Загрузка документа…
КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-октябры № 680
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин даярдоо эрежелеринин талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жободо:
- 7-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин даярдоо эрежелеринин талаптарынын.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |