Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 25-сентябры N 536
"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы N 533 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгы менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын баалуу металлдардан зергер буюмдарды өндүрүү, жасоо жана сатуу иштерине аффинаждоо процессинен баштап пробалык көзөмөл жүргүзөт";
- 6-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министри | И. Чудинов |