Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 228 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссия жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссияны (мындан ары - Комиссия) уюштуруу жана анын иштөө тартибин белгилейт.
2. Комиссия Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иштерди координациялоо жана жетектөө максатында түзүлгөн ведомстволор аралык орган болуп саналат.
3. Комиссия өзүнүн ишин кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ишке ашырат.
2. Комиссиянын милдеттери жана функциялары
4. Комиссиянын милдети Кыргыз Республикасында 2020-жылы боло турган эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө байланышnуу жумуштардын уюштурулушун камсыздоо болуп саналат.
5. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
- эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүүнүн уюштуруу принциптерин, методологиясын, календардык планын карайт жана бекитет;
- эл жана турак жай фондун каттоону уюштурууга жана өткөрүүгө тартылган министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана администрациялык ведомстволордон иш-чаралар планында каралган иштердин жүрүшү жөнүндө отчетторду кабыл алат;
- эл жана турак жай фондун пилоттук (сыноо иретинде) каттоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды угат жана түздөн-түз каттоону өткөрүүгө даярдык деңгээлин аныктайт;
- эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү боюнча иштердин мониторинги жөнүндө жана маалыматты иштеп чыгуу этаптары боюнча маалыматтарды угат.
3. Комиссиянын укуктары
6. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан эл жана турак жай фондун каттоону уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө керектүү маалыматтарды сурап алууга;
- белгиленген тартипте ар кандай көйгөйлөр боюнча сунуштарды даярдоо үчүн убактылуу жумушчу топторду түзүүгө, белгиленген тартипте илимий мекемелерди, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдарда, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген тиешелүү эксперттерди ишке тартууга;
- калкты жана турак жай фондун каттоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн финансылык каражаттарды тартууда эл аралык уюмдар менен кызматташууга;
- Комиссиянын алдында турган максаттарга жетүү үчүн керектүү башка аракеттерди жасоого.
4. Комиссиянын ишин уюштуруу
7. Комиссиянын аткаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети саналат, ал Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун, керектүү маалымдама жана маалыматтык материалдарды даярдайт, ошондой эле Комиссиянын уюштуруу жана методологиялык ишин камсыз кылат.
8. Комиссиянын жыйындарын өткөрүү мөөнөтү Комиссиянын төрагасы тарабынан, ошондой эле Комиссиянын жарымынан көп мүчөлөрүнүн демилгеси менен аныкталат.
9. Комиссиянын жыйыны протокол менен таризделет жана анда курамындагы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан учурда ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.
10. Комиссиянын чечими анын жыйынына катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең бөлүнгөн учурда төрагалык кылган адамдын берген добушу чечүүчү болуп эсептелет.
11. Өз компетенциясынын алкагында Комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдер аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
12. Комиссиянын төрагасы:
- Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат;
- Комиссиянын иш планын, жыйындарды өткөрүү графигин жана ар бир жыйындын күн тартибин бекитет;
- Комиссиянын жыйынын өткөрөт;
- Комиссиянын кабыл алынган чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштурат.