Загрузка документа…
УТРАТИЛО СИЛУ в соответствии с постановлением Кабинета Министров КР от 17 декабря 2021 года № 315
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-январы № 18
Кыргыз Республикасында теңөө трансферттерин бөлүштүрүү тартибин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 54-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 321 "Теңөө гранттарын эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Теңөө трансферттеринин көлөмдөрүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө";
- преамбуласындагы "теңөө гранттарын" деген сөздөр "теңөө трансферттерин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пунктундагы "Тиркелген Теңөө гранттарын эсептөө ыкмасы" деген сөздөр "Тиркелген Теңөө трансферттеринин көлөмдөрүн аныктоо тартиби" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Теңөө гранттарын эсептөө ыкмасында:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Теңөө трансферттеринин көлөмдөрүн аныктоо тартиби";
- бүткүл тексти боюнча "теңөө гранттары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "теңөө трансферттери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-главасынын биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жалпы жоболор
Теңөө трансферттеринин көлөмдөрүн аныктоо тартиби пландалган мезгилге жергиликтүү бюджеттерге теңөө трансферттеринин өлчөмдөрүн аныктайт.
Көлөмдөрдү аныктоодо төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
- жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик камсыздалышын эсептөө;
-теңөө трансферттерин жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүүнү эсептөө.";
- 3.2-пунктунун төртүнчү абзацындагы "категориялык жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-главасынын 3.2-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) "Бийик тоолуулук жана алыстык коэффициенти ) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
мында:
- j-жергиликтүү коомдоштук курамына кирүүчү n-калктуу конуштун аймагында туруктуу жашаган калктын саны;
- n-калктуу конушуна туура келүүчү Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген калктын эмгек акысына жана социалдык төлөөлөрдүн башка түрлөрүнө кошумча төлөөлөрдүн бекитилген коэффициенти, башка калктуу конуштар үчүн тиешелүү коэффициент 1ге барабар деп кабыл алынат;
- j-жергиликтүү коомдоштук саны;
- бул топко кирүүчү бардык жергиликтүү коомдоштуктардын саны.";
- 3.2-пункттун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-таблицадагы "Жалпы билим берүү коэффициенти" деген сөздөр "Мектепке чейинки билим берүү коэффициенти" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-таблицанын эскертүүсүндө "Бюджеттик кызмат көрсөтүү наркынын коэффициенти" деген сөздөр "Бийик тоолуу жана алыстык коэффициенти" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-таблицадагы экинчи "Райондор" графасы алып салынсын;
- 4.3-пунктунун төртүнчү абзацындагы "категориялык жана" деген сөздөр алып салынсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |