин) жетекчиси тарабынан аныкталган убакыт ичинде күчөтүлгөн көзөмөлдүккө алынышы керек. Жардыруу иштеринин жетекчилери бекемдөөчү түзүлүштөрдүн, шыптардын жана кен иштетүүдөгү борттордун, ушундай эле рудникалык атмосферанын туруктуулугун системалуу түрдө көзөмөлдөп турууга милдеттүү. Эгерде кооптуу кырдаал жаралса адамдарды коопсуз жерге чыгарып ал жөнүндө диспетчерге жана жетекчиге (рудниктин, шахтанын, курулуш объектисинин) билдирүү керек.
320. Массалык жардырууда бөлүнүп чыккан тоо массасында жардыргыч материалдардын болушу көзөмөлдүккө алынышы керек.
321. Үстүнкү катмар урап кетиши мүмкүн деп болжолдонгон зона (маркшейдердин маалыматтары боюнча) ал жерге адамдар кирбегендей тосулушу керек.
15-глава. Жер үстүндө жайгашкан объектилерде атайын жардыруу иштерин жүргүзүүдөгү кошумча талаптар
322. Олуттуу мааниге ээ болгон объектилердин (электростанциялар, темир жана автомобиль жолдору, суу жолдору, электр линиялары, подстанциялар, заводдор, темир жол бекеттери, пристандар, жер алдындагы курулуштар, телефон линиялары) чектериндеги коркунучтуу зонада өткөрүлүүчү жардыруу иштери, ошол объектилерди пайдаланып жаткан уюмдардын макулдугу менен жүргүзүлөт.
323. Жардыруу станциясын коркунучтуу зонанын чегинен тышкары жайгаштыруу зарыл. Мындай талапты аткарууга мүмкүн болбогон учурда атайын жашынуучу жай тургузулушу керек. Жашынуучу жайдын орду жана конструкциясы бургулоо жардыргыч (жардыруу) иштеринин долбоорунда же паспортто аныкталат.
Жасалма же табигый жашынуучу жайлар жардыруу иштерин жүргүзүүчүлөрдү жардыруунун таасиринен, анын ичинде уулуу газдардан ишенимдүү коргошу керек. Жашынуучу жайга алып баруучу жолдор ар кандай тосмолордон таза болушу кажет.
324. D тобундагы (түтүнсүз дарыдан тышкары) жардыргыч заттардан турган бургулоо дүрмөттөрүн жана тутантуучу шнурду колдонууда забой материалдарын учкун чыгарбоочу түзүлүш менен жабдылган жана өрт өчүргүч жабдыгы бар автосамосвал менен дүрмөттөөчү блокко ташып барууга уруксат берилет. Ошол эле маалда тутантуучу шнурду тебелеп алууга жол берилбеши керек.
325. Бургулоо иштери аяктагандан кийин 24 саат өтмөйүнчө оттуу станок менен бургуланган скважиналарды дүрмөттөөгө тыюу салынат.
326. Жардыруу иштерин жүргүзүүчү уюмдун тескемеси (буйругу) менен бекитилген коопсуздук чаралары боюнча иш-чаралар ишке ашырылган шартта гана бургулоодон кийин туруксуз тоо тектериндеги скважиналарды дүрмөттөөгө жол берилет. Ошол эле учурда бургулоо түзүлүштөрү дүрмөттөлүүчү скважинадан алыстыгы 10 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылышы керек.
327. Иш учурунда жардыруучу пункт станциясында болууга жардыруучу иштердин персоналына, транспорт каражатынын айдоочусуна жана жардыруу иштеринин аткарылышын көзөмөлгө алуучу адамдарга гана уруксат берилет.
328. Байланышты камсыз кылууда жана жардыруу иштерин синхрондуу система аркылуу жүргүзүүдө колдонулуучу радиостанцияларды автомобилдин кузовундагы атайын бөлүнгөн бөлүмгө же кабинага орнотууга уруксат берилет. Ошол бөлүмдө электр тутандырууларды сактоого жана ташууга, аны менен кандайдыр бир иштерди аткарууга тыюу салынат.
329. Дүрмөттөрдү даярдоодо жана скважинаны дүрмөттөөдө жардыруу пунктундагы станциянын коркунучтуу зонанын чегинде орун алышына жол берилет. Ошол эле маалда алыш-бериш режиминде иштөөгө тыюу салынат.
330. Кузовдогу жардыруу пунктунун станциясына тартылган магистралдын бир бөлүгү кош зымдуу кабелди экрандаштыруу жана экранды жерге байланыштыруу менен аткарылса, электр жардыргыч магистралын радиостанция (синхрондуу жардыруу системасынын дешифратору) орнотулган атайын бөлүмгө кошууга жол берилет.
331. Жардыргыч магистраль жана көмөкчү линиялар үчүн аппаратурага кошууга арналган зымдарды вилкасы жок колдонууга тыюу салынат. Адашууларды болтурбоо үчүн вилкалар сырткы түрү менен айырмаланууга же маркировкаланууга тийиш.
332. Утурумдук магистраль (тик алып чыгуу магистралы) сырткы келбети менен электр жардыргыч магистралынан олуттуу түрдө айырмаланып турушу керек.
333. Туруктуу тоо тектерде бургуланган жана забойсуз дүрмөттөлгөн скважиналар жардыруу иштери өткөрүлмөйүнчө үзгүлтүксүз кайтарууда болушу керек.
334. Иштин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жабдылган түзүлүшү жок бургулоочу инструментти, таякты же башка нерселерди пайдалануу менен скважинаны дүрмөттөөгө тыюу салынат.
Дүрмөттү скважинага салуу алдындагы шаблондоштуруунун зарылдыгы жардыруу иштеринин долбоору тарабынан аныкталат.
335. Эгерде дүрмөт скважинанын забойуна чейин жетпеген болсо, анда ал алынып чыгышы керек жана скважинаны кайра иштеп чыгуу учурунда коопсуз аралыкка алып баруу шарт. Дүрмөттү кайра алып чыгууга мүмкүн болбогон учурда аны жардырып салуу керек.
336. Сейсмочалгын иштериндеги жардыруу сейсмостанциянын операторунун командасы аркылуу жардыруу иштеринин жетекчиси менен макулдашылгандан кийин аткарылат.
337. Дүрмөттөлгөн скважиналар жарылбаган учурда же жарылбаган дүрмөттөр жардырылгандан кийин аларды кайрадан бургулоого тыюу салынат.
338. Суу бассейндеринде сейсмочалгын иштерин жүргүзүүдө жардыруу иштеринин долбоору боюнча зарыл болгон жардыргыч материалдарды колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда ага кызыкдар уюмдар жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен болгон макулдашуулардын негизинде ишке ашырылат.
339. Атып жардыруу иштери, акт түзүлгөндөн кийин даярдалган скважиналарда гана өткөрүүгө уруксат берилет.
340. Жардыруу иштери жүргүзүлө турган жерге алынып барылган жардыргыч материалдар, дүрмөттөлгөн атуучу жана жардыруучу аппараттар скважинанын тешигинен 50 метрден кем эмес аралыкта, атайын бөлүнгөн орунда сакталышы керек. Жардыргыч материалдар, дүрмөттөлгөн атуучу жана жардыруучу аппараттар көчмө дүрмөт устаканасында (перфоратордук станциялардын лабораториялары) сактала турган болсо, ал бургунун тешигинен 20 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
341. Жардыргыч заттардын дүрмөтү менен октолгон түзүлүштөрдү, тутандыруу каражаттарды, ушундай эле атуучу жана жардыргыч аппараттарды ажыратып текшерүүгө тыюу салынат.
Аппараттын тутантуучу чынжырларына алынып барылган тутантуучу шнурду бухтадан кесип салууга жол берилбейт.
342. Ар бир атуучу жана (же) жардыруучу аппаратты октоо алдында алардын оң иштөөсү текшерилиши керек.
Атуучу жана жардыруучу аппараттарды октоо жана дүрмөттөө иштери пайдалануу документтерине ылайык жүргүзүлүшү керек:
көчмө дүрмөт устаканаларында, перфоратордук станциялардын лабораторияларында;
скважинадан 20 метрден кем эмес аралыкта жайгашкан, ылайыкташтырылган жана жабдылган жайларда;
аба ырайынын шарттарына жараша иш жүргүзүүгө даярдалган ачык аянттарда. Ошол эле учурда металл, (резина) жалатылбаган жана борттору бар столдор орнотулушу керек. Столдун узундугу октоло турган атуучу жана жардыруучу аппараттын же анын секцияларынын узундугунан кем болбоого тийиш. Столдун үстүндө атуучу жардыргыч аппараттарды октоо учурунда фиксациялоо үчүн кыпчыгычтар (ыңгайлуу куралдар) болушу керек.
Атуучу-жардыргыч аппараттар октолгон жерде бир аппаратты октоодон ашпаган өлчөмдөгү жардыргыч материалдардын болушуна жол берилет.
343. Октолгон атуучу-жардыргыч аппараттарды ташуу үчүн аларды бекитип алып, ташууга ылайыкташкан транспорт каражаттары пайдаланылышы керек.
Атуучу-жардыргыч аппараттарды орнотулган тутандыруучу каражаттар менен бирге ташууга жана сактоого тыюу салынат.
344. Атуучу-жардыргыч аппаратка монтаждалган электржардыргыч түйүнүнүн бүтүндүгүн текшерүүгө (каршылык көрсөтүү жана өткөргүч күчүн ченөө) атуучу-жардыргыч аппаратты скважинанын тешигинен (деңиз иштеринде – суу алдындагы тешик жабдууларынан) 50 метр кем эмес тереңдикке түшүргөндөн кийин гана уруксат берилет.
345. Торпеданы дүрмөттөөгө скважинадагы бардык даярдык көрүү иштери аяктаган учурда жана скважина шаблон менен текшерилгенден кийин гана уруксат берилет.
346. Салмагы 10 килограммдан ашык дүрмөттөлгөн атуучу-жардыргыч аппараттарды кол менен ташууда аларды жерге түшүрүп албоо үчүн ылайыкташтырылган куралдарды колдонуу зарыл.
347. Атуучу-жардыргыч аппаратка тутандыруу каражаттарын жалгаштыруу аппаратты тереңдикке түшүрөр алдында гана түздөн-түз скважина тешигинин оозунда жүргүзүлүүгө тийиш.
Атуучу-жардыргыч аппараттын капысынан иштеп кетишине жол бербей турган блокировкалоочу түзүлүштөрдү колдонгон учурда, ушундай эле тутандыруу каражаттарында адашып жүргөн токтордун таасиринен коргоочу куралдар пайдаланылган учурларда перфоратордук станциялардын лабораторияларында (жылып жүрүүчү дүрмөт устаканасы) атуучу-жардыргыч аппарат менен тутандыруу каражаттарын жалгаштырууга жол берилет.
Атуучу-жардыргыч аппаратурага тутандыруунун электр каражаттарын орнотуу процессинде тутандыруу каражаттарынын өткөргүчтөрүнүн анын тегерегинде жайгашкан металлдан турган предметтерге кокусунан тийип кетишине жол берүүгө болбойт.
348. Скважинанын стволу алдын ала шаблондолбой, ошол эле маалда атуучу-жардыргыч аппараттар үчүн колдонулуучу, белгилүү бир чектен ашырууга болбой турган гиростатикалык басым жана бургулоо растворунун температурасы ченелбесе атуучу-жардыргыч аппараттарды тереңдикке түшүрүүгө тыюу салынат.
349. Төмөнкүдөй учурларда скважиналарда атуу же жардыруу иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат:
1) жабык жайларда бургулоо иштерин жүргүзүүнү эске албаганда бороон-чапкын мезгилинде, күн күркүрөп чагылган чартылдаган учурларда, күчтүү туманда (50 метрден ашык жер көрүнбөгөндө);
2) газ бөлүп чыгаруучу жана растворлорду сиңирүүчү, скважиналарда лубрикаторлорду колдонулбостон.
350. Геофизикалык кабель аркылуу атуучу жана жардыруучу аппараттарды скважинага түшүрүү жана алып чыгуу электр жардыргыч түйүндөрүндөгү өткөргүчтөрдүн учтары изоляцияланган учурда гана жүргүзүлүшү керек.
351. Салмагы 50 килограммдан жана узундугу 2 метрден ашкан атуучу-жардыргыч аппараттар скважина тешигинин үстү жагына алынып чыгып, жүк көтөрүүчү механизмдердин жардамы менен түшүрүлүшү керек.
352. Эгерде атуучу-жардыргыч аппарат скважинанын керектүү тереңдигине чейин жетпесе, анда аны кайра алып чыгуу керек. Аппаратты алып чыгууда скважинанын жанында жардыруу иштеринин персоналы жана көтөрүүчү механизм менен иштеп жаткан адамдар гана болушу керек.
353. Чыгымдалбаган атуучу-жардыргыч аппараттар дүрмөт устаканасына, ЖМнын кампасына жеткирилиши керек.
354. Нымдуу шарттарда антенна зымдарын колдонуу менен гана электр жардыргыч түйүнүн монтаждоого уруксат берилет.
355. Казма дүрмөттөрдү түзүүдө экскаватор (казма казгыч) менен казмага жардыргыч заттарды жаткыруучу крандын аралыгы экскаватордун сузгучунун айлануу радиусу сунулган калабында 1,1 суммадан кем эмес, ал эми кран менен забой ишин аткарып жаткан бульдозердун аралыгы – крандын айлануусу 1,1ден кем эмес радиуста болушу керек.
356. Линиялык дүрмөттөр бир суткадан ашуун дүрмөттөлгөн учурда боевиктер жардырууну өткөрө турган күнү салынат.
357. Татаал тоолуу-геологиялык шарттарда тутандыруунун электрдик эмес системасын жана D (түтүнсүз дарыдан тышкары) тобундагы жардыргыч заттарды тутантуучу шнурду пайдалануу менен жардырууларды жүргүзгөн учурда узартылган горизонталдык дүрмөттөрдү (казмалык, жылчыктуу) түздөн-түз тоо көңдөйлөрүнө жайгаштырууга жол берилет. Көп сузгучтуу экскаваторго карата дүрмөттүн аралыгы 5 метрден, бир сузгучтууга карата – 10 метрден кем болбошу керек.
358. Металл боюнча өткөрүлө турган жардыруу иштери ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жардыруу иштеринин долбоорунун негизинде жүргүзүлүшү керек.
359. Металлды кайра иштетүү жүргүзүлүп жаткан жайлардын жана аянтчалардын конструкциялары мүмкүн болуучу максималдуу дүрмөттүн жарылышын эсепке алышы керек. Мындай жайлар жана аянтчалар уюмдун комиссиясы тарабынан пайдаланууга берилиши керек жана жыл сайын кароодон өткөрүлүп, аларды андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө акт түзүлүп турат.
360. Металлдарды кайра иштетүү үчүн дүрмөттөр монтаждалган технологиялык жабдыгычтарды көтөрүүгө жана орун которуштурууга арналган каражаттар бири бирине көз карандысыз аракетте болушкан эки тормоз, ошондой эле автоматтык токтотуунун аяккы өчүргүчтөрү менен жабдылышы керек. Жүк көтөрүүчү каражаттар жерге байланыштырылууга жана оң иштеген изоляцияга ээ болууга тийиш.
361. Металлдарды кайра иштетүү үчүн дүрмөттөрдү даярдоо атайын жабдылган жайларда жүргүзүлүшү керек. Мындай жайларда жардыргыч материалдардын алмаштырылуучу запасын жайгаштырууга жол берилет, бирок ал 10 килограммдан ашпаган жардыргыч заттардан жана тиешелүү сандагы тутандыруу каражаттарынан турушу керек.
Жардыруучу материалдар жайгаштырылган жайдын ачкычы ошол мезгилде бир гана жардыруучуда болот.
362. Жардыруучу иштердин долбоорлорунда бузулуучу объектинин кулатуу багыты, ошондой эле ал толук бузулбай калган учурда көрүлө турган иш-чаралар камтылышы керек.
363. Бузулуучу объектинин массивиндеги боштуктарды ачуучу шпурларды (скважиналарды) дүрмөттөөгө тыюу салынат.
364. Биринчи сигнал электр тутанткычка ээ боевиктерди орнотуунун алдында, ал эми тутанткыч шнур же электрсиз тутандыруу системасы менен жардырууда – жардыргыч түйүндү монтаждоонун алдында берилет.
«Отбой» сигналы жардыруу иштерин жүргүзүүгө жооптуу жардыруу иштеринин жетекчиси улук жардыруучу менен биргеликте жардыруу ордун карап чыккандан кийин гана берилет.
365. Коркунучтуу зонада басым алдында турган буу казандарынын, түтүктөрүнүн жана башка объектилердин басымдары ошол объектилерди пайдаланып жаткан уюмдар менен, макулдашуунун негизинде белгиленген чектерге чейин төмөндөтүлүшү керек.
366. Дүмүрлөрдү өз алдынча кийин жок кылуучу жардыруучулар же жардыруучулардын бригадалары бири биринен 500 метрден кем эмес аралыкта болушу жана коңшуларынын жайгашкан жерин, алардын кыймылдарынын багытын так билип туруулары керек.
Дүмүрлөрдү өз алдынча казып жок кылуучу жардыруучулар же жардыруучулардын бригадалары бир уюмдун курамына киришсе, алардын кыймылы бир багытта болуп, жашынуучу жайга кайтуу так сакталса бири-биринен 300 метрден кем эмес аралыкта жайгаша алышат.
367. Жардырууга даярдалган дөрмөттөр менен дүмүрлөрдү бургулоого (казууга) тыюу салынат.
368. Бир канча жардыруучулар тарабынан дүмүрлөрдү алып салуу боюнча же дарактарды өрт ыкмасы менен кийин жок кылуу үчүн жардыруу иштерин жүргүзүүдө улук жардыруучу кыймылдардын багытын ар бир жардыруучуга иш башталганга чейин көрсөтүүгө милдеттүү.
369. Тоңгон отундарды, баланстарды жардырууда аларды копшоо үчүн сактоочу жардыргыч заттарды гана колдонууга уруксат берилет. Ошол эле учурда төмөндөгү шарттар сөзсүз аткарылышы керек:
1) тутандыруучу каражат катары электр тутанткычтарды колдонуу;
2) жардыруучулардын жыгач боюнча жүрүү коопсуздугун камсыз кылуу (штабелдердин арасындагы, отвалдардагы боштуктарды жабуу);
3) дүрмөттөө башталганга чейин өрткө каршы зарыл болгон чараларды көрүү.
370. Тоңгон рудаларды, көмүрлөрдү, руда концентраттарын, металл кырындыларын копшоодо нитроэфирдүү жардыргыч заттарды пайдаланууга тыюу салынат.
Металл кырындыларын копшоодо электрдик жардырууга уруксат берилбейт.
Аммиак селитрасынын негизиндеги минералдык жер семирткичтер менен жардырып копшоого жол берилбейт.
371. Тузду копшоо тутанткыч шнурду колдонуу аркылуу жардыруу ыкмасы менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
372. Ачык же жабык (тереңдетилген) магистраль түтүктөрү кайтарууда турган зонада жардыруу иштеринин жүргүзүлүшү, ошол түтүктөрдү пайдаланып жаткан уюмдун кат жүзүндөгү макулдугу менен гана ишке ашырылышы керек. Ошол эле учурда жардыруу иштерин жүргүзүүчү түтүктөрдү пайдаланып жаткан уюмга макулдашуу үчүн жардыруу иштеринин долбоорун берүүгө милдеттүү.
16-глава. Жер үстүндө массалык жардырууларды жүргүзүүдөгү талаптар
373. Жайгаштырылган аралык узундугуна карабастан, жалпы жардыруу түйүнүнө кошулган эки жана андан ашык скважиналык, чуңкурлуу же көңдөйлүү дүрмөттөрдү, ошондой эле узундугу 10 метрден ашкан жер алдындагы өткөөлдөрдө жалкы дүрмөттөрдү жардырууларды (мындан ары – массалык жардыруу) жүргүзгөн уюмдардын бургулоо-жардыруу жумуштары боюнча типтүү долбоору болушу керек.
Типтүү долбоордо карьер талаасынын, коркунучтуу зонанын максималдуу чегиндеги курулуш объектилеринин, имараттардын, курулуштардын, электр линияларынын жана коммуникациялардын чек аралары көрсөтүлгөн кырдаалдык пландын параметрлери; кыртыштын жана казылуучу кен байлыктардын геологиялык жана гидрогеологиялык кыскача мүнөздөмөлөрү, алардын катуулук, жаракалык, бургулануусу, жарылмалуулугу боюнча классификациялары, технологиялык шарттары (жумушчу аянттардын кеңдиги, урчуктардын бийиктиги); бургулоо жана жардыруу жумуштарынын параметрлерин эсептөөнүн жалпы ыкмалары; оюктар менен скважиналардын диаметрлерин, жарылгыч заттарды жана от алдыргыч каражаттарды, бургулоо-жардырууларды механикалаштыруу каражаттарын, жардыруучу жана көзөмөлдөөчү-өлчөөчү приборлорду; жардыруу ыкмаларын; жардыруу түйүндөрүнүн схемасын; дүрмөттөр менен атылгыч октордун (орто аралык от алдыргычтардын); жайлатуулардын интервалын жана кабыл алынган интервалдардын эсептөө параметрлерин, скважиналардын жайгашуу параметрлерин; жардыруулардын керектөө коэффициенттери жана эсептик көрсөткүчтөрүн (жарылгыч заттардын жалпы керектелиши, скважинанын 1 погондуу метринен казылган кыртыштын көлөмү); коопсуз аралыктарды эсептөө ыкмаларын, чоң көлөмдөгү таштарды талкалоонун типтүү паспорту камтылат.
Бургулоо-жардыруу жумуштарынын типтүү долбоору уюмдун буйругу менен бекитилет жана колдонууга берилет.
Буйрукта массалык жардыруулар жөнүндө уюмдун персоналын жана жакын жайгашкан уюмдарды, жергиликтүү башкаруу органдарын (зарыл учурларда) жана калкты эскертүү боюнча чаралар каралышы керек.
Жардыруу жумуштары подряддык уюмдар тарабынан жүргүзүлсө, көрсөтүлгөн долбоорлор заказчы жана подряддык уюмдардын техникалык жетекчилери же алар дайындаган адамдар тарабынан жумуштардын коопсуздугун жана жарылгыч заттардын сакталышын камсыздоо боюнча тараптардын милдеттерин конкреттүү көрсөтүү менен бекитилет.
374. Типтүү долбоордун негизинде конкреттүү шарттарда аткарылуучу бургулоо-жардыруу жумуштары үчүн төмөнкүлөрдү камтыган долбоор (массалык жардыруу долбоору) түзүлөт:
1) скважиналардын графикалык схемалары көрсөтүлгөн техникалык эсептер (ушул Эрежелердин 13-тиркемеси);
2) жардыруу жумуштарынын параметрлеринин таблицалары (ушул Эрежелердин 14-тиркемеси);
3) массалык жардыруу жүргүзүүнүн тартиби (ушул Эрежелердин 15-тиркемеси).
375. Тоо-техникалык жана гидрогеологиялык бирдей шарттарда, типтүү долбоор болсо, жардыруу иштеринин параметрлеринин таблицалары жана блокторду бургулоо долбоорлору скважиналардын иш жүзүндөгү жайгашуу схемалары боюнча жардыруу жүргүзүү тартибинин долбооруна ылайык массалык жардырууларды жүргүзүүгө жол берилет.
376. Ар бир уюмда массалык жардыруу жүргүзүү датасы жана убактысын аныктоочу документ иштелип чыгат. Массалык жардырууга даярдык көрүү жана өткөрүү тартибин жардыруу иштерин аткаруучу уюмдун техникалык жетекчиси же ал дайындаган адам бекитет. Подряддык уюмдун катышуусунда массалык жардырууга даярдык көрүү жана өткөрүү тартиби заказчы жана подрядчынын милдеттери так көрсөтүлгөн биргелешкен документте аныкталат.
377. Скважиналардын техникалык эсептери жана жайгашуу схемалары түшүндүрмөлөр жана графикалык документтер менен коштолот.
Көрсөтүлгөн документтер тоо, геологиялык жана гидрогеологиялык шарттарды, ошондой эле маркшейдерлик кызматтардын көрсөтмөлөрүн жана мурдагы жардыруулардын натыйжасын эске алуу менен түзүлөт.
Схемаларды түзүү үчүн скважиналардын жайгашуу орундары көрсөтүлгөн горизонттук планшеттердин тийиштүү көчүрмөлөрү колдонулушу мүмкүн.
378. Скважиналардын жайгашуу чекиттери орундарына коюлууга тийиш.
379. Скважиналар бургулангандан кийин массалык жардыруунун долбооруна ылайык, бургуланган блокто маркшейдерлик тартуу жүргүзүлөт жана скважиналар менен урчуктардын жайгашуу орундары так көрсөтүлгөн план түзүлөт.
План өзүнчө документ катары түзүлүп, ага эсептик маалыматтар камтылган жардыруу иштеринин параметрлик таблицасы түшүрүлөт. Дүрмөттөөнүн таблицасында иш жүзүндөгү параметрлер белгиленет.
380. Маркшейдерлик тартуудан кийин даярдалган блок ушул Эрежелердин 16-тиркемесинде көрсөтүлгөн үлгүдөгү акты боюнча аткаруу үчүн жардыруу участогуна же цехке, подряддык уюмдун өндүрүштүк бөлүмүнө берилет.
Эгер бургулоо-жардыруу жумуштарын бир участок (цех) аткарса, акт түзүлбөйт.
381. Массалык жардырууга даярдык көрүү жана жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин негизинде конкреттүү массалык жардыруунун ырааты түзүлөт, ал техникалык жетекчи же ал дайындаган адам тарабынан бекитилет.
Жардыруу жумуштары подряддык ыкма менен аткарылган учурда, конкреттүү массалык жардыруунун ыраатын заказчы менен подрядчы биргелешип аныктайт, ал эми алыскы участкаларда (объектилерде) подряддык уюмдун буйругу менен дайындалган жардыруу жумуштарынын жооптуу жетекчиси аныкталат.
382. Массалык жардырууну даярдоо жөнүндө буйрукта жооптуу жетекчинин аты-жөнү көрсөтүлөт.
383. Массалык жардырууга жооптуу жетекчи жардыруунун документтери менен персоналды тааныштырууга, аларга даярдык көрүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин, коопсуздуктун зарыл чараларын түшүндүрүүгө милдеттүү.
384. Массалык жардыруу түйүндөрүн монтаждоо аяктагандан кийин жооптуу жетекчи, бир нече блокторду бир убакта жардырууда жардыруучулар, айрым блокторду даярдоо жана дүрмөттөө үчүн атайын дайындалган жооптуу адамдар жардырылуучу түйүндөрдүн коммутацияларынын долбоордук схемасына дал келүүсүн, түйүндөр менен бирикмелердин ишенимдүүлүгүн, жайлатуучуларды орнотуунун тууралыгын текшеришет. Табылган кемчиликтер түзөтүлөт.
385. Массалык жардырууга жооптуу жетекчи менен айрым блокторду дүрмөттөөгө жана жардырууга жооптуу жардыруучулардын, ошондой эле улук жардыруучунун ортосунда ишенимдүү эки тараптуу байланыш камсыздалышы керек.
386. Эки же андан көп жардыруу станцияларында массалык жардыруу жүргүзүүгө жооптуу жетекчи менен жардыруучу станциялардын, улук жардыруучулардын ортосунда ишенимдүү радиобайланыш болгондо гана жол берилиши мүмкүн.
387. Массалык жардырууга жооптуу жетекчи блокторду дүрмөттөө жана жардырууга даярдоо, коркунучтуу зонанын кайтарылышы жана посттордун коюлушу, ошондой эле коркунучтуу зонадан адамдарды чыгаруу үчүн жооптуу жардыруучулардан сигнал алынган соң, жардыруу жумуштарынын толтурулган параметрлик таблицалары менен таанышып, массалык жардыруу жүргүзүүнүн тартибинде саналган иш-чаралардын аткарылгандыгына ынангандан кийин гана жардырууну баштоо жөнүндө көрсөтмө берет.
388. Жарылуудан кеминде 15 мүнөт убакыт өткөндөн кийин массалык жардырууга жооптуу жетекчи персоналдын газ менен уулануудан сактоо чараларын көрүп жардырылган блокторду карап чыгууну уюштурат.
389. Жардыруу ордун карап чыккандан кийин жарылбай калган дүрмөттөр жок болсо жана жарылуу учурундагы уулуу газ концентрациялары белгиленген нормага чейин төмөндөсө, массалык жардырууга жооптуу жетекчи “Баары жайында” сигналын билдирүү жолунда көрсөтмө берет. Бул сигнал боюнча коркунучтуу зонадан кайтаруу посттору алынат.
390. Массалык жардыруудан кийин жарылбай калган дүрмөттөрдүн бардыгы, аларды каттоо жана жоюуну контролдоо белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
391. Аткарылган массалык жардыруулардын натыйжалары параметрлерди тактоо жана бургулоо-жардыруу жумуштарын андан ары өркүндөтүү максатында системалык анализдөөгө алынат.
17-бөлүм. Жарылгыч материалдар кампаларынын курулушу жана пайдаланышы, жарылгыч материалдарды сактоо боюнча коопсуздук талаптар
392. Жардыргыч материалдар белгиленген талаптарга жооп берүүчү атайын жайларда жана орундарда сакталат. Жардыргыч материалдарды сактоону уюштуруу алардын жоголушун, сактоо шарттары – бузулуусун жокко чыгарууну камтууга тийиш.
393. Ар кандай топтогу жарылгыч заттар ылайыктыгына жараша ар башка сакталат. Төмөндөгүлөрдүн:
1) түтүндүү (ылайыктуулук тобу D) жана түтүнсүз (ылайыктуулук тобу C) ок-дарылар сезгичтиктери боюнча ылайыктуулук талаптарына жараша;
2) отту өткөргүч шнурлар, аны от алдыруучу каражаттар жана алардын ок-дарылары, сигналдык жана ок-дары патрондору жана B, C жана D ылайыктуулук топторунун жардыруучу материалдары бар сигналдык ракеталары (ылайыктулук тобу G);
3) от алдыруучу шнур жана от алуучу тасманын (ылайыктуулук тобу D) капсюль-от алдыргычтары, электр от алдыргычтары жана пиротехникалык реленин (ылайыктуулук тобу В) бирге сакталышына жол берилет.
394. Жарылгыч материалдарды сактоо жайлары (жардыруу орундарына жакын убактылуу сактоочу орундардан тышкары) ээлик кылган уюмдардын, ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын, ички иштер органдарынын жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлдөрү тарабынан кабыл алынат жана ишке берилет.
Кабыл алуу тууралуу акт түзүлөт, анда сактоо орду долбоордук документтерге ылайыктуу көрсөтүлөт.
395. Уюмдар жардыргыч материалдардын ар бир туруктуу жана убактылуу стационардык кампаларына, ошондой эле бөлүштүрүүчү камераларга ушул Эрежелердин 17-тиркемесинин 5-форма паспорттуна ээ болууга милдеттүү. Паспорттун бир нускасы ЖМ кампа башчысынын жумуш ордунда сакталат.
396. Илимий жана билим берүү мекемелеринде жаңы даярдалган жарылгыч материалдарды өнөр жай багытындагы жардыргыч материалдардын тизмесине киргизилген жардыргыч материалдары менен (бир сейфте) бирге сактоого жол берилбейт.
397. Сактоо орундарында жардыргыч материалдардын оозу ачылган идиштери капкак менен жабылышы же бууп бекитилиши керек.
398. ЖМ кампаларындагы сактоочу жайлар жана жарылуучу материалдар салынган контейнерлер кулпуланып жана пломбуланат же мөөр басылып бекитилет. Күнү-түнү таратуу мөөнөтү каралган ЖМ кампаларында сактоо жайларын пломбалоо же мөөр басып бекитүү жүргүзүлбөшү мүмкүн.
399. Жардыргыч материалдарды сактоого эсептелген имараттардын комплекси жана жалпы аймакта жайгашкан көмөкчү багыттагы курулуштар, жардыргыч материалдарды сактоочу камералар менен үкөктөр жана жер алдындагы кампаларга тиешелүү көмөкчү камералар, жардыргыч материалдар сакталуучу башка орундар уюмдун техникалык жетекчиси бекиткен долбоорлор боюнча жабдылышы жана пайдаланылышы керек.
400. Жайгашуулары боюнча ЖМ кампалары үстүңкү, жарым тереңдетилген, тереңдетилген жана жер алдындагы деп бөлүнөт.
Үстүңкү кампаларга жер үстүнө жайгашкан ЖМ кампалар, жарым тереңдетилгендерге – дубалдары чатырларына чейин тереңдетилген ЖМ кампалар, тереңдетилгендерге – үстүн 15 метрден кем эмес кыртыш каптап турган кампалар, жер алдындагыларга – каптаган кыртыш 15 метрден ашкан кампалар кирет.
401. Пайдалануу мөөнөттөрүнө жараша ЖМ кампалар туруктуу – үч жыл жана андан көп, убактылуу – үч жылга чейин жана кыска мөөнөттүү – бир жылга чейин деп бөлүнөт.
ЖМ кампаларынын пайдалануу мөөнөтү жардыргыч материалдар киргизилген датадан тарта эсептелет.
Кыска мөөнөттүү ЖМ кампаларын пайдалануу комиссия кайталап кабыл алган шартта улантылышы мүмкүн.
402. ЖМ кампалары максаты боюнча базистик жана керектелүүчү болуп бөлүнөт.
403. Жардыргыч материалдар сезондордо гана ташылса, жумуштар көчмө мүнөздө болсо, ошондой эле бийик тоолуу аймактарда жардыргыч материалдарды жана аммиак селитрасын контейнерлерде ачык аянттарда сактоого жол берилет. Контейнерлер үчүн орундар ЖМ кампаларынын аймагында жана өз алдында контейнердик аянтча катары да жайгаштырылат. Контейнерлер бүтүн, пломбаланган жана номурланган болушу керек. Контейнерде тутанткыч милте каражаттарды жайгаштыруу тутанткыч каражаттарды сактоочу жайларга коюлган талаптарга жооп берүүгө тийиш.
404. ЖМ кампасында аммиак селитрасы өзүнчө жайда (өзүнчө аянтта) сакталат.
405. ЖМ кампаларындагы аммиак селитрасы бардык учурларда башка жарылгыч заттар сыяктуу эле белгиленген тартипте эсепке алынат.
ЖМ кампаларынын паспортторунда аммиак селитрасын сактоо орду өзүнчө сапта көрсөтүлөт.
406. ЖМ кампаларында жана жарылгыч заттарды өндүрүү орундарында коопсуз аралыктарды эсептөөдө аммиак селитрасы эсепке алынбайт.
407. ЖМ кампасына идишке салынбаган аммиак селитрасы келсе, механикалык жүктөө-түшүрүү жабдулары бар бункерде сакталышы мүмкүн. Аммиак селитрасын бункерде кайра жүктөөсүз жана копшоосуз сактоо мөөнөтү 10 күндөн ашпайт.
408. Жер алдындагы (тереңдетилген) керектелүүчү ЖМ кампасынын жана айрым камералардын сыйымдуулугун долбоор менен аныктоо керек. Ошол эле учурда көмүр жана сланец шахталарындагы кампалардын сыйымдуулугу таркатуучу камералардын идиштерин эске албаганда жарылгыч заттардын жети күндүк запасынын жана тутанткыч каражаттардын он беш күндүк запасынан ашпоосу керек.
Камералык типтеги ЖМ кампаларындагы камеранын сыйымдуулугу 2 тонна жарылгыч заттан ашпайт, ячейкалуу типтеги кампаларда ар бир ячейкада 400 кгдан ашпаган өлчөмдө жарылгыч зат сактоого уруксат берилет.
Жер алдындагы иштетүүлөрдөгү өзүнчө таркатуучу камеранын сыйымдуулугу 2 тоннадан ашпайт жана ал тутанткыч каражаттардын санына жараша болушу керек, ал эми сактоочу өзүнчө участкалык пунктунуку - 1 тонна жарылгыч зат тутанткыч каражаттардын тиешелүү санына жараша болот.
409. Илим-изилдөө институттарында, лабораторияларда жана окуу жайларда жардыргыч материалдарды сейфтерде сактоо керек (ар биринде 10 кгдан ашпаган жардыргыч материал же 500 даана тутанткыч, 300 метр тутанткыч жана от коюучу шнурлар). Жардыргыч материалдарды бир жайда, бирок тутанууга жол бербес аралыкта ар башка сейфтерде сактоого уруксат берилет.
410. Уюмдарда жардыргыч материалдарды сыноо жана жок кылуу үчүн шарттар камсыздалууга тийиш. Мындай максатта полигондорду же тиешелүү приборлор жана шаймандар менен жабдылган лабораторияларды уюштуруу зарыл. Сыноолор тиешелүү жардыргыч материалдардын техникалык документтериндеги талаптарга ылайык, жардыруу жумуштарын аткаруучу уюмдун буйруктарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Полигондор долбоор боюнча жарылуу ордунан жана ЖМ кампасына жана башка объекттерге чейинки полигондо жардыруу иштери жүргүзүлгөн жерден коопсуз аралыкта жабдылууга тийиш.
Жардыргыч материалдарды иштетилбеген карьерлердеги даярдалган аянттарда жок кылууга жол берилет.
411. Базистик кампада ЖМ операцияларын өткөрүүдө, жардыруучуларга жардыргыч материалдарды берүү жана алардан коротулбаган жардыргыч материалдарды, тутанткыч каражаттарын, атуучу жана жардыруучу аппараттарды кабыл алуучу жай кампанын кире беришине жакын, бирок жарылгыч заттардын өзүнөн 20 метрден кем эмес аралыкта жайгашат жана күйбөс материалдардан тургузулуп, калыңдыгы 25 смдан кем эмес, отко күйбөс туюк дубал (кирпич же бетон) менен экиге бөлүнөт: жарылгыч заттар жана тутанткыч каражаттар үчүн. Аталган жай жардыргыч заттарды жана тутанткыч каражаттарды берүү-кабыл алуучу эки тамбур менен жабдылат.
Аталган жайда берилүүчү бардык аталыштагы жардыргыч материалдардын жалпы көлөмү 3 миң кгдан, анын ичинде от алдыргычтар 10 миң даанадан ашпоосу керек.
Тутанткычтар салынган жащиктер имараттын дубал сыртындагы текчелерде сакталат.
Жардыргыч материалдарды көрсөтүлгөн жайда сактоого тыюу салынат.
412. ЖМнын базистик кампасында тутанткыч шнурдуу атылгыч окторду даярдоо жардыргыч материалдарды берүү-кабыл алуу учурунда бөлөк имаратта (бөлмөдө) жүргүзүлүшү керек.
413. ЖМнын туруктуу жана убактылуу чыгым кампаларында жардыргыч материалдарды ачып, жардыруучуларга берүүнү, ошондой эле алардан керектелбеген жардыргыч материалдарды, от алдыргыч каражаттарды, аттыруучу жана жардыруучу аппараттарды кабыл алууну бөлөк жайларда, кампалардын тамбурларында же жардыргыч материалдарын даярдоочу имаратта жүргүзүү талап кылынат. Тутанткычтарды берүү үчүн кийиз же калыңдыгы 3 мм.дан кем эмес жарым өткөргүчтүү, каршылыгы 10 Ом/м.дан ашпаган резина төшөлүп, брезент менен капталган жана тутанткыч, отбергич шнурларды кесүү үчүн столдор орнотулат
Электр тутанткычтарга статистикалык электрдин коркунучтуу таасирин жок кылуу максатында столго каршылыгы 100 Омдон ашпаган жерлеткич туташтырылат.
Аталган жайларда жардыргыч материалдарды сактоого тыюу салынат.
414. ЖМ кампаларынын тамандары жыртыксыз, тегиз болууга, ал эми дубалдары акталууга же сырдалууга тийиш.
Ар бир жардыргыч материалдарын сактоочу жай желдетилүүгө жана суу менен кардын кирүүсүнөн корголууга тийиш.
Жардыргыч материалдар кампасы табигый желдетүү менен камсыздалышы керек.
415. Туруктуу жана убактылуу ЖМ кампалары эки түрлүү жарыктандыруу – жумушчу жана резервдик (авариялык) жарык менен камсыздалат.
416. Жумушчу жана жардыргыч материалдардын сактоо орундарында полдорго жарык берүү иштөөнүн нормалдуу шартын камсыздашы, ал эми тутанткыч каражаттар менен иштөөдө 30 лкдан кем болбоосу керек.
417. ЖМ кампаларынын сактагычтарында жардыргыч материалдар үчүн текчелер жана тутанткыч каражаттар үчүн штабелдер дубалдан кеминде 20 см алыс, полдон 10 смдан кем эмес бийиктикте жайгаштырылат. Жарылгыч заттар салынган каптарды, жащиктерди күйбөс материалдардан даярдалган текчелерге жайгаштыруу зарыл. Штабелдин бийиктиги 2 метрден ашпоосу зарыл. Штабелдин туура кеңдигине орундарды саноого оңой болгудай кылып экиден ашык эмес кап (жащик) жайгаштырууга болот.
Жүктөп-түшүрүү жумуштарына механикалаштырылган каражаттар колдонулса, жарылгыч салынган каптар менен жащиктерди поддондордогу пакеттерде, анын ичинде бийиктигин эки яруска чейинки стропконтейнерлерде сактоого болот. Поддондор менен стропконтейнерлерди жайгаштыруу тартиби долбоор боюнча аныкталат. Штабелдердин максималдуу бийиктиги 2,6 мден ашпоосу керек.
Штабелдердин, анын ичинде стропконтейнерлердин жана текчелердин ортолорунда туурасы 1,3 жана 1 метрден кем эмес өткөөл калтыруу керек.
418. Текчелердеги жардыргыч материал салынган жащиктер, каптар эки кабаттан, штабелдерде (стропконтейнерлерде) стандарттардын талаптарына ылайык (техникалык шарт) жайгаштырылат. В жана С тобундагы жардыргыч материалдары бийиктиги боюнча бир катар гана жайгаштырылат. Көрсөтүлгөн жардыргыч материалдар үчүн жогорку текчелердин бийиктиги 1,7 метрден, башкалардан 2 метрден ашпоосу керек.
Ар бир эки текченин ортосундагы аралык жардыргыч материал салынган жащиктер жана каптар үчүн үстүнөн 4 смдан кем эмес бош орун калгандай болушу керек. Текчелерге туурасынан эки катардан жащик коюуга тыюу салынат, дубалдын жанында болсо бир катар жайгаштырууга гана уруксат берилет.
Жардыруучу материалдар сактагычтардын текчелерин бекитүүдө колдонулган темир мыктар менен болттордун баштары жыгачка толук киргизе урулат.
Текчелердин тактайлары 3 смга чейинки аралыкта төшөлүшү керек. Төмөнкү текче текши төшөлөт.
ЖМ кампасындагы камералардын, текчелердин жана штабелдердин жанына жарылгыч заттардын, тутанткыч каражаттардын же аттыргыч жана жардыргыч аппараттардын аталыштары, алардын саны, партия номурлары, даярдалган даталары жана сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн такталар илиниши керек.
419. Электр тутанткычтар, электр күйгүзүүчү жана электр жалындаткычтар, ошондой эле жарылгыч заттарды камтыган жасалгалар кампаларда жана башка сактоо жайларында заводдук же аларга атайын арналган каптамаларда сакталышы керек.
420. Күйгүзүүчү жана контролдоочу түтүктөр күйбөс материалдардан тургузулган, шыбалган, күйбөс сырлар менен сырдалган туюк дубал менен бөлүнгөн жардыргыч материалдарды даярдоочу жайларда, ал эми жер алдындагы кампаларда өзүнчө камераларда жасалат. Күйгүзүүчү жана көзөмөлдөөчү түтүктөр жасалуучу стол бир нече жардыруучу иштеп жаткан учурда узундугу боюнча жыгач калкандар менен бөлүнүшү керек.
Күйгүзүүчү жана көзөмөлдөөчү түтүктөр (тутанткыч шнурдун контролдук кесиндиси) жасалуучу жана сакталуучу жайдын таманына жумшак килемчелер төшөлүшү керек.
Даяр болгон күйгүзүүчү түтүктөр ЖМ кампасында (таратуучу камерада) металл же ичи-тышынан калай калкандар менен капталган жащиктерде (шкафтарда), ичи жумшак кассеталарда сакталат. Жащиктер капкак менен жабылышы керек.
421. Аммиак селитрасынан даярдалган жардыргыч материалдар сакталган ЖМ кампалары менен контейнерлердеги температура 35 °Cтан ашпоосу керек.
422. Жарылгыч заттарды контейнерлер менен аянттарда эки яруста сактоого жол берилет. Контейнерлердин арасында көтөрүүчү таранспорттук механизмдер өтүүчү аралык калтырылышы керек.
423. Кампаларда жардыргыч материалдарды жүктөп-түшүрүү жумуштары жүк көтөрүмдүүлүгү, таңгакталган жардыргыч материалдардын номиналдык брутто салмагынан кем болбогон механизмдердин жардамы жана кол күчү менен аткарылууга тийиш. Жүктөөчү машиналардын көтөрүүчү болот аркандары (жебелүү крандарда жебе көтөрүү аркандары) эки тормоз менен камсыздалышы керек.
424. ЖМ кампаларынын ичинде жүк көтөрүүчү механизмдер иштеген учурда, алар түтүндөрдү зыянсыздандыруучу жана учкундарды өчүрүүчү система менен жабдылышы, электр жабдуулар (электрожүктөгүчтөр, тельферлер) B-IIa классындагы жабык жайлар үчүн электр коопсуздугунун талаптарына жооп бериши зарыл.
425. Жардыргыч материалдардын сактоо орундарын оңдоодо алар жарылгыч заттардан, тутанткыч каражаттардан, аттыргыч жана жардыргыч аппараттардан бошотулушу, убактылуу башка кампаларга (аянтчаларга) жайгаштырылышы зарыл. Эгер кампа туюк дубалдар менен бөлүктөргө бөлүнсө, бир бөлүгүн оңдоо учурунда жардыргыч материалдарды экинчи бөлүгүндө сактоого жол берилет.
426. ЖМнын үстүнкү туруктуу кампалары төмөнкү шарттарга жооп бериши керек:
- суу буруучу арыктардын болушу ( кыртыштагы көп жылдык тоң шартында арыктын зарылдыгы конкреттүү шартты эске алуу менен долбоор боюнча аныкталат);
- жолдорду жана кирүү жолдорун тазалыкта жана оң абалда кармоо зарыл;
- кампаларды алардын ар бирине ар тарабынан эркин кирип чыккыдай кылып жайгаштыруу зарыл;
- кампалардын арасындагы аралыктар, ошондой эле ЖМ кампасынын аймагында кампалар жана ар кандай имараттар, курулуштардын ортосундагы, андан тышкаркы аралыктар өрткө каршы белгиленген аралыктардан кем болбошу жана ушул Эрежелердин 19-главасынын талаптарына ылайык келүүсү зарыл;
- ЖМ кампалары тосмолор менен тосулушу жана тосмодон сырткары 50 метрден кем эмес жакындоого тыюу салынган зонасы болушу керек. Тыюу салынган зонанын чектерине эскертүү белгилери орнотулат.
427. ЖМ кампасынын аймагында (тосмонун ичинде) төмөнкү имараттар менен курулуштарды гана жайгаштырууга жол берилет: жарылгыч заттарды, тутанткыч каражаттарды, аттыргыч жана жардыргыч аппараттарды сактоочу жайды; жарылгыч заттарды жана аммиак селитрасын контейнерлерде сактоо үчүн аянтчалар; жардыргыч материалдарды даярдоо үчүн имарат; жардыргыч материалдарды кабыл алуу, сактоо жана жүктөө менен байланышкан кабыл алуучу рампалар жана башка объектилер, гранулдашкан жана суу аралаштырылган жарылгыч заттарды даярдоо пункттары (тосулган аймакта), ошондой эле күзөт мунаралары, короочу иттердин уялары, жарык чырактары орнотулган мунаралар, өрткө каршы каражаттардын орундары, өрт өчүрүүгө керектүү суу көлмөсү (сордургучтар); өткөрүү будкалары; чагылгандан коргоо курулуштары.
428. ЖМ кампасынын кирүүгө тыюу салынган зонасынан тышкарыда ЖМ кампасына тиешелүү төмөнкү имараттар жана курулуштар жайгашат: жардыргыч материалдарды сыноо жана жок кылуу, тараларды өрттөө үчүн полигон; күзөт жайы; кампаны тейлеген персонал үчүн административдик-тиричилик жайлары; механизация каражаттарын тейлөөчү жана май куюучу пункттар; отканалар, мунайзатпродуктулары үчүн идиштер; суу берүүчү жана канализациялык сордуруучу станциялар,трансформатордук подстанциялар.
Тараларды сактоо үчүн сарайды же бастырманы ЖМ кампасынын тосмосунан 25 метрден жакын эмес аралыкта тыюу салынган зонада жайгаштырууга жол берилет.
ЖМ кампасына тиешеси жок объектилер (имараттар, курулуштар, калктуу конуштар), ушул Эрежелердин 19-главасына ылайык аныкталуучу коркунучтуу зонадан тышкары жайгаштырылат.
429. Тосмодон жакынкы сактоочу жайга чейинки аралык 40 метрден кем болбошу керек. Бул аралык видео байкоочу система жана кыймылды билдиргич түзүлүштөрү болгон шартта ыйгарымдуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча азайтылышы мүмкүн.
Тосмолорго тикенек зымдар, жыгач, кирпич, таш, металл колдонулат. Тосмонун бийиктиги 2 метрден кем болбойт. Тосмонун үстүнө 0,5 м бийиктикте төрт катар тикенек зымдар тартылат. Тосмого кулпулап жабылуучу дарбаза жана эшикче орнотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 841 токтомунун редакциясына ылайык)
430. ЖМ кампасынын жана тыюу салынган зонанын аймагындагы тегерегиндеги дарактар, бадалдар кыркылышы, куусаң чөптөр, куурайлар жана оңой тутануучу предметтер тазаланышы керек.
ЖМ сакталуучу убактылуу кампалар үчүн ыйгарымдуу мамлекеттик орган менен макулдашып, тыюу салынган зонада дарактарды кыйбаса да болот.
431. ЖМнын туруктуу кампаларынын жардыргыч материалдарды сактоочулары күйбөс материалдардан тургузулушу керек.
Каркастуу-куйма дубалдарды жана ички тосмолорду тургузуу үчүн суюк бетонду, шлак же акиташ суусу менен каныктырылган жыгач таарындыларын колдонууга уруксат берилет.
Дубалдары каркастуу-куйма жана устун жыгачтардан тургузулган жардыргыч материалдарды сактоочу жайлар жана алардын ички бөлүнүштөрү күйбөс суюктуктар менен майланышы же ичи-тышынан шыбалышы керек. Жардыргыч материалдардын сактоочулардын жыгач шыптары шыбалууга же күйбөгөн суюктуктар менен майланууга тийиш.
Кургак климаттуу жерлерде кампалардын дубалын сокмодон, чийки кыштан тургузууга уруксат берилет.
Сактагычтардын чатырлары күйбөс материалдардан курулушу же ичи-тышынан күйбөс суюктуктар менен майланышы керек.
Ар бир сактагычтын чатырында өзүнчө жайлар жайгаштырылат (темирбетон плиталары менен жабылса андай жайлардын зарылдыгы жок).
Контейнерге салынган ЖМ атайын каралган ачык аянттарда сакталат. ЖМ салынган контейнерлер үчүн орундар ЖМ кампаларынын аймагында жана контейнерлүү кампалар катары өзүнчө жайгаштырылат. Контейнердик аянтчалардын сыйымдуулугу ЖМ кампалары үчүн белгиленген чектөөлөр боюнча аныкталат.
432. Сактагычтардын тамандарына жыгач же бетон, асфальт же таптама топурак төшөлөт.
433. Жардыргыч материалдарды майда партиялар менен берүүгө эсептелген сактагычтарда бирден кем эмес тамбур курулат. Тамбур 2 х 2 м өлчөмүндө күйбөс материалдардан тургузулат. Тамбурга сыртты карай эки жакка ачылуучу экиден кем эмес эшик орнотулат: алардын бири тамбурдун сырткы, экинчиси кампага кирүүчү эшиги болот. Сырткы эшик туюк түрүндө калай менен капталат. Экинчи ички эшик торлонгон жыгач же темир эшик болот.
Рампалары жана механикалаштырылган жүктөп-түшүрүү каражаттары бар кампаларда тамбур куруунун зарылдыгы жок, бирок эки эшик орнотулат.
434. Жардыргыч материалдар кампасына кирүүчү эшиктердин саны ички өткөөлдөргө жетүүнүн максималдуу алыстыгы 15 метрден ашпагыдай, механикалык жүктөп түшүрүүдө - 25 метрге эсептелип аныкталат.
435. Сактоочу жайлардын терезелери диаметри 15 мм.дан кем эмес темир зымдан жасалган темир тор менен бекемделиши керек. Темир тордун ар бир темир зымдары кесилишкен жер ширетилип, уячалары 150 x 150 ммдан ашпоосу зарыл. Темир зымдын учтары дубалдын ичине 80 мм.дан кем эмес кирип турушу керек. Темир торду түстүү сыр менен боёп коюу туура. Терезенин күн тарапка караган айнектери күңүрттөлүүгө же ак сыр менен сырдалууга тийиш. Полдун аянтына карата терезенин тийген жарыгы 1:25 тен 1:30 чейинди түзүүгө тийиш.
436. Имараттын чатырында кандайдыр бир нерсени же материалды сактоого тыюу салынат. Чатырга чыгуу үчүн имараттын сыртына тепкич койгонду эске алуу зарыл.
437. Сактоочу жайдын жана чатырдын кире бериштери кулпу менен бекитилип жана пломбу же мөөр коюлуп бекитилиши керек.
438. Эгер сактоочу жайдан же жардыргыч материалдар кайра иштетилген жерден кайтарылган объектилерге чейинки аралык ушул Эрежелердин 19-бөлүмүндө көрсөтүлгөн маанилерден аз болсо, анда сөзсүз топурактан кырдап жал жасоо керек. Мындай учурда коопсуз аралык тереңдетилген дүрмөт учурундагыдай эсептелет.
439. Кырдалып үйүлгөн жалга борпоң же майда кумдуу топурак додолоп үйүү керек. Додолоп үйүү үчүн таш, майдаланган таш жана күйүүчү материалдарды колдонгонго тыюу салынат.
440. Кырдалып үйүлгөн жал жардыргыч материалдар турган штабелдин (стеллаж) жогорку деңгээлинен 1,5 метрге бийик болууга тийиш. Кырдалып үйүлгөн жалдын үстүнүн кеңдиги 1 метрден кем болбошу керек. Кырдалган жалдын төмөнкү кеңдиги додолонуп үйүлгөн кыртыштын табигый жантайышына жараша болот.
441. Сактоочу жайды толугу менен кырдалган жал менен тосууда чыгуу түзүлүшү үчүн алды жагына коргоочу жалды жайгаштыра тургандай жалдын ажырымы болушу керек.
Коргоочу жалдын узундугу - имараттын жакынкы бурчунан башкы жалдын кырынын акыркы жакынкы чекитине карата жана андан ары уланып, коргоочу жалдын кыры аркылуу өткөн түз сызык кабары эсептелиниши керек.
442. Электр орнотмолоруна (бөлүштүргүч түзүлүштөр, подстанциялар, авариялык азыктандыруу булагы), электр кабылдагычтардын категориясына, ишенимдүү камсыз кылууга карата талаптар долбоордогу ченемдик документтерди эсепке алуу менен аныкталат.
443. ЖМ кампаларындагы электр орнотмолор, анын ичинде күчтүү ток берүү жана жарыктандыруу тармактары токтун жоголушунан жана токтун зымдарынын кыскача өчүп калуусунан, ошондой эле адамдардын электр тогуна урунуусунан коргооч менен жабдылууга тийиш. ЖМ кампаларындагы электр орнотмолорун токту жерге байланыштыруучулар менен камсыздоо долбоорго ылайык жүргүзүлүүсү зарыл.
444. ЖМ кампасы, анын кире бериши жана жардыргыч материалдарды сактоочу жай жарыктандырылышы керек. Тосмонун периметри боюнча жарыктандырууга аткарууга жол берилет.
445. ЖМ кампасын жумушчу жарыктандыруу 220 В кубаттуулугундагы лампа (шамчырак) менен иш жүзүнө ашырылышы керек. Кампаны авариялык жарыктандыруунун түрү долбоордо аныкталат.
Сактоочу жайлар үчүн авариялык жарыктандыруу сыпатында рудник аккумулятор шам чырактарын же батареялары кургак фонарларды (резина каптамалуу корпусу металл) колдонууга уруксат берилет. Электр тармактан азыктанган көчмө лампаларды кампанын бардык орун жайларында колдонууга тыюу салынат.
Эгер жардыргыч материалдарды берүү күндүн жарык убагында жүргүзүлсө, сактоочу жайларды электр менен жарыктандыруу зарыл эмес.
446. Өчүрүп-күйгүзгүч, сактоочу, бөлүштүрмө калкан, штепселдерди имараттын сыртына өрткө каршы каражаттар менен камсыздалган жабык ящиктерге же изоляцияланган орун жайга орнотуу зарыл.
447. Сактоочу жайдын ичиндеги жарыктандыруу тармагы үчүн күйүүнү жайылтпаган, кабыктуу кабель колдонулушу керек.
448. Кабелдерди дубалга жана жайдын шыбына бекитүү горизонталынан 0,8 метрден кем эмес, тигинен 2 метр эсебинде жүргүзүлүшү керек.
Кабелдерди бириктирүү жана кошуу үчүн атайы кошкучтар колдонулат.
449. ЖМнын бардык кампалары эксплуатациялоочу уюм, өрттөн сактоочулар жана ички иштер органы менен байланышуу үчүн телефон орнотулушу керек. ЖМ кампасына телефон байланышын жабдуу мүмкүнчүлүгү жок болсо, аталган абоненттер менен радиобайланыш камсыз кылынышы мүмкүн. Күзөт постулары менен кароол жайларынын ортосу эки тараптуу байланыш менен камсыз кылынууга тийиш.
Байланыш каражатын жарылуучу өрт коркунучунан тышкары жерге жайгаштыруу зарыл.
ЖМ кампалары жана сактоочу жайлар сактоо жана өрт кабарлагычы менен долбоорго ылайык камсыздандырылышы керек.
450. ЖМ кампасынын аймагында ачык от булагына, жабдуулардын ысышына жана учкун чыгарышына, ошондой эле жабдуунун иштешин кароосуз калтырууга жол берилбейт.
451. Бардык ЖМ кампалары өрткө каршы каражаттар менен жабдылышы керек, алардын номенклатурасы, саны жана жайгашуусу долбоордо аныкталат.
452. Токой жана кыртыш өрттөрүнүн алдын алуу үчүн ар бир имараттын айланасына 5 м.ден кем эмес аралыктагы дүмүрлөрдү алып салуу керек; ЖМ кампасынын аймагынын айланасына 10 метр аралыкта туурасынан үстү жагы 1,5 метрден кем эмес жана тереңдиги 0,5 метрден кем эмес коо казуу же туурасы 5 метр тилкени дайыма чөп-чардан тазалап туруу зарыл. Көп жылдык тоң кыртышынын шарттарында мындай чараларды кабыл алуу долбоор менен аныкталат. Аскалуу жана шагылдуу кыртыштарда коонун жана тазаланган тилкенин зарылдыгы жок.
453. Ар бир ЖМ кампасында өрт чыккан учурда аны кайтарган адамдардын, кампа персоналынын аракеттери, өрткө каршы каршы каражаттарды кармоонун жана аларды пайдалануунун тартиби тууралуу нускама илинип турушу керек.
454. Меш менен жылытуу объектилери болсо, анда түтүн морлорунда учкунду кармап калчу торчолор орнотулууга тийиш.
455. Жардыргыч материалдарды ташуу жана жүктөө-түшүрүү операцияларында колдонулган жана ичинен күйүүчү кыймылдаткычтары менен жабдылган бардык механизмдер, ошондой эле өрт өчүргүч автомобилдер учкунду өчүрүүчүлөр менен жабдылууга тийиш.
456. ЖМ кампаларында түзүлүшү жана мазмуну ушул Эрежелердин 20-главасынын талаптары менен аныкталган чагылгандан коргогуч болушу керек.
457. ЖМ сактоочу жайларынын убактылуу кампалары жыгач, сокмо топурак, жер там болушу мүмкүн.
ЖМ сактоочу жайларынын кампалары үчүн пайдаланылбаган курулуштарды, сарайларды, жер тамдарды жана башка жайларды пайдаланууга уруксат берилет. Бул жайлар желдетилип жана аларга жаан-чачындан, кардан корголууга тийиш. Сактоочу жай үчүн ыңгайлаштырылган имараттардын мешке от жаккан жерлери бүтөлүүгө тийиш.
458. ЖМ убактылуу кампаларында:
1) полу тактай, бетон же сокмо топурак болушу мүмкүн;
2) тактай дубалдары жана чатырлары күндөн коргоочу суюктук менен майланышы керек;
3) тосмону шыргыйлардан, сокмо чырпыктардан жана башка ушуга окшогон материалдан жасоого уруксат берилет, тосмонун бийиктиги 2 метрден кем эмес болушу керек;
4) көлмө курулуштары милдеттүү эмес;
5) тамбурдук курулуштар милдеттүү эмес, эшиктер сыңар болушу мүмкүн;
6) сактоочу жайлардын ичин жумушчу жарыктандыруу рудник аккумулятор шам чырактары же кургак батареялар (корпусу металл болсо – резина каптамалуу) менен ишке ашырылышы мүмкүн;
7) ыңгайлаштырылган жайларда мурдагы эшик жана терезелери сакталышы мүмкүн.
459. Шаардын чегинде курулган ЖМ убактылуу кампалары пайдаланылбаган курулуштардын кургак желдетилген жер төлөлөрүндө, же атайы 2,5 метрге чейин тереңдетилген, үстү 2 метрден кем эмес көмүлгөн жайларда жайгашышы мүмкүн. Жардыргыч заттар, тутанткыч каражаттар, атуучу жана жардыруу аппараттары бири-биринен жана жардыргыч материалдарды даярдоочу жайдан калыңдыгы 25 смдан кем эмес кыш (бетон) дубал менен бөлүнгөн жайда сакталышы керек.
Ушул Эрежелердин 457-459-пункттарында жана ушул пунктта саналып өткөн талаптардан тышкары, ЖМ убактылуу кампаларына карата туруктууларга коюлган талаптар колдонулат.
460. Кыска мөөнөттүү мүнөздөгү өндүрүштүк иштерди аткаруу үчүн жардыргыч материалдарды: пайдаланылбаган курулуштарда, сарайларда, жер тамдарда; автомобилдерде, чиркегичтерде жана арабаларда; чатырларда, жардыруу иштерин жүргүзүүчү жердеги аянттарда сактоого жол берилет.
461. Кыска мөөнөттүү ЖМ кампаларында ушул Эрежелердин 457, 458-пункттарынын талаптары аткарылышы керек. Мындай учурда кампанын тосмосунун айланасында чагылгандан коргогуч түзүлүштөрү, сактоочу жайларды жарыктандыруу, телефон байланышы, коо (өрткө каршы тилке) жана ЖМ кампасынын айланасындагы тыюу салынган зонаны дарактардан тазалоо милдеттүү эмес.
ЖМ убактылуу кампаларынын тосмосун жакынкы сактоочу жайдын дубалынан 20 м жакын эмес аралыкта орнотууга уруксат берилет. Тосмонун бийиктиги 1,5 метрден кем болбошу керек. Тосмодон кароол жайына чейинки аралык 15 метрден кем болбошу керек. Убактылуу ЖМ кампаларынын айланасындагы тыюу салынган зонанын туурасы 20 метрден кем болбоосу зарыл.
ЖМ убактылуу кампаларынын тактай дубалдары сыртынан жана ичинен оттон сактоо максатында курамында акиташ-туз бар аралашма менен үч кат шыбалышы керек. Кампанын чатыры, шыбы жана чатырын бөлүүчү конструкция күйбөс материалдан же күндөн сактоочу курам менен майланышы зарыл.
462. Жардыргыч материалдарын киши жашабаган курулуштарда убактылуу сактоодо бир жайда жардыргыч заттардын саны 3 тонна жардыргыч заттардан жана 10 миң даана тийиштүү сандагы тутанткыч жана от алгыч шнурлардан (от алгыч шнурду күйгүзүүчү каражаттар) ашпашы керек, мында алардын сапатын сактоо камсыз кылынышы жана тийиштүү күзөт коюлушу керек.
Тутанткычтарды кийиз менен ичтелген, сырты металл менен капталган жыгач ящиктерге салуу керек. Жащик жардыргыч заттардан 2 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылып, кулпуланып бекитилүүгө тийиш.
