Загрузка документа…
|
|
|
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 315 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-июнундагы N 321
токтому менен бекитилген
Теңөө трансферттеринин көлөмдөрүн аныктоо ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Сөздүк
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 18 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттердин жалпы көлөмү жыл сайын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилет.
Жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик камсыздалышы - бир тургунга эсептелген бюджеттик кызмат көрсөтүүнүн наркына таасир тийгизген калктын түзүмүндөгү, социалдык-экономикалык, климаттык, географиялык жана башка объективдүү факторлордогу жана шарттардагы айырмачылыктарды эске алуу менен тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүнүн деңгээлине негизденип жергиликтүү бюджет тарабынан алына ала турган бир тургунга эсептелген кирешенин көлөмү.
Жергиликтүү бюджеттин киреше потенциалы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бюджетке түшкөн кирешелердин эсебинен экономикалык өнүгүүнүн, экономикалык түзүмдүн, ошондой эле салык базасынын деңгээлине негизденип жергиликтүү бюджет тарабынан алына ала турган кирешелерди баалоо.
Жергиликтүү бюджеттин киреше потенциалынын индекси - бир тургунга эсептелген жергиликтүү бюджеттин киреше потенциалынын орточо алынган белгилүү топтогу бардык жергиликтүү бюджеттер боюнча ушундай көрсөткүчкө карата катышы.
Жергиликтүү бюджеттин бюджеттик чыгымдарынын индекси бир тургунга эсептелген бюджеттик кызматтарды көрсөтүүнүн наркына таасир тийгизген тейленген калктын социалдык-демографиялык курамынын өзгөчөлүгүн жана башка объективдүү факторлорду эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин компетенциясына кирген маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн республиканын бардык жергиликтүү бюджеттери (же жергиликтүү бюджеттердин айрым топтору) боюнча орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу бир тургунга эсептелген жергиликтүү бюджеттин каражаттарын канчалык көп (же аз) сарптоо керек экенин көрсөтөт.
Теңөө трансферттери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жергиликтүү бюджеттерге белгиленген ыкмага жана формулага ылайык өздөрүнүн аймактык бөлүмчөлөрү аркылуу бөлүштүрүлөт.
Теңөө трансферттери кезектеги финансылык жылга бюджеттин кирешелерин жана чыгымдарын квартал боюнча бөлүштүрүүгө ылайык берилет.
2. Жалпы жоболор
(Глава КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
Теңөө трансферттеринин көлөмдөрүн аныктоо тартиби пландалган мезгилге жергиликтүү бюджеттерге теңөө трансферттеринин өлчөмдөрүн аныктайт.
Көлөмдөрдү аныктоодо төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
- жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик камсыздалышын эсептөө;
-теңөө трансферттерин жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүүнү эсептөө.
3. Бюджеттин камсыздалышын эсептөө
Жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик камсыздалышы (БОj) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
БОj = (ПД / Н) * (ИДПj / ИБРj ),
мында:
ПД | - | учурдагы жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген жалпы мамлекеттик салык жана кирешелер боюнча эсептөөлөрдүн нормативдерин эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин айрым топторуна (мындан ары - топ) таандык жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин (бюджеттер аралык трансферттерден башка) болжолу; |
Н | - | ушул топко таандык жергиликтүү жамааттардын жалпы саны; |
ИДПj | - | j-жергиликтүү бюджеттин киреше потенциалынын индекси; |
ИБРj | - | j-жергиликтүү бюджеттин бюджеттик чыгымдарынын индекси. |
3.1. Киреше потенциалынын индексин эсептөө
Жергиликтүү бюджеттин киреше потенциалынын индекси (ИДП) төмөнкү j
формула боюнча эсептелет:
ИДПj = (ДПj / Нj ) / (ДП / Н),
мында:
ДПj | - | кирешелердин репрезентативдүү системасы боюнча j-жергиликтүү бюджеттин киреше потенциалы; |
Нj | - | j-жергиликтүү жамааттын саны; |
ДП | - | бул топко таандык бардык жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин репрезентативдүү системасы боюнча суммаланган киреше потенциалы; |
Н | - | бул топко таандык бардык жергиликтүү жамааттардын саны. |
Жергиликтүү бюджеттин киреше потенциалын эсептөө кирешелердин репрезентативдүү системасы боюнча (кирешелердин айрым түрлөрүнө карата) жүргүзүлөт, ага жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү кирешелердин негизги түрлөрү кирет жана теңөө трансферттерин бөлүштүрүүдө эсепке алынуучу жергиликтүү бюджеттердин киреше мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырат (1-таблица).
N 1 таблица
Кирешелердин репрезентативдүү системасынын КУРАМЫ
Код | Киреше |
11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы |
11111200 | Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы |
11121100 | Чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык |
11122100 | Милдеттүү патенттин негиздеги салык |
11122200 | Ыктыярдуу патенттин негиздеги салык |
11311 | Мүлккө салык |
11412 | Сатуудан салык |
11312 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык |
1132 | Жер салыгы |
14152100 | Жердин ижарасы үчүн салык |
Репрезентативдүү системага кирбеген кирешелердин башка түрлөрү ошондой эле жергиликтүү бюджеттин бюджеттик камсыздалышын эсептөөдө эске алынат жана жергиликтүү бюджеттеринин ортосунда репрезентативдүү системага кирген кирешелер боюнча эсептелген алардын кирешелик потенциалына карата пропорционалдуу бөлүштүрүлгөн деп эсептелет.
Жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин репрезентативдүү системасы боюнча киреше потенциалы (ДПj) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
ДПj = SUMi (ДПji),
мында:
ДПji | - | кирешелердин репрезентативдүү системасына кирүүчү i-киреше боюнча j-жергиликтүү бюджеттин киреше потенциалы. |
Кирешелердин репрезентативдүү системасына кирүүчү киреше боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше потенциалы (ДПji) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
ДПji = Нормi * ПДi * (Дt-1ji / Дt-1i + Дtji / Дti) / 2,
мында:
Нормi | - | ошол топко кирген жергиликтүү бюджеттин i-түрүндөгү кирешесинен чегерүүлөр ченеми; |
ПДt-1i | - | ошол топко кирген бардык жергиликтүү бюджеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын консолидациялашкан бюджетине i-кирешенин түшүүлөр болжолу; |
Дtji | - | отчеттук финансы жылында Кыргыз Республикасынын консолидациялашкан бюджетине j-жергиликтүү коомчулуктун аймагынан i-кирешенин түшүүсүнүн иш жүзүндө көлөмү; |
Дt-1ji | - | учурдагы финансы жылында Кыргыз Республикасынын консолидациялашкан бюджетине j-жергиликтүү коомчулуктун аймагынан i-кирешенин түшүүсүнүн бекитилген көлөмү; |
Дti | - | отчеттук финансы жылында Кыргыз Республикасынын консолидациялашкан бюджетине ошол топко таандык бардык жергиликтүү коомчулуктун аймагынан i-кирешенин түшүүсүнүн иш жүзүндө көлөмү; |
Дi | - | учурдагы финансы жылында Кыргыз Республикасынын консолидациялашкан бюджетине ошол топко таандык бардык жергиликтүү коомчулуктун аймагынан i-кирешенин түшүүсүнүн иш жүзүндө көлөмү. |
Жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин репрезентативдүү системасынын курамына белгилүү бир топко кирген жергиликтүү бюджетке отчеттук финансы жылында түшпөгөн жаңы кирешени кошкон учурда ошол киреше боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше кудурети катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ошол топ үчүн белгиленген чегерүүлөр ченемин эсепке алуу менен эсептелип чыккан тийиштүү жергиликтүү бюджетке анын түшүүлөр болжолу колдонулат.
3.2. Бюджеттик чыгымдардын индексин эсептөө
Жергиликтүү бюджеттердин салыштырма чыгаша милдеттенмелеринде катыштык айырмачылыктарды баалоо үчүн чыгаша милдеттенмелеринин репрезентативдик системасы колдонулат, ал мамлекеттик бийликтин тийиштүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өз компетенцияларына таандык маселелерди чечүүгө байланыштуу келип чыккан чыгаша милдеттенмелеринин бардык түрүн камтыйт.
Жергиликтүү бюджеттин бюджеттик чыгашалар индекси (ИБРj) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
ИБРj = SUMi (ai * ИБРji),
мында:
аi | - | чыгаша милдеттенмелеринин репрезентативдик системасынын курамында чыгашалардын i-түрүнүн үлүшү; |
ИБРji | - | чыгаша милдеттенмелеринин репрезентативдик системасынын i-чыгаша милдеттенмелери боюнча j-жергиликтүү бюджеттин бюджеттик чыгашаларынын индекси. |
Чыгаша милдеттенмелеринин репрезентативдик системасынын курамында чыгашалардын конкреттүү түрүнүн үлүшү каралып жаткан топтогу бардык жергиликтүү бюджет боюнча тийиштүү орточо пландалган финансы жылынын шартына карата келтирилген учурдагы финансы жылындагы өздүк каражаттын эсебинен (дем берүүчү трансферттерди эсепке албастан) жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларынын үлүшүнө барабар белгиленет.
Чыгаша милдеттенмелеринин репрезентативдик системасынын курамына кирген айрым чыгаша милдеттенмелери боюнча жергиликтүү бюджеттин бюджеттик чыгашалар индекси (ИБРji) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
ИБРji = (К1ji * ... * Кnji ) * Н / SUMj (Hj * К1ji * ... * Кnji),
мында:
К1ji , ..., Кnji - бюджеттик кызмат көрсөтүүнүн наркынын кымбаттоо коэффициенти, j-жергиликтүү коомчулукта бир тургунга эсептегенде чыгашалардын i-түрү боюнча көрсөтүлгөн бюджеттик кызматтын наркына тийгизген таасирин чагылдырган факторлор;
Нj | - | j-жергиликтүү коомчулуктун саны; |
Н | - | ошол топко кирген бардык жергиликтүү коомчулуктун саны. |
Ыкмада төмөнкүдөй оңдоп түзөөчү коэффициенттер колдонулат:
1) "Бийик тоолуулук жана алыстык коэффициенти ) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
мында:
- j-жергиликтүү коомдоштук курамына кирүүчү n-калктуу конуштун аймагында туруктуу жашаган калктын саны;
- n-калктуу конушуна туура келүүчү Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген калктын эмгек акысына жана социалдык төлөөлөрдүн башка түрлөрүнө кошумча төлөөлөрдүн бекитилген коэффициенти, башка калктуу конуштар үчүн тиешелүү коэффициент 1ге барабар деп кабыл алынат;
- j-жергиликтүү коомдоштук саны;
- бул топко кирүүчү бардык жергиликтүү коомдоштуктардын саны.
2) урбандаштыруу деңгээлинин коэффициенти (Kуj):
Kуj = (1 + УВГj) / (1 + УВГ),
мында:
УВГj | - | j-жергиликтүү коомчулуктун шаардык калкынын салыштырма үлүшү; |
УВГ | - | ошол топко кирген бардык жергиликтүү коомчулуктун шаардык калкынын салыштырма үлүшү; |
3) Мектепке чейинки билим берүү коэффициенти (Кдоj):
Кдоj = (Н0-6j / Н0-6 + Нддуj / Ндду) / 2 * (Н / Нj),
мында:
H0-6j | - | j-жергиликтүү коомчулуктагы 0дөн 6 жашка чейинки курактагы балдардын саны; |
Hддуj | - | j-жергиликтүү коомчулуктагы мектепке чейинки балдар мекемесине баруучу балдардын саны; |
Hj | - | j-жергиликтүү коомчулуктун саны; |
Н0-6 | - | ошол топко кирген бардык жергиликтүү коомчулуктун 0дөн 6 жашка чейинки курактагы балдардын саны; |
Ндду | - | ошол топко кирген бардык жергиликтүү коомчулуктагы мектепке чейинки балдар мекемесине баруучу балдардын саны; |
Н | - | ошол топко кирген бардык жергиликтүү коомчулуктун саны; |
4) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 18 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) масштаб коэффициенти (Кмj):
Кмj = 0,5 + 0,5 * Норт / Нj,
мында:
Нj | - | j - жергиликтүү коомчулуктун саны; |
Норт | - | ошол топко кирген бардык жергиликтүү коомчулуктун орточо саны; |
6) жайгашуунун дисперстик коэффициенти:
Кдj = (1 + УВН500j) / (1 + УВН500j),
мында:
УВГj | - | калкынын саны 500 кишиге жетпеген калктуу конуштарда жашаган j-жергиликтүү коомчулуктун салыштырма үлүшү; |
УВГ | - | калкынын саны 500 кишиге жетпеген калктуу конуштарда жашаган ошол топко кирген бардык жергиликтүү коомчулуктун салыштырма үлүшү. |
Чыгашалардын репрезентативдик системасына кирген маселелер тизмеги, ошондой эле бюджеттик чыгашалардын тийиштүү индекстерине карата колдонулуучу оңдоп-түзөө коэффициенттери 2-таблицада келтирилген.
2-таблица
Жергиликтүү бюджеттердин чыгаша милдеттенмелеринин репрезентативдик системасынын түзүмүн аныктоочу жергиликтүү маанидеги маселелер жана бюджеттик чыгашалар индексин эсептөө үчүн коэффициенттер
Жергиликтүү маанидеги маселелер | Кымбаттоодо колдонулуучу коэффициент(*) |
1 | 2 |
Жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Масштаб коэффициенти |
Билим берүү | Мектепке чейинки билим берүү коэффициенти. Жайгаштыруунун дисперстүүлүк коэффициенти |
Турак жай-коммуналдык чарба | Урбандаштыруу деңгээлинин коэффициенти |
Эс алууну уюштуруу жана маданий-диний иштер | Масштаб коэффициенти |
Жергиликтүү маанидеги башка маселелер |
|
(*)Бийик тоолуу жана алыстык коэффициенти жергиликтүү бюджеттердин чыгашалар милдеттенмелеринин репрезентативднк системасына кошулган бардык чыгашалар милдеттенмелери боюнча бюджеттик чыгашалар индекстерин эсептөөдө колдонулат.
4. Теңөө трансферттерин бөлүштүрүү эсеби
4.1. Теңөө трансферттеринин түзүмү
Жергиликтүү бюджеттин теңөө трансферттеринин өлчөмү (Гj) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Гj = Г(1)j + Г(2)j ;
мында:
Г(1)j – j-жергиликтүү бюджетке теңөө трансфертинин биринчи бөлүгүнүн өлчөмү;
Г(2)j – j-жергиликтүү бюджетке теңөө трансфертинин экинчи бөлүгүнүн өлчөмү.
Теңөө трансфертинин түзүмү 3-таблицада берилген.
3-таблица
Теңөө трансфертинин ТҮЗҮМҮ
| Облустук маанидеги шаарлар | Райондук маанидеги шаарлар | Айыл өкмөтү |
Теңөө трансфертинин биринчи бөлүгү | 0% | 0% | 80% |
Теңөө трансфертинин экинчи бөлүгү | 100% | 100% | 20% |
4.2. Теңөө трансфертинин биринчи бөлүгүнүн өлчөмүнүн эсеби
Теңөө трансфертинин биринчи бөлүгү жергиликтүү бюджеттер ортосунда бөлүштүрүлөт, алардын бюджеттик камсыздуулук деңгээли тийиштүү топко кирген жергиликтүү бюджеттердин чыгаша милдеттенмелеринин тийиштүү орточо деңгээлинен ашпайт.
