Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы № 56
Ишкердик субъекттеринин ишине текшерүү жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 347 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-сентябрындагы № 536 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-апрелиндеги № 209 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы № 427 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-сентябрындагы № 592 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы № 639 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 4 "Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жана ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү өткөрүүгө укуктуу болгон ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июнундагы № 358 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна тиркеменин 14-пункту.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтому менен бекитилген |
Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202, 2025-жылдын 10-декабрындагы № 797 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо ыйгарым укуктуу органдар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүү, текшерүүлөрдүн пландарын түзүү, макулдашуу тартибин жана жол-жоболорун, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча отчетторду (пландарды аткаруу жөнүндө маалымат), текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ишкерлердин укуктарын коргоону, ошондой эле текшерүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдардын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
текшерүү барагы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана токтомдорунда каралган текшерилүүчү субъекттердин ишине талаптардын толук тизмегин камтыган документ, аларды сактабоо адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарына түздөн-түз коркунуч келтирет. Мында көрсөтүлгөн талаптарда ченемдик укуктук актылардын түзүмдүк элементтерине, анын ичинде кыйла кичинекей түзүмдүк элементине конкреттүү шилтемелер болушу керек;
ишкердик субъекттери - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган жана киреше алуу максатында тобокелдикке салып жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилигинде мыйзам менен тыюу салынбаган иштерди уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар;
текшерилүүчү субъекттер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган юридикалык жактар, жеке ишкерлер, филиалдар жана өкүлчүлүктөр.
ыйгарым укуктуу органдар - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору менен ишкердик субъекттерин текшерүүгө ыйгарым укук берилген, тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү аткаруу бийлигинин органдары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Текшерүүлөрдү пландоо
3. Пландуу текшерүүлөр стратегиялык пландардын негизинде түзүлүүчү текшерүүлөр планына ылайык жүргүзүлөт.
Стратегиялык план бир жылга түзүлөт жана ар бир багыт боюнча сандык көрсөткүчтөрдү камтыйт. Стратегиялык план ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен пландуу текшерүү жүргүзүү жылына чейинки жылдын 15-ноябрына чейин макулдашылат.
4. Стратегиялык план ыйгарым укуктуу орган тарабынан мурунку жылы өздөрү жүргүзгөн бардык текшерүүлөргө талдоо жүргүзүүнүн негизинде түзүлөт. Стратегиялык план топтомо план болуп саналат, ал бардык аймактык бөлүмдөрү боюнча ушул ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүнө алынган тобокелдиктин бардык тармактарын текшерүүнү камтыйт.
5. Стратегиялык план Кыргыз Республикасында ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү функцияларын ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган) менен макулдашылат.
6. Стратегиялык план төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдү камтыйт:
1) өткөн жылдын ушундай мезгилиндеги маалыматтарга негизделген эсептөөлөрдү кошуу менен, иштин ар бир чөйрөсүндөгү текшерүүлөрдүн саны (тобокелдик даражасы боюнча бөлүштүрүү менен);
2) аймактык бирдиктер боюнча текшерүүлөрдүн саны;
3) текшерүү жүргүзүүгө катышкан инспекторлордун саны;
4) иш чөйрөсү боюнча ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн натыйжалуулугу.
7. Текшерүүлөр планы алдыдагы кварталга же келээрки жылга түзүлөт.
Текшерүү пландарын макулдашууда ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган кайталанган жана мыйзамсыз текшерүүлөрдү алып салуу, текшерүү жүргүзүүгө кеткен бюджеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча чараларды көрөт.
8. Текшерүүлөр планы ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган белгилеген форма боюнча түзүлөт жана төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) жеке ишкердин аты-жөнү же юридикалык жактын атылышы;
2) салык төлөөчүнүн жеке номери (ИНН);
3) текшерилүүчү субъектинин юридикалык дареги;
4) текшерилүүчү субъектинин жана/же текшерилүүчү объекттин иш жүзүндөгү дареги (текшерилүүчү субъекттин же өзүнчө объектти текшерүүдө);
5) мурунку пландуу текшерүү аяктаган дата;
6) текшерүү башталган ай;
7) жалпысынан текшерилүүчү субъектинин тобокелдик даражасы (баллдын санын көрсөтүү менен).
8-1. Пландуу текшерилүүгө тийиш болгон юридикалык жактар, алардын объекттери, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү бир бирдиктүү текшерилүүчү субъектти түзөт жана эгерде ошол юридикалык жактын, анын объекттеринин, филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши тобокелдиктин бир тармагына кирсе жана тобокелдиктин бирдей даражасына ээ болсо, текшерүүлөрдүн планында ар кандай текшерилүүчү субъекттер катары көрсөтүлбөйт жана каралбайт.
Эгерде юридикалык жактын, анын экономикалык иш объекттеринин, филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши тобокелдиктин бир нече ар түрдүү даражалары менен байланышкан болсо, анда юридикалык жак, анын объекттери, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү текшерүүлөрдүн пландарында өз алдынча каралат.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү текшерүү планын ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнө текшерүү жүргүзүү кварталына чейинки кварталдын экинчи айынын 15инен кечиктирбестен же пландуу текшерүү жүргүзүү жылына чейинки жылдын 15-ноябрына чейин макулдашууга берет.
10. Ыйгарым укуктуу органдын текшерүү планы электрондук түрдө Ишкердик субъекттеринин бирдиктүү автоматташтырылган маалымат базасында (мындан ары - Маалымат базасы) түзүлөт жана макулдашылат.
11. Планды Маалымат базасында түзүү жана макулдашуу үчүн техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, план кагазга жазылган түрдө, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын колу коюлуп ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт. Пландын барактары тигилүүгө жана номерленүүгө тийиш.
12. Ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган ыйгарым укуктуу органдан планды алган күндөн тартып, 5 иш күнүнөн ашпаган мөөнөттө планды кароого жана төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алууга милдеттүү:
- планды макулдашуу;
- планды кайра иштеп чыгууга жөнөтүү;
- планды макулдашуудан баш тартуу.
13. Эгерде, ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган планды толуктап иштеп чыгуу үчүн жөнөтсө, планды толуктап иштеп чыгуу жана макулдашуу процесси планга киргизилген квартал башталганга чейин 30 календардык күн мурда, эгерде пландуу текшерүү кварталга түзүлсө же пландык текшерүү бир жылга түзүлсө, пландуу текшерүү жүргүзүү жылына чейинки жылдан 1-декабрына чейин аякташы керек.
14. Пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүнү макулдашуу ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинде көрсөтүлгөн, пландан тышкары текшерүүлөр үчүн негиздер болгондо жүргүзүлөт. Пландан тышкаркы текшерүүнү макулдашуу ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан суроо-талапты алган учурдан тартып, бир иш күнүнөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлүшү керек.
15. Ыйгарым укуктуу органдын пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө суроо-талабы текшерилүүчү субъектинин реквизиттерин, текшерүү жөнүндө суроо-талап үчүн негиз болгон документтердин көчүрмөлөрүн камтышы керек.
16. Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу менен байланышкан учурларда (жугуштуу оорулар жана жугуштуу эмес массалык оорулар (уулануулар) келип чыкканда жана жайылганда, техногендик мүнөздөгү авария учурунда) калктын ден соолугунун абалына жол берилгис таасирдин себептерин жана булактарын аныктоо жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга 7 жумушчу күндүн ичинде кабарлоо менен аларды алдын алуу жана четтетүү боюнча чараларды көрүү максатында текшерүүлөр күтүүсүз мүнөзгө ээ болушу жана жазуу жүзүндөгү буйруксуз (жазма эскертүүсүз) жүргүзүлүшү мүмкүн.
17. Эгерде ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган текшерүүлөрдү макулдашуудан баш тартса, анда ал жүйөлүү корутунду жөнөтөт.
18. Текшерүүлөрдү макулдашуудан баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө мурунку текшерүүлөргө карата убакыттын аралыгын сактабоо;
2) ыйгарым укуктуу орган тарабынан өзүнүн компетенциясына кирбеген текшерүүнү дайындоо;
3) ушул Жободо аталган текшерүү мөөнөттөрүн ашыруу же өткөрүп жиберүү;
4) текшерүү жүргүзүүнү анонимдүү кайрылуу боюнча дайындоо;
5) текшерүү дайындоого жазуу жүзүндө ырасталган негиз (план, кайрылуу, арыз, даттануу) жок болсо;
6) текшерүү тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болбогон жак тарабынан дайындалса;
7) текшерүү дайындоо жөнүндө бир эле актта текшерилүүгө тийиш болгон бир нече субъекттер көрсөтүлсө;
8) текшерүү мөөнөтүн "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөн ашыкча узартуу;
9) ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга текшерүү пландарын макулдашууга берүү мөөнөтүн сактабоо;
10) ушул Жобонун 44 жана 45-пункттарында каралган тартипте текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчёт берилбесе.
3. Текшерүү жүргүзүү тартиби
19. Текшерүүлөр түрүнө карабастан аралыктан же көчмө формада жүргүзүлөт. Аралыктан текшерүү ыйгарым укуктуу орган жайгашкан жер боюнча жүргүзүлөт. Көчмө текшерүү текшерилүүчү субъект жайгашкан жер боюнча жана (же) анын иш жүзүндө иштеген жери боюнча жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Аралыктан текшерүүнүн предмети болуп текшерилүүчү субъекттин иш жүргүзүүдө колдонгон документтеринде камтылган жана алардын мыйзамда белгиленген милдеттүү талаптарды аткаруусуна же ыйгарым укуктуу органдардын жазма буйруктарына байланыштуу маалыматтар саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Текшерүүнүн максатына жетүү үчүн текшерилүүчү субъектинин иш жүзүндө иштеген жерине баруу зарыл болбосо, аралыктан текшерүү жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Аралыктан текшерүү жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу орган ишкердик субъектисинен аралыктан текшерүүнүн предметине тиешеси жок маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан алууга мүмкүн болгон маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укугу жок.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
22-1. Эгерде бир ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүнө текшерилүүчү субъекттин ишинин тобокелдигинин бир нече тармагы алынса, анда тобокелдиктин ар түрдүү тармактарына кирген, бирок бирдей тобокелдик даражасындагы ишти текшерүү бир эле убакта жүргүзүлөт.
Тобокелдиктин ар түрдүү тармактарына кирген жана ар түрдүү тобокелдик даражасындагы ишти текшерүү "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген мезгилдүүлүктү эске алуу менен бир эле убакта жүргүзүлөт.
Эгерде бир ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүнө алынган текшерилүүчү субъекттин ишинин тобокелдигинин бир нече тармактарына ар түрдүү тобокелдик даражасы ыйгарылса, мындай текшерүүлөр "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген мезгилдүүлүккө ылайык бир эле убакта жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Текшерилүүчү субъектин текшерүү "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, ыйгарым укуктуу органдын буйругунун (буйрук, жазма буйрук) негизинде ишке ашырылат (мындан ары - жазма буйрук).
24. Контролдук текшерүү жүргүзүү жөнүндө жазма буйрукту кошпогондо, ишкердик субъектине текшерүү жүргүзүүгө жазма буйрук Маалымат базасында түзүлөт жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.
25. Жазма буйрукту Маалымат базасында түзүүгө жана макулдашууга техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жазма буйруктун бланкасына каттоо номерин ыйгарат жана ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
26. Жазма буйруктун күбөлөндүрүлгөн бланкалары ыйгарым укуктуу органдар үчүн так отчёттуулук документтери болуп саналат. Жазма буйруктун колдонулбаган бланкалары ыйгарым укуктуу органдын отчёту менен бирге ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга тапшырылат.
27. Жазма буйрукта "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүндө аталган реквизиттер камтылат, эки нускада түзүлөт, ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кол коёт жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
28. Жазма буйруктун арткы бети болот, ал текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы жана текшерилип жаткан субъектинин каалоосу боюнча анын кызмат адамы тарабынан толтурулат.
29. Текшерүү жүргүзүүгө жазма буйрукта аталган ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамына гана жол берилет.
30. Жазма буйрукта аталган ыйгарым укуктуу органдын текшерүүчү кызмат адамдарынын курамы өзгөргөн же толукталган учурда, ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси жазма буйруктун тиешелүү бөлүгүн эки нускада толтурат, жаңыдан дайындалган кызмат адамдарын көрсөтүү менен кол коёт жана мөөр менен күбөлөндүрөт.
31. Текшерип жаткан кызмат адамы жазма буйруктун биринчи нускасын текшерилүүчү субъектинин кызмат адамына тапшырат.
Жазма буйруктун экинчи нускасына текшерилүүчү субъектинин кызмат адамы жазма буйрукту алганы жөнүндө жазат жана ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамына кайтарып берет.
32. Пландуу текшерүү жүргүзүүдө текшерүү баракчалары колдонулат. Текшерүү баракчасына киргизилген талаптар текшерилүүгө тийиш.
4. Текшерүү жүргүзүүнүн башталышы жана аякташы
33. Жазма буйрукта көрсөтүлгөн дата текшерүү башталган дата деп саналат.
34. Текшерүү мөөнөтү узартылган учурда ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси жазма буйруктун тиешелүү бөлүгүн эки нускада толтурат, кол коёт жана мөөр басат.
35. Жазма буйрукта көрсөтүлгөн текшерүү мөөнөтүнүн аякташы текшерүү жүргүзүү аяктаган дата деп саналат.
Эгерде текшерүү жүргүзүү жазма буйрукта көрсөтүлгөн мөөнөттөн эрте аяктаса, текшерилүүчү субъектке текшерүү актысы тапшырылган күн текшерүү аяктаган дата деп эсептелет.
36. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, ыйгарым укуктуу орган бекиткен формада текшерүү актысы түзүлөт.
37. Текшерүү актысы экиден кем эмес нускада түзүлөт жана текшерүү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы жана ишкердик субъекттин кызмат адамы кол коюшат.
38. Текшерүү актысында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) текшерүү актысы түзүлгөн дата, убакыт жана жер;
2) ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
3) текшерүүгө жазма буйруктун реквизиттери;
4) текшерүү жүргүзүү үчүн негиз;
5) текшерүүнүн түрү;
6) текшерген кызмат адамынын кызмат орду, аты-жөнү жана кызматтык күбөлүгүнүн номери;
7) текшерилүүчү субъектинин - жеке ишкердин аты-жөнү же текшерилүүчү субъектинин - юридикалык жактын аталышы, текшерилүүчү субъектинин дареги, текшерилүүчү субъектинин идентификациялык салык номери;
8) текшерүү жүргүзүүнүн датасы, убакыты жана орду;
9) текшерүүнүн натыйжалары, анын ичинде табылган укук бузуулар жөнүндөгү маалыматтар;
10) текшерилүүчү субъектинин (анын өкүлүнүн) текшерүүнүн натыйжалары менен таанышкандыгы же таанышуудан баш тарткандыгы жөнүндөгү маалыматтар, алардын коюлган колдору;
11) текшерген кызмат адамынын колу, текшерилүүчү субъектинин экономикалык ишти жүргүзгөн жана катталган жери;
12) текшерүүгө катышкан текшерилүүчү субъектинин жетекчисинин жана башка кызмат адамдарынын аты-жөнү;
13) ишиндеги текшерилген мезгил.
39. Эгерде эреже бузуулар белгиленбесе, актыга тиешелүү жазуулар жазылат.
40. Текшерүү актысына жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн үлгүлөрүн (сынамыктарын) тандоо жөнүндө акт, жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жана экспертизалардын протоколдору, текшерүү жүргүзүү учурунда алынган жана текшерүүнүн жыйынтыктарын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
41. Мамлекеттик, коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка жашыруун маалыматтарды камтыган текшерүүнүн жыйынтыгы мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу сыр жөнүндө мыйзамда белгиленген талаптарды сактоо менен таризделет.
42. Эскертүү (четтетүү жөнүндө жазма буйрук) ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча эки нускада түзүлөт жана ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кол коёт.
43. Эскертүүдө (четтетүү жөнүндө жазма буйрукта) төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) эскертүү (четтетүү жөнүндө жазма буйрук) ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган дата жана номер;
2) ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
3) текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамынын (адамдарынын) аты-жөнү;
4) текшерүү субъектисинин аталышы (аты-жөнү) жана дареги;
5) эскертүү (четтетүү жөнүндө жазма буйрук) анын негизинде берилген текшерүү актысынын датасы жана номери;
6) ченемдик укуктук актынын конкреттүү ченемин көрсөтүү менен эреже бузуунун курамын көрсөтүү;
7) эреже бузууну четтетүү үчүн текшерилүүчү субъектке берилүүчү мөөнөт;
8) эскертүү (четтетүү жөнүндө жазма буйрук) аткарылбаган учурда, текшерилүүчү субъектке жоопкерчилик белгилөөчү мыйзамдын ченемдерин көрсөтүү.
431. Эгерде мурдагы пландык же пландан тышкаркы текшерүүдө аныкталган бузууларды четтетүүнү текшерүү максатында жүргүзүлүүчү контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө бузуулар четтетилбеген фактылар аныкталса, анда ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы текшерилүүчү субъектке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган таасир этүү чараларын колдонот. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган таасир этүү чаралары колдонулгандан кийин ыйгарым укуктуу орган эгерде бузуу адамдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга таасирин тийгизсе - 3 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жана калган учурларда 15 жумуш күнгө чейин жаңы контролдук текшерүүнү жүргүзүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
432. Текшерүүнүн жүрүшүндө адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарына сөзсүз болуучу жана олуттуу коркунуч жаратуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун талаптарын бузуулар аныкталганда ыйгарым укуктуу орган ишти токтото туруу жөнүндө жазма буйрук чыгарат.
433.Ишти токтото туруу текшерилүүчү субъекттин аныкталган бузуулар менен түздөн-түз байланышкан объекттерин (имараттарды, курулмаларды, жайларды, жабдууларды жана түзүлүштөрдү) мөөр басуу же пломбалоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
434. Ишти токтото туруу жөнүндө жазма буйрук ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча эки нускада түзүлөт жана ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан кол коюлат.
435. Ишти токтото туруу жөнүндө жазма буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) каттоо номери жана датасы;
2) ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
3) жазма буйрук чыгарган кызмат адамы;
4) текшерилүүчү субъекттин аталышы (аты-жөнү) жана дареги;
5) жазма буйрук жазылган текшерүү актысынын датасы жана номери;
6) мыйзамдардын конкреттүү ченемин көрсөтүү менен бузуулардын сыпаттамасы;
7) иши токтотулуп жаткан текшерилүүчү субъекттин объекти;
8) мыйзам бузууларды четтетүү үчүн милдеттүү чаралардын тизмеги.