463. Көчмө мүнөздөгү иштерде жардыргыч заттарды атайы жабдылган автомобилдерде, чиркегичтерде, арабаларда жана чаналарда (көчмө кампаларда) сактоого жол берилет.
464. ЖМнын көчмө кампасы автомобилге, чиркегичке, арабага, чаналарга орнотулуп, бекитилген бекем жабык араба болууга тийиш.
Жабык арабанын ырдыбанын жасоого колдонулган жыгач күндөн коргоочу май менен майланышы керек. Ички каптоолор үчүн учкун чыгарбаган жана ташылып келаткан жүк коркунучтуу кошулмаларды түзүүгө жөндөмсүз материалды пайдалануу керек.
Мындай ЖМ кампасы өзү жүрүүчү же өз жүрбөөчү болушу мүмкүн.
Ырдыбандын алдыңкы бөлүгүндө (оң жактагы төмөнкү бурчу) тутандыруу каражаттарын жайгаштыруу жащиги (бөлүк) болууга тийиш. Бул жащиктин (бөлүк) ичи жумшак материал менен (кийиз, резина, поролон) капталышы зарыл. Жащиктин (бөлүк) конструкциясы тутандыруу каражаттарынын күтүлбөгөн учурда жардыргыч заттардын от алышын жокко чыгарышы керек.
Жабык арабада ЖМ кампа башчысы (бөлүштүрүүчү) үчүн жумушчу орун жабдылууга тийиш.
Жардыргыч заттарды жүктөө (түшүрүү) жабык арабанын оң тарабында жайгашкан эшик аркылуу жүргүзүлүшү керек. Сигнал бергич транспорттук каражаттын кабинасына киргизилип, эшик ачылган учурда иштеген шартта, эшикти жабык арабанын арткы капталына жайгаштырууга жол берилет.
Жардыргыч заттар, тутандыруучу каражаттар, көзөөчү жана жардыруучу аппараттар, бөлүктүн эшиги оюлуп бекитилүүчү кулпулар жана кулпулардын илгичтери иштебей калган учурда алардын ачылап кетүүсүнө тоскоолдук кылган каражаттар жабдылууга тийиш.
Саябан араба абажуру ырдыбандын үстүнкү алдыңкы бөлүгүндө жайгаштырылган, электр зымы коргогуч кабык менен капталып, сыртта тартылган шам чырак менен жарыктандырылат. Ырдыбандын ичинде элект зымдарын тартууга жол берилбейт.
ЖМнын кампасынын ырдыбанында темир тору менен жабдылган терезе орнотулуш керек. Саябан арабанын алдыңкы капталынын терезесин транспорт каражатынын кабинасынын арткы терезесинин деңгээлинде жайгаштыруу зарыл.
ЖМ көчмө кампаларын жабдуу үчүн пайдаланылган автотранспорт коркунучтуу жүктөрдү ташуу тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
ЖМнын өзү жүрбөөчү кампасын жардыргыч материалдары бар учурда сүйрөөгө тыюу салынат.
465. Жардыргыч материалдарды аянтчада сактоо учурунда өзүнчө аянтчаларда же тутандыруучу каражаттар жардыргыч заттардын от алгычтарын өткөрүү боюнча активдүү дүрмөттөгүчтү тутандыра турган каражаттарды кабыл алуунун шарттарында коопсуз аралыктагы палаткаларда жайгаштырылууга тийиш.
466. Илимий жана билим берүү мекемелеринде жардыргыч материалдар сейфи бар жайларда же сейф-жайларында сакталууга тийиш. Мындай жайлардын дубалы жана чатыр бөлүгү күйбөй турган болушу керек. Чектеш бөлмөлөрдө кишилер келип иштөөчү туруктуу жумушчу орундары болбошу зарыл. Коңшу жайдан бул бөлмөлөрдү капиталдык калыңдыгы 25 см.дан кем эмес кыш же бетон менен бөлүү керек. Жайдын эшиги 45 мүнөттөн кем эмес убакытка отко туруштук берүүчү материалдан даярдалуусу керек.
Тутандыруучу каражатты сактоо үчүн сейф ичинен жумшак материал менен футеровкаланышы, ток өткөргүч жерге туташтырылып, жардыргыч заттарды сактоочу сейфтен 2 метрге жакын эмес жайгаштырылыш керек.
Жай өрт жана күзөт сигнализациясы менен жабдылууга тийиш.
467. Жер астындагы шарттарда жардыргыч материалдар атайы жабдууланган жер кыртышынын ички көңдөйлөрүндө – камераларда же уячаларда сакталууга тийиш. Аларды бир жайдагы жардыргыч заттардын жарылуусу башка жайдагы жардыргыч материалдардын от алышын чакырбагандай жайгаштыруу керек.
Жер астындагы ЖМ кампасы жардыргыч материалдарды сактоо үчүн камера же уяча жайгашкан көңдөйлөрдөн, ошондой эле алып баруучу көңдөйлөрдөн жана көмөкчү камералардан турат.
Көмөкчү камераларга:
электр от алдыргычтарды маркирлөө жана текшерүү;
жардыргыч материалдарды берүү;
жардыруу иштеринин механизация каражаттарын жайгаштыруу;
кассеталарды жана баштыктарды сактоо;
электр бөлүштүргүч түзүлүштөр жана өрткө каршы каражаттарды жайгаштыруу камералары кирет.
Саналган камералар ЖМ кампаларына алып баруучу көңдөйлөрдүн туюктарында жайгашышы мүмкүн.
Жардыргыч, контролдук жана өлчөө аспаптары жана түзүлүштөр, ошондой эле кассеталар жана баштыктар жер астындагы жана тереңдетилген ЖМнын кампаларында атайы текчелерде же шкафтарда сакталышы керек.
ЖМнын ар бир кампасында диспетчерге түз чыга турган телефон байланышы орнотулушу зарыл.
Жер астындагы ЖМ кампаларында жарылуу коркунучу жок аккумулятордук жүктөгүчтөрдү же жүктөөчү-түшүрүүчү иштер механизация каражаттарын пайдаланууга уруксат берилет.
Жардыргыч материалдарын сактоочу участкалык пункттар уюмдун буйругу менен бекитилген нускамаларга ылайык эксплуатацияланууга тийиш.
468. Көмүр шахталарындагы кыска жайлатылган жана жайлатылган жардыруу ыкмасы менен жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн жер астындагы ЖМ чыгымдоо кампасы жана бөлүштүрүүчү камерада жайлатуунун ар бир баскычына бир жащиктен кем эмес тийиштүү шарттарда колдонууга уруксат берилген электр тутанткыч болушу керек.
469. Жер алдындагы ЖМ кампаларынын жайгашуусу төмөнкү шарттарга жооп бериши керек:
1) ЖМ кампасынын кайсы эң жакын чекитинен болсун шахтанын стволуна жана стволго жакын кен көңдөйлөрүнө, ошондой эле бузулушу бардык шахтага же анын участкаларына таза абанын агымынын келишин үзгөн желдеткич эшигине чейинки аралык, ЖМ камера кампасы үчүн 100 метрден кем эмес, уяча тибиндеги кампа үчүн – 60 метр.
2) жакынкы уячадан же камерадан кен көңдөйүнө чейинки кишилердин дайыма өтүшү үчүн, камера тибиндеги ЖМ кампасы үчүн кызмат кылган аралык 25 м.ден кем эмес жана уяча тибиндеги кампа үчүн аралык – 20 метрден кем эмес;
3) ЖМ кампасынан үстүгө чейинки аралык камера тибиндеги ЖМ кампасы үчүн 30 м.ден кем эмес жана уяча тибиндеги кампа үчүн 15 метрден кем эмес болушу керек;
4) жардыргыч материалдарды сактоо үчүн камералар жана уячалар жайгашкан кен көңдөйлөрү (жайлар) башкы кен көңдөйлөрү менен үчтөн кем эмес түз жана кыйшык линиялар менен түз бурчтарды түзгөн жеткирүүчү кен көңдөйлөрү аркылуу байланышышы керек.
ЖМ кампасына жеткирүүчү кен көңдөйлөрү узундугу 2 метрден кем эмес жана кесилүү аянты 4 м2 кем эмес туюк менен аякташы керек;
5) ЖМ кампаларынын жүк түшүргүч колдонулган негизги кен көңдөйлөрүнүн туурасы – анын 90° бурулуу кыймылын камсыз кылууга тийиш жана жүктөөчү-түшүрүүчү механизмдин жүк менен бирге максималдуу көлөмүнөн чоңдугу чоңураак болушу, ошондой эле кыйшык сызыктуу участкаларда туурасынан ар тарабы 60 см ден кем эмес жана бийиктиги боюнча шамчырактардан 50 см бийик болуусу керек;
6) ар бир ЖМ кампасында адамдар үчүн чыга турган эки эшик болушу керек. Метрополитен жана тешкен тоону курууда, ошондой эле жер астындагы тоо-кен чалгындоо казуу иштерин жүргүзүүдө 1 тоннадан ашпаган жардыргыч заты бар ЖМ убактылуу кампасы чыга турган бир эшикти пайдаланууга жол берилет;
7) метрополитен, тешкен тоо курулмаларын курууда жана геологиялык мекемелер тоо-кен чалгындоо казууларын жүргүзгөн учурда жакынкы уячадан же камерадан жана адамдардын өтүүсү үчүн кызмат кылган кен көңдөйүнөн негизги азыктандыруучу магистраллдар (суу куюучу жана желдеткич түтүктөр, кабелдер) өткөн шахтанын стволуна, камерага жана кен көңдөйүнө чейинки аралык 15 метрден кем болбошу керек;
8) ЖМ кампасында темир жолу болгон учурда аны жалпы шахталык электрден изоляциялоону камсыз кылуу зарыл.
Камералар (уячалар) жайгашкан кен көңдөйлөрүн сактоочу жайлар жана заезддердин ортосундагы темир эшиктердин түзүлүшү сактоочу жайда жарылуу болгон учурда чектелүү аз сандагы жеткирүүчү кен көңдөйлөрүн башкы кен көңдөйлөрү менен туташтырууга жол берилет. Мындай эшиктердин конструкциясы жана орнотуучу жер долбоордо аныкталат.
ЖМ кампаларын башкы багыттагы, жантаймадагы, бремсбергдеги жана анын киши өткөн жерлериндеги кен көңдөйлөрүнүн ортосуна жайгаштырууга уруксат берилбейт.
470. ЖМ кампаларынын бардык кен көңдөйлөрү күйбөй турган тирөөчтөр менен бекемделип жана күйбөй турган сыр менен сырдалышы керек.
Туруктуу жер кыртыштарында жеткирүүчү кен көңдөйлөрүн бекитүү милдеттүү эмес.
471. Кампаны таза абанын агымы менен желдетүү зарыл. ЖМ кампасына берилүүчү аба бардык кен көңдөйлөрүндө, анын төрт саатта бир жолу алмашуусун камсыз кылуусу керек.
ЖМ кампасынан чыккан аба агымын таза аба агымы бар кен көңдөйүнө жиберүүгө тыюу салынат.
472. ЖМ жер алдындагы кампасы баштапкы жана автоматикалык өрт өчүргүч каражаттар менен камсыз болууга тийиш.
ЖМ кампасынын ар бир кире беришине 10 метр аралыкта өрт өчүргүч – суу түтүгүндө өрт өчүргүч кран орнотулат. Анын жанында өрт өчүргүч жең жана өрт өчүргүч түтүк жайгаштырылат.
ЖМ кампасынын камераларына жана уячаларына жеткирүүчү кен көңдөйлөрүнүн башталышында өрткө каршы эшиктер орнотулууга тийиш.
473. Газ же чаң коркунучу бар жеткирүүчү кен көңдөйлөрүндө жана шахтанын (рудник) ЖМ кампаларында жарылуудан корголгон аткаруудагы электр жабдуулары, ал эми башка шахталарда (рудниктерде) кадыресе рудник электр жабдуулары колдонулууга тийиш. ЖМ кампаларын жана жеткирүүчү кен көңдөйлөрүн жарыктандыруу үчүн коргошун же поливинилхлорид кабыкчасы менен брондолгон кабель же күйбөй турган кабыкчасы бар ийкемдүү резина кабелдин жардамы менен аткарууга жол берилет.
Жарыктандыруу оронотмолору үчүн 220 В дан ашпаган кубаттулук колдонулууга тийиш. Жарыктандыруу тармагын токтун коромжуланышан коргоо зарыл.
Жеткирүүчү кен көңдөйлөрү, көмөкчү камералар кен көңдөйлөрүнүн төбөсүнө илинген шам чырактар, ал эми жардыргыч материалдарды сактоочу камералар (уячалар) эшиктин үстүндө жайгашкан фрамугу аркылуу жеткирүүчү кен көңдөйүнөн кыйгач түшкөн жарык менен жарыктандырылууга тийиш.
474. Жер алдындагы ЖМ кампаларын автоматикалык кайтаруучу сигнализация менен жабдууда уюмдун (шахта, рудник) нөөмөтчүсүнүн (диспетчеринин) пультка чыгуусу камсыздалышы керек.
475. Көмүр шахталарында жардыруу чаңы боюнча коркунучтуу катмары иштетилип жатканда ЖМ кампаларына жана бөлүштүрүүчү камераларга жеткирүүчү кен көңдөйлөрүндө эки тарабынан тең сланц же суу далдаалары орнотулушу керек, ал эми кен көңдөйлөрүнүн өзүн мезгил-мезгили менен сланцтап же чаң басуудан тазалоо зарыл.
476. ЖМ кампаларында кире берген эшикте жана жардыргыч материалдарды берген камераларда телефондор орнотулууга тийиш.
477. Жер алдындагы бөлүштүрүүчү камераларды күзөтүү жана кармоо, жардыргыч материалдарды сактоо тартиби жер алдындагы ЖМ кампаларындагыдай тартипте болууга тийиш. Мындай учурда жардыргыч заттар жана тутандыруучу каражаттар бири-биринен кыш, бетон жана ушуга окшогон калыңдыгы 25 см. дан кем эмес дубал менен тосулган бөлүктөрдө сакталышы керек. Бөлүштүрүүчү камерада жардыруучуларга жардыргыч материалдарын берүү үчүн орун жабдылышы керек.
478. Бөлүштүрүүчү камералар кишилерди жүргүнчү вагондорго отургузуучу жана тоо массасын жүктөөчү-түшүрүүчү орунга 200 метрге көп жакындабай жайгаштырылышы керек.
Кен көңдөйлөрүнүн мейкиндигин кеңейтүүдө жардыргыч заттардын 1000 кг.га чейинки сыйымдуулуктагы бөлүштүрүүчү камералары жабдылышы, жалпы шахталык депрессиянын эсебинен аба агымы менен желдетилиши мүмкүн жана туташ бийик кыш, бетон же ушуга окшогон калыңдыгы 25 см дан кем эмес дубал менен тосулушу керек
Жардыргыч заттардын 1000 кг га ашуун сыйымдуулуктагы бөлүштүрүүчү камералары кишилердин туруктуу өтүшү үчүн кызмат кылган кен көңдөйлөрүнөн 25 метрден кем эмес аралыкта ЖМ кампаларындай эле атайы бөлүнгөн желдетилүүчү кен көңдөйлөрүндө жайгашышы керек.
479. Бөлүштүрүүчү камералар күйбөй турган тирөөчтөр менен бекитилиши жана стационардык жарыкка ээ болушу керек. Жеткирүүчү кен көңдөйлөрү 5 метрден кем эмес узактыкта күйгүс тирөөчтөр менен бекитилиш керек.
Бөлүштүрүүчү камерага жеткирүүчү кен көңдөйлөрүндө жардыргыч материалдарды берүү жана кабыл алуу үчүн бүтүндөй (өрткө каршы) жана тордуу терезеси бар металл эшик болууга тийиш. Эшиктин ишенимдүү кулпусу болууга тийиш.
Бөлүштүрүүчү камераларга жардыргыч заттарды жайгаштыруу үчүн стеллаждарды коюу зарыл, ал эми жардыруучу машина, зым, текшерүүчү-ченөөчү аспаптар, полиэтилен каптарын, гидрозабойка үчүн ампуланы сактоо үчүн – жащиктерди орнотуу керек. Заводдук таңгактагы жардыргыч заттар штабелдерде сакталышы мүмкүн.
Бөлүштүрүүчү камерада аба агымы кирген тараптан телефон орнотулууга жана өрткө каршы коргоо каражаттарын сактоо пункту жабдылууга тийиш.
480. Жардыргыч материалдарды сактоонун участкалык пункту атайы темир шкафтар (жащиктер) же кулпу менен бекилген жардыргыч заттары бар контейнерлер коюлган торчо дубал (тосмо) менен тосулган кен көңдөйүн же кен көңдөйдүн бөлүгү болушу керек. Пункттун эшиги ички кулпу менен бекитилүүгө тийиш.
481. Участкалык пункттарда жардыргыч материалдар үчүн шкаф (контейнер) ордуна металл сейфтер же 2 мм ден кем эмес металлдан жасалган жащиктер, ошондой эле темир капкактар менен жабдылган шахта вагонеткалары пайдаланылышы керек. Көрсөтүлгөн жардыргыч материалдары бар идишти тосмолор менен тосуп, түздөн-түз кен көңдөйлөрүндө же текчелерде жайгаштыруу керек.
482. Участкалык пункттарда жардыргыч материалдарды бирге сактоодо шкаф (ящик) үчтөн кем эмес бөлүккө бөлүнүүгө тийиш: жардыргыч заттарды жана тутанткыч шнурду жайгаштыруу үчүн, жардыруу жана контролдоо-ченөө аспаптарын, зымдарды жана тутандыруучу каражаттар бар кассеталарды (баштык) сактоо үчүн. Бөлүктүн бардык капталдары тутандыруу каражаттарын сактоо үчүн жумшак материал менен ичтелүүгө тийиш.
483. Участкалык пункттарда орнотулган жардыргыч материалдарды сактоо үчүн металл шкафтар токту жерге байланыштыруу менен камсыздалышы керек. Мында өтмө каршылык 2 Омдон ашпоого тийиш. Жогорку салыштырма каршылыгы бар кыртышта өтмө каршылыктын мааниси жергиликтүү инструкция менен аныкталат.
484. Жардыргыч заттардын сменалык запасын сактоо үчүн багытталган өзүнчө металл ящиктер жана контейнерлер (сейфтер) жардыруу иштери жүргөн орундан ушул Эрежелердин 482, 483-пункттарынын талаптарына жооп берип, ички кулптары болушу керек.
485. ЖМ кампаларына, бөлүштүрүүчү камераларга же жардыргыч материалдарды сактоочу участкалык пункттарына 30 метрге жакын жерде жардыргыч материалдары (тутандыруучу каражаттар) бар жардыруу иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
486. Кен көңдөйлөрүнүн ЖМ тереңдетилген кампаларына кеткен оозу сыртка ачылган экилтик эшик менен жабдылышы керек. Сырткы эшик туташ металл менен же темир капталган жыгач эшик, ал эми ичкиси тор эшик болушу керек.
487. Эгер тереңдетилген ЖМ кампанын кире беришинен жакынкы жардыргыч материалдарды сактоочу жайга чейинки аралык 15 метрден ашуун болсо, ЖМ кампасынын эки эшиги болууга тийиш. ЖМ кампасы ЖМнын жер алдындагы кампаларынын талаптарына ылайык желдетилүүгө тийиш.
488. Тереңдетилген ЖМ кампасына кетүүчү кен көңдөйүнүн чыга беришинин алдында кен көңдөйүнүн бийиктигинен 1,5 метр бийик болгон коргоочу кырдалган жалды түзүү керек. Коргоочу жалдын узуну кыры менен кошуп эсептегенде кен көңдөйүнүн үч эселенген кеңдигинен ашпоого тийиш, ал эми кеңдиги болсо кыры боюнча 1 метрден кем болбошу керек. Жалдын таманы боюнча өлчөмү жер кыртышынын табигый жантаюу бурчу менен аныкталат.
489. Жардыргыч материалдарын сактоо үчүн арналган камералар жана аларга жеткирүүчү кен көңдөйлөрү күйбөй турган же отко чыдамдуу суюктук менен иштетилген түркүк менен бекитилиши керек.
490. ЖМ тереңдетилген кампаларынын электр жабдуулары ушул Эрежелердин 473-пунктунун талаптарына ылайыктуу болушу керек. Тереңдетилген ЖМ кампасында жарыкты күйгүзүү жана өчүрүү жер үстүнөн жүргүзүлүшү керек.
491. Электр кубаттуулугунун стационардык булагы жок болгон учурда уюмдун жетекчисинин (техникалык жетекчинин) же ал дайындаган адамдын уруксаты менен ЖМ тереңдетилген кампаларды жарыктандыруу үчүн жекече рудниктин аккумулятор шамчырактарын колдонууга жол берилет.
492. ЖМ тереңдетилген кампаларынын сактоо жайлары 10 метрден ашуун катмар менен жабылса чагылганда коргогуч менен жабдылбайт
493. ЖМ кампасында темир жол жана өткөрмө түтүктөр болгон учурда алар жер үстүндөгү темир жол жана түтүктөрдөн өзүнчө бөлүнүшү керек.
494. ЖМ тереңдетилген кампаларынын аймактары - чыга бериштери тосмонун ичинде кала тургандай тосулушу керек.
495. Эгер, ЖМ кампасынын оозунда жайгашкан пост каралбаса, анда күзөт посту кампанын оозунда да, желдеткич кен көңдөйлөрүнүн оозунда жана кошумча чыга бериштерде да жайгашышы керек.
496. Тереңдетилген ЖМ кампаларынын түзүлүштөрүнө карата башка талаптар үстүдөгү туруктуу кампаларга коюлган талаптарга дал келиши керек.
18-глава. Жардыргыч материалдарды эсепке алуу тартиби
497. Сактоочу жерге жеткирилген жардыргыч материалдар сактоочу жайларга, аянтчаларга жайгаштырылып, катталышы зарыл.
498. Уюм ЖМ кампаларындагы жардыргыч материалдардын келишин жана чыгымдалышын Жардыргыч материалдардын кириш-чыгыш эсеби китебинде жана Жардыргыч материалдардын берилишин жана кайтарылышын эсепке алуу китебинде эсепке алып турушу керек (ушул Эрежелердин 17-тиркемеси).
499. Жардыргыч заттары бар буюмдардын жеке заводдук номерлери, ошондой эле дем берүүчү каражаттардын жеке маркирлөө индекстери жардыргычтарга берилгенде Жардыргыч материалдардын берилишин жана кайтарылышын эсепке алуу китебинде катталышы керек.
500. Жардыргыч материалдардын келишин жана чыгымдалышын эсепке алуу китеби ыйгарымдуу орган тарабынан номурланып, көктөлүп, мөөр же пломба басылып бекитилиши керек.
Китепти ЖМ базистик жана таратуучу кампаларынын башчылары жана таратуучулары жүргүзүшү керек.
Ар түр аталыштагы жардыруучу материалдар өзүнчө эсептелиши керек.
Жардыруучу материалдардын калганы аталышы боюнча эсептелип, китепке ошол күндүн аягына киргизилиши керек. Китепке күн ичинде көлөмү өзгөргөн гана жардыруучу материалдардын эсеби жазылышы керек.
501. Жардыргыч материалдардын берилишин жана кайтарылышын эсепке алуу китеби аткаруу бийлигинин өнөр жай коопсуздугу тармагындагы аймактык органы тарабынан номурланып, көктөлүп, мөөр же пломба менен бекитилиши керек. Жардыргыч материалдардын берилишин жана кайтарылышын эсепке алуу китеби жардыруучуларга жардыргыч материалдары берилген жана алардан жардыргыч материалдардын калганы алынган таратуучу камераларда жана ЖМ кампаларында толтурулушу керек. Ал кампа башчысы жана таратуучулар тарабынан да жүргүзүлүүгө тийиш.
Ар бир күндүн аягында жардыргыч материалдардын (аталыштары боюнча) канчасы жана кайсынысы чыгымдалганы эсептелип, алардын чыгымдалышы жазылышы керек (берилген жардыргыч материалдар менен кайтарылгандардын айырмасы чыгарылат). Жардыргыч материалдардын китепте чыгарылган бир күндүк чыгымынын көлөмү жардыргыч материалдардын келишин жана чыгымдалышын эсепке алуу китебинде күн сайын жазылышы керек.
Тапшырма-коштомо кагаз (ушул Эрежелердин 17-тиркемеси) жардыргыч материалдардын бир сактоо жайынан экинчи сактоо жайына берилгенде толтурулуп, кампага жардыргыч материалдарды алууга ишенич кагазы менен биргеликте көрсөтүлүшү үчүн бухгалтерия тарабынан алуучуга берилиши керек.
Кампа башчысы (таратуучу) жардыргыч материалдарды жөнөтүп, милдет-коштомо кагазынын бир даанасын кампада сактап, экинчисин алуучуга коштоочу документ катары берип, эки даанасын алуучунун ишенич кагазы менен бухгалтерияга тапшырышы керек. Бир даанасы жардыргыч материалдарды ЖМ кампасынын эсебинен чыгаруу үчүн бухгалтердик эсептөө учуруна калтырылып, башкасы эсептөө учурунда же авизо алуучуга жиберилет.
Бир эле уюмга таандык бир ЖМ кампасынан башкасына жардыргыч материалдарды берүүдө милдет-коштомо кагазы үч даанада жазылышы керек. Кампа башчысы жардыргыч материалдарды жөнөтүп, эки даанасын кампага калтырып, бир даанасын коштоочу документ катары алуучуга берүүгө милдеттүү.
Жардыргыч материалдарды кампадан кампага жеткирүүдө ЖМ алган жеткирүүчү жана жардыргыч материалды берген кампа башчысы (таратуучу) ЖМ алынгандыгы жана берилгендиги тууралуу тапшырма-коштомо кагазына кол коюуга милдеттүү.
Жардыргыч материалдарды кампадан участкалык сактоо пункттарына жана массалык жардыруу болуучу жерге ташуу үчүн жеткирүүчүлөргө берүү тапшырма-коштомо кагазы аркылуу да жүргүзүлүшү керек. Мындай учурларда эки нускадагы тапшырма-коштомо кагазына жардыруу иштеринин жетекчиси же жардыруу иштер цехинин (кызматынын) начальниги тарабынан эки нускада кол коюлат. Кампанын башчысы (бөлүштүрүүчү) талап кылынган жардыргыч материалдарын берип, тапшырма-коштомо кагаздын бир нускасын кампада сактап, бирин жеткирүүчүгө коштоочу документ катары берүүгө милдеттүү.
Жардыргыч материалдардын участкалык сактоочу пункттарга карай кыймылы жардыргыч материалдардын кириш жана чыгыш эсеби китебинде көрсөтүлүүгө тийиш (ушул Эрежелердин 17-тиркемеси).
502. Жардыруу иштерин жүргүзүүгө тапшырма-жолдомо (ушул Эрежелердин 17-тиркемеси) жардыруучуларга жардыргыч материалдарды берүү үчүн кызмат кылат.
Тапшырма-коштомо кагазына жардыруу иштеринин жетекчиси кол коёт.
Газ же чаң коркунучу бар шахталарда жана рудниктерде тапшырма-коштомо кагазына мындан тышкары жардыруу иштери жана желдеткич кызматтарынын жетекчилери (анын ордун баскан адамдар тарабынан) кол коюлуп, шахтанын жетекчиси (шахта боюнча тапшырма берген адам) тарабынан бекитилиши керек.
Жардыруу иштери аяктагандан кийин, тапшырма-жолдомо жазылган жардыруучу жана сменадагы жардыруу иштеринин жетекчиси жардыргыч материалдардын арналышы боюнча иш жүзүндө чыгымдалгандыгын кол коюп ырастоолору керек.
ЖМ калдыгы, ошондой эле тапшырма-жолдомо жардыруу иштери аяктаган соң, жардыруучулар тарабынан ЖМ кампаларына (бөлүштүрүүчү камераларга, участкалык сактоочу пункттарга) өз колдору менен тапшырылышы керек.
Жардыруучу материалдар, мурда алган ЖМ колдонулгандан кийин эсеп бербеген жардыруучуларга берилбөөгө тийиш.
Тапшырма-жолдомо кампада Жардыруучу материалдарды берүү жана кайтарып алуу эсеби китебинде жазуунун, а иштин бүтүшү менен толтурулганы аларды Жардыргыч материалдардын кириш жана чыгыш эсеби китебинде чыгыштоо үчүн негизи болуп эсептелет.
503. Кириш-чыгыш документтеринде карандаш менен жазууга, жазууларды оңдоого жана өчүрүүгө жол берилбейт, бардык оңдоолор жаңы сандарды коюу менен аткарылышы керек. Ар бир оңдоо, аны оңдогон адам тарабынан түшүндүрүлүп, кол коюлууга тийиш.
Ушул Эрежелердин 498 – 502-пункттарында саналып өткөн кириш-чыгыш документтери уюмда үч жылдан кем эмес сакталышы керек.
504. ЖМ кампасында тапшырма-жолдомо жана жардыргыч материалдарды берүү тапшырма-коштомо кагазына кол коюу укугу бар адамдардын кол тамгасынын, ошондой эле ЖМ анык чыгымын бекемдегенге укугу бар адамдын кол тамгасынын үлгүлөрү болууга тийиш. Кол тамганын үлгүлөрү ишкананын жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек. Көрсөтүлгөн документтерге башка адамдар тарабынан кол коюлса жардыргыч материалдарды берүүгө тыюу салынат.
505. Бөлүштүрүү камераларындагы жардыргыч материалдардын эсебинин тартиби ЖМ кампаларында көрсөтүлгөндөй болууга тийиш.
506. ЖМ базистик кампасында жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн жардыргыч материалдарын жардыруучуларга берүү боюнча операцияларды аткарууга жана уюмдун буйругунда көрсөтүлгөн тартипте алардан жардыргыч материалдардын калдыгын кабыл алууга жол берилет.
507. Темир жол станциясына, кеме токтоочу жайга, башка транспорттук пунктуна келген жардыргыч материалдарын алуу үчүн уюмдун техникалык жетекчиси кабыл алууга, жооптуу кызматкерди ишеним кат жана күзөтү менен жиберүүгө милдеттүү.
508. Уюм ЖМ кампасынын башчысы берген кириш-чыгыш документтеринин негизинде жардыргыч материалдардын киришинин жана чыгышынын эсебин жүргүзүүгө тийиш.
Кампалардагы жардыргыч материалдардын эсебинин, сакталышынын жана бар экендигинин тууралыгы уюмдун буйрук менен дайындалган адамдар тарабынан ай сайын текшерилүүгө тийиш. Ачылбаган ящик, кап, пакет, куту жана контейнерлерди пломбасы жана таңгагы бүтүн жана оң болсо ачпоого жол берилет.
509. Ачылган ящиктердеги электр тутанткычтар, капсюль-тутанткычтар, пиротехникалык, жана башка тутантуучу каражаттардын саны сактоочу жайдын тамбурунда, өзүнчө камерада же сактоочу жайдан тышкары текшерилүүгө тийиш.
510. Текшерүү учурунда жардыргыч материалдардын жетишпестиги же ашыкчасы табылса, ал жөнүндө токтоосуз түрдө уюмдун жетекчисине, ыйгарым укуктуу органга жана ички иштер органына кабарланууга тийиш.
19-глава. Жардыргыч заттарды колдонууга өндүрүш пункттарын пайдалануу жана механизациялаштырылган даярдыктагы коопсуздук талаптары
511. Жардыргыч заттарды өндүрүү пункттарында төмөнкүдөй курамдагы жардыргыч заттарды өндүрүүгө уруксат берилет:
гранулданган аммиак селитрасынын суюк жана катуу мунай, порошок түрүндөгү же башка жардыргыч эмес күйүүчү майлардын муздак аралашмасына;
гранулданган аммиак селитрасынын майдаланган же кабырчык тротилдин муздак аралашмасына;
гранулданган аммиак селитрасынын майдаланган (кабырчык) тротил, суюк жана катуу мунай , майдаланган түрдөгү же башка жардыргыч эмес күйүүчү майлардын муздак аралашмасына;
аммиак селитрасынын эритмесинин негизиндеги курамында суу бар аралашма-суспензия же эмульсия же анын кальций же натрий селитралары кошулган же майдаланган түрдөгү же башка жардыргыч эмес суюк күйүүчү майлардын эритмелери.
512. Жардыргыч заттарды өндүрүүчү жана (же) даярдоочу жер үстүндөгү пункттар өз алдынча аянттарда жайгашуусу керек.
513. Жардыргыч заттарды өндүрүүчү жана даярдоочу жер астындагы пункттар ушул максаттарга атайын жасалган же ылайыкташтырылган, газ жана чаң боюнча коопсуз кен казуу орундары менен шахталарынын кен өздөштүрүлгөн жерлеринде жайгашуусу керек.
514. Жардыргыч заттарды өндүрүүнүн жана даярдоонун жер үстүндөгү пункттарын ЖМнын кампасынын аймагында же ЖМнын кампасынын тыюу салынган зонасында жүк түшүрүүчү рампалардан, жардыргыч заттарды сактоочу жайлардан жана жарылгыч заттарды өндүрүү пункттарында жана даярдоо пункттарында активдүү дүрмөттөө үчүн кабыл алуу шарттарында тутанткычты тапшыруу эсепке алынган күчөтүү каражаттарынан коопсуз аралыкта жайгаштырууга болот. Жардыргыч заттарды өндүрүүнүн жана даярдоонун жер үстүндөгү пункттарынын аймагынын өз алдынча тосмосу болушу зарыл.
Жардыргыч заттарды өндүрүүнүн жана даярдоонун пункттарын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн аймактын өз алдынча кирүү жана чыгуу жолдору болушу зарыл.
Өндүрүштүк аймактын, имараттардын, жумуш орундарынын жана жабдуулардын жарык жакшы түшкөн жерлеринде аткарылып жаткан иштерди сыпаттаган жана мүмкүн болуучу кооптуулукка кызматкерлердин көңүлүн бурууга багытталган, ошондой эле анын алдын алуу аракеттерин көрсөткөн коопсуздуктун белгилери жана шарттуу символдору, эскертүүчү плакаттар, жүргүнчүлөр менен транспорттун аймактагы кыймылдарынын схемасы илинүүсү керек.
515. Жардыргыч заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттарын бир аянтка жайгаштырууга жол берилет. Мында аталган пункттардын имараттары менен жайларынын коопсуз аралыгы ушул главанын талаптарына ылайык кабыл алынат.
516. Жардыргыч заттар өндүрүлө турган же даярдалуучу имараттардын ортосундагы ички коопсуз аралык, ошондой эле ушул имараттар менен жардыргыч заттарды сактоочу жайлардын аралыгы тутанткычтарды бербөө шарттарына карата эсептелет.
517. Тоо кен иштери жүргүзүлгөн жерлерде жардыргыч заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттарын жайгаштыруу жер кыртышынын урап түшүүсүн (устундардын кыйроосу) жокко чыгаруучу чаралар камсыз кылынганда, жол берилет.
518. Жардыргыч заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттарын тоо кен иштери жүргүзүлуп жаткан, ошондой эле тоого жакын жана кар көчкүлөрү, сел коркунучу бар тоонун эңкейишиндеги жерлерде жайгаштырууга болбойт.
519. Жардыргыч заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттарын чым көңдүү жерге жайгаштыруу зарыл болгон учурда, көң өрттөнгөн жагдайда өрттүн жайылуусуун алдын алуу үчүн пункттун тосмосу көң катмары бар жерден 200 метрден кем эмес аралыкта болуусу керек жана өрткө каршы мамлекеттик кызмат органдары менен макулдашылган өрткө каршы чаралар каралышы зарыл.
520. Жардыргыч заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттарынын аймагы тышкы периметри боюнча тосмолонуусу жана кайтарылышы керек.
Тосмонун жана күзөттүн талаптары долбоордо аныкталат.
521. Жардыргыч заттарды өндүрүүчү пунктту долбоорлоодо, курууда жана (же) даярдоодо жардыруунун эсептелип белгиленген таасири жете турган жерге чейинки коопсуз аралыктын өлчөмү эске алынуусу зарыл.
522. Жардыргыч заттар, ошондой эле эмульсия даярдалуучу же иштелүүчү имараттын тышындагы коопсуз аралык, ЖМнын кампалары үчүн да, аба Жардыргыч заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттарынын толкунунун таасири боюнча эсептөөлөр менен аныкталуусу керек. Мында жарылгыч заттардын массасы, ошондой эле эмульсиялар тротилдик эквиваленттин эске алуу менен кабыл алынат.
523. Жардыргыч заттарды өндүрүү жана (же) даярдоо пункттарын куруу үчүн аянтча жердин рельефи менен гидрогеологиялык сыпатын жана келечекте аны кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен тандалат. Мында өндүрүштүк негизги жана кошумча имараттарды жана курулуштарды жайгаштыруунун схемасы жардыргыч заттарды даярдоонун жана өндүрүүнүн натыйжалуу жана коопсуз технологиялык процесстерин, ошондой эле ыңгайлуу кирип-чыгууну камсыз кылышы зарыл.
524. Жардыргыч заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттарын ЖМнын жер асты кампаларынын аймагында жайгаштырууга болот, мында аларды пункттун бардык камераларын жана бөлүмдөрүн төрт эселик аба алмаштырууну камсыз кылуу аркылуу таза абанын агымы менен желдетүү зарыл. Пункттан чыгып жаткан агымды таза аба агымы менен аралаш иштетүүлөргө багыттоого тыюу салынат.
Жардыргыч заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттары сууланбаган туруктуу кыртыштарда:
жүргүнчүлөр вагондоруна кишилерди отургузуу ордунан жана тоо кен массаларын жүктөөчү-түшүрүүчү жерден 50 метр жакын эмес;
шахтанын стволунан, стволдун тегерегиндеги иштетүүлөрдөн жана шахтанын бардык жерине же негизги участокторуна таза абанын кирүүсүн жөнгө салуучу желдетүүчү эшиктен 100 метр жакын эмес;
үстүңкү жактан 30 метр жакын эмес;
адамдар дайыма өтүүчү жердеги иштетүүлөрдөн 25 метр жакын эмес аралыкка жайгашуусу зарыл.
525. Жардыргыч заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттарында адамдардын чыгуусу үчүн башкы жана запастагы жер болуусу керек, мында башкы чыгуучу жер негизги кире турган жер, запастагысы кошумча кире турган жер иретинде жабдылуусу мүмкүн. Кире турган жердин бирин мунай продукцияларын жеткизүү үчүн жана аларды адамдардын эркин өтүүсү камсыздалган жагдайда идиштерде сактоого уруксат кылынат.
526. Имараттардын жана жумуш жайларынын көрүнүктүү жерлеринде от өчүргүчтүн турган жерин, от өчүргүч системаларын өчүрүү кнопкаларынын жайгашуусу жана өрт жөнүндө кабар бергичтин, ошондой эле өндүрүштүн коркунучтуу категорияларын көрсөткөн белгилер илинип турушу зарыл.
527. Жардыргыч заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттарынын аймагында оттуу ачык пайдаланууга тыюу салынат.
528. Коркунучтуу зонанын чегинде өндүрүштүк жана кошумча имараттар, ушул өндүрүшкө тиешелүү курулуштар жана коммуникациялар гана жайгаштырылат.
529. Райондун энергия булактары (ЖЭБ, бууказандар, электр подстанцияларынын кубатын башкы төмөндөтүүчү жана ага тиешелүү электр линиялары), суу жыйноочу жана суу тазалоочу курулуштар, жардыргыч заттарды өндүрүүнү жана даярдоону тейлеген пункттар аба толкунунун таасири (мындан ары АТТ) аларга жетпей турган аралыкта жайгашуусу зарыл.
Аталган уюмга байланышы жок жер астындагы магистралдык газ түтүктөрүнөн жана мунай түтүктөрүнөн жардыргыч заттарды өндүрүүчү же даярдай турган имараттарга жана курулуштарга чейинки аралык колдонуудагы ченемдер боюнча аныкталат, бирок АТТ таасиринен коопсуз аралыктан кем болбоосу керек.
530. Коопсуз аралыкты эсептөө үчүн жардыргыч заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттарындагы жардыргыч (жарылуу коркунучундагы) заттардын жана авариялык абал учурунда бир мезгилде жарылып кетиши мүмкүндүгүнүн максималдуу өлчөмү алынат.
Аммиак, натрий, кальций селитралары жана натрий нитритинин таза түрү жана эритмеси эсептөөгө кирбейт.
Эмульсияларды өндүрүүдө эмулгациялоо аппараты менен аралаштыруучу-дүрмөттөөчү машинанын ортосунда жардыруу процессин өткөрүүчү механизмдин иштөөсүнүн алдын алуу чаралары көрүлгөн жагдайда, жабдуунун эмульгациялоо аппаратынын жарылуусу мүмкүн учурда эмульсия бар аралаштыруучу-дүрмөттөөчү машинанын бактарын жарылган сыныктардын түз тийүүсүнөн коргоо үчүн жабдуу коюлганда аралаштыруучу-дүрмөттөөчү машинадагы эмульсиянын массасы коопсуз аралыкты эсептөөгө кирбейт.
Эмульсияларды өндүрүүчү пункттун аймагында аны бири-бирине тутанткычтарды берүүдөн коопсуз аралыктагы көчмө идиштерде (аралаштыруучу-дүрмөттөөчү машиналарда) убактылуу сактоого жол берилет.
531. Өндүрүүчү имараттардан көмөкчү имараттар менен курулуштарга чейинки аралык адамдар дайыма болбогон учурда, ошондой эле көмөкчү имараттар менен курулуштардын ортосундагы аралык курулуш ченемдерине жана ушул Эрежелерге ылайык аныкталат.
532. Аммиак селитрасын сактоочу жай менен гранилденген селитраны даярдоочу ( ыргоо, майдалоо, селитра эритмесин даярдоо) жай бир имаратта болушу мүмкүн (араларын тосмолоо аркылуу). Сактагыч жай даярдоо имаратынан дубал аркылуу бөлүнүүсү керек.
533. Жардыргыч заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттары жалпы телефон байланышы менен, кароолдордун посттору, өрт сигналдары менен өз алдынча телефон байланышы менен камсыз болууга тийиш!
Жардыргыч заттарды өндүрүүнүн жер астындагы стационардык пункттары шахтанын (кендин) диспетчери менен телефондук байланышы болуусу зарыл.
534. Жарылуу-өрттөнүүсү коркунучтуу тозоңдору, буулары же газдары чыгаруусу мүмкүн бардык жайлардагы байланыш аппараттары, анын ичинде өндүрүштүк байланыштын электродинамикалык катуу сүйлөгүчтөрү ушул Эрежелерге ылайык болушу керек.
535. Зым аркылуу иштеген катуу сүйлөгүчтөрдү коопсуз имараттарда гана орноштурууга болот.
536. Жарылуу-өрт коркунучу бар өндүрүштүн өндүрүштүк жайлары өрт коопсуздугунун ченемдерине ылайык өрт сигнализациясы менен жабдылуусу керек. Жардыргыч заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттарынын аймагында электрдик өрт сигнализациясы же телефон болуусу керек.
537. Имараттар менен жайларды, тыштагы жабдууларды чагылгандын түз соккусунан жана анын экинчи көрүнүштөрүнөн коргоо ушул Эрежелердин талаптарын эске алып жүргүзүлөт.
Чагылгандан коргоо жабдылган имараттарга кошулган байланыштын жана сигнализациянын бардык түрлөрүнүн аба линиялары аркылуу (зымдар, илинген кабелдер) иштөөсүнө уруксат берилбейт
538. Тармактардын магистралдык участоктору телефон канализацияларында, бөлүштүрүүчү тармак брондолгон кабелдер менен өткөрүлүүгө тийиш.
539. Жардыргыч заттар даярдалуучу же иштелүүчү имараттын өндүрүштүк жайларында жарылуу же өрт коркунучу пайда болгондо адамдарды эвакуациялоо мүмкүндүгүн камсыздоочу экиден кем эмес чыгуучу эшик болушу зарыл.
540. Күйүүчү майлардын жана өрттөнүү-жарылуу коркунучу бар заттардын тозоңу пайда болушу мүмкүн имараттарда контролго алынбай турган конструкцияларды колдонууга жол берилбейт.
541. Полдор жыртык-тешиктүү болбой, тундургучтагы агым ноолору болуусу керек. Кычкылдандыруу негизинде кычкылданткычты жана жардыргыч заттарды даярдай турган жана сактоочу жайлардагы полдор жана курулуш конструкциялары кислотага туруштук берүүчү кошумча майланууга тийиш.
542. Жардыргыч заттар, полуфабрикаттар же жардыргыч заттардын компоненттери болушу мүмкүн ар бир имаратта, жайда, жумуш ордунда ушул имаратка, жайга, жумуш ордуна тиешелүү бекитилген ченемдүү табличка иретинде илинип турушу керек, ал эми мүмкүн болгон жерлерде милдеттердин ченемдери имараттагы жумуш ордунун дубалдарында майлуу боёк менен кайталанып жазылышы керек.
Өрттөнүү-жарылуу коркунучу бар заттар жайгашкан жерлер полго контрастуу боектор менен түшүрүлгөн линиялар менен белгилениши зарыл.
543. Сыноо жана (же) жарабай калган, ошондой эле ченемдик-техникалык документтештирүүлөрдүн талаптарына жооп бербеген ар түрдүү өрттөнүү-жарылуу коркунучу бар калдыктарды, уютмаларды, өндүрүштүн брактарын жана жардыргыч заттарды өрттөө же жардыруу аркылуу жок кылуу үчүн аянтчалар жардыргыч заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттары үчүн, ошондой эле райондун калктуу конуштарынын пункттары, транспорттук жолдор жана инженердик курулуштар үчүн коопсуздук камсыздалгандай эсептөөлөр менен тандалуусу зарыл. Объектилер менен жардыруучу жана өрттөчү орундардын аралыгы долбоор аркылуу аныкталат.
Жарылуу коркунучу бар продукцияларды аянтчага жеткирүү үчүн баруучу жолдор жана ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр каралуусу керек.
Аянтчалардын жана 10 метр аралыктагы айлана-тегеректеги жердин аймагы өсүмдүктөрдөн жана башка тез күйүүчү заттардан тазаланышы керек.
544. Аянтчанын аймагы тосмолонуусу керек. Пункттун тосмосунун тышкы жагындагы аянтчада кеңдиги 25 метр, узундугунун ар бир 100 метрдеги эскертүүлөр жазылган тышкы эскертүүчү зонасы болууга тийиш.
545. Чым көңдүү жерлерге аянтчаларды жайгаштырууга болбойт.
546. Өрттөө жана жардыруу учурунда оттун жайылуусун болтурбоо максатында жок кылууга (сыноого) арналган участоктордун периметри боюнча тереңдиги 1 м жана үстүнкү кеңдиги 3 м аң казылышы керек.
547. Жумуштарды коопсуз шарттарда жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында аянтча төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:
адамдар үчүн блиндаж (калканч) же далда,
сыналуучу жардыргыч материалдар (жок кылынуучу калдыктар) үчүн блиндаж же далда,
Блиндажга (далдаага) кире турган жердин оозу өрттөө же жардырыла турган жердин маңдайкы бетинде болушу керек,
548. Калдыктарды жок кылууга арналган аянтчада өрттөө аркылуу да, жардыруу аркылуу да иштерди жүргүзүүгө болот,
549. Сыноо (жок кылуу) боюнча эң коркунучтуу операцияларды жүргүзө турган жер аянтчанын ортосуна жакын жерде жана пункттун курулуштарынан алысыраак болушу керек.
550. Аянтчаны телефон байланышы жана үн сигнализациясы менен камсыздоо долбоордо аныкталат.
551. Жардыргыч материалдарды ташуу үчүн транспорт жолдору төмөндөгүдөй аралыкта болушу керек:
жардыргыч заттар даярдалуучу же иштелүүчү имараттан (жайдан) 15 м жакын эмес;
эгер жолдун кире бериши ушул имаратка тиешелүү болсо, имараттан 3 м жакын эмес;
ачык от мештеринен жана ачык от булактарынан же от ачык жагылган жердеги жумуштан (устакана, казан, чиретүүчү устакана), ошондой эле күйүүчү майлар жана оңой күйүүчү заттар сакталган имараттардан 50м ден жакын эмес;
пункттун аймагындагы көмөкчу имараттардан 15 м жакын эмес;
эгер курулуш ченемдери жана ушул Эрежелер чоң аралыкты талап кылбаса, башка бардык имараттардан 6 м жакын эмес.
552. Жардыргыч заттар даярдалуучу жана иштетилүүчү имараттарга жана жайларга кирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №198 токтому менен бекитилген Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринин талаптарына ылайык жабдылган транспортко уруксат кылынат.
553. Аралаштыруучу-дүрмөттөчү машиналарга, ошондой эле эмульсияны өндүрүүдөгү жардыргыч материалдар менен компоненттерди ташуу үчүн атайын жабдылган жана уруксат кылынган автотранспорттун башка түрлөрүнө жардыргыч материалдарды өндүрүүчү жана даярдоочу пункттардын жүктөөчү жана жүк түшүрүүчү жабдууларынын жанына түздөн-түз кирүүгө уруксат кылынат.
554. Аккумулятордук жүктөөчү үчүн дүрмөттөөчү, ошондой эле дүрмөттөөчү машиналардын (аралаштыруучу-дүрмөттөөчү машиналардын, транспорттук-дүрмөттөөчү машиналардын) туруктуу туруучу жайы жардыргыч заттар даярдалуучу жана иштелүүчү пункттардын аймагынын тышында жардыргыч заттар даярдалуучу жана (же) иштетилүүчү имараттан 50 метрден жакын эмес жерде болушу керек.
555. Жумушту коопсуз жүргүзүүнүн, өрт коопсуздугунун, өндүрүштүк санитариянын, зыяндуу калдыктарды кармоонун, статикалык электрдин дүрмөтүнөн коргоо талаптары директивдик технологиялык процессте регламенттелүүсү керек.
556. Мындан тышкары жардыргыч материалдарды өндүрүүчү жана даярдоочу пункттардын директивдик технологиялык процесстеринде төмөндөгүлөр каралышы керек:
өндүрүш процесстерин комплекстүү механизациялаштыруу жана автоматташтыруу;
берилген процесстердин ыраттуулугун сактоону, ошондой эле жабдуулардын иштөө режимдерин камсыз кылган түзүлүштөр менен механизмдерди башкаруу;
зыяндуу жана коркунучтуу, оңой тез күйүүчү жана жарылуучу бууларды, газдарды жана чаң-тозоңдорду жок кылуучу же алардын бөлүнүүсүн максималдуу азайтуучу жабдууларды жана аппаратураларды герметизациялоо;
жабык транспорттук түзүлүштөрду колдонуу аркылуу чаң-тозоң материалдардын ордун которуштуруу;
аба атмосферасына бөлүнүүчү зыяндуу заттарды кармоочу түзүлүштөрду иштеп чыгуу жана колдонуу;
технологиялык процесстерде туюк суу жүгүртүүнү пайдалануу;
көлмөлөргө суу агызуу алдында калдык чөгүндүлөрдү жыйноо жана жок кылуу;
таштандылардагы уулуу заттарды толук жок кылуу же мүмкүн болуучу акыркы чегине жеткизүү.
557. Бир эле имаратта бир эле өндүрүштүн ар түрдүү коркунучтар категориясындагы фазалар жана операциялар жайгашса ар бир фазада өрттүн жайылуусуна каршы (өрткө каршы дубал, суу чачкычтар, оюктарды коргоо) тиешелүү коргоо курулуштарынын (жабдууларынын) болушу каралышы керек.
Токсиндүү жана зыяндуу заттардын бөлүнүүсүнө байланышкан технологиялык операцияларды изоляцияланган жайларда жайгаштыруунун зарылчылыгын директивдик технологиялык процесстерди иштеп чыгуучу аныктайт.
Натрий нитритинин эритмесин даярдоо фазасы имараттын компоненттерди даярдоочу жана кычкылдандыргыч кошулманы даярдоочу жекече изоляцияланган жайында жайгашып, өз алдынча кире турган жери жана жүк түшүрүүчү жеке аянты камсыз болгон орунда ишке ашырылуусу зарыл.
558. Айланадагы абанын температурасында катып же кристалл болуп калышы мүмкүн болгон заттар иштетилген аппараттар менен идиштер, ошондой эле айланадагы абанын температурасында катып же кристалл болуп калчу продукциялар үчүн труба түтүктөрү жылытылууга жана жылуулугу изоляцияланууга тийиш.
559. Жарылуу-өрттөнүү коркунучу бар чаң-тозоңдор бөлүүчү жайларда труба түтүктөрүн орноштурууда каналдарга жылытуу тармактарынын каналдарына тозоңдун өтүшүнөн сактануу үчүн труба түтүктөрү тартылган жерлер туюк тосмолор менен тыгыз бекитилет.
560. Технологиялык аппараттарды чыгымдалуучу жана жыйноочу идиштер менен бириктирүүчү түтүк өткөргүчтөр минималдуу аз буралышы керек; аларды толук бошотуу долбоордо каралышы зарыл.
561. Жардыргыч заттардын жана кычкылданткычтардын күйө турган күйбөй турган тараларын бир жумуш сменасынын мезгилинде терезе оюктары жок имараттын тышына караган чатырчасынын астында убактылуу сактоону уюштурууга болот.
Тараларды жумуш орундарында өтө турган жерлерди жана авариялык чыгууларга бөгөт болбогон атайын бөлүнгөн жерлерде эки сааттык мөөнөттө убактылуу сактоого болот.
562. Кыймылдуу транспорт каражаттарынын өндүрүштүк имараттын тегерегинде жүрүшүнө жүктөө-түшүрүү жумуштары учурунда гана уруксат берилет.
563. Жардыргыч заттарды түздөн-түз өндүрүүчү же даярдоочу сактагычтар менен жайлардан башка жардыргыч заттарды өндүрүүчү жана даярдоочу пункттарда утурумдуу майда ремонттордун (ширетүүчү жабдуусу жок) устаканасын, ошондой эле нөөмөтчү слесарлар менен электриктердин убактылуу жайын жайгаштырууга болот. Мындай жайлар имараттын өндүрүштүк жайынын өрткө каршы дубал аркылуу бөлүнгөн өз алдынча бөлүгүндө жайгашуусу керек.
564. Жардыргыч заттарды өндүрүүчү же даярдоочу имараттагы жүктөрдүн жалпы салмагы вагондогу, аралаштыргыч-дүрмөттөгүч машинадагы же башка транспорт каражаттарындагы жана жыйноочу идиштердеги жардыргыч заттарды кошо эсептегенде 60 т ашуун болбошу керек. Мында чогултуучу идиштин салмагы аралаштыргыч-дүрмөттөөгүч машинанын жүк көтөрүүсүнөн эселеп көп болушу керек.
565. Бир аянтчанын өз алдынча бөлүнгөн участокторунда жардыргыч заттарды сыноого жана жок кылууга уруксат берилет.
Сыноону жана калдыктарды жок кылууну бир мезгилде жүргүзүүгө болбойт.
566. Жардыргыч заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттарын долбоорлоо иштелип чыгуучу материалдардын коркунучтуу электрлештирүүгө болтурбоо зарылчылыгын эске алуу менен жүргүзүлүүсү керек.
567. Жардыргыч заттарды өндүрүүчү же даярдоочу имараттарда радиоактивдүү булакты жарылууга туруштук берген контейнерге орноштурган шартта гана жарылуудан коргоо боюнча тиешелүү маркировкадагы радиоизотобу бар приборлорду колдонууга жол берилет.
568. Бардык класстардын зоналарынан чыгуучу эшик жана дарбазанын сырткы тарабына (көчө тарабы) жылытылган бардык класстардын жана тайпалардын жарылуу коркунучу бар чөйрөсү үчүн чаң-ным тийбей тургандай корголгон электраппаратурасын коюуга жол берилет.
569. Жардыргыч заттар даярдалган же чыгарылган имараттарга жана жайларга ар кандай типтеги жакындаштырылган сенсорду орнотууга уруксат берилет. Мында экинчи даражадагы приборлор абада жардыргыч заттары болбогон жайларда жайгашуусу, жакындаштырылган сенсор менен учкунга коопсуз чынжырлар менен байланышууга тийиш.
570. Жарылуу коркунучу бар бардык класстардын зоналарында иштөөгө ыңгайлуу болсун үчүн телевизиондук камераларга жана камералык блокторго, суу-клапандын электрмагниттик кыймылдаткычы жана фотоблокко, өрт өчүрүү автоматикалык системасына жана башка кыймылдуу ток кабылдагычтарына, ошондой эле, кыймылсыз ток кабылдагычка ошол жеринен чогултуу үчүн резиңке же пластик капталган (же ийкем-түтүк) ийкемдүү жез зым-тарам кабель менен тартууга уруксат берилет.
Кабелдердин механикалык бузулушу мүмкүн болгон жерлерде, кабель дат баспаган түтүктөр, дат баспаган бурчтуу темирлер, же ошого тете коргоонун башка мүмкүндүктөрү менен корголууга тийиш.
Коопсуз учкунга чынжырларды брондолбогон кабелдер менен аткарууга жол берилет.
571. Кычкылдантуучу же алардын аралашмасы менен иштеген өндүрүштүк жайларда импульстук жана командалык жез түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат; ошондой эле цинк брону жана ачык коргошун кабыкчасы менен брондолгон кабелди колдонууга тыюу салынат.
Кычкылдантуучулардын аралашмасын даярдоо процесси туруктуу автоматикалык контролдоо деңгээли, температура жана алардын ишиндеги пайда болгон бузулуу тууралуу кабарлаган сигналдаштыруу менен камсыз болууга тийиш.
572. Жарылуусу коркунучтуу бардык класстарда эгер айлана-чөйрө пластмассаны бузбаган шартта импульсивдүү пластмасса түтүктөрүн төшөөгө жол берилет.
573. Өндүрүштүк пункттарда жана жарылуу өрт коркунучуна ээ продукциясы бар транспорттук-технологиялык операциялары үчүн транспорттук түзүлүштөр, жүк көтөрүүчү жана жүк ташыган машиналар колдонулуучу жардыргыч материалдарды даярдоо пункттарында жарылуудан корголууга тийиш.
574. Бардык класстардын жарылууга кооптуу зоналарда орнотулуучу механизмдерди жана машиналарды иштетүү үчүн аларды жарылууга кооптуу зонадагы жайдан чыгарып, жарылуудан коргоочу каражатысыз электр кыймылдаткычтарын орнотууга (машина жайында орнотууга) жол берилет. Мында айландыруучу октун цилиндринин май тыгынын тыгыздоо түзүлүшү дубал аркылуу алынып өтүлүшү алдын ала каралышы керек.
575. Жарылуу коркунучу бар жайларда жана сырткы орнотмолордо иштеген транспорттук түзүлүштөр, жүк көтөрүүчү жана жүк ташуучу машиналар үчүн төмөнкүлөр каралышы керек:
электр разряддарын жана учкун чыгарууга бөгөт коюу;
машиналардын майлоочу түйүндөрүнүн кылчыксыздыгын камсыз кылуу, аларды продуктуга тамбагыдай кылуу;
продуктунун кыймылсыз зоналарын жатып калуусун, чогулуусун, катып калуусун, кыпчылып калуусун жокко чыгаруу;
ташылган заттардын агрессиялык таасир берүүчү мүнөзүн, технологиялык процесстердин өзгөчөлүктөрүн жана техника коопсуздугунун талаптарын эсепке алуу менен машинанын элементтерин өндүрүү үчүн конструкциялык материалдарды колдонуу.
576. Жарылуу өрт коркунучу бар заттарды ташыган конвейерлер (тасма, чынжыр, буралгы) тыгылып калганда, тартуучу орган үзүлгөндө, буралгы токтоп калганда алардын токтоп калышын камсыз кылган тосмологон түзмөк менен камсыз болууга тийиш.
577. Жарылуу өрт коркунучу бар заттарды ташыган бар конвейерлерди жана жолдун жантайма же тик участкалары жүк тартуучу органдын же ташылган жүктүн өзүнөн өзү кыймылга келүүсүн эскерткен эскерткич белгиси болууга тийиш.
578. Жардыргыч заттарды бир имараттан башка имаратка конвейер транспорту менен орун которуштуруу учурунда продукт үлүш-үлүш (даана) болуп, бир имараттан башка имаратка тутанткычын берүүгө болбой тургандай аралыкта болушу керек.
579. Жардыргыч заттарын бир имараттан башка имаратка алып баруу үчүн пневмотранспортту колдонуу күйүү жана от алууну токтоткучтар орнотулгандан кийин гана жол берилет.
Пневмотранспортту жардыргыч заттарды сактоочу жайлардын жана имараттардын ортосунда ташууда колдонууга жол берилбейт.
580. Жарылуу-өрттөнүү коркунучу бар продукцияларды орун которуштуруу үчүн пайдаланылган жүк ташуучу машиналар жана механизмдердин кыймылын башкаруу полдон жүргүзүлүүгө тийиш.
581. Өндүрүш пунктунун темир жолдору жалпы шахталык (рудниктик) жолдо электрден бөлүнүүгө тийиш.
Даярдалган жардыргыч заттарды өндүрүш пунктунан кенге жеткирүүгө, атайын жабдылган жалпы шахта транспорт каражаттарына уруксат берилет.
Төмөн жаткан горизонтко жеткирүү үчүн өндүрүштүн стационардык пунктунда скважина жардыргыч заттарды орун которуштуруу үчүн жабдылышы мүмкүн. Орун которуштуруу төмөн жаткан мейкиндикте жайгашкан жана жардыргыч заттарды сактоо же ташуу үчүн ыңгайлаштырылып, кырдалган топурак үйүлгөн бункерлерге же вагонеткаларга (дүрмөт-транспорттук машиналарына) жүргүзүлөт. Жардыргыч заттарды сактоо жана бөлүштүрүү үчүн төмөн жаткан горизонтогу орун которулуштурган жер жардыргыч заттарды сактоочу участкалык пункттарга же бөлүштүрүү камераларына карата талаптарга ылайык жабдылышы керек.
Жарылуу коркунучу бар жайларда иштөө үчүн жасалган ташуучу машиналардын (конвейер, транспортер, элеватор) механикалык бөлүгү технологиялык процесстерди жүргүзүү аркылуу бөлүнүп чыккан жарылуу коркунучу бар чаңда жана бууда учкун болбошу керек.
582. Жүктөрдү ташуудагы ылдамдык, тездетүү (жайлатуу) технологиялык процесстин көрсөтмөсүндө көрсөтүлгөн чоңдуктан ашпашы керек. Эгер көрсөтүлгөн мүнөздөгүч жөнгө салынбаса, анда көтөрүүчү-ташуучу шаймандын сериялык-чыгарылган техникалык маалыматтарына жараша кабыл алынат.
583. Каптардагы (контейнерлердеги) аммиак, натрий жана кальций селитрасын кычкылдантуучулар менен бир сактагыч жайда сактоого, ошондой эле поддондорго төшөлгөн штабелдерде, же өзүнчө секцияларда сактоого жол берилет,
584. Штабелдердин ортосундагы өткөөлдөр 1,3 м.ден кем эмес, өткөөлдөр - 1 м, борбордук өткөөлдө - 2 м. болууга тийиш.
585. Каптардын штабелинин (контейнерлердин) бийиктиги 2,6 м.ден, туурасы - 5 м.ден көп болбошу керек.
586. Бункер же мунара сактоочу жайларда майда томолок аммиак селитрасын идишсиз сактоого, ачык аянттарда катуу нерселер менен жабылган жайда – контейнерлердин бардык түрүндө сактоого жол берилет. Сактоочу жайлар жана аянттар жүктөп-түшүрө турган тийиштүү механизмдер менен жабдылууга тийиш.
587. Кычкылдантуучулар сакталган имараттарда желденүүчү шахталар болушу керек.
588. Аммик, натрий жана кальций селитрасын сактоо үчүн бункер жана ороо тибиндеги идишсиз сактоо жайларынан тышкары жайларда чуңкур, канал, ноо жана башка төмөндөтүүгө жол берилбейт.
Сактоо үчүн жайлар кургак болууга тийиш, чатырына жана полго жаан-чачындын тийишине жол берилбейт.
Селитра сактаган орун жылына жок дегенде бир жолу тазаланышы, зарыл учурда дубалдагы жана полдогу тешиктер бүтөлүп, ондолушу керек.
589. Аммиак, натрий жана кальций селитрасын сактоо үчүн жайларда саатына бир жолу аба алмаштырган табигый желдеткич каралышы керек.
590. Аммиак, натрий жана кальций селитрасын сактоо үчүн 200 м2 жана андан көп аянты бар жайларда автоматикалык өрт сигнализациясы орнотулушу керек. Аммиак селитрасын сактоочу жайларда отту ачык пайдаланууга тыюу салынат.
591. Аммиак селитрасын бункер жана мунара сактоочу жайларга ташуу үчүн жогорку чакан көпүрөнүн (аянтча) бүтүн төшөлмөсү жана капталынын бийиктиги 0,14 м болушу керек.
592. Селитраны сактоо процессинде анын бузулуп (ысышына, азоттун же аммиактын кычкыл жытына мүнөздүү жыт болбошуна) кетпесине системалуу контроль жүргүзүлүүсү тийиш.
593. Сактоочу жайга селитра салынбаган ички күйүүчү кыймылдаткычы бар автотранспорт жана жүктөгүч менен кирүүгө тыюу салынат.
594. Селитра менен иштөөдө пайдаланылган жабдуу майлоочу материалдар менен булганууга тийиш эмес. Майлоочу майдын алдында анын катуу селитрага жана анын аралашмасына тийгизбей турган нерсе болууга тийиш.
Кокусунан жүктөгүчтүн аккумуляторунан тамган күкүрт кислотасы менен булганган селитра токтоосуз түрдө сактоочу жайдан чыгарылып, анын орду суу менен аябай жуулушу керек.
595. Жерде жаткан селитраны жардыргыч менен копшутууга чечкиндүү тыюу салынат.
596. Карбамидди капта да, контейнерлерде да сактоого уруксат берилет. Карбамид, полиакриламид, карбоксиметилцеллюлоздорду каптарда өзүнчө поддонго төшөлгөн штабелдерде бирге сактоого жол берилет.
597. Коопсуз аралыкты эсептөөдө жардыргыч заттарды өндүрүүчү пункттарда турган аммиак селитрасы эсепке алынбайт.
598. Күйүүчү металл порошогун сактоочу жай сокку алганда жана сүрүлгөндө учкун чыгарбаган күйбөгөн материалдардан аткарылышы керек.
Күйүүчү металл порошогун сактоочу жайларда жер төлө жана чуңкурларды жайгаштырууга жол берилбейт.
599. Металл күйүүчүсүнүн сактоочу жайы атмосфералык жаан-чачындын жана жер алдындагы суулардын киришинен, банкалар турган штабелдерге күндүн нурларынын түз тийишинен корголушу керек.
Жайкы (35 °C жана андан көп) жогорку температураларда сактоочу жайды эртең менен жана кечки убактарда сырткы аба менен желдетүү зарыл.
Эгер сактоочу жайдын нымдуулугу тышкы нымдуулуктан жогору болсо, анда аны башка кургак аба ырайында желдетип туруу керек.
600. Сактоочу жайда идишти бошотууга, банкалардын ордун алмаштырууга, жүктөп-түшүрүүдөн башка жарылма жана башка иштерди аткарууга жол берилбейт.
601. Натрий нитрити өзүнчө сактоочу жайларда, штабелге жыйылган каптарда сакталууга тийиш. Натрий нитритин селитра жана башка материалдар менен бирге сактоого жол берилбейт.
602. Өрт өчүрүүнүн автоматикалык системасы кол менен өчүрүүчү жабдык менен коштолууга тийиш. Өрт өчүрүүнүн автоматикалык системасы иштеп кеткенде имаратта иштегендер үчүн, өрт өчүрүү бөлүгүнө жана технологиялык процессти аралыктан башкаруу пультуна белги берилиши керек.
Технологиялык процессти дистанциялык жүргүзүүдө өрт өчүрүү системасын ишке киргизүү автоматтык түрдө же дистанциялык башкаруу пульту менен аткарылат.
Өрт өчүрүү системасы иштеп кеткенде технологиялык жабдууну жана башка электр кабылдагычтарды автоматтык өчүрүү технологиялык процессти иштеп чыгуучу тарабынан аныкталат.
603. Аба желдеткичтерди чукул бурууларсыз жай конфигурацияда аткаруу зарыл. Аба соруучу тарапка жантайып, чаңдын туруп калышын азайтуу максатында мейкиндиктин эң кыска узундугу менен бир болуп, топтолгон чаңдан тазалоо үчүн атайы жабылуучу терезе (тешик) менен камсыз болушу керек. Тешиктердин капкактары жана бекиткич конструкциялар сокку жана сүрүлүү учурунда учкун чыгарбаган материалдан жасалууга тийиш.
604. Соруучу желдеткич системанын чаң кармагыч түзүлүштөрү күйбөгөн жана чаңдаган абада камтылуучу жардыргыч заттар жана алардын компоненттери менен активдүү химиялык реакцияга кирбеген материалдан жасалууга тийиш.
605. Аба соргучтагы абанын ылдамдыгы чаң туруп калышына жол бербеген эсепте кабыл алынат, бирок ылдамдык 10 м/с. кем болбошу керек.
606. Желдеткич орнотмосу сыртка чыгарган жарылуу өрт коркунучу бар аба мүмкүн болгон ченемге жеткенге чейин тазаланат.
607. Жарылуучу компоненттердин чаңы толуп калышы мүмкүн болгон желдеткич системасынын ар бир участогунун чаңды бөлүүчү өзүнчө бутагы болууга тийиш.
Изоляцияланган имаратта жайгашкан кычкылдантуучунун жана металл күйүүчү компоненттеринин чаң булактары үчүн жалпы соргучтуу системалык түзүлүшүнө тыюу салынат.
608. Желдеткич жабдуулар: желдеткичтер, чыпкалар, капкак жана башка соруучу жалпы алмашуучу желдеткич системанын жабдуулары жана жардыргыч заттардын чаңы бөлүнүп чыккан сактоочу жайлар үчүн жергиликтүү соруу системалары жарылуу коркунучусуз жасалууга тийиш.
609. Жардыргыч заттардын жана алардын компоненттеринин чаңы бөлүнүү менен байланышкан технологиялык процесс жүргөн өндүрүштүк жайларды тейлеген аба тартуучу желдеткичтер жалпы өнөр жайлык колдонууга аба тартуучу желдеткичке ал топтолуп калган учурда жарылуу коркунучу бар жайдан бөлүнгөн чаң киришине тоскоол жараткан артка кайтаруучу капкак орноткон шартта кабыл алынышы мүмкүн
610. Жарылуу өрт коркунучу бар өндүрүш имараттарында желдеткич бир жайдан башка жайга өрт таратпагандай жасалууга тийиш.
611. Жарылуу коркунучу бар жайларды табигый желдетүү саатына бир жолудан кем эмес камсыз кылынууга тийиш.
612. Өндүрүштүк керектөө үчүн жылуулук камсыздоо булагы болуп жеке буу казан же жылуулук электрборбору эсептелет. Эгер буу казан же жылуулук электрборбору өндүрүштүк керектөөгө, жылуулукка жана желдетүүгө 135 °C дан өйдө температурадагы буу жана 100 °C дан өйдө температурадагы суу берсе, анда жылуулукту камсыздоо объектиндеги же жергиликтүү (ар бир имарат үчүн) талап кылынган параметрдеги жылуулук булактары бар жылуулук пункттары аркылуу жүргүзүлүшү керек.
20-глава. Жардыргыч заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттарын пайдалануу боюнча талаптар. Техникалык жана технологиялык документтер
613. Жардыргыч заттарды өндүрүүнүн жана даярдоонун технологиялык процессинин регламенти төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
тиешелүү регламент негизделип түзүлгөн документтердин тизмеси;
өндүрүш учурунда пайда болуучу ысык чаңдардын жана булалардын, жарым фабрикаттардын, алгачкы чийки зат жана көмөкчү материалдардын, алардын ууландыруучу күчүн (уунун топтолушунун зыянсыз чегин), жарылуу, өрт чыгуу коркунучун, аларды колдонуудагы эрежелерди көрсөтүү менен даярдала турган (даярдалып жаткан) жардыргыч заттардын мүнөздөмөсү;
өндүрүштө иштетилип жаткан заттардын электрдик касиеттеринин (электрдик каршылык көрсөтүү күчү) жана электростатикалык жанууларга болгон сезгичтигинин (күйүүдөгү минималдык энергиясынын) параметрлери жана статикалык электрден коргонуу каражаттарынын сыпаттамасы;
технологиялык режимдерди жана аларды контролдоо жана ченөө каражаттарын, пробаны алуу убактысын жана тартибин, жарым фабрикаттарды жана даяр продукцияны ташуу жана сактоо талаптарынын схемасын жана технологиялык процессти көрсөтүү;
технологиялык процессти башкаруу жана контролдоо схемасы;
чийки заттарды жана материалдарды өндүрүшкө киргизүүнүн тартиби (киргизүү контролу);
негизги технологиялык жабдуунун, инструменттин кыскача мүнөздөмөсү;
ишке киришүүгө жабдууларды даярдоо тартиби;
иш учурунда жабдуулардын бузулуп калуу мүмкүндүгү жана аларды четтетүүнүн чаралары;
жабдууларды жууп тазалоонун тартиби;
брактын түрлөрү, аларга бөгөт коюу жана оңдоо ыкмалары;
өндүрүш калдыктарын утилдештирүү жана жок кылуу;
аккан сууну жана абаны зыяндуу заттардан тазалоонун жана зыянсыздандыруунун методдору жана каражаттары;
ишти коопсуз жүргүзүүнүн, өрт коопсуздугунун жана өнөр жай санитариясынын талаптары.
614. Технологиялык процесстин регламенти жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жардыруучу заттарды өндүрүү жана (же) даярдоо пунктуна тиешелүү болгон уюм тарабынан колдонулуп жаткан жабдуулар үчүн директивалык технологиялык процессти жана долбоорлоо документтерин иштеп чыккандардын жолдомосунун негизинде иштелип чыгат жана бекитилет.
Техникалык процесстин регламентин жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пайдалануучу уюмдун техникалык жетекчиси бекитет.
Бекитилген регламент уюмдун буйругу менен колдонууга киргизилет.
615. Технологиялык регламентти кайра карап чыгуу ага өзгөртүүлөр киргизилген учурда, бирок 5 жылда кеминде 1 жолу жүргүзүлөт. Кайра карап чыгууну пайдаланып жаткан уюмдун техникалык жетекчиси аныктайт.
616. Документтерге өз учурунда өзгөртүүлөрдү киргизүүдө пайдалануучу уюмдун техникалык жетекчиси жооптуу болуп эсептелет.
617. Технологиялык жана оңдоо-түзөө персоналдары жардыруучу заттарды өндүрүүнүн же даярдоонун ар бир пунктунда коопсуз иштетүү үчүн нускама иштелип чыгууга тийиш.
618. Бардык иш орундары нускамалар менен жабдылышы керек.
619. Тиешелүү иш орундарында иштин мазмуну өзгөргөн учурда нускамалар кайра каралып чыгат жана бекитилет.
620. Жарылуу, өрт чыгышы мүмкүн болгон коркунучтуу жайларда иштегендердин саны технологиялык процесстин регламентине ылайык чектелүүгө тийиш.
621. Технологиялык жабдууларды иштетүү токтотулган учурда иш нумкамасына ылайык пункт жарылуучу заттардан жана анын компоненттеринен арылтылып, электр энергиясы өчүрүлүп, пункттун имараты кулпу менен жабылып, пломбаланып кароолчуга өткөрүлүп берилиши зарыл.
Жабдуунун бир бөлүгүн иштеп турган абалда кармоо зарылдыгы келип чыкса, анда ошол жабдууга дайыма көз салып турууну камсыз кылуу керек.
Пункттун ишин эки суткадан ашык токтотууга туура келсе анда бүтүндөй жабдуулар жана имарат жарылып кетүүсү мүмкүн болгон продуктулардан толук арылышы зарыл.
622. Өндүрүш калдыктары (булганган чийки зат, майда жана бүкүлү заттар) кезметтеги иш күнүнүн аягында иш ордунан чыгарылып салынышы керек жана убактылуу сактоочу аянтка жиберилиши керек же жок кылынууга тийиш. Калдыктарды жок кылуунун мезгилдүүлүгү технологиялык регламентте каралууга тийиш.
Бүкүлү заттар жана калдыктар салынуучу идиш кондициялык продуктулардын идишинен айырмалоочу белгилерге ээ болууга тийиш. Идиштин коюлуучу орду белгилениши керек.
Өз ара реакцияга кирүүчү бүкүлү заттарды же калдыктарды чогуу бир идишке салууга тыюу салынат.
623. Өндүрүш жайларында түздөн-түз колдонулбаган буюмдарды жана материалдарды анда сактоого тыюу салынат.
624. Продуктулардын чаңдарынын жана кычкылдандыруучу эритмелердин жабдуулардын үстүнө, имараттын дубалдарына, желдетүүчү түтүкчөлөргө, өзгөчө жабдуунун бири-бирине сүрүлүп жана чабылып туруучу бөлүктөрүнө, полго жана үстү ысык жабдууларга (буу келүүчү түтүкчөлөр, жылытуу приборлору) туруп калууларына жол берилбеши зарыл.
Иштин жүрүшүндө чаң жана эритмелер системалуу түрдө жок кылынып турушу керек.
Жайларды жууп жана жабдууларды чаңдан, эритмелерден, жабышып калган продуктулардан тазалап туруунун ыкмалары жана мөөнөттөрү технологиялык документерде жана нускамаларда каралышы керек.
625. Жарылуучу заттарды иштетүүгө байланышкан иш үстөлдөрү жылмакай, жылчык жерлери жок болуп, борттору, оркоюп чыгып туруучу бөлүктөрү жок болушу, жерге байланыштырылган электр тогун өткөргүч материалдар менен жабдылышы керек.
626. Жардыргыч заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттарынын бардык жайларына жарылууга алып келүүчү каражаттарды, ок атуучу куралдарды, тамеки чегүүгө байланышкан буюмдарды, өрттүн чыгышына себеп болуучу нерселерди (ширенке, оттук таш) алып кирүүгө тыюу салынат.
Жарылуу жана өрт чыгуу коркунучу бар жайларда электр жылыткычтар жабдууларын колдонууга тыюу салынат.
627. Жардыруучу заттар менен мурда байланышта болуп, оңдоого же жок кылынууга жаткан, керектен чыккан бардык аппараттар, жабдуулар, түйүндөр, тетиктер, приборлор, шаймандар жана башка предметтер булганычтардан алдын ала дыкат тазаланып, жуулуп, зарыл болгон учурда отко какталышы керек.
Тазалоонун аткарылышы акт менен ырасталууга тийиш.
21-глава. Жардыруучу заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттарындагы технологиялык жабдууларга карата талаптар
628. Жарылуу жана өрт чыгуу коркунучу бар жайларда токту жерге байланыштыруу зарыл. Токту жерге байланыштыруу жабдууларын карап чыгуу, текшерүү жана сыноодон өткөрүү электр жабдууларынын эрежелеринде аныкталган мөөнөттөрдө ишке ашырылат.
629. Жарылуучу заттарды дүрмөт аралаштыруучу машинага туташтыруу 6 миллиметрден кем эмес ток өткөргүч же сайлуу бириктиргичтин же ишенимдүү ажыраткычтын жардамы менен туташтырылгандан кийин жүргүзүлүүгө тийиш.
Токту жерге кийирүүчү өткөргүчтөр жана үстүнкү контакттар дат басуудан сакталышы керек.
630. Жабдуулардын конструкциясы жана абалы жабдуулардын бири-бири менен сүрүлүүчү бөлүктөрүнүн жылчыктарына продуктулардын кирип кетишине жол бербегендей абалда болушу зарыл.
631. Жабдуулардын капкактары, фланецтер, ооздору ийкемдүү материалдардан турган, иштетилип жаткан материалдарга карата химиялык туруктуулукка ээ болгон каптамалар аркылуу туташтырылууга тийиш.
632. Жардыргыч заттарды өндүрүү жана даярдоочу өндүрүш пункттарындагы жабдуулардын конструкциясы жардыруучу заттарга майлоочу материалдардын жана эритмелердин (кычкылдандыруу эритмелери) аралашып кетишине жол бербеши керек.
633. Бардык жабдуулар жана сыйымдуулуктар ичинен кароо жүргүзүүгө жана тазалоого ыңгайлуу болушу керек.
634. Заттар даярдалып же кайра иштетилген жабдуулар, анда узак убакытка чейин кармалган ошондой эле аларды ташуучу кен коммуникацияларда продуктунун мүмкүн болгон туруп калууларын шарттаган орундардын болбошу зарыл, ал эми аппараттардын жана коммуникациялардын үстүңкү беттери жылмакай болуп, продуктудан жеңил тазаланышы керек.
Жылуулукту сактоочу материалдар күйүп кетпей тургандай абалда жана кайра иштетилип жаткан заттарга карата химиялык инерттүүлүктө болушу зарыл.
Кайра иштетилип жаткан жардыруучу заттар, компоненттер жана жарым фабрикаттар менен жабдуулардын конструкциялык материалдарынын өз ара аракеттенүүсүнө жол берилбеши керек.
Жабдууларды жана алардын тетиктерин жасоодо жез, цинк, коргошун жана алардын эритмелерин кычкылдантуучу материалдар менен байланышуусу мүмкүн болгон жерлерде колдонууга тыюу салынат.
Жарылуу жана өрт чыгуусу коркунучтуу заттар менен байланышта болгон жабдуунун бөлүктөрү чексиз берилген жана сүрүлгөн учурда учкун чыгарбай турган материалдардан жасалышы керек.
635. Бардык кырдаалдарда эгерде вал жардыруучу заттар менен бирге жабдуунун ичинде жайгашса валдын чыгырыгы оңой чечиле тургандай жабдуунун сырт жагына орнотулушу керек. Көзгө көрүнүп турган чыгырык менен дубалчанын (үстүнкү катмар) ажырымы жардыруучу зат өтүүчү тракттан 40 миллиметрден кем эмес аралыкта болушу зарыл.
636. Дистанциядан башкарылуучу жабдуу аны ишке киргизүү жана токтотуу үчүн кошумча түзүлүшкө ээ болушу керек.
637. Пайдаланууга кабыл алынып жаткан жабдуулар, приборлор, анын ичинде контроль ченөө приборлору жана аппараттан жардыруучу материалдар менен иштетүүгө киргизүү алдында куру жана имитаторлордо (эгерде мындай талап документтерде каралса) иштетилип текшерилиши жана алар жардыруучу заттар менен ишке киргизилгендиги жөнүндө акт түзүлүшү керек.
22-глава. Статикалык электрден сактануу чаралары
638. Электростатикалык чыңалуулардын пайда болуусу элөө, майдалоо, аралаштыруу, аппараттарга салуу, алып чыгуу, пневматикалык жана вакуумдук ташуу операцияларында эң көп кездешүүсү мүмкүн. Продуктунун ар бир түрүн кайра иштетүүдө электростатикалык коопсуздукка технологиялык процесс жол берүүчү параметрлер технологиялык процесстин директивасын иштеп чыккандар тарабынан жана технологиялык процесстин регламенти менен аныкталат.
639. Мүмкүн болуучу опурталдуу электростатикалык разряддардын алдын алууда өндүрүштүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен төмөндөгүдөй сактануу чаралары көрүлүшү зарыл:
электр өткөргүч жабдууларын жана коммуникацияны жерге байланыштыруу;
нейтралдаштыргычтарды колдонуу;
антистатикалык шынаа курларын колдонуу;
чыңалуулардын ар кайсы белгилеринде электрлешүүчү контакттык материалдардын жубун тандоо;
курчап турган атмосферанын нымдуулугу;
жабдуулар үчүн электр өткөргүч материалдарды колдонуу;
атайын кийимдерди колдонуу.
640. Статикалык электрдин тез-тез келип чыгуусун басаңдатуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
технологиялык жактан мүмкүн болгон жерлерде суюктукту абада калкып жүрүүчү суюк жана катуу бөлүкчөлөрдөн, буу жана абадагы чаң аралашмаларын катуу жана суюк заттар менен булгануусун тазалоо;
күйүү чөйрөсүнүн концентрациясын жарылуу коркунучу бар жерлерден тышкары аймактарда бир калыпта кармап туруу;
өндүрүштүн технологиясы талап кылбаган заттардын чачылышына, майдаланышына, чаңдалышына бөгөт коюу;
түтүктөр, шлангдар, форсункалар, сопелдер аркылуу агып туруучу буулардын жана газдардын конденсацияланышына жана кристаллдашына бөгөт коюу;
технологиялык процесстин шарттары жол берген жерлерде салыштырмалуу аба нымдуулугун 65 %дан кем эмес кармоо;
ташуунун жана кайра иштетүүнүн ылдамдыгын, чаң, буу газ аралашмаларынын жана суюктуктардын турбуленттүүлүгүн басаңдатуу.
641. Статикалык электр чыңалуулары топтолушу мүмкүн болгон бардык технологиялык жабдуулар (суюктуктарды, бууларды жана чубурма майда заттарды кабыл алууга, кайра иштетүүгө жана орун которууга арналган аппараттар, идиштер, коммуникациялар, иш үстөлдөрүнүн жабдылышы жана стеллаждар, жабдыгычтар, төгүүчү-куюучу түзүлүштөр жана башка жабдуулар) металлдан же электрди өткөргүч касиетке ээ материалдардан жасалып жерге байланыштырылышы керек.
Продуктулардын орун которуулары, майдалоо, чаңдатуу, чачуу иштери жүрүп турган аппараттар, идиштер, агрегаттар, түтүктөр, аппараттардын жана идиштердин жалпы системасына түтүктөр аркылуу туташтырылган, өзүнчө турган машиналар, агрегаттар, аппараттар өз алдынча алынып кеткен бутакчанын жардамы менен коммуникацияларга байланышкан жерге кийирүүлөргө көз каранды болбостон жерге байланыштырылуунун ички контуруна туташтыруулууга тийиш.
Жерге байланыштырылуучу шинага (зым) бир канча аппараттарды, агрегаттарды же түтүктөрдү ыраттуу байланыштырууга жол берилбейт.
Электр жабдууларын статикалык электрден коргоо багытында жерге байланыштырылган түзүлүштөрдү бириктирүүгө жол берилет.
Жерге байланыштыруучу зымдарга туташтыруу орду жана аларды бекитүү ыкмалары жабдуулардын техникалык документтеринде көрсөтүлүшү керек.
Ар бир өндүрүш имаратында жерге байланыштыруу схемасы (картасы) түзүлүшү керек.
642. Жабдуунун ички катмарынын кайсыл гана эң алыс чекитинде болбосун электр өткөргүч (металл эмес) материалдарынан жасалган жерге байланыштыруулар анан ички контуруна салыштырмалуу 106 Омдон ашпашы керек.
Статикалык электрден гана сактанууга багытталган жерге байланыштыруучу түзүлүштүн каршылык көрсөтүүсү 100 Омдон ашпашы керек.
643. Жерге байланыштыруучу зымдар жана жерге байланыштыруу контуру аларды карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн ачык жер аркылуу өткөрүлүшү керек. Ошол эле маалда алардын механикалык жана химиялык таасирлерге туруктуулугун камсыз кылуу зарыл.
644. Статикалык электрден сактанууга арналган жерге байланыштыруучу өткөргүчтөрдүн технологиялык жабдууга жана ички контурга бириктирилген жерлери туурасы 15 миллиметрлик кызыл түстөгү тилке менен боёлушу керек.
645. Жерге байланыштыруу контурунун элементтерин, жерге байланыштыруучу зымдарды жерге байланыштыруучу конструкция менен туташтыруу ширетүү аркылуу аткарылышы керек. Ширетүүнү колдонууга мүмкүн болбогон учурларда жерге байланыштыруучу өткөргүчтөрдү ишенимдүү сайлык бириктирүү менен кошууга болот. Ошол эле учурда жерге байланыштыруучу өткөргүчтөрдүн учунда негизги була менен электр аркылуу кошулган, кесилбеген түйүн болушу керек. Сайлык кошууларды дат басуудан сактоо керек.
646. Бири-бирине 0,1 метр аралыкта жайгашкан катарлаш түтүктөр ар бир 20 метр сайын тогоо менен кошулушу керек. Түтүктөр бири-бири менен металлдан жасалган тепкичтер жана констукциялар аркылуу 0,1 метрден аз аралыкта кесилишкен учурларда ушул сыяктуу эле тогоолор менен кошулууга тийиш.
Металлдан жасалган желдетүүчү түтүктөр ар бир 20 метр сайын диаметри 5 миллиметрден кем эмес, лентанын кесиндиси 24 мм2ден кем болбогон алюминий өткөргүчтөрүнүн жардамы менен жерге туташтырылууга тийиш.
647. Жерге туташтырууну камсыздоо жерге туташтырылган корпус менен болгон контакттын бузулушуна алып келүүчү электрлешүүгө жөндөмдүү машиналардын жана аппараттардын кыймылдуу бөлүктөрү атайын түзүлүштөргө (токту жандырып жиберүүчү) ээ болушу керек.
Заттардын интенсивдүү электрлешүүсүнө мүмкүнчүлүк берген аппараттар, ошондой эле термелткич жабдуулардын кыймылдуу тетиктери экиден кем эмес чекитте жерге туташтырылууга тийиш.
Ысык суюктуктардын буусу чыккан аппараттардын ооздоруна кагаз, полиэтилен, полихлорвинил жана башка электрлешүүчү каптардан чубурма продуктуларды салууга тыюу салынат. Мындай учурда заттардын чаң басуусун эң төмөнкү деңгээлде камсыздаган, өткөргүч материалдардан жасалган күч келтирүүчү түзүлүштөрдү колдонуу керек.
Чубурма заттардан проба алууда технологиялык параметрлерди ченөөгө түздөн-түз катышы бар проба алуучу идиштер жана приборлорду чаңдар чөккөндөн кийин пайдалануу керек.
648. Өндүрүш шартында электрлешүүнүн параметрлерин ченөө уюмдун техникалык жетекчиси тарабынан бекитилген ченөөлөрдү жүргүзүү графигине ылайык мезгилдүү, бирок бир жылда экиден кем эмес жолу жүргүзүлүөт.
649. Өндүрүү жана даярдоо пункттарындагы жардыруучу заттардын калдыктарын сактоо жана учетко алуу, ошол эле жардыруучу материалдарга колдонулуучу тартипте жүргүзүлөт.
650. Даяр болгон жардыруучу заттардын жалпы салмагы чыгымдалган компоненттердин суммалык салмагы боюнча аныкталат.
651. Жардыруучу заттарды өндүрүү жана даярдоо пункттарындагы аралаштырып дүрмөттөө машиналарынын жүктөөчү жана чыгарып алуучу ооздоруна заттар жүктөлгөндөн кийин пломба коюлушу керек.
652. Жардыруучу заттар же күйүүчү касиетке ээ болбогон металлсыз эмульсия жүктөлгөн аралаштыруу-дүрмөттөө машиналарын пункттун кайтаруудагы аймагынан атайын бөлүнүп берилген жерлерде же аралаштырып-дүрмөттөп жүктөөчү машиналар туруучу жайларда эки суткадан ашык эмес убакытка сактоого жол берилет. Машинадагы жардыруучу заттардын салмагы каттоого алынып, анын жүктөөчү жана чыгарып алуучу ооздоруна пломба коюлушу керек, ал эми аларды сактоочу жайдын даярдалышы ушул Эрежелердин 632-пунктуна ылайык жүргүзүлүшү керек.
23-глава. Жер алдынан казылып алынуучу кендердин шахталарына жана рудниктерине гранулдашкан жардыруучу заттарды пневматика аркылуу дүрмөттөөнүн коопсуздук талаптары
653. Жер алдынан казылып алынуучу кендердин рудниктеринин жана шахталарынын шпурларын, скважиналарын жана камераларын жардыруучу заттар менен пневматикалык дүрмөттөө ушул Эрежелердин, дүрмөттөө жабдууларын пайдалануунун нускамаларынын, ага ылайык жардыруу материалдарын колдонуудагы нускаманын, ошондой эле механизациялаштырылган дүрмөттөөгө тартылган жумушчулар үчүн уюмда иштелип чыккан жана аныкталган коопсуздук боюнча нускамалардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
654. Дүрмөттөөчү жабдууда ченемдөөчү жана нымдоочу түзүлүш, ошондой эле иштин коопсуздугун камсыз кылууда дүрмөттөө процессин башкаруу системасы болушу керек.
655. Гранулдаштырылган жардыруучу заттардын курамына кирген, сырткы таасирлерге сезгич келген нитроэфирлер, гексоген, тэн же сенсибилизаторлордун сезгичтиги гранулотолдун сезгичтигинен ашып кетсе, андай заттарды пневматикалык дүрмөттөөгө тыюу салынат.
656. Газ жагынан кооптуу болгон рудниктерде жана шахталарда аммиак-селитралуу жардыруучу заттарды пневматикалык дүрмөттөөгө уюмдун техникалык жетекчиси же ал дайындаган адам бекиткен коопсуздук боюнча кошумча талаптарды сактаган учурда гана жол берилет.
657. Чубурма гранулдаштырылган жардыруучу заттарды же алардын компоненттерин идиштерге (бункерлер, вагонеткалар ж.б.) пневматикалык ташууда жардыруучу заттарды нымдабай же суулабай жүктөөгө, чаңды басаңдатуу чараларын көрүп, статикалык электрден сактанган учурда жол берилет.
658. Чубурма гранулдаштырылган жардыруучу заттарды жүктөөчү идиш (бункерлер) 20 метрден ашуун алыстыкта болсо же көз менен көрүүгө болбой турган абалда жүктөөчү жана кабыл алуучу операторлордун эки жактуу байланышы болбосо пневматикалык ташууга жол берилбейт.
24-глава. Пневмодүрмөттөөнүн жабдууларына болгон талаптар
659. Уюмда дүрмөттөөчү жабдуулардын оң иштешине жооптуу адамдар дайындалышы керек, ошондой эле ошол жабдууларды кароодон өткөрүү жана оңдоо тартиптери бекитилиши керек.
660. Дүрмөттөөчү жабдуунун ар бир бирдигине жабдуунун техникалык акыбалын кароо жана анын иштешин эске алуу журналы ачылышы керек (ушул Эрежелердин 18-тиркемеси). Дүрмөттөөчү машинанын техникалык акыбалын кароодон өткөрүү журналынын ар бир барагы номерлештирилип, тигилип жана уюмдун мөөрү менен ырасталышы керек.
661. Дүрмөттөөчү түзүлүштөрдүн акыбалы текшерилгенден кийин текшерүүнүн жыйынтыктары анын иштешинин техникалык абалын жана эсебин кароо журналына катталат:
1) дүрмөттөөчү түзүлүш пайдаланууга берилерде жана кезектеги дүрмөттөөнүн алдында;
2) дүрмөттөө аяктагандан кийин;
3) көп мезгилге чейин керектелбей турган учурда же башка ээлик кылуучуга өткөрүп берүүдө сактоого (пайдаланууда тура турган орун) жиберүү үчүн дүрмөттөөчү түзүлүштү консервациялоо алдында;
4) оңдоонун кайсыл гана түрү болбосун оңдоодон кийин;
5) дүрмөттөөчү жабдуулар ээлигинде болгон уюмдун бөлүмүнүн персоналдары мезгил-мезгили менен каттап турат.
662. Оңдоого берилүүчү дүрмөттөөчү түзүлүш жардыруучу заттардын калдыктарынан тазаланып, жуулуп жана чогултулган түрүндө оңдоочу жайга жеткирилип берилиши керек.
663. Дүрмөттөөчү жабдууну оңдоодо ага конструкциялык өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана материалдарды алмаштырууга машинаны иштеп чыккан уюмдун макулдугусуз жол берилбейт.
664. Дүрмөттөөчү жабдуунун оңдоодон өткөрүлгөндүгү анын техникалык паспортунда (формулярда) көрсөтүлүшү керек.
665. Дүрмөттөөчү жабдууну пайдалануу процессинде жана оңдоодон өткөрүүдө, аны чабууга, сүрүүгө жана металл менен жабдылган, жардыруучу заттар менен байланышта болгон үстүнкү катмарын кырууга болбойт.
25-глава. Жерге туташтырууга жана статикалык электрдин пайда болушунан сактанууга карата жалпы талаптар
666. Бардык дүрмөттөөчү түзүлүштөрдү жана түтүктөрдү жерге туташтыруу зарыл. Дүрмөттөөчү түзүлүштөрдүн түйүндөрүн жана тектиктерин өз ара диэлектрикалык каптамалар, тогоолор менен байланыштырганга болбойт.
Салмагы 5 килограммга чейинки гранулдаштырылган жардыруучу заттарды бир жолку доза менен порциялык пневмодүрмөттөөдө жана дүрмөттөөчү түтүктүн (металл түтүкчөсү) узундугу 5 метр болгон учурда атайын жерге туташтырбай койсо болот.
667. Алдын ала суулабай туруп курамында алюминий жана тротил бар гранулдаштырылган жардыруучу заттарды пневмодүрмөттөөгө жол берилбейт.
668. Бардык дүрмөттөөчү түзүлүштөр дүрмөттөлө турган жардыруучу заттарга сууну ченеп берүүчү же кошумча нымдоону камсыз кылуучу байланыш бөлүктөрү менен жабдылышы керек.
Жардыруучу заттарды кысылган аба менен ташуу ток өткөргүч түтүктөр аркылуу гана жүргүзүлөт. Жардыруучу заттарды механикалык дүрмөттөөдө бардык ток өткөргүч түтүктөр менен материалдардын тең салмактуу электрдик каршылык көрсөтүүсү 104 Ом х м дан ашпашы керек.
669. Шпурларды гранулит-игданиттүү жардыруучу зат менен дүрмөттөөдө полиэтилен жана резина түтүктөрүнүн (шлангдарды) көлөмүнүн тең салмактуу электрдик каршылык көрсөтүүсү 107 Ом х м дан ашпашы керек.
670. Механикалык дүрмөттөөнү колдонуунун алдында бардык түтүктөрдүн көлөмүнүн тең салмактуу электрдик каршылык көрсөтүү күчү текшерилиши керек.
671. Шпурлар жана скважиналар үчүн колдонулган механикалык дүрмөттөө түтүктөрүн башка максаттарга колдонууга жол берилбейт.
672. Бир эле түтүктү ар кандай типтеги жардыруучу заттар менен пневмодүрмөттөгөнгө тыюу салынат.
673. Жер алдындагы тоо кендерин иштетүүдө рудниктеги абанын нымдуулугу 70 % дан ашканда жана металлдан жасалган дүрмөттөө түтүкчөсү же электр өткөрүүчү дүрмөт түтүгүнүн узундугу 7 метрден ашпаган учурда атайын жерге туташтыруу талап кылынбайт жана шпурларды пневматикалык дүрмөттөө жүргүзүлөт.
674. Забойлордогу породалардын тең салмактуу электрдик каршылык көрсөтүүсү 104 Ом х м болуп, абанын нымдуулугу 70 % дан төмөн болгон учурда жерге туташтыруу жана электр өткөргүч түтүктөрдү колдонуудан тышкары скважиналарды дүрмөттөөнүн алдында забойлорго суу чыгарып жана бургуларды суу менен жуу, ошондой эле жерге туташтыруучу ордун нымдоо зарыл.
Забой мейкиндигиндеги абанын салыштырмалуу нымдуулугун аныктоо пневматикалык дүрмөттөөнү колдонуунун алдында жүргүзүлүшү керек жана андан кийин кварталда кеминде бир жолу жүргүзүлүп турушу керек.
Ченөөнүн жыйынтыктары тоо породаларынын электрдик каршылык көрсөтүүсүн ченөө журналына киргизилет.
675. Пневматикалык дүрмөттөөнүн алдында бардык дүрмөттөөчү түзүлүштөр жана түтүктөр, ушул Эрежелерде айтылгандардан тышкаркы учурларда, жергиликтүү жерге туташтырылып жүргүзүлүшү керек, жалпы жерге туташтырууга кошулат же электр жабдуулары үчүн колдонула турган жерге туташтыруу түзүлүштөрү менен бириктирилет. Жергиликтүү туташтыргычтар жерге туташтырыла турган объектиден алыстыгы 20 метрден ашпаган аралыкта орнотулат.
676. Жергиликтүү жерге туташтырууну орнотууда калыңдыгы 2 миллиметрден жана аянты 0,06 м2ден кем болбогон болот тилкелерин же диаметри 25 миллиметрден жана узундугу 0,3 метрден кем болбогон болот түтүкчөлөрүн колдонуу зарыл. Болот тилкелерин жерге туташтыруу суу агып кетүүчү арыкка төшөлүшү керек же иштетилген жердин суу толтурулуп тереңдетилген оюгуна туташтырылышы керек. Болот туташтырууда жерге кийирүүдө тереңдиги 0,25 метрден кем эмес тереңдиктеги шпур колдонулат.
677. Жерге туташтырууга өткөргүчтөр катары кесиндиси 15 мм2ден кем болбогон болот зымдары же трос да колдонулат.
678. Скважиналарды жеринде дүрмөттөө үчүн платформасында дүрмөттөөчү түзүлүштөр орнотулган өзү жүрүүчү машиналар дагы жергиликтүү туташтыруу түзүлүштөрү менен камсыздалышы керек, андан тышкары алардын иштетилген топурактар аркылуу контактта болуп турушу үчүн узундугу 25 сантиметрден кем эмес туташтыруучу чынжырлар менен жабдылышы керек.
679. Жерге туташтыруучу өткөргүчтөр менен дүрмөттөөчү машиналарды туташтырууда атайын болттор (болттун диаметри 8 миллиметрден кем болбошу шарт) гайкалары менен болушу керек, ал эми дүрмөттөөчү түтүктөргө туташтыруучу өткөргүчтөрдү бекитүүдө кесиндиси 25 мм2 ден кем болбогон болот тилке каамытын же ошондой эле болттор жана гайкаларды колдонуп бекитүү зарыл.
680. Эгерде түтүктө металлдан жасалган муфталар болсо анда алар жерге туташтырылышы керек. Түтүктөрдүн айрым участкаларына, ошондой эле муфталар кантамалар, электрдик каршылык көрсөтүү күчү бар түтүктөгү негизги шайбалардан чоң келген шайбаларды коюуга жол берилбейт.
681. Дүрмөттөөчү системанын электрдик каршылык көрсөтүүсү жерге туташтыруучу түзүлүшкө карата 107 Омдон, ал эми жерге туташтыруучу түзүлүштүкү – 100 Омдон ашпашы керек.
682. Дүрмөттөөчү жабдуунун жана транспорттук түтүктүн жерге туташтыруучу чынжырларынын каршылык көрсөтүүсүн кароодон өткөрүү жана ченөө иш башталардын алдында жасалышы керек. Каршылык көрсөтүүнү кароонун жана ченөөнүн жыйынтыктары дүрмөттөөчү жабдуунун жана түтүктөрдүн техникалык абалын кароодон өткөрүү жана иштешин учетко алуу журналына киргизилет.
26-глава. Чаңга каршы күрөшүү боюнча негизги иш-чаралар
683. Механикалаштырылган дүрмөттөө учурунда өзүнөн-өзү жарылууга жана адамдардын уулануусуна жол бербөө максатында жарылгыч заттардын чачылып кетүүсү, курчап турган чөйрөгө жарылгыч зат чаңынын таркашын алдын алуу чаралары, ошондой эле статистикалык электр таралуусунан коргоочу чаралар көрүлүшү керек.
684. Жарылгыч заттардын чаңдын жана чачылуусун азайтуу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
дүрмөттөө учурунда – дүрмөттөчү түтүктүн түпкү башы скважинаны огунун ортосунда орнотулат;
шлангдын аяк учунан дүрмөткө чейинки оптималдуу аралыкты сактоо талап кылынат ( дүрмөттөлүүчү оюктан чыккан жарылгыч заттардын чаңын азайтуу үчүн);
гранулдаштырылган чачырама алюминий жана тротил курамдуу жарылгыч заттарды пневмодүрмөттөө учурунда жарылгыч заттарга дүрмөттөөчү түзүлүштөрдү колдонуу эрежелеринде көрсөтүлгөн өлчөмдө суу же нымдоочу аралашма суюктук кошулат. Суу же нымдоочу кошулма жарылгыч заттарга тегиз бөлүнүп, жарылгыч заттар дүрмөттөөчү машинанын бункеринде же дүрмөттөөчү түтүктүн башталышында нымдалышы жана сууланышы керек;
чаңды кармоочу түзүлүштү колдонуу зарыл.
685. Дүрмөттөлүүчү оюктан жарылгыч заттардын аба менен уюлгуп чыгуусуна жол бербөө үчүн оюктун оозу чыпкалоочу мата тартылган алкак менен жабылышы керек.
Чыгып жаткан чаң уюлгусун азайтуу үчүн суу чачыратмалары жана буу тумандаткычтар орнотулат.
686. Дүрмөттөөчү жабдуунун бункеринен жарылгыч зат чаңынын чыгышына жол бербөө максатында, бункердеги жарылгыч заттардын катмар бийиктигин 15-20 сантиметрден азайтпай туруктуу кармоо зарыл.
27-глава. Дүрмөттөөчү жабдууларды колдонуу учурундагы коопсуздук талаптары
687. Дүрмөттөөчү жабдуулар орнотулуучу орунга массалык жардыруулар даярдалып жаткан районго жардыргыч заттарды ташуу башталганга чейин жеткирилиши жана жерге кылдат туташтырылууга тийиш.
688. Дүрмөттөөчү жабдууну жеткирүүнүн алдында ал жайгашуучу орунду кылдат изилдеп, иштөөгө коопсуз шарт түзүү чараларын көрүү зарыл.
689. Дүрмөттөөчү жабдуу жарылгыч заттары бар каптардын оозун ачып бункерге салуу учурунда чыккан чаң иштеп жаткан оператордун иш ордун жана жумушчуларды каптабагыдай айдарым желдин багытына карата орнотулушу керек.
690. Жарылгыч заттарды ташууда, алар салынган каптардын оозун ачууда жана дүрмөттөө учурунда жүктөлүүчү бункерге башка нерселердин түшүп кетүүсүнө жол бербөө чараларын көрүү зарыл.
691. Дүрмөттөө учурунда дүрмөттөөчү түзүлүштөгү же түтүктөгү кысылма абанын басымын дүрмөттөөчү машинанын (түзүлүштүн) же шлангдын (түтүктүн) паспортунда же техникалык шартында аныкталган көрсөткүчтөрдөн ашырууга тыюу салынат. Кысылган абанын басым деңгээли алдын ала сактагыч клапан менен чектелиши, ал эми тынымсыз иштөөчү машиналарда манометр жардамы менен көзөмөлдөнүшү керек.
Колдонулуп жаткан туруктуу жумушчу басым дүрмөттөөчү түзүлүштүн паспортундагы көрсөткүчтөн ашпаган учурда алдын ала сактагыч клапандын же манометрдин жардамы менен кысылган аба басымын чектөө же көзөмөлдөө талап кылынбайт.
28-глава. Жер алдындагы казууларда жарылгыч заттарды пневматикалык жана механикалаштырылган дүрмөттөө боюнча жумуштарды уюштурууга талаптар
692. Механикалаштырылган дүрмөттөө долбоордук-техникалык документтерге: бургулоо-жардыруу (жардыруу) жумуштарынын долбооруна, массалык жардыруу эрежелерине ылайык жүргүзүлүшү зарыл.
693. Долбоордук-техникалык документтерде жардырууну даярдоо жана жүргүзүү алдында, анын ичинде скважиналар, тешиктер же оюктарды дүрмөттөөгө даярдоо боюнча, жарылгыч заттар сакталуучу жана дүрмөттөө орундарын коопсуз абалга келтирүү чаралары эске алынышы керек (тосмолорду, чатырчаларды орнотуу, шиштүү казыктарды ороп коопсуздандыруу). Уюштуруу чараларында жардыргыч материалдарды жеткирүүдө колдонулуучу жабдуулар, дүрмөттөгүч түзүлүштүн түрү, дүрмөттөө учурундагы коопсуз аралыктар, статистикалык электр кубатын которуу, жардыруучу түйүндөрдү жана жардыргычтарды орнотуу, дүрмөттөө мезгилинде казуу жумуштарын токтотуу аракеттери көрсөтүлөт.
694. Механикалаштырылган дүрмөттөөгө атайын окуудан өткөн жана колдонуудагы Эрежелердин талабына ылайык аттестацияланган жардыруучулар коё берилет.
Жаңы типтеги дүрмөттөөчү жабдуу менен иштөөгө которуу учурунда жардыруучулар уюмдун жардыруу жумуштары боюнча жетекчиси тарабынан кол койдуруу менен дүрмөттөгүч жаңы жабдууларды (машина) колдонулуучу механикалаштырылган дүрмөттөөнүн өзгөчөлүктөрү, түзүлүшү, иштетүү эрежелери, ал эми жардыргыч материалдардын жаңы типтерине которууда – жардыргыч материалдардын мүнөздөмөлөрү, касиеттери жана алар менен иштөөдөгү коопсуздук боюнча чаралар тааныштырылат. Зарыл учурда жардыруучулар кошумча окутуулардан өткөрүлөт.
695. Пневматикалык дүрмөттөөдө жардыруучуга жардамчыларды дайындоого уруксат берилет. Аларга нускамалар берилген соң жардыруучунун жеке жетекчилигинде жана контролунда дүрмөттөөчү жабдууну башкаруу, милте каражаттары, жардыргыч окторду колдонуу, ошондой эле скважиналарды жана тешиктерди дүрмөттөөгө, анын ичинде манипуляторду иштетүүгө тикелей тиешеси бар жумуштарга байланышпаган башка милдеттерди аткара алышат.
696. Механикалаштырылган дүрмөттөөдө көмөкчү операцияларды аткарууга тартылган персонал бургулоо-жардыруу (жардыруу) жумуштарынын долбоору (паспорт) жана долбоордук-техникалык документтери, массалык жардыруу жүргүзүү тартиби менен кол койдуруп тааныштырылышы керек.
697. Скважиналар менен оюктарды дүрмөттөө алдында жардыруучулар жана аларга жардамга тартылган жумушчулар иштөөнүн коопсуз ыкмалары менен тааныштырылып, кол коюп берүүлөрү, жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалууга тийиш.
698. Жер алдындагы кендерде жана шахталардагы казуу иштеринде оюктарды, скважиналар менен көңдөйчөлөрдү механикалык дүрмөттөө боюнча жумуштарды техникалык жетектөөгө жардыруучунун күбөлүгү бар жана белгиленген тартипте аттестациядан өткөн адистерге уруксат берилет.
29-глава. Пневматикалык дүрмөттөөгө даярдык
699. Оюктарды, скважиналар менен көңдөйчөлөрдү механикалаштырылган дүрмөттөө боюнча жумуштарды баштоо алдында жардыруучу жана жардыруу иштеринин жетекчиси төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
жер алдындагы казуулардын төбөсүн жана капталдарын карап чыгууга, аларды коопсуз абалга келтирүү боюнча чараларды көрүүгө;
дүрмөттөөчү жабдууну орнотуу, түтүктөрдү тартып келүү жана жардыргыч материалдарды жайгаштыруу үчүн алда канча оңтойлуу жана коопсуз орунду аныктоого;
жабдуулардын жанындагы жумушчу орундарын жана жер алдындагы желдетүү системасынын абалын текшерүү;
өрткө каршы каражаттардын бар-жогун текшерүү.
700. Жумушту баштоо алдында жардыруучу дүрмөттөөчү жабдуунун техникалык абалы менен таанышууга жана текшерүүгө милдеттүү:
жабдуунун тетиктеринин абалын;
кысылган аба жана жарылгыч заттарды нымдагыч каражаттар берүүчү жеңдердин оң абалда экендигин;
бекемдөөчү тетиктердин тартылышын;
дүрмөттөөчү жабдуунун жана түтүктөрдүн коопсуздандырылышы оң абалда экендигин;
редуктордо жана кыймылдаткычта майлагычтардын бардыгын;
контролдоочу-өлчөөчү аппараттардын бар-жогун жана оң абалда экендигин;
дүрмөттөчү машинанын оператору менен жарылгыч заттарды скважиналарга дүрмөттөө ордунда иштеген жардыруучунун ортосунда байланыштын ишенимдүүлүгүн (байланыш каражаты заводдо даярдалууга тийиш);
сактануучу торлор менен темир керегелердин болушун;
бардык уламалардын бекемдигин жана тыгыздыгын (майдын тамчылоосуна жол берилбейт);
чаңды жок кылуучу түзүлүштүн оң абалда экендигин.
701. Машиналарды карап чыгуудан кийин аны куру иштөөсүн текшерип, дүрмөттөөчү түтүктү суу-аба аралашмасы менен үйлөтүүсү зарыл.
702. Дүрмөттөөчү машинаны карап чыгуунун жыйынтыктары дүрмөттөөчү машинанын техникалык абалын кароо жана иштөөсүн эсепке алуу журналына түшүрүлөт.
703. Дүрмөттөө жумуштарына катышуучуларга эскертпей туруп дүрмөттөөчү жабдууну иштетүүгө тыюу салынат.
704. Машинаналардын кыймылдоочу жана айлануучу бардык бөлүктөрү калканычтар жана торлор менен тосулушу керек.
705. Массалык жардырууларга керектүү жарылгыч заттар бургулоо-жардыруу жумуштарынын долбоорунда аныкталган көлөмдө жеткирилет.
706. Дүрмөттөөчү жабдуунун бункерин толтуруу жана дүрмөттөө аракеттери жардыруу иштеринин жетекчиси блок жана дүрмөттөчү түзүлүш жумушка даяр экендигине ынангандан кийин гана башталат.
707. Жарылгыч жаттарды дүрмөттөөчү машинанын бункерине пневможеткирүү же пневмодүрмөттөө процессинде алдын ала макулдашылган шарттуу командалар колдонулушу зарыл. Андан тышкары, уюмдун колдонуусундагы байланыш системасын пайдаланып, дүрмөттөчүлөрдүн диспетчер менен тез байланышын камсыздоо керек. Байланыш жок учурда скважиналарды дүрмөттөөгө тыюу салынат.
Дүрмөттөөчү жабдуунун бункерин жарылгыч зат менен толтуруу, ошондой эле оюктарды, скважиналарды же көңдөйчөлөрдү дүрмөттөөдө жабдуунун оператору менен жардыруучунун ортосундагы аралык 20 метрден ашык болсо же алар бири-бирин көрө алышпаса, эки тараптуу байланыш орнотулушу керек. Жумуштун жүрүшүндө жардыруучу (оператор) бригаданын башка мүчөлөрүнүн аракеттерине көз салууга, алар менен туруктуу байланышта болуп, ар кандай сигналдарга жооп кайтарууга милдеттүү. Ар бир түшүнүксүз сигнал “Токтот” дегенди билдирет.
708. Дүрмөттөөчү түтүк жабыркабагыдай жана башка нерселер менен кыпчылбагыдай, ошондой эле кескин бүктөлүп калбагыдай абалда тартылышы керек. Түтүктүн узундугу жер алдындагы дүрмөттөлүүчү чекиттердин ар бирине жеткидей эсеп менен минималдуу өлчөмдө аныкталат. Түтүктөрдү жер алдындагы өткөөлдөр аркылуу тартууда тирөөч элементтерге ишенимдүү бекитилиши керек. Өткөөлдөрдө тирөөчтөр жок болсо дүрмөттөөчү түтүктү кирген жана чыккан жерлеринен бекитүү чараларын көрүү зарыл.
709. Жарылгыч заттарды скважиналарга салуу алдында алардын тереңдигин жана тазалыгын, ал эми горизонталдуу жана тике скважиналарда суунун бар-жогун текшерүү зарыл. Керек болсо скважиналарды үйлөтүп текшерүү керек.
Иштетилген мейкиндикке бир нече чыгуулар бар оюктарды, скважиналар менен көңдөйчөлөрдү алдын ала бүтөбөй туруп дүрмөттөөгө жол берилбейт.
30-глава. Кооптуу аймактар жана коопсуз аралыктар
710. Механикалаштырылган дүрмөттөөдө бургулоо-жардыруу (жардыруу) иштеринин долбоорунда (паспортунда) аныкталган аралыкта, бирок дүрмөттөөчү жабдуудан 50 м кем эмес аралыкта тыюу салынган зона киргизилет. Тыюу салынган зонанын жакасында массалык жардыруу тартибине ылайык чектүү сандагы адамдардын болуусуна уруксат берилет.
711. Скважиналарды дүрмөттөө ордунан жана дүрмөттөөчү машина жайгашкан, түтүктөр тартылган коркунучтуу зонанын чегинен тышкары бургулоо-жардыруу (жардыруу) жумуштарынын паспортунда аныкталган, бирок 50 метрден жакын эмес аралыкта дүрмөттөөгө түздөн-түз тиешеси жок жумуштарды жүргүзүүгө тыюу салынат. Скважинаны дүрмөттөө орду менен жарылгыч заттарды дүрмөттөөчү машинанын, дүрмөттөөчү түтүк жайгашкан 50 метр аралыкта эки тарапты карай тартылган электр түйүнү өчүрүлүп, автоматтык фидердик өчүргүчтө “Иштетпегиле! Дүрмөттөө жүрүп жатат!” деген эскертүү тактасы илинип кароол посттору коюлушу керек.
712. Оюктарды, скважиналарды же көңдөйлөрдү бир нөөмөттөн ашык убакыт дүрмөттөөдө жардыргыч материалдарды эсепке алуу, сактоо жана өткөрүп берүү аракеттери массалык жардырууларды жүргүзүү тартибинде көрсөтүлүшү керек.
713. Пневмодүрмөттөө үчүн даярдалган жарылгыч заттарды сактоо орду өрт өчүрүү каражаттары менен камсыздалышы керек:
- 10 литрлик идиштеги порошоктуу 2 өрт өчүргүч дүрмөттөөчү машина орнотулган 2 м аралыкта айдарым жел урган тарабына жайгаштырылат;
- 10 литрлик идиштеги порошоктуу 2 өрт өчүргүч жарылгыч заттардын штабелинен 2 м аралыкта айдарым жел урган тарабына жайгаштырылат.
714. Жарылгыч заттар дүрмөттөө орундарында сакталган учурда, дүрмөттөөчү жабдуунун бункериндеги жарылгыч заттардын от алуусу (детонациясы) жакын аралыктагы вагонго (штабелге) жетпегидей аралыкта турушу керек. Коопсуз аралык массалык жардыруу долбоорунда аныкталат.
715. Дүрмөттөөчү жабдуунун жанына жарылгыч заттарды бургулоо-жардыруу (жардыруу) жумуштарынын долбоорунда (паспортунда) аныкталган, бирок жабдуунун нөөмөттүк өндүрүмдүүлүгүнөн ашпаган көлөмдө жайгаштырууга уруксат берилет.
716. Жарылгыч заттардан бошогон тараларды (каптар, жашиктер) атайын бөлүнгөн орунга, бирок жарылгыч заттар сакталган вагондун карама-каршы тарабына, дүрмөттөөчү жабдуудан 8 метрден кем болбогон аралыкта жайгаштырылат. Дүрмөттөө аяктагандан кийин, жарылгыч заттардан бошогон таралар кылдат текшерилип, жарылгыч заттардын калдыктарынан тазаланып, жер үстүнө жок кылуу үчүн берилет.
31-глава. Техникалык коопсуздук боюнча жана дүрмөттөө технологиясына талаптар
717. Дүрмөттөөчү жабдууну башкаруу жабдуулардын ушул түрүндө механикалаштырылган дүрмөттөөгө укугу бар жардыруучулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
718. Пневмоташуу же пневмодүрмөттөө процессинде алдын ала макулдашылган шарттуу командаларды колдонуу зарыл. Командалардын мааниси жана аларды берүүнүн тартиби жумуштардын коопсуздугу боюнча нускамаларда көрсөтүлүшү керек.
719. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- өз курамында тротил же алюминий пудрасы бар жарылгыч заттарды бир убакта дүрмөттөөгө же жарылгыч заттардын эки жана андан көп түрлөрүн аралаштырууга;
- сырлар менен боёлгон же электрондук жалпы каршылыгы Ошибка! Не указано имя файла.Ом x смдан ашкан башка диэлектрикалык материалдар менен капталган дүрмөттөөчү түтүктөрдү колдонууга;
-магистралдарда пневмоташуучу жарылгыч заттарды, электрөткөрүмдүүлүк касиеттери контролдонбогон түтүктөрдү пайдаланууга;
- дүрмөттөө ордуна токтоп калуу кокустугу бар кысылган аба жеткирүүчү магистралдарды колдонууга;
- желдетүүсү жок учурда туңгуюк шахталарда дүрмөттөөгө киришүүгө;
- дүрмөттөлүүчү скважина (шнур) аянтында болууга.
720. Бир оюкта бир эле убакытта механикалык таасирлерге жогорку сезгичтүү жарылгыч заттардан турган негизги дүрмөттү кол менен салууга жана пневмодүрмөттөөгө жол берилбейт.
721. Жарылгыч заттардын чачындыларын казылган кыртышта калтырууга тыюу салынат. Өйдөнү карай оюлган скважиналарды дүрмөттөөдө чууруган жарылгыч заттардын калдыгын толук чогултуп алуу үчүн брезент же башка материал жаюу зарыл. Жарылгыч заттар чууруп калган учурда чогултулуп, белгиленген тартипте жок кылынышы керек.
722. Механикалаштырылган дүрмөттөө үчүн чуурундуу жарылгыч заттарды чогултуп алып колдонууга жана алардын дүрмөттөлүүчү скважинанын алдына, дүрмөттөөчү жабдуунун жанына топтолушуна тыюу салынат.
723. Көңдөйлөрдү пневмодүрмөттөөдө аларга кирүү механикалаштырылган дүрмөттөө процесси аяктагандан жана көңдөйлөр толук желдетилгенден кийин гана уруксат берилет.
724. Пневмодүрмөттөөдө кысылган абанын температурасы (автономдуу компрессор менен иштөөдө), ошондой эле дүрмөттөөчү түзүлүштөрдүн жарылгыч заттар өтүүчү түйүндөрүнүн ысуусу +60С дан ашпоосу керек.
725. Дүрмөттөлгөн оюктардын оозун чуурума материалдарды колдонуп эжектордун жардамы менен механикалаштырылган бекитүү кысылган абанын 0,6 МПадан аспаган басымы алдында жүргүзүлөт.
726. Скважиналардагы дүрмөттөргө ортолук милтелердин (патрондолгон жардыргыч заттар, шашкалар) жардамы менен от коюуга жол берилет, бул учурда ортолук милтенин от коюу ылдамдыгы негизги дүрмөттүн от алуу ылдамдыгынан төмөн болбошу керек.
727. Оюктарга, скважинага, көңдөйгө жарылма ок же ортолук милте кол менен киргизилет. Бул максатта дүрмөт бекиткич жана дүрмөттөөчү түтүктү колдонууга жол берилет.
728. Электр жардамы менен жардырууда дүрмөткө түз от коюуга гана жол берилет. Электромилтелүү жарылгыч ок дүрмөттөлүүчү көңдөйгө пневмодүрмөттөө процесси аяктагандан жана дүрмөттөөчү жабдууну дүрмөттөө ордунан алып кеткенден кийин киргизилиши керек.
729. Пневмодүрмөттөө учурунда электромилтелердин дүрмөттөлүүчү көңдөйдө туруусуна тыюу салынат.
730. Электрсиз от коюу системасын колдонууда жана милте жиптин жардамы менен жардырууда тикелей же тескерисинче от коюуга жол берилет, бул учурда атылуучу ок жарылгыч зат менен толтурууда ордунан козголбогудай, милте-капсюлду жарылгыч заттардын агымындагы механикалык таасирден корголуусун камсыздагыдай кылып орнотулат. Милте-капсюлдун гильзасы атылуучу октун баш аягына чейин чөгөрүлүшү керек.
Бардык учурда милте-капсюлдун кумулятивдик чөнөгү дүрмөттү карай багытталышы керек.
731. Жантак жана тик оюктарга (скважиналарга) суу кире турган болсо, дүрмөттөдөөн кийин алардын оозгу дүрмөттөлбөгөн бөлүгү суунун киришине тоскоолдук кылуучу тыгын менен толтурулушу керек. Бул учурда дүрмөткө от коюу сууга туруктуу жарылгыч заттан жасалган жарылгыч октун же суу жукпас милте жиптин жардамы менен жүргүзүлөт.
32-глава. Дүрмөттөө аяктагандан кийинки коопсуздук талаптары
732. Дүрмөттөө аяктагандан кийин жардыруучу (оператор) дүрмөттөөчү жабдууну кысылган абанын жардамы менен кылдат үйлөтүп же суу менен жуушу керек. Бул жумушту аткаруу алдында бункер жана дүрмөттөгүч түтүктүн көңдөйүн жарылгыч заттардан кылдат тазалоо талап кылынат.
733. Жарылгыч заттардын жуулбай турган калдыктары калса, жабдуу атайын бөлүнгөн орунда буунун же ысык суунун жардамы менен кылдат тазаланат. Жарылгыч заттардын калдыктарын металл аспаптар менен тазалоого тыюу салынат.
734. Дүрмөттөөчү жабдуулар жана түтүктөр атайын бөлмөдө сакталат. Дүрмөттөөчү машиналарды күн сайын колдонууда аларды жумушка жакын жайгаштырылган атайын орундарда сактоого жол берилет.
33-глава. Авариялык кырдаалдар пайда болгондогу коопсуздук талаптары
735. Авариялык кырдаал түзүлгөндө дүрмөттөө процесси дароо токтотулушу керек. Жардыруучу авариялык коркунучтуу жабдуунун ишин токтотуп, түзүлгөн авариялык кырдаал жөнүндө адамдарга эскертип, авариялык кырдаал тууралуу жардыруу иштеринин жетекчисине билдирүүгө милдеттүү.
736. Кысылган аба берүүнү токтотууда жардыруучу (оператор) бардык ишке киргизүүчү түзүлүштөрдү токтотушу керек.
737. Дүрмөттөөчү жабдууну тейлеген жардыруучу менен скважиналарды дүрмөттөп жаткан жардыруучунун ортосунда байланыш бузулган учурларда, байланыш калыбына келтирилгенге чейин жумуштарды токтотуу зарыл.
738. Транспорттук системада тыгындар пайда болгондо жана дүрмөттөөчү жабдуу бузулган учурда дүрмөттөөнү токтотуу, абанын басымын өчүрүү, дүрмөттөөчү түтүктү машинадан ажыратуу жана бузулууларды оңдоо боюнча чараларды көрүү зарыл. Түтүктөгү тыгынды жок кылуу үчүн аны скважинадан чыгарып бекитүү зарыл. “Тыгынды” кысылган аба менен жок кылууда (жарылгыч заттарды берүүнү токтотуу менен) түтүктү силкип туруу керек. Тыгынды үйлөтүп жок кылуу мүмкүн болбосо, жарылгыч заттар суу менен жуулуп, тазаланат.
739. Машинаны оңдоо, майлоо жана жарылгыч заттар менен булгануудан тазалоо, ошондой эле аба берүүчү жеңдеги, суу магистралындагы жана дүрмөттөөчү түтүктөгү бузуктарды оңдоо жумуштары дүрмөттөөчү машинанын иштөөсү токтотулгандан кийин гана, суунун жана абанын басымын өчүрүү менен жүргүзүлөт.
34-глава. Жардыруу жумуштарын жүргүзүүдө жана жарылгыч
заттарды сактоодогу коопсуз аралыктар. Жардыруу жумуштарын жүргүзүүдө жана жарылгыч заттарды сактоодогу коопсуз аралыктарды аныктоонун тартиптери
740. Жардыруу жумуштарын жүргүзүүдө (жарылгыч заттар менен иштөөдө) адамдар үчүн коопсуз аралык кырсыктарга жол бербөө максатында долбоорго же паспортко ылайык аныкталышы керек.
Коопсуз аралык катары зыян келтирүүчү ар түрлүү факторлорго жараша белгиленген аралыктардын алда канча алысыраагы эсептелиши керек.
741. Жардыруу жумуштарын жүргүзүүдө жана жардыргыч материалдар менен иштөөдө имараттар менен курулуштарды сейсмикалык таасирлерден коргоо үчүн жарылгыч заттардын дүрмөттүк салмагы жардыруу учурунда аларды жабыр тартуудан, туруктуу иштөөсүн бузулуудан сактай турган көлөмдө болушу зарыл.
742. Жер үстүндө жарылгыч заттар бар бир нече объектини (кампалар, ачык аянттар, жарылгыч заттарды жасоо жана даярдоо пункттары) жайгаштырууда, алардын арасында объектилердин биринде жарылуу болгон учурда башкаларына да жарылбагандай аралык сакталышы керек.
743. ЖМ кампаларында, жардыргыч материалдарды сактоо аянтчаларында жана ЖМны жасоо пункттарында мүмкүн болуучу жарылуулар учурунда адамдарды, имараттарды, курулуштарды аба толкундарынын жабыркатуучу сокку уруу таасиринен коргоо үчүн коопсуздукту камсыздоочу аралык сакталышы керек. Көрсөтүлгөн коопсуз аралыктар кампаларда, жардыргычтарды жасоо аянттарында же пункттарындагы жардыргыч материалдар сакталган орундан адамдар жана кайтарылуучу объектилер турган жерге чейин эсептелет.
744. Жер үстүндөгү жардыруу жумуштарын жүргүзүүдө адамдар үчүн коопсуз аралык катары ушул Эрежелердин 20-тиркемесинде көрсөтүлгөндөгүдөн кем эмес сандарды кабыл алуу зарыл.
745. Скважиналык копшоочу дүрмөттөрдү жардырууда кыртыштын айрым бөлүктөрүнүн чачыроосундагы коопсуз аралыктар.