Теңөө трансфертинин биринчи бөлүгүнүн өлчөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Гj = k * Г * Тj / Т, где:
мында:
k | - | 3-таблицага ылайык теңөө трансфертинин биринчи бөлүгүнүн үлүшү; |
Г | - | ошол топко кирген жергиликтүү бюджеттерге теңөө трансфертинин жалпы өлчөмү; |
Tj | - | j-жергиликтүү бюджеттин бюджеттик камсыздуулугун ошол топко кирген жергиликтүү бюджеттердин чыгаша милдеттенмелеринин орточо деңгээлине дал келген деңгээлге чейин жеткирүүгө зарыл каражаттын көлөмү; |
Т | - | ошол топко кирген жергиликтүү бюджеттердин чыгаша милдеттенмелеринин орточо деңгээлине дал келген деңгээлге чейин ошол топко таандык ар бир жергиликтүү бюджеттин бюджеттик камсыздуулугун жеткирүүгө зарыл каражаттын суммардык көлөмү; |
Ошол топко таандык (Тj) бардык жергиликтүү бюджеттин чыгаша деңгээлдеринин орточо деңгээлине дал келген деңгээлге чейин жергиликтүү бюджеттин бюджеттик камсыздуулугун жеткирүү үчүн зарыл каражаттын көлөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Tj = (БОорт - БОj) * ИБРj * Нj - Г(0)j,
мында:
БОорт | - | ошол топко таандык бардык жергиликтүү бюджеттердин чыгаша милдеттенмелеринин орточо деңгээлине шайкеш келген бюджеттик камсыздуулук деңгээли; |
БОj | - | j-жергиликтүү бюджеттин бюджеттик камсыздуулугу; |
ИБРj | - | j-жергиликтүү бюджеттин бюджеттик чыгашаларынын индекси; |
Hj |
| j-жергиликтүү коомчулуктун саны; |
Ошол топко таандык жергиликтүү бюджеттердин чыгаша милдеттенмелеринин орточо деңгээлине дал келген бюджеттик камсыздуулук деңгээли (БОорт) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
БОорт = (ПД + Г)/Н,
мында:
ПД | - | ошол топко кирген бардык жергиликтүү бюджеттин (бюджеттер аралык трансферттерди кошпогондо) болжолу; |
Н | - | ошол топко кирген бардык жергиликтүү коомчулуктун саны; |
Г | - | ошол топко кирген жергиликтүү бюджеттерге теңөө трансфертинин жалпы өлчөмү. |
4.3. Теңөө трансфертинин экинчи бөлүгүнүн өлчөмүнүн эсеби
Теңөө трансфертинин экинчи бөлүгү жергиликтүү бюджеттер ортосунда бөлүштүрүлөт. Алардын кирешелеринин эсептик көлөмү мурдагы этаптарда бөлүштүрүлгөн теңөө трансфертинин бөлүгүн эсепке алуу менен пландалган жылда алардын чыгашаларынын эсептик көлөмүнүн чегинен төмөн кирешелердин эсептик көлөмүндө бөлүштүрүлөт.
Теңөө трансфертинин экинчи бөлүгүнүн өлчөмү (Г(2)j) төмөнкү формула менен эсептелет:
Г(2)j = ПРРj * (Кmax - РДj / ПРРj), если Кmax > РДj / ПРРj;
Г(2)j = 0, если Кmax < РДj / ПРРj,
мында:
ПРРj | - | j-жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын чектик эсептик көлөмү; |
Кмах | - | максималдуу деңгээл, ага чейин теңөө трансфертинин экинчи бөлүгүн чыгашалардын эсептик көлөмүнүн чегине чейин бөлүштүргөнгө жергиликтүү бюджеттердин эсептик кирешелерине карата жеткирүүгө мүмкүн болгон деңгээли; |
РДj | - | теңдештирүүчү трансферттин экинчи бөлүгүн бөлүштүргөнгө чейинки j-жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин эсептик көлөмү. |
Жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын эсептик көлөмүнүн чеги (ПРРj) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
ПРРj = MIN(ПРмф; 1,2 * БОорт * ИБРj * Нj),
мында:
ПРмфj | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан болжолдонгон дем берүүчү трансферттердин эсебинен каржылануучу чыгашаларды кошпогондо j-жергиликтүү бюджеттин чыгашалар көлөмү; |
БОорт | - | ошол топко таандык бардык жергиликтүү бюджеттин чыгаша милдеттенмелеринин орточо деңгээлине дал келген бюджеттик камсыздуулук деңгээли; |
ИБРj | - | j-жергиликтүү бюджеттин бюджеттик чыгашалар индекси; |
Hj | - | j-жергиликтүү коомчулуктун саны. |
Теңөө трансфертинин экинчи бөлүгүн бөлүштүргөнгө чейин жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин эсептик көлөмү (РДj) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
РДj = БОj * ИБРj * Нj + Г(1)j,
мында:
БОj | - | j-жергиликтүү бюджеттин бюджеттик камсыздуулугу; |
ИБРj | - | j-жергиликтүү бюджеттин бюджеттик чыгашаларынын индекси; |
Hj | - | j-жергиликтүү коомчулуктун саны; |
Г(1)j | - | j-жергиликтүү бюджетке теңөө трансфертинин биринчи бөлүгүнүн өлчөмү. |