Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 315 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июну № 321
Теңөө трансферттеринин көлөмдөрүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында теңөө трансферттерин бөлүштүрүүнүн тартибин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Тиркелген Теңөө трансферттеринин көлөмдөрүн аныктоо тартиби бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги N 101 "Теңөө гранттары жөнүндө жобону жана теңөө гранттарын эсептөө ыкмасын бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
|
|