436. Өз алдынча пломбаны бузган же мөөрдү алган учурда текшерилүүчү субъект Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
437. Текшерилүүчү субъект төмөнкүлөргө укуктуу:
1) бузуулар четтетилгенден жана ырастоочу документтер берилгенден кийин ыйгарым укуктуу органга ишти калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен кайрылууга. Арызды кароо тартиби Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдары менен аныкталат;
2) ыйгарым укуктуу органдын ишти токтото туруу жөнүндө чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 797 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө отчёт ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга текшерүү планы квартал аяктаган күндөн тартып 20 иш күнүнүн ичинде түзүлсө квартал сайын берилет. Текшерүү планын бир жылга түзүүдө - отчёт отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-мартына чейин берилет.
45. Ыйгарым укуктуу органдын отчёту ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган белгилеген формада электрондук түрдө түзүлөт.
Маалымат базасында отчётту макулдашуу үчүн техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, отчёт кагазга жазылган түрдө, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу адамынын колу коюлуп жөнөтүлөт.
46. Ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган ыйгарым укуктуу органдан отчёт алган күндөн тартып 5 иш күнүнөн ашык эмес мөөнөттө аны кароого жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алууга милдеттүү:
- отчётту макулдашуу;
- отчётту толуктап кайра иштеп чыгууга жиберүү.
47. Эгерде отчёт толуктап кайра иштеп чыгууга жиберилсе, толуктап иштеп чыгуу процесси жана отчётту ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу отчёттук айдан кийинки кварталдын биринчи айынын аягына чейин же отчёттук жылдан кийинки жылдан 1-апрелине чейин аяктоого тийиш.
48. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө отчёт ар бир текшерүү боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
1) текшерүүнүн башталган жана аяктаган күнүн;
2) текшерүүнүн жыйынтыктарын;
3) эгерде текшерүү жүргүзүлбөсө, анын себептерин;
4) аныкталган эреже бузулары;
5) талаптары бузулган ченемдик укуктук актынын жобосун (беренесин, пунктун);
6) контролдук текшерүүнүн датасын жана мезгилин;
7) контролдук текшерүүнүн жыйынтыгын;
8) кабыл алынган таасир этүүчү чараларды.
49. Ыйгарым укуктуу органдын текшерилүүчү субъектке жүргүзгөн текшерүүлөрү инспектордук текшерүүлөрдү каттоо китебине (мындан ары - китеп) каттоого алынат. Эгерде текшерилүүчү субъектте китеп жок болсо, текшерүү актысында тиешелүү жазуулар жазылат.
50. Китеп ишкердик субъектиси тарабынан ишкердик иштин бардык мезгилинде сакталат жана текшерүү жөнүндө өткөрүү фактысын, мөөнөтүн жана башка маалыматтарын ырастоочу болуп саналат.
51. Ар бир ишкердик субъектиси же анын өзүнчө түзүмдүк бөлүгүнүн өзүнчө китеби болууга тийиш.
52. Китеп ушул Жобонун тиркемесине ылайык формада жүргүзүлөт. Китептин барактары көктөлөт, ишкердик субъектиси же анын кызмат адамы тарабынын кол коюлат, мөөр басылат.
5. Текшерүүлөрдү пландоо жана жүргүзүү процессинде ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо
53. Ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жана анын аймактык бөлүмдөрүнө "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынуучу текшерүүлөрдүн бардык түрлөрү боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан текшерүүлөр жөнүндө мыйзамдардын сакталышын контролдоо функциялары жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Контролдоо ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдө "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузууларды аныктоо жана алдын алуу, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалуулугун талдоо, ыйгарым укуктуу органдар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардын максималдуу сакталышын камсыз кылуу жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан контролдоо-көзөмөлдөө жүктөмүн минималдаштыруу максатында текшерүүлөр жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү үчүн жүргүзүлөт. Контролдоо "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынуучу текшерүүлөрдүн бардык түрлөрү боюнча ыйгарым укуктуу органдарга карата жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Контроль жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу органдардын стратегиялык пландары, текшерүү пландары, жүргүзүлгөн текшерүүлөр жөнүндө отчеттор, "Текшерүү.кг" текшерилүүчү объекттердин автоматташтырылган бирдиктүү маалыматтык базасында камтылган башка маалыматтар, ыйгарым укуктуу органдардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн баалоонун жыйынтыктары, ошондой эле уюмдардан жана айрым ишкердик субъекттерден, жалпыга маалымдоо каражаттарынан, башка булактардан түшкөн маалыматтар колдонулат.
Контролдоонун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилерине жиберилет жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган ишкердик субъекттеринин мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоочу уюмдары менен кызматташат, өз ишинде алардын сунуштарын эске алып, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук экспертизага тартат.
57. Текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурда ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо административдик жана (же) сот тартибинде жүзөгө ашырылат. Текшерүүчү кызмат адамынын аракеттери жана ыйгарым укуктуу органдын чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жогору турган ыйгарым укуктуу органга, прокуратура органдарына же түздөн-түз сотко даттанылышы мүмкүн.
58. Ишкердик субъекттеринен даттануулар келип түшкөндө ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган ишкерлердин жана ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда даттанууда келтирилген маселени талкуулоого укуктуу.
59. Кайрылууга мыйзам бузууну ырастаган документтер тиркелет.
60. "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген текшерүү жүргүзүү мөөнөтүн, жол-жобосун, принциптерин, чектөөлөрүн бузуу текшерүүнү мыйзамсыз деп таанууга негиз боло алат.
61. Ыйгарым укуктуу органдардын жана алардын кызмат адамдарынын төмөнкүдөй аракеттери (аракетсиздиги) мыйзамсыз болуп эсептелет:
1) ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген ыйгарым укуктуу органдын жана анын кызмат адамдарынын текшерүү жүргүзүүсү;
2) ыйгарым укуктуу органдын "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык текшерүү жүргүзүү боюнча иштерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бузуу менен текшерүү жүргүзүүсү;
3) "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген текшерүүлөрдү жүргүзүү принциптерин сактабай коюу;
4) текшерүү жүргүзүүдө айып пулдарды жана башка төлөмдөрдү түздөн-түз накталай түрдө алуу;
5) тиешелүү банктык алыш-бериш эсеби жана кредиттик-кассалык мекемелер аркылуу эсептешүү жүргүзбөө;
6) текшерүүнүн предметине тиешеси жок документтерди, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү талап кылуу;
7) мыйзамдарды бузуу менен алынган ишкердик субъекттери жөнүндөгү маалыматтарды топтоо, сактоо, пайдалануу жана жайылтуу;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ишкердик субъекттери менен макулдашпай туруп текшерүү мезгилинде алынган мамлекеттик, коммерциялык жана башка мыйзам менен корголуучу купуя сырларды жайылтуу;
9) бекитилген планы жок туруп пландуу текшерүү жүргүзүү;
10) "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген убакыт интервалдарын бузуу менен пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүү;
11) мурунку пландуу текшерүүдө камтылган иш мезгилин пландуу текшерүүгө киргизүү;
12) пландуу текшерүү жүргүзүү жөнүндө ишкердик субъектисинин жазуу жүзүндөгү кабарлоосу тууралуу талапты аткарбоо;
13) текшерүү жүргүзүү жөнүндөгү билдирүүнүн мөөнөтүн бузуу;
14) пландуу текшерүү жүргүзүүдө текшерүү баракчаларынын жоктугу;
15) пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүүгө талаптарды бузуу;
16) ишкердик субъекттери менен байланышкан үчүнчү жактардан, зарылчылыгы жок болсо, документтердин көчүрмөсүн жана/же маалыматтарды талап кылуу;
17) ишкердик субъекттери менен байланышкан үчүнчү жактардан текшерилип жаткан субъекттин ишине тиешелүү болбогон маалыматтарды жана/же документтердин көчүрмөлөрүн талап кылуу;