Копшоочу (талкалоо) эсептелген скважиналык дүрмөттөрдү жардырууда кыртыштын айрым бөлүктөрүнүн чачыроосундагы адамдар үчүн кооптуу аралык Ошибка! Не указано имя файла.(м) кийинки формула менен аныкталат:
Ошибка! Не указано имя файла.(1), мында
Ошибка! Не указано имя файла.- скважинанын жарылгыч зат менен толтуруунун коэффициенти;
Ошибка! Не указано имя файла.- скважинаны тыгын менен толтуруунун коэффициенти;
f - проф. М.М. Протодьяконовдун шкаласы боюнча кыртыштын бекемдик коэффициенти;
d – жардырылуучу скважинанын диаметри, м;
a - катардагы скважиналардын арасындагы, катардагы же катарлар арасындагы аралыктар, м.
Скважиналарды жарылгыч заттар менен толтуруу коэффициенти Ошибка! Не указано имя файла.скважинадагы дүрмөттүн узундугу Ошибка! Не указано имя файла.(м) менен бургуланган скважинанын тереңдигинин L (м) катышына барабар.
Ошибка! Не указано имя файла.
Скважинанын тыгын менен толтуруу коэффициенти Ошибка! Не указано имя файла.тыгындын узундугу Ошибка! Не указано имя файла.(м) менен скважинанын дүрмөттөн бош үстүңкү бөлүгүндөгү узундуктун Ошибка! Не указано имя файла.(м) катышына барабар.
Ошибка! Не указано имя файла.
Скважинанын дүрмөттөн бош үстүңкү бөлүгүн тыгын менен толук бекитүүдө Ошибка! Не указано имя файла.= 1, тыгынсыз жардырууда Ошибка! Не указано имя файла.= 0.
Кыртыштын бекемдик коэффициенти
Ошибка! Не указано имя файла., мында
Ошибка! Не указано имя файла.- туура формадагы үлгүлөрдү стандарттык сыноо учурунда бир өзөктүү кысым жасоодогу кыртыштын бекемдик чеги, кгс/см2 (1 кгс/см2 = 98066,5 Па).
Класстарга бөлүү курулуш ченемдери боюнча аныкталуучу тоо кыртыштарын жардырууну жүргүзүүдө, иштетилүүчү кыртыштын (Ошибка! Не указано имя файла.) бекемдик мүнөздөмөлөрү боюнча маалыматтар жок же жетишсиз болгон учурда, бекемдик коэффициенти f кийинки формула боюнча аныкталат:
Ошибка! Не указано имя файла., мында
F – курулуш ченемдери боюнча жардырылуучу кыртыштар тобунун номери.
Өзгөрүлмөлүү а параметриндеги бирдей диаметрдеги скважиналык дүрмөттөрдүн серияларын жардырууда , Ошибка! Не указано имя файла., Ошибка! Не указано имя файла.коопсуз аралыктын эсебин аныктоо (1) формуласы боюнча ушул сериядагы эң аз Ошибка! Не указано имя файла.жана эң чоң Ошибка! Не указано имя файла.бардык көрсөткүчтөр менен жүргүзүлөт.
Эгерде массивдин жардырылуучу тилкеси ар кандай бекемдиктеги кыртыштардан турса, кыртыштын бекемдик коэффициентин f максималдуу эсепте Ошибка! Не указано имя файла.кабыл алган туура. Бир багыттагы (параллель) жакын жайгашкан (топтом, байлама) d диаметрлүү скважиналык дүрмөттөрдү жардырууда аларга эквиваленттүү диаметр кабыл алынат
Ошибка! Не указано имя файла., мында
Ошибка! Не указано имя файла.- багыттары жакындаштарылган топтомдогу скважиналардын саны.
Коркунучтуу аралыктарды аныктоо бургулоо жардыруу процессинде болуп калуучу скважиналык дүрмөттөрдү топтомдо жардыруунун айрым параметриндеги четтөөлөрдү a, долбоор боюнча кабыл алынган көрсөткүчтөргө Ошибка! Не указано имя файла., Ошибка! Не указано имя файла.салыштыруу менен жүргүзүлөт. Ошондуктан (1) формуласы боюнча Ошибка! Не указано имя файла.эсепти жардыруу жумуштарында болуп калуучу четтөөлөрдүн минималдуу Ошибка! Не указано имя файла.жана максималдуу Ошибка! Не указано имя файла.параметрлерин эске алып белгилүү бир запас менен жүргүзүү керек.
746. Жардырууларды жантайма тоолордо, ошондой эле жардырылуучу тилкенин жогорку чеги коркунучтуу зонанын чегинен 30 метрден ашса, коркунучтуу зонанын өлчөмү Ошибка! Не указано имя файла.тоо боорунан төмөн карай көбөйтүлүшү жана кыртыштын айрым бөлүктөрүнүн (м) чачырап ыргуусу жетпей турган коопсуз аралык кийинки формула боюнча эсептелиши керек:
Ошибка! Не указано имя файла.(2), мында
Ошибка! Не указано имя файла.- жардырылуучу тилкенин жогорку чегинен эсептегенде жантайма тоодон ылдый карай кыртыштын айрым бөлүктөрү ыргуучу же 30 метрден төмөн жайгашкан коркунучтуу аралык;
Ошибка! Не указано имя файла.- аймактын рельефтик өзгөчөлүктөрүн эске алуучу коэффициент.
Жантайма тоодогу жардырууда
Ошибка! Не указано имя файла.(3), мында
Ошибка! Не указано имя файла.- тоонун горизонтко карата жантаюу бурчу, градус.
Бурчка Ошибка! Не указано имя файла.караганда жардыруу ордунун коркунучтуу зонанын чегинен бийиктиги белгилүү болгон учурларда,
Ошибка! Не указано имя файла.(4), мында
H - жардырылуучу тилкенин жогорку белгисиндеги коркунучтуу зонанын чегинен ашкан көрсөткүч, м.
Эгер (1) же (2) формуласы боюнча эсептелген коркунучтуу зонанын чек арасы кайсыл бир багытта жантайма боюнча өтө турган болсо, кыртыштын айрым кесектери тоголонуп кетерин эске алуу жана бул багыттагы коопсуз аралыкты көбөйтүү зарыл. Ошондой эле кыртыштын айрым кесектеринин алыска ыргуусун көбөйтүүчү шамалдын күчүн да эске алуу керек.
747. Коркунучтуу аралыктын эсептелген белгиси 50 м эсеге чейинки чоң маанисин карай тегеректелет. Бул учурда акыркы кабыл алынган коопсуз аралык ушул Эрежелердин 19-тиркемесинде көрсөтүлгөн минималдуу аралыктардан аз болбошу керек.
748. Жардыруу ордунан механизмдерге, имараттарга, курулуштарга чейинки коопсуз аралыктар конкреттүү шарттарды эске алуу менен жардыруу долбоорунда аныкталат.
749. Жардыруу учурунда кыртыштын атылып чыккан жана ыргыган айрым кесектердин түшө турган коопсуз аралык дүрмөттүн жарылуу күчүнүн көрсөткүчтөрүнө n жана эң аз каршылык көрсөтүү линиясына W жараша, ушул Эрежелердин 21-тиркемесине ылайык аныкталат.
750. Ар түрлүү W жана n белгилери бар дүрмөттөрдүн сериясын жардыруу учурунда кооптуу аймактын радиусу ушул Эрежелердин 20-тиркемеси боюнча аныкталат. Баштапкы чоңдук үчүн n белгиси бирдей учурда алда канча чоңураак W белгиси же W бирдей болгондо алда канча чоңураак n белгиси кабылданат. Эгерде эки көрсөткүч (W жана n) өзгөрүлмөлүү болсо, W жана n шайкештиги аймактын алда канча чоңураак радиусун бүрүүчү дүрмөттөр колдонулат. Акыркысы ушул сериядагы дүрмөттөрдү жардыруу үчүн коркунучтуу зона катары кабылданат.
751. W жана n белгилери бир топ эле айырмаланган дүрмөттөр үчүн узун аралыкка (0,5 км жана андан көп) чуңкур даярдоодо адамдар үчүн коркунучтуу зонанын радиусу ар башка тилкелерде ар кандай эсептелиши мүмкүн.
752. Копшоочу дүрмөттөрдүн топтомун (n < 1) жардырууда кыртыштын айрым кесектери ыргый турган коркунучтуу зонанын радиусу кийинкидей тартипте аныкталат. Ушул сериядагы бардык дүрмөттөрдүн арасынан алда канча чоң каршылык көрсөтүү линиясы - Ошибка! Не указано имя файла.бар дүрмөт тандалат. Бул дүрмөт үчүн каршылыгы эң аз шарттуу линиянын узундугун (Ошибка! Не указано имя файла.) дүрмөт нормалдуу чачыранды (n = 1) бергидей кылып эсептешет.
Каралып жаткан учур үчүн Ошибка! Не указано имя файла.көрсөткүчтү Ошибка! Не указано имя файла.катышына жараша аныктоо кабыл алынган.
Алынган Ошибка! Не указано имя файла.көрсөткүчү айрым кесектердин чачыроосу боюнча адамдар үчүн кооптуу аймактын радиусун аныктоонун башталышы болуп саналат. Радиустардын изделүүчү көрсөткүчтөрү Ошибка! Не указано имя файла.ушул Эрежелердин 20-тиркемесиндеги n = 1 дүрмөттөрүнө тиешелүү ошол эле графаларында жайгашкан жана Ошибка! Не указано имя файла.. Эсептик көрсөткүчүнө ылайык келүүчү горизонталдуу сапта көрсөтүлгөн
753. Механизмдерди, имараттарды жана курулуштарды зыянга учуроодон сакталышын камсыздай турган коопсуз аралыктар конкреттүү шарттарды эске алуу менен долбоордо аныкталат.
754. Кыртыштын айрым кесектеринин Ошибка! Не указано имя файла.учурундагы максималдуу чачыроо бийиктигин ушул Эрежелердин 720-734-пункттарынын талаптарына ылайык аныкталган көрсөткүчтөргө теңдөө туура болот. Алынган көрсөткүчтөрдү Ошибка! Не указано имя файла.болгон учурда 1,4 эсеге көбөйтүү зарыл.
755. Топтошкон дүрмөттөрдүн бир жолку жарылуусунда кыртыш термелген аралык (м), имараттар жана курулуштар үчүн коопсуз болуп, ал кийинки формула боюнча аныкталат:
Ошибка! Не указано имя файла.(5), мында
Ошибка! Не указано имя файла.- жарылуу ордунан кайтарылуучу имаратка (курулуштарга) чейинки аралык м;
Ошибка! Не указано имя файла.- кайтарылуучу имарат (курулуш) жайгашкан кыртыштын касиетине көз карандылык коэффициент;
Ошибка! Не указано имя файла.- имараттын (курулуштун) тибине жана курулуштардын мүнөзүнө көз карандылык коэффициент;
Ошибка! Не указано имя файла.- жардыруу шартына көз карандылык коэффициенти;
Q – дүрмөттүн салмагы, кг.
Ошибка! Не указано имя файла.коэффициентинин мааниси
Ныкталган жана бузулбаган аска тектер .................................................... 5
Таманында терең эмес жумшак кыртышы бар, бузулган аска тектери............................................................................................................ 8
Тереңдиги 10 метрден ашкан суу каптабаган кумдуу жана чополуу кыртыштар ...................................................................................................12
Суу баскан топурактуу жана жер алдындагы суу деңгээли жогору кыртыштар .....................................................................................................15
Сууга каныккан кыртыштар..........................................................................20
Эскертүү.
Кыртыштар жогоруда көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө толук ылайык келбесе же болжолдуу гана белгилүү болсо, эсептөө үчүн коэффициенттин Ошибка! Не указано имя файла.жакынкы көрсөткүчүн алган туура.
Ошибка! Не указано имя файла.коэффициентинин мааниси
Өзүнчө имараттар жана темир бетон же металл каркастардан тургузулган өндүрүштүк максаттагы курулуштар ............................................................ 1
Дубалдары бышкан кыш же ошол өңдүү материалдардан тургузулган, бийиктиги эки-үч кабаттан ашпаган өзүнчө имараттар ............................ 1,5
Чакан турак жай кыштакчалар ....................................................................... 2
Эскертүү.
Имараттардан жана курулуштардан 100 метрден азыраак аралыкта жардырууда анын сейсмикалык таасири локалдуу мүнөздө болот, ошондуктан (5) формуласынын жардамы менен аныкталган дүрмөттүн уруксат берилген салмагы азыраак болот. Зарыл учурда салмакты көбөйтүүгө жол берилет.
α коэффициентинин мааниси
Камуфлеттик жер алдындагы жана копшоочу жардыруу .......................... 1
Атылып чыгуучу жардыруу ....................................................................... 0,8
Жарым-жартылай терең коюлган дүрмөттү жардыруу ........................... 0,5
Эскертүү.
Дүрмөттү сууга же сууга каныккан кыртыштарда жайгаштырууда коэффициент көрсөткүчүн 1,5-2 эсе көбөйтүү керек.
Тышкы дүрмөттөрдү жер үстүндө жардырууда сейсмикалык таасирлер эске алынбайт.
Жардыруу учурунда имараттардын жана курулуштардын жабыр тартпагандыгы жана нормалдуу иштөөсүнүн бузулбагандыгы (айрым учурларда жеңил зыян келүүлөрдүн орун алышы 0,1ге жакын болушу мүмкүн) сейсмикалык коопсуздукту түшүндүрөт.
756. Жалпы салмагы Q келген N дүрмөттөрүнүн тобун бир убакта (токтоосуз) жардырууда кайтарылуучу объектиден жакынкы дүрмөткө жана эң алыскы дүрмөткө чейинки аралык 20%дан ашык айырмаланбайт, коопсуз аралык (м)
Ошибка! Не указано имя файла.(6)
Эгерде төмөнкү шарт сакталса, аралыктардагы чоң айырмачылыктарга карабастан, кайтарылуучу объект сейсмикалык коркунучтуу зонадан тышкары болот:
Ошибка! Не указано имя файла.(7), мында
N – жарылгыч заттуу дүрмөттөрдүн саны;
Ошибка! Не указано имя файла.- дүрмөттөрдүн өзүнчө салмактары, кг;
Ошибка! Не указано имя файла.- ар бир дүрмөттөн кайтарылуучу объектиге чейинки аралыктар, м.
757. Жалпы салмагы Q келген N дүрмөттөрүн убакыт боюнча өз-өзүнчө жардырууда алардын ортосундагы коопсуз аралык 20 мс болушу керек (м):
Ошибка! Не указано имя файла.(8)
N жана Q аныктоодо жардырылуучу топтогу максималдуу салмактагы дүрмөттөн 3 эсе жана андан көбүрөөк жеңил дүрмөттөрдү эсептебей койсо болот.
Салмагы Ошибка! Не указано имя файла.келген четки дүрмөттөрдүн кайтарылуучу объектиге чейинки аралыгы Ошибка! Не указано имя файла.20%дан ашык айырмаланган учурда, төмөнкү шарт сакталса, сейсмикалык коркунучтуу зонадан тышкары болот:
Ошибка! Не указано имя файла.(9)
N аныктоодо жардырылуучу топтогу максималдуу салмактагы дүрмөттөн көлөмү Ошибка! Не указано имя файла.3 эсе жана андан көбүрөөк жеңил дүрмөттөр эсептелбейт.
Жарылуу аралыктары 20 мсдан төмөн азайтылган дүрмөттөрдүн тобун жардырууда алардын ар бирин өзүнчө дүрмөт катары кароо зарыл. Ошибка! Не указано имя файла.(8), (9) формуласы боюнча аныкталат, мында N – топтордун саны.
758. Ушул Эрежелердин 755-757-пункттарында келтирилген коопсуз аралыктарды аныктоо ыкмалары техникалык абалы канааттандырарлык имараттарга колдонулат.
Имараттарда жаракалар болсо, (5) жана (9) формулалар боюнча аныкталган коопсуз аралыктар көбөйтүлүшү керек. Аралыкты көбөйтүү адистешкен уюмдардын корутундусуна ылайык жүргүзүлөт. Андай корутундулар жок учурда, коопсуз аралык 2 эседен кем эмес көбөйтүлүшү керек.
Көрсөтүлгөн коопсуз аралыктарды аныктоо ыкмалары уникалдуу мүнөздөгү имараттар менен курулуштарга (атомдук электр станциялары, мунаралар, көп кабаттуу имараттар, монументалдык коомдук имараттар) жана жоопкерчиликтүү татаал инженердик курулуштарга (көпүрөлөр, ар кыл максаттагы реакторлор, гидротехникалык жабдуулар, радиомачталар) колдонулбайт. Мындай объектилердин сейсмикалык коопсуздугун адистешкен уюмдарды тартуу менен чечүү керек.
Ушул Эрежелердин 755-758-пункттарында чоң аралыкка орнотулган дүрмөттөр тобунун сейсмикалык таасиринин багытталышы, кайталануучу жарылууларда имараттарда жаракалардын болушу, күчтүү жардыруулардын сейсмикалык таасиринин өзгөчөлүктөрү (1000 тонна жана андан ашык жарылгыч зат) сыяктуу факторлор каралбаган жардыруу шарттарын адистешкен уюмдарды тартуу менен аныктоо зарыл.
759. Жер үстүндөгү жардырууларда имараттар жана курулуштар үчүн аба толкундарынын сокку уруу таасиринен сактоочу коопсуз аралыктар төмөнкү формулалар боюнча эсептелет:
Ошибка! Не указано имя файла.(10)
Ошибка! Не указано имя файла.(11), мында
Ошибка! Не указано имя файла.- дүрмөттөн берки коопсуз аралык, м;
Q – жарылуучу заттардын дүрмөтүнүн салмагы , кг;
Ошибка! Не указано имя файла., Ошибка! Не указано имя файла.- пропорциялык коэффициенттери, алардын маанилери дүрмөттүн жайгашуу шарттарына жана салмагына, ошондой эле имараттар менен курулуштардын жол берилүүчү зыян тартуу даражасына көз каранды (ушул Эрежелердин 21-тиркемеси).
(10) жана (11) формулалары жарылгыч заттарды даярдоо, жардыргыч материалдарды кампаларда сактоо (кампа, аянтча) , жүктөп-түшүрүү жана жардыргыч материалдарды кайра иштетүү, ошондой эле жарылгыч заттар жүктөлгөн транспорт каражаттардын турган ордунан, тышкы дүрмөттөр жарылган жерден имараттарга (курулуштарга) чейинки коопсуз аралыктарды аныктоо үчүн колдонулат.
(10) формула салмагы 10 тоннадан ашык тышкы дүрмөттөр жана өз бийиктигине жараша тереңдетилген, салмагы 20 тоннадан ашык дүрмөттөр үчүн биринчи жана экинчи даражадагы зыяндардын болушу каралган учурларда колдонулушу керек. (11) формула салмагы 10 тоннадан азыраак ачык дүрмөттөр жана өз бийиктигине жараша тереңдетилген, салмагы 20 тоннадан азыраак дүрмөттөр үчүн биринчи жана экинчи даражадагы зыяндардын болушу, ошондой эле дүрмөттөрдүн күчүнө жараша атылуулар каралган учурларда колдонулушу керек. Мындан тышкары, (11) формуланы дүрмөттүн салмагына жана жайгашуусуна карабастан, төртүнчү-бешинчи даражадагы зыяндарга жол берилген учурларда колдонууга болот.
Ушул Эрежелердин 21-тиркемесин пайдаланууда төмөнкүлөргө таянуу зарыл:
1) зыян тартуу даражаларын жана коэффициент маанилерин тандоодо жергиликтүү шарттын бардык өзгөчөлүгү эске алынуусу, коопсуздук даражаларын тандоо татаалдашкан учурларда уюмдун жардыруу жумуштары боюнча жетекчиси, кайтарылуучу объектиси бар кызыкдар уюмдардын өкүлдөрү жана аткаруу бийлигинин аймактык органынын өнөр-жайлык коопсуздук боюнча өкүлү катышуусу керек;
2) жардыргыч материалдар сакталган кампалардын ордун тандоодо зыян тартуу даражалары жана коэффициент маанилери кампа жайгашкан райондогу объектилердин маанилүүлүгүнө жараша аныкталат.
Жарылгыч заттар сакталуучу кампалар жана алар сыяктуу объектилерден калктуу конуштарга, авто жана темир жол магистралдарына, ири суу жолдоруна, заводдорго, жарылгыч жана күйүүчү материалдар кампаларына, мамлекеттик маанидеги курулуштарга чейинки коопсуз аралыкты эсептөөдө үчүнчү даражадагы зыяндар эске алынат
Өзүнчө турган имараттар жана башка экинчи маанидеги курулуштар, кыймылы аз автомобилдик жана темир жолдор, өзгөчө бекем курулуштар (болот жана темир бетон көпүрөлөрү, темир бетон көтөрмө көпүрөлөр, элеваторлор, көмүр жуугучтар) үчүн, ошондой эле жардыргыч материалдар кампалар жана алар сыяктуу объектилер бийик жарлуу жээктерге жайгашкан учурда зыян келүүнүн төртүнчү даражасы кабыл алынат;
3) электр берүү линияларына чейинки аралыктарды аныктоодо жарылууда кыртыш кесектеринин ыргуу радиусун эске алуу зарыл, анткени электр берүү линиялары аба толкундарынын сокку таасирине туруштук берүүчү конструкциялардын категориясына кирет;
4) жашырылган кампалардын биринчи жана экинчи даражада зыянга учурашы тышкы дүрмөттүн таасири катары каралат. Экинчи даражадан жогорку зыянга учуроодо жашырылган кампалар өз бийиктигине карата тереңдетилген дүрмөттөргө теңдештирилет;
5) ушул Эрежелердин 21-тиркемесинде көрсөтүлгөн коэффициенттерди коопсуздук аралыгы аныкталып жаткан объектинин абалына жараша тандоо зарыл: объект канчалык бекем болсо, ушул Эрежелердин 20-тиркемесиндеги маанилердин чегиндеги коэффициенттин мааниси ошончолук азыраак болот;
6) коопсуз аралыктарды эсептөөдө жарылгыч заттардын касиети эске алынбайт.
760. Эгерде корголгон объект аба толкундарынын тароо жолундагы тосмонун так артында (дөңсөөнүн этегиндеги калың токойдун четинде) жайгашса, анда келтирилген формулалар боюнча аныкталган коопсуз аралык 2 эседен кем эмес кыскартылышы мүмкүн.
761. Кууш өрөөндө (капчыгайда) же көчөдөгү үйлөрдүн ортосунда жардыруу жүргүзүлсө, коопсуз аралык 2 эсеге көбөйтүлүшү керек.
762. Эгер, жарылуу ордунун артындагы Ошибка! Не указано имя файла.радиуста дубал, топурак жал сыяктуу бекем тосмолор бар болсо, аларга каршы багыттагы коопсуз аралык: (10) формула боюнча эсептегенде – 1,3 эсеге, (11) формула боюнча – 1,4 эсеге көбөйтүлүшү керек.
763. Жарылуудагы аба толкунунун сокку уруу кубатын азайтуу үчүн төмөнкү ыкмалар колдонулат:
1) тышка коюлган дүрмөттү топурак катмары менен жашыруу. Дүрмөттүн бийиктигиндей беш кабаттан кем эмес кыртыш менен көмгөн учурда коопсуз аралыкты 4 эсе кыскартууга болот. Көмүүчү материалда оор нерселер ( таш, шагыл) болбошу керек;
2) терезелердин айнектерин чыгарып же терезелерди ачык абалда калтырып, аларды бекем калкандар менен тосуу керек;
3) кум толтурулган каптар же жащиктер менен коргоо.
764. Жардыргыч материалдар кампасына жана ал сыяктуу сактоо жайларына орун тандоодо, ошондой эле аларга карата башка объектилерди жайгаштырууга орун тандоодо аба толкун соккусунан сактоочу коопсуз аралык ушул Эрежелердин 22-тиркемесине ылайык аныкталат.
765. Тышкы дүрмөттөрдү жана скважиналык (оюктардагы) майдалоочу дүрмөттөрдү жардыруудагы аба толкундарынын таасири боюнча коопсуз аралыкты аныктоо <*>.
--------------------------------
<*> Долбоордо айнектердин талкаланышына жол берилбеген учурларда аныкталат.
766. Тышкы жана скважиналык (оюктагы) копшоочу дүрмөттөрдү бир убакта жардырууда айнектелген терезелерге аба толкундарынын таасиринен сактоочу коопсуз аралык, курулуш ченемдери боюнча VI – VIII топтогу кыртыштарды жардырууда төмөнкү формулалар менен аныкталат:
Ошибка! Не указано имя файла., м, эгер 5000 >Ошибка! Не указано имя файла.Ошибка! Не указано имя файла. 1000 кг, (12)
Ошибка! Не указано имя файла., м, эгер 2 Ошибка! Не указано имя файла.Ошибка! Не указано имя файла.< 1000 кг, (13)
Ошибка! Не указано имя файла., м, эгер Ошибка! Не указано имя файла.Ошибка! Не указано имя файла.2 кг, (14) мында
Ошибка! Не указано имя файла.- дүрмөттүн эквиваленттүү салмагы, кг.
Курулуш ченемдери боюнча IX жана андан жогорку топтогу кыртыштарды жардырууда (12) - (14) формуласы боюнча аныкталган коопсуз аймактын радиусу 1,5 эсеге көбөйтүлүшү, ал эми V жана андан төмөнкү топтогу кыртышты жардырууда коопсуз аймактын радиусу 2 эсеге азайтылышы керек.
Дүрмөттүн эквиваленттүү салмагы төмөнкүдөй аныкталат:
1) бир убакта жардырылуучу тышкы дүрмөттөр үчүн (бийиктиги Ошибка! Не указано имя файла.кыртыш катмары менен көмүлгөн Ошибка! Не указано имя файла.)
Ошибка! Не указано имя файла.(15), мында
Q – дүрмөттөрдүн суммалык салмагы, кг;
Ошибка! Не указано имя файла.- коэффициент, аны менен Ошибка! Не указано имя файла.катышына жараша болот;
Кыртыш менен көмүлгөн тышкы дүрмөттөрдү жардырууда дүрмөттүн эквиваленттүү салмагын эсептөө коэффициенти Ошибка! Не указано имя файла.
Ошибка! Не указано имя файла. | 0 | 1 | 2 | 3 | 4 |
Ошибка! Не указано имя файла. | 1 | 0,5 | 0,3 | 0,1 | 0,03 |
2) бир убакта жардырылуучу скважиналык дүрмөттөрдүн N санындагы топтору үчүн ( узундугу өзүнүн 12 диаметринен аз):
Ошибка! Не указано имя файла.(16), мында
P – 1 м скважинага (оюктарга) жарылгыч заттардын сыйымдуулугу сыйымдуулугу, кг;
Ошибка! Не указано имя файла.- дүрмөттүн узундугу, м;
Ошибка! Не указано имя файла.- коэффициент, анын мааниси скважинанын диаметрине d жараша тыгындын Ошибка! Не указано имя файла.узундугуна көз каранды ( тыгын жок болсо дүрмөттөн кийин бош калган бөлүктүн узундугуна көз каранды Ошибка! Не указано имя файла./ d);
Ошибка! Не указано имя файла.коэффициентинин мааниси
Ошибка! Не указано имя файла.же Ошибка! Не указано имя файла.
катышына карата
Ошибка! Не указано имя файла. | 0 | 5 | 10 | 15 | 20 |
Ошибка! Не указано имя файла. | 1 | 0,15 | 0,02 | 0,003 | 0,002 |
Ошибка! Не указано имя файла. | 0 | 5 | 10 | 15 | 20 |
Ошибка! Не указано имя файла. | 1 | 0,3 | 0,07 | 0,02 | 0,004 |
3) бир убакта жардырылуучу N скважиналык (оюктардагы) дүрмөттөр тобу үчүн (узундугу өзүнүн 12 диаметринен ашык),
Ошибка! Не указано имя файла.(17)
767. Дүрмөттөргө милте жиптер менен от коюлган бардык учурларда, милте жип кошулган жарылгыч заттардын суммалык салмагы (15)-(17) формулалар менен эсептелген Ошибка! Не указано имя файла., маанилерине кошулат.
768. Кыска убакытка Ошибка! Не указано имя файла.жана N боюнча жайлатылган жардырууда эквиваленттүү дүрмөттөрдүн салмагы менен бир топтогу дүрмөттөрдүн санын окшош деп түшүнүү керек. Жайлатып жардырылуучу дүрмөттөрдүн бир нече тобу болгон учурда, Ошибка! Не указано имя файла.максималдуу топ эске алынат. Эгерде топтордун арасындагы жайлатуу интервалы 50 мс жана андан көп болсо, коопсуз аралык (12)-(14) формулалары боюнча аныкталат. Жайлатуу интервалы 30-50 мс болгон учурда (12)-(14) формулалары боюнча эсептелген коопсуз аралык 1,2 эсеге; 20-30 мс - 1,5 эсеге жана 10- 20 мс болгондо - 2 эсеге көбөйтүлүшү керек.
Дүрмөттөрдүн суммалык салмагы жана жайлатылуучу топтордун саны чектелбейт.
769. Эгерде жардыруу жумуштары абанын ылайыксыз температурасында жүргүзүлүп жатса, (12)-(14) формулалары боюнча аныкталган коопсуз аралык 1,5 эседен кем эмес көбөйтүлүшү керек.
770. Дарылоочу, балдар мекемелеринин жана айнектелген терезелери бар, адамдар көп топтолуучу имараттардын жанында жардырууда коопсуз аралыкты аныктоо маселеси адистешкен уюмдарды тартуу менен чечилет.
771. Аба толкундарынын соккусунан адамды сактоочу коопсуз аралыкты аныктоо.
Тышкы дүрмөттү жардыруудагы аба толкундарынын соккусунан адамды сактоочу коопсуз аралык (м) төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Ошибка! Не указано имя файла.(18), мында
Q – жардырылуучу тышкы дүрмөттөгү жарылгыч заттардын салмагы, кг.
(18) формула, эгерде жумуш шарттары боюнча жардырууну жүргүзүүчү персоналдын жардыруу ордуна максималдуу жакын болуусу талап кылынган шартта гана колдонулат. Башка учурларда формула боюнча алынган аралыкты 2-3 эсе көбөйтүү керек.
Жашынуучу блиндаждар бар болсо, (18) формула боюнча эсептелген аралыкты кыскартуу 1,5 эседен ашырылбашы керек.
772. Жер үстүндөгү жардыргыч материалдары бар бир объектидеги жарылуунун – ошондой эле экинчи объектиге таасир этип, от алдыруусун жокко чыгаруучу аралык Ошибка! Не указано имя файла., кийинки формула боюнча аныкталат:
Ошибка! Не указано имя файла.(19), мында
Ошибка! Не указано имя файла.- активдүү дүрмөттүн борборунан пассивдүү дүрмөттүн үстүнө чейинки коопсуз аралык, м;
Ошибка! Не указано имя файла.- коэффициент, анын мааниси дүрмөттөрдөгү жардыргыч материалдардын түрүнө жана жардыруу шартына жараша болот (Эрежелердин 23-тиркемеси);
Q – активдүү дүрмөттөгү жарылгыч заттардын салмагы, кг;
b – пассивдүү дүрмөттүн линиялык кичи өлчөмү (штабелдин туурасы), м.
773. От алуучу (детонация) мүмкүндүк бербөөчү коопсуз аралыктын коэффициентин Ошибка! Не указано имя файла.аныктоодо (ушул эрежелердин 23-тиркемеси) төмөнкүлөрдү теңдештирүү зарыл:
жашырылган сактоо жайларын (объектилер) – кыртышка өз бою менен тереңдетилген дүрмөттөргө;
жашырылбаган, жер үстүндөгү сактоо жайларын жана жарылгыч заттары бар аянтчаларды – ачык дүрмөттөргө.
774. Эки объектинин (сактоочу жайлардын) ортосундагы коопсуз аралык (19) формула боюнча, ар бири кезек менен активдүү дүрмөт катары эсептелип, аныкталат. Объектилердин ортосундагы коопсуз аралык үчүн эки эсептөөлөрдүн чоңураагы кабылданат. Узун формадагы сактоочу жайларда жарылгыч заттарды орун которуштурууда бардык учурларда алардын арасындагы коопсуз аралык туурасы чоңураак сактоочу жайдын өлчөмүнөн эки эселенген кеңдикти түзүшү керек.
Сактоочу жайлардын (аянтчалардын) ар кандай жайгашуусунда коопсуз аралык өрткө каршы чаралар боюнча ченемдик актыларда белгиленген көрсөткүчтөрдөн айырмаланбашы керек.
Жардыргыч материалдар кампасын долбоорлоодо объектилерди (19) формула боюнча аныкталган аралыктан жакын жайгаштыруу зарыл болсо, ЖМнын мындай кампасы үчүн коопсуз аралык кампадагы жарылгыч заттардын суммалык запасына жараша аныкталат.
Сыйымдуулугу негизги сактоочу жайлардан азыраак, бирок коркунучтуулугу жогору объектилерди (милте, от алдыргыч каражаттар сакталуучу жайлар, жарылгыч заттарды ачуу жана даярдоо пункттары, жарылгыч заттуу бункерлер) алардагы жарылгыч заттардын от алуусу бири-бирине өтпөгүдөй аралыкта жайгаштыруу керек. Бул аралыктар (19) формула боюнча аныкталат жана активдүү дүрмөт катары коркунучтуулугу жогору объектилердеги жарылгыч заттар эсептелет.
775. От алууга (детонациянын) мүмкүндүк бербөөчү коопсуз аралык ушул Эрежелердин 24-тиркемесинин жардамы менен да аныкталат.
776. Эгерде пассивдүү дүрмөт ар түрлүү жарылгыч заттардан турса (маселен, аммонит жана тротил), коопсуз аралыкты аныктоодо Ошибка! Не указано имя файла.коэффициентинин мааниси от алууга (детонацияга) алда канча сезгич (дүрмөттүн курамындагы) жарылгыч зат үчүн тандалат.
777. Жалпы салмагы 200 тоннадан ашкан атылуучу дүрмөттөрдү бир убакта жардырууда уулуу газдын таралуу коркунучун эске алып, уулуу газдардын уруксат берилген концентрациядан ашпай турган коопсуз аралык аныкталышы зарыл.
778. Шамал жок учурларда атылма дүрмөттөрдү жардырууда уулу газдардын таралуусуна карата коопсуз аралык Ошибка! Не указано имя файла.(м) кийинки формула менен аныкталат:
Ошибка! Не указано имя файла.(20), мында
Q – жардырылуучу дүрмөттөрдүн суммалык салмагы, т.
Шамалдын багытына карама-каршы газ коркунучу бар аймактын радиусун Ошибка! Не указано имя файла.ге теңдештирүү зарыл. Шамалдын багыты боюнча газ коркунучу бар аймактын радиусу Ошибка! Не указано имя файла.кийинки формула менен аныкталат:
Ошибка! Не указано имя файла.(21), мында
Ошибка! Не указано имя файла.- жардыруу алдындагы шамалдын ылдамдыгы, м/с.
779. Жер алдындагы жардыруудан пайда болгон аба толкундарынын соккусунан адамдардын жаракат алуусун, курулуштар менен технологиялык жабдуулардын зыянга учуроосуна жол бербей турган коопсуз аралыкты аныктоо үчүн жарылуудан кийинки аба толкундарынын багытындагы ашыкча басымдын деңгээли аныкталат.
780. Жарылуудан кийинки аба толкундарынын багытындагы ашыкча басым курулуш ченемдеринин классификациясы боюнча VI – VIII топтогу кыртыштар үчүн (бекемдик коэффициенти f = 8 – 12) кийинки формула боюнча аныкталат:
Ошибка! Не указано имя файла.(22), мында
Ошибка! Не указано имя файла.- жарылуудан кийинки аба толкундарынын багытындагы ашыкча басым, кПа;
Ошибка! Не указано имя файла.- бир убакта (көз ирмемде) жардырылган эквиваленттүү дүрмөттүн салмагы, кг; жардыруунун ыкмаларына (тышкы, оюктуу же скважиналык дүрмөттөр) карабастан эквиваленттүү дүрмөттүн Ошибка! Не указано имя файла.салмагы ушул Эрежелердин 766-пунктуна ылайык эсептелет;
R – дүрмөт ордунан эсептелген чекитке чейинки аба толкундары жеткен аралык, м;
Ошибка! Не указано имя файла.- кесилишинде дүрмөт жайгаштырылган кайчылаш казылган өткөөлдөрдүн суммалык аянты үчүн аба толкундарынын басымын эсептөө, м2;
e - натуралдык логарифмдин негизи, e = 2,71;
d – келтирилген казуулардын диаметри:
Ошибка! Не указано имя файла.м, (23)
Ошибка! Не указано имя файла.- казуулардын бодуракайлыгын эске алуучу коэффициент. Бодуракайлык коэффициенттеринин Ошибка! Не указано имя файла.мааниси ар кандай бекемдиктер үчүн ушул Эрежелердин 27-тиркемесинде келтирилген.
IX жана андан жогорку топтогу кыртыштарды жардырууда курулуш ченемдери боюнча (бекемдик коэффициенти f = 12 - 20) (22) формулада аныкталган аба толкундарынын басым чоңдугу 1,5 эсеге, ал эми V жана андан төмөнкү (f < 8) топтогу кыртыштарды жардырууда радиус 2 эсеге азайтылат.
Эсептелген аба толкундарынын багытындагы ашыкча басымдын деңгээли адамдарга жана кайтарылуучу объектилерге залакасы тийбей турган басымдан ашпоосу керек.
Жарылуудан кийинки аба толкундарынын багытындагы адамдар үчүн залакасы тийбес басым чеги 0,1 кг/см2 (10 кПа).
Жарылуудан кийинки аба толкундарынын багытындагы айрым объектилер үчүн залакасы тийбес ашыкча басым көрсөткүчтөрүнүн тизмеси ушул Эрежелердин 26-тиркемесинде келтирилген.
Эгерде эсептелген орундагы басым жол берилүүчү басым чегинен чоң болсо, коркунучтуу зонаны кайтаруу постун алысыраак жылдырып, эсептөөнү кайталап жүргүзүү зарыл.
781. Казылган өткөөлдөрдө аба толкундарынын жолунда тоскоолдуктар жолукса, (22) формула боюнча аныкталган ашыкча басымдын чоңдугун жергиликтүү ар бир каршылыкка ылайык келүүчү солгундатуу (күчөтүү) коэффициентине бөлүү зарыл. Жергиликтүү каршылыктар үчүн солгундатуу (күчөтүү) коэффициент мааниси ушул Эрежелердин 28-тиркемесинде келтирилген.
Жергиликтүү тоскоолдуктар бар учурда аба толкундарынын басым күчүн солгундатуу коэффициенттери, эгерде толкундар чейрек аралыкка жете турган болсо, өткөөлдөр жана туңгуюктар үчүн бирдей кабылданат. Эгерде туңгуюк казуулардын узундугу аба толкундары басып өткөн чейрек аралыктан кыска болсо, ал жергиликтүү тоскоолдук катары эсептелбейт. Кырсыз жылма казуулар аба толкундарына көп тоскоолдук жаратпагандыктан эске алынбайт.
782. Жардырылуучу дүрмөттөргө бирге кошулган (дүрмөттөөчү машинада, дүрмөттөлүүчү скважинада, көңдөйдө, оюкта) ачык өткөөлдөрдөгү аба толкундарынын басымы алардын ар биринде өзүнчө аныкталат.
783. Кайтаруу посттору жайгаштырылган жерлерде аба толкундарынын багытындагы басымды эсептөөдө жарылгыч заттардын кийинкидей максималдуу салмактары кабылданат:
пневмодүрмөттөөдө - дүрмөттөөчү машинанын бункериндеги жарылгыч заттардын максималдуу салмагы, ошондой эле скважиналык же көңдөйлүк бир дүрмөттүн максималдуу салмагы;
атылгыч окторду киргизүүдө - скважиналык же көңдөйлүк бир дүрмөттүн максималдуу салмагы;
электр жардыргычтар тармагын колдонууда – жарылгыч дүрмөттөрдүн жалпы салмагы.
784. Дүрмөттөрдүн арасындагы колдонулуучу жайлатууларга карабастан, адамдар үчүн аба толкундарынын кооптуу аймактарынын чегин аныктоодо жарылгыч заттардын жалпы салмагы эске алынат.
785. Эгерде дүрмөттөрдүн топторун жардыруудагы жайлатуу интервалдары 50мс жана андан ашык убакытты түзсө, жабдуулардын, жер алдындагы курулуштардын, коммуникациялардын зыянга учурабастыгын жана жарылууну токтотуучу коргоочу түзүлүштөрдүн параметрлерин аныктоо үчүн аба толкундарынын багытындагы басымды эсептөөдө бир убакта жарылуучу жайлатылган сериядагы жарылгыч заттардын эң чоң салмагы алынат.
35-глава. Жардыргыч материалдарды чагылгандан сактаган кампаларды долбоорлоо, куруу жана ишке берүү
786. ЖМ чагылгандан сактаган кампаларды долбоорго ылайык кирүү зарыл.
787. ЖМын туруктуу жана убактылуу сактоо үчүн курулган жер үстүндөгү жана жер астындагы (үстүнкү катмардын калыңдыгы 10 м.ден аз), жарым тереңдиктеги кампаларын, жардыргыч материалдарды даярдоочу жердин үстүндө жайгашкан имараттарын, ошондой эле электр от алдыргычы бар жардыргычты жасоочу пункттарын чагылгандын түз, ошондой эле кайталап тийишинен коргоо керек.
Жардыруу иштерин аткаруучу мекемелердин жардыргыч заттарын жасоо жана даярдоо стационардык пункттары чагылгандан сактоо жабдуулары менен жабдылууга тийиш.
788. Жардыргыч материалдарын сактоочу контейнерлер жана жардыргыч материалдар жүктөлгөн транспорт каражаттары токтогон пункттардагы аянтчалар чагылгандын түз тийүүсүнөн корголуусу керек. Убактылуу ЖМ кампалары чагылгандан сактоо жабдуулары менен жабдылбаса да болот.
789. Чагылгандуу жаандын учурунда чагылгандан коргогуч токту жерге өткөрүүчү түзүлүшү төшөлгөн аймакта кишилердин ары-бери жүрүүсүнө жол берилбейт.
Чагылгандын күчүн азайтуу максатында шакекче түрүндөгү жана нурларды чачыратуучу тереңдетилген жана бөлүп-бөлүп ажыратылган токту жерге өткөргүч зымды колдоону талап кылынат.
790. Ушул Эрежелердин 787-пунктунда көрсөтүлгөн имараттарды жана курулуштарды чагылгандын түз тийүүсүнөн сактоо өз-өзүнчө турган чагылган кабылдагычы бар чагылган тарткыч (ушул Эрежелердин 30-тиркемеси, 1 жана 2 сүрөт), ток тарткыч жана токту жерге өткөрүүчү өзөк же зым аркан менен аткарылууга тийиш.
791. Чагылгандын түз тийүүсүнөн корголгон имараттарга жана курулуштарга электр тогун аба аркылуу тартып келүүгө тыюу салынат.
792. Ток тарткычтан өзүнчө турган өзөктүү чагылган тарткычка жол берилген эң төмөн аралыгы ушул Эрежелердин тиркемесиндеги 1-сүрөттүн А чекитинен корголуучу курулушка чейин 30-тиркеменин 2-сүрөтүндө Ошибка! Не указано имя файла.токту жерге өткөрүүчү зымдын каршылык көрсөтүүсүнө жараша тандалып алынат.
Чагылган тарткыч зым аркандан (А жана С чекиттери) корулган курулушка чейинки Ошибка! Не указано имя файла.жана Ошибка! Не указано имя файла.нин жол берилген эң төмөнкү аралыгы (ушул Эрежелердин 30-тиркемеси, 2-сүрөт) ушул Эрежелердин 30-тиркемесинин 4-5-сүрөттөрү боюнча аныкталат.
Чагылган тарткычтар менен сактоочу жайлардын аралыгы транспорттук каражаттардын кенен өтүшүн камсыз кылууга тийиш.
793. Жер алдындагы корголгон курулуштарга металл коммуникациялары аркылуу жогорку потенциалды алып келбөө үчүн токту жерге өткөргүч коргогучту чагылгандын түз тийишинен алыстатуу жана имаратка же курулушка киргизилген (30-тиркеме, 1-2-сүрөттөр) коммуникациядан, анын ичинде ар кандай багыттагы электр кабелдеринен Ошибка! Не указано имя файла.аралыгына алып кетүү керек. Бул аралык төмөнкү катыштар боюнча аныкталат: Ошибка! Не указано имя файла.= 0,5Ошибка! Не указано имя файла. - өзөктүү чагылган тарткычтар үчүн аралык м; Ошибка! Не указано имя файла.= 0,3Ошибка! Не указано имя файла. - чагылган тарткыч трос үчүн аралык, мында Ошибка! Не указано имя файла.- чагылгандын түз тийишинен коргогуч ар бир токту жерге өткөрүүчүнүн салыштырма каршылыгы, Ом.
Жер астындагы металл түтүктөрү жана кабелдер корголгон имаратка киргизилбеген учурлардан тышкары Ошибка! Не указано имя файла.аралыгы 3 м.ден кем кабыл алынбашы жана кабелдер корголгон имаратка киргизилбеши, ал эми алардын коңшу корголгон имаратка чейинки тартылган аралыгы 50 м.ден көбүрөөк болушу керек. Ошондо Ошибка! Не указано имя файла.1 м.ге чейин кыскарышы мүмкүн.
794. Ар бир чагылган тарткыч өзүнүн токту жерге өткөрүүчүсүнө ээ болууга тийиш. Ар бир өзөктүү чагылган тарткыч үчүн жана ар бир зымдан эшилген чагылган тарткыч үчүн токту жерге өткөргүчтүн импульстук каршылыгы 10 Омдон ашпашы керек.
Жер кыртышындагы электрдин салыштырма каршылыгы 500 Ом х м жана андан жогору болгондо, чагылган тарткычты корголгон курулуштан ушул Эрежелердин 792,793-пункттарына ылайык аралыкка алыстатуу менен ар бир токту жерге өткөргүчтүн таасир берүүчү каршылыгы 40 Омго чейин жогорулашына жол берилет. Жер кыртышындагы электрдин салыштырмалуу каршылыгы 500 Ом х м.ден жогору болгондо, эгер Ошибка! Не указано имя файла.25 Ом.дон жогору болсо, Ошибка! Не указано имя файла.жана Ошибка! Не указано имя файла.нын аралыгы 1 м.ге чейин азайышына жол берилет.
Жардыргыч материалдар кампаларында жардыргыч заттардын бир нече сактоочу жайлары болсо, жер кыртышындагы электрдин салыштырма каршылыгы 1000 Ом х м жана андан жогору чөлкөмдөрүндө ар бир чагылган тарткычтын токту жерге өткөргүчүн бирдиктүү жерге өткөрүүчү системага бириктирүүгө жол берилет.
Токту жерге өткөргүчтү байланыштырган зымдардын жол берилген узундугу жер кыртышындагы электрдин салыштырма каршылыгына жараша болоору төмөндө берилди.
Жер кыртышындагы электрдин салыштырмалуу каршылыгы, Ом х м | 1000 | 2000 | 3000 | 5000 | 10 000 | 20 000 |
Токту жерге өткөргүчтү бириктирүүчү зымдардын узундугунун чеги, м | 100 | 150 | 200 | 250 | 350 | 450 |
Айрым-айрым токту жерге өткөргүчтөр менен аларды бириктирген зымдардын арасы корголгон имараттардан ушул Эрежелердин 792, 793-пункттарында көрсөтүлгөн аралыкта алыстатылууга тийиш.
795. Имараттарда жана сактоочу жайларда жогорку чыңалуудагы металл коммуникациясы бар учурда, ошондой эле жардыргыч материалдар металл үкөктөрдө сакталган жагдайда, токту кайра бөлүштүргүчтөн коргоо үчүн имараттын чатыры талапка ылайык токту жерге өткөргүч менен бириктирилген металл торчосу менен капталууга жана имараттын ичиндеги бардык металл конструкциялар токту жерге өткөргүч менен камсыз кылынууга тийиш.
Токту жерге өткөргүч коргогуч кайталап таасир берүүдөн сактоочу жайдын айланасы боюнча 0,5 м тереңдикте пайдубалдан 0,5-1 м. аралыкта бири-бирине туташтырылып жерге көмүлүшү керек. Токтун өнөр жайлык ылдамдыгынын агымына бири-бирине улашкан зымдардын каршылыгы 10 Омдон кем болбоого тийиш. Бул каршылыкты төмөндөтүү үчүн жерде жайгашкан бардык зым өткөн түтүктөрдү токту жерге өткөргүчкө кошууга жол берилбейт.
Жер кыртышындагы электрдин салыштырма каршылыгы 500 Ом х м жана андан жогору болсо токту жерге өткөргүчтүн каршылыгы жөндөлбөйт.
Токту жерге өткөргүчтөрдүн чагылгандын түз тийишинен коргоогучу менен кайталап чагылуудан коргогучу бири-биринен ушул Эрежелердин 793, 794-пункттарында көрсөтүлгөн аралыктан кем эмес алыстыкта болушу керек.
Токту кайра бөлүштүрүүчүдөн коргоо жумуштарын аткарууда имараттын чатыры боюнча металл торчосун жабууда кайталап таасир берүүчү токту жерге өткөргүчкө бардык металл нерселер кыска жол менен туташтырылууга тийиш.
Имарат темир чатыр менен жабылган болсо, чатырды токту жерге өткөргүчкө бириктирүүнү чагылгандын кайталап таасир берүүсүнөн сактоону имараттын сырты менен 25 м аралыкка токту түз алып кетүү менен жүргүзүү керек. Токту алып кетүүчүнүн жогору учтары темир чатырга, төмөнкү учу токту жерге өткөргүчкө бириктирилүүгө тийиш.
Эгер чатыр ток өткөргүч материалдан жасалбаса, анда чатырдын үстүнө 6 мм кем эмес диаметрдеги болот зымдары менен тордолгон 5 х 5 м өлчөмүндөгү темир тор жаткырып, аны ошондой эле материал менен жасалган ток алып кетүүчү аркылуу токту жерге өткөргүчкө бириктирүү керек.
796. Электромагниттик индукциядан коргоо үчүн кампанын аймагы аркылуу төшөлгөн бардык зым түтүктөрүн, сыртынан капталган кабелдерди 10 см.дан азыраак жакындаган жерлеринде, ошондой эле алар узунунан катар жайгашкан учурда 15-20 м.де электр өткөргүч зымдардын бири-бирине туюк уланышын жол бербөө үчүн бекем бириктирүү керек. Алар жабдуулардын, кабелдин тышы, имараттардын болот конструкцияларын каркасы менен созулган металл нерселердин жакындаган бардык башка учурларында бириктирилиши керек. Мында зым түтүктөрүнүн, фланц, муфталардын бириккен жерлериндеги байланышты камсыз кылуу керек. Бириккен жерлерде электр каршылыгынын алмашуусу бир контактка 0,05 Ом.дон ашпоосу керек. Зарыл учурда кесилиш аянты 16 мм 2 же башка тийиштүү кесилиш аянты бар башка өткөргүчтүү болот зымдан кошумча металл туташтыргычын жасоо керек.
797. Жарыктандыруу электр түйүнүн ишке киргизүүдө сактоочу жайды жогорку потенциалдардын кирип кетишинен коргоо камсыз кылынат:
1) тышталган кабель жерге төшөлгөн учурда, - кабелдин тышын жана металл кабын чагылгандын кайталап чагылышынан токту жерге өткөргүч коргогучка, ал жок учурда 10 Ом.дон ашпаган шыкак берүүчү атайын токту жерге өткөргүчкө туташтырылат. Кабелдер чагылган тарткыч токту жерге өткөргүчтөн ушул Эрежелердин 793-пунктунда көрсөтүлгөн аралыктан алыстатылууга тийиш;
2) кабель сыртынан капталбаган учурда – ушул Эрежелердин 796-пунктунун 1-бөлүкчөсүндө көрсөтүлгөндөй, токту жерге өткөргүчкө туташтыруу жолу аркылуу;
3) аба чубалгыларына туташкан кабелдер болсо (ишке берилген ЖМ кампалары үчүн), - аба чубалгысындагы кабелге металл кабыкчасынын жана тышынын кошулган жерин (33-тиркеме, 6-сүрөт), ошондой эле бекиткичти (иймекти) 10 Омдон кем эмес Ошибка! Не указано имя файла.шыкак берүүчү каршылыгын атайы токту жерге өткөргүчкө кошуу менен.
Мындан тышкары, кабелдин зымы менен токту жерге өткөргүч элементтери кошулган жерде, 2-3 мм электроддор аралык жабык аба аралыгы болушу керек же төмөнкү кубаттуулуктагы ток капкактары орнотулушу керек. Жакынкы түркүктөгү аба линиясынын чайнектеринин бекиткичтери (илмектери) линиянын кабелге өткөн жеринен 20 Омдон кем эмес Ошибка! Не указано имя файла.импульс каршылыгы бар ток жерге өткөргүчкө бириктирилиши керек.
Жердин кыртышындагы электрдин салыштырмалуу каршылыгы 500 Ом м жана андан жогору болгондо Ошибка! Не указано имя файла., Ошибка! Не указано имя файла.жана Ошибка! Не указано имя файла., шыкак берүүчү каршылыкты 40 Омго чейин көбөйтүүгө жол берилет, ал эми көп жылдык тоң жана аскалуу жерлерде долбоор боюнча аткаруу керек.
798. Токту кайра бөлүштүрүүчүнүн же электромагниттик индукцияга (аммиак селитрасынан жасалган жардыргыч заттар, тутанткыч шоона) сезимтал эмес жардыргыч материалдар сакталган сактоочу жайларды чагылгандын кайталап чагылуусунан коргоо зарыл эмес.
36-глава. Жардыргыч материалдарды каттоо
799. Өндүрүштүк максаттагы бардык жардыргыч материалдар каттоого алынат.
Ушул Эрежелердин талаптарына ылайык катталбаган жардыргыч материалдарды изилдөөлөрдү (сыноолорду) жана жардыргыч материалдарды иштеп чыгуу жана даярдоо процессинде өлчөөлөрдү жүргүзүү менен байланышкан учурлардан тышкары, базарларда сатууга жана колдонууга жол берилбейт
800. Каттоо жарылгыч затты даярдоочунун же чет өлкөлүк даярдоочунун функциясын аткаруучу адамдын арызынын негизинде тиешелүү укук берилген орган тарабынан жүргүзүлөт.
Каттоо арызына төмөнкүлөр тиркелет:
- продукциянын ылайыктуулук сертификатынын көчүрмөсү;
- аккредиттелген лаборатория (борбор) тарабынан жүргүзүлгөн сыноо протоколдорунун көчүрмөсү;
- техникалык документтеринде колдонуу эрежелери жана шарттарын көрсөтүү менен аныкталган коопсуздук чараларынын жетиштүүлүгү жөнүндө эксперттик корутунду.
801. Берилген документтер белгиленген талаптарга ылайык келген шартта жардыргыч материалдарды каттоо жөнүндө чечим ыйгарымдуу орган тарабынан кабыл алынат.
802. Каттоодон баш тартууга жана каттоону жокко чыгарууга төмөнкүлөр негиз болот:
- арызда жана тапшырылган материалдарда так эмес же адаштыруучу жалган маалыматтар камтылса;
- мамлекеттик көзөмөл тарабынан продукциянын ылайыксыздыгы тууралуу корутунду берилсе, ошондой эле изилдөөлөрдүн (сыноолор) жана өлчөөлөрдүн эрежелери менен ыкмалары сакталбагандыгы тууралуу маалыматтар бар болсо.
Каттоодон баш тартуу же каттоонун жокко чыгарылышы боюнча сотко даттанууга болот.
37-глава. Ушул Эрежелердин талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
803. Ушул Эрежелердин талаптарын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоокерчилик белгиленет.
804. Жардыргыч материалдарды колдонуу чөйрөсүндө иштеген уюмдар менен ишканалар ушул Эрежелердин талаптарын бузгандык үчүн жоокерчиликтин субъектиси болуп эсептелет.
805. Жоопкерчиликке тартуунун негизи:
- ушул Эрежелердин талаптарын бузуу;
- мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдардын көрсөтмөлөрү менен чечимдерин аткарбоо;
- продукциянын талаптарга ылайыксыздыгынын айынан жарандардын ден соолугуна, өмүрүнө, ар кандай менчик ээлеринин мүлктөрүнө залал келтирүү же жардыргыч материалдарды өндүрүү, колдонуу, сактоо, ташуу, сатуу жана жок кылуу процессиндеги эреже бузуулар.
38-глава. Жардыргыч материалдарды сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу эрежелерин бузгандык үчүн жоопкерчилик
806. Жардыргыч материалдар менен иштеген уюмдун жетекчиси төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликтүү:
- жардыргыч материалдарды алууга берилген арыздардын тууралыгына;
- жардыргыч материалдардын кампаларга туура бөлүштүрүлүүсүнө;
- ишкананын кампаларындагы жардыргыч материалдардын сакталышына, пайдаланылышына жана эсепке алынышына катуу көзөмөлдүн сакталышы, белгиленген тартипте өз убагында отчеттун түзүлүшүнө;
- ЖМ кампаларынын кайтарылышына;
- жардыргыч материалдар менен иштөөчү объектилердин тиешелүү персонал менен камсыздалышына;
- жардыргыч материалдарды сактоо, пайдалануу жана эсепке алуу эрежелеринин бузулушуна жол берген адамдардын өз убагында жоопко тартылышына.
807. Ишкананын техникалык жетекчиси (башкы инженер, жардыруу жумуштарынын же ишканадагы жарылгыч материалдар менен иштөөнүн жетекчиси) төмөнкүлөр:
- жардыргыч материалдар менен иштөө өндүрүшүн жетектөөчүнү, анын ичинде сактоо үчүн жооптуу адамдарды жумушка алуунун белгиленген тартибин сактоо;
- жардыргыч материалдар менен иштөөгө укук берүүчү уруксат документтерин убагында алуу жана алардын сакталышы;
- жардыргыч материалдар менен иштөөчү объектилердеги кырсыктардын, жаракат алуулардын жана жоготуулардын себептерине атайын иликтөөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү;
- жардыргыч материалдарды кампалардын белгиленген сыйымдуулугунан ашпаган өлчөмдө сакталышы;
- жардыргыч материалдардын кампаларда сактоо, кабыл алуу жана эсептөө тартибин ай сайын текшерип турууну камсыздоо;
- кампаларда жана жумуш жүргүзүү орундарында жардыргыч материалдарды кабыл алуу, жүктөп-түшүрүүдө тартипти жана кайтарууну камсыздоо;
- жардыргыч материалдардын кампаларда туура эсепке алынышы;
- кампаларга кабыл алынуучу жардыргыч материалдарды өз убагында сыноо жана алардын тууралыгы;
- ушул Эрежелердин талаптарына жооп берүүчү жардыргыч материалдардын колдонулушу;
- тажрыйбалык жардырууну уюштуруу жана өткөзүү, бургулоо-жардыруу жумуштарынын, анын ичинде массалык жардыруулардын долбоорлору менен паспортторун түзүү;
- бургулоо-жардыруу жумуштарын коопсуз уюштуруу жана өткөрүү үчүн жоопкерчилик тартат.
808. Жардыруу жумуштарынын жетекчиси жардыруу объектилеринде төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликтүү:
- объектидеги персонал тарабынан жардыргыч материалдарды сактоо, эсепке алуу, керектөө, жүктөп-ташуу жана сыноо эрежелеринин так сакталышын камсыздоого;
- жардыруу жумуштарына жана жардыргыч материалдарды сыноого бул жумуштарды аткарууга тиешелүү уруксаты жана укугу бар адамдардын гана коё берилишине;
- жардыргыч материалдардын керектелиши жана колдонулбагандарынын (калдыктарын) кампага кайтарылгандыгы тууралуу жардыруучулардын өз убагында отчет берүүсүнө;
- ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келүүчү жардыргыч материалдарды берүүнүн тартибине;
- жумуш объектилеринде жардыруулардын коопсуз уюштурулушуна жана өткөзүлүшүнө.
809. Участоктун начальниги жоопкерчиликтүү:
- бургулоо-жардыруу жумуштарынын долбоорлорундагы же паспортундагы талаптардын сакталышына;
- өзүнө баш ийген персонал тарабынан жарылгыч материалдарды сактоо, эсепке алуу, керектөө, жүктөп, ташуу эрежелеринин так сакталышына;
- жардыруу жумуштарына укугу бар гана адамдардын коё берилишине;
- жардыргыч материалдардын керектелиши жана колдонулбагандарынын (калдыктарын) кампага кайтарылгандыгы, ошондой эле, керектелген жардыргыч материалдар жөнүндөгү маалыматтардын тактыгы тууралуу жардыруучулардын өз убагында отчет берүүсүнө.
810. Нөөмөт башчысы (тоо мастери) төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликтүү:
- ушул Эрежелердин талаптарына толук ылайык, өткөөлдөрдүн жардыруу жүргүзүүгө даярдалышына жана жардырууга уруксат берүүгө;
- жардырууга тиешелүү укугу бар адамдардын гана коё берилишине;
- жардыруу жумуштарынын башталышына чейин кайтаруу постторун жайгаштырууга, жардыруу жумуштарынан кийин жардыруу ордун жана желдетүү абалын карап чыгууга, жарылбай калган дүрмөттөрдү коопсуз жок кылууга, жардыруудан жана желдетүүдөн кийин өткөөлдөргө кирүүгө;
- жардыргычтар тарабынан жардыргыч материалдарды керектөөнүн тууралыгына;
- бургулоо-жардыруу жумуштарынын долбоор же паспорт боюнча жүргүзүлүшүн көзөмөлдөөгө.
811. Жарылгыч материалдар кампасынын (жардыргыч материалдарды коё берүүчү) башчысы төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликтүү:
- жардыргыч материалдарды сактоо, жайгаштыруу, кабылдоо, эсепке алуу, сыноо жана коё берүүнүн белгиленген тартиптеринин сакталышына;
- жардыргыч материалдардын өз убагында кириштелишине;
- кампада жарылгыч заттардын бузулушуна, жетпей калбастыгына же ашыкчалыгына жол бербөөгө;
- жардыргыч материалдарын кириштөө, чыгыштоону жана отчеттук документтерди туура жүргүзүүгө, ошондой эле алардын сакталышына;
- мөөрлөрдүн, кампа ачкычтарынын жана пломбалоочу түзүлүштөрдүн сакталышына, жоголушуна же бөтөн адамдарга берилбестигине;
- жарылгыч материалдардын жардыруу жумуштарынан кийин коротулган ЖМ үчүн өз убагында отчет тапшырган жана калдыктарды өткөргөн жардыруучуларга гана жардыргыч материалдардын берилишине;
- долбоордо жана уруксат документтеринде көрсөтүлгөн тартипте жана көлөмдө гана жардыргыч материалдардын сакталышына.
812. Жардыруучу жоопкерчиликтүү:
- алынган жардыргыч материалдардын дайыма көзөмөлдөнүшүн, башка адамдарга берилбестигин, жоголбостугун камсыздоого, өз алдынча жок кылууга, аларды өткөөлдөрдө же жер үстүндө кароосуз калтырууга, ошондой эле жардыргыч материалдардын максатсыз пайдаланышына жол бербөөгө;
- жардырууну долбоорго же паспортко ылайык, орнотулган дүрмөт жана тыгын көлөмдөрүндө гана жүргүзүүгө;
- жардырууну кайтаруу посттору болгондо жана ушул Эрежелердин бардык талаптары сакталганда гана жүргүзүүгө;
- жардырылган орундарда жумуштарды улантуу үчүн адамдардын желдетүүдөн кийин кирүүсүнө;
- пайдаланылбаган жардыргыч материалдардын калдыктарын жумуш аяктагандан кийин кампаларга өз убагында өткөзүлүшүнө, керектелгендерин наряд-жолдомодо туура көрсөтүлүшүнө;
- жардыруудан кийин өткөөлдөрдү карап чыгууга, жарылбай калгандары тууралуу жардыруу жумуштарынын жетекчисине өз убагында билдирүүгө жана алардын жок кылынышын журналга каттоого; жок кылуу мүмкүн болбой калса, бөтөн адамдардын дүрмөттөргө жакындоосуна жол бербөө максатында эскертүү белгилерин орнотууга, жарылбай калган дүрмөттөрдүн саны жана жайгашкан орундары тууралуу техникалык көзөмөлгө токтоосуз билдирүүгө;
- жардыргыч материалдарды кампадан жумуш ордуна жана кайра артка ташып-жеткирүү эрежелеринин сакталышына;
- өткөөлдөрдүн жардыруу жумуштарына даярдыгын, белгилердин берилишине жана жардыруудан кийин жумуштарды улантууга уруксаттын берилишин текшерүүгө;
- дүрмөттөө жана ар бир жолу жардыруу алдында газ толуу коркунучу бар шахталарда газ анализаторунун жардамы менен метандын деңгээлин текшерүүгө.