18) контролдук текшерүүнү коюлган максаттардын алкагынан ашыкча жүргүзүүгө - мурунку текшерүүдө аныкталган ишкердик субъектисинин эреже бузууларын четтетүүнү гана текшерүүгө албастан башка кошумча маселелерди да текшерүү;
19) белгиленген эреже бузууларды жоюу үчүн текшерилүүчү субъектке берилген мөөнөт аягына чыкканга чейин контролдук текшерүү жүргүзүү;
20) негизсиз кайра текшерүүлөрдү жүргүзүү;
21) даттанууларды кароо жана ал боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтүн бузуу;
22) даттануу боюнча жүйөсүз чечим кабыл алуу;
23) пландуу текшерүүнүн бардык маселелери боюнча кайра текшерүү жүргүзүү - пландуу текшерүүнүн даттанылган гана жыйынтыгы кайра текшерүүгө алынат;
24) текшерүү жүргүзүү тартибин бузуу;
25) ишкердик субъекттеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган талаптарды сактоосун контролдоо;
26) ишкердик субъектисине жазуу жүзүндөгү эскертүү бербөө;
27) эреже бузууларды четтетүү жөнүндө кабарлоо жиберүүнүн мөөнөтүн бузуу;
28) контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө эреже бузуулар четтетилбеген фактылар аныкталса, ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан мыйзамга ылайык ишкердик субъектисине карата таасир этүү чараларын көрбөө;
29) түрдүү ыйгарым укуктуу органдардын текшерүүнүн бир эле предмет боюнча ишкердик субъектке текшерүү жүргүзүүсү;
30) ошол текшерүү жүргүзүлгөн учурдан тартып 3 жыл өткөндөн кийин, пландуу текшерүүдө камтылган мезгил үчүн ишкердик субъектисинин ишине текшерүү жүргүзүү;
31) ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы болуп саналбаган же жазма буйрукта көрсөтүлбөгөн адамдардын текшерүү жүргүзүүсү;
32) текшерүү жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөтүн бузуу;
33) текшерүү жүргүзүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө соттун чечимине даттанууга тоскоол болуу;
34) китепке, ал жок учурда - текшерүү актысына текшерүү жөнүндө жазбай коюу же толук эмес жазуу киргизүү;
35) кызмат адамы кызматтык күбөлүгүн же текшерүү жөнүндө жазма буйругун көрсөтпөөсү;
36) кызмат адамынын текшерилүүчү субъекттин жумуш эмес мезгилинде анын аймагына же жайларына кирүүсү;
37) текшерүү актысын түзбөө;
38) белгиленген форманы бузуу менен акт түзүү (нускасынын саны, каралган маалыматтарды толук эмес көрсөтүү же көрсөтпөй коюу);
39) текшерүү актысына кошумча документтерди, алардын ичинде үлгүлөрдү (сынамыктарды) алууну кошкондо, жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн материалдарын, жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жана экспертизалардын протоколдорун тиркебей коюу;
40) тиркемелердин көчүрмөлөрү менен текшерүү актысынын бир нускасын тил кат аркылуу текшерилүүчү субъектке же анын кызмат адамына тапшырбай коюу же тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоо менен почта байланышы аркылуу жибербей коюу;
41) текшерилүүчү субъектке же анын кызмат адамына текшерүү актысына кол коюуга же текшерүү актысына макул эместиги жөнүндөгү жазууга мүмкүнчүлүк бербөө;
42) администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү мыйзамда каралган тартипти бузуу менен администрациялык укук бузуу тууралуу протоколду түзүү же түзбөй коюу;
43) текшерүүнүн жыйынтыктарын тариздөөдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу жашыруун сыр жөнүндөгү мыйзамда каралган талаптарды сактабай коюу;
44) ыйгарым укуктуу органдын жана анын кызмат адамдарынын ушул Жободо белгиленген милдеттерин аткарбоосу.
6. Ыйгарым укуктуу органдардын ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрү
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
61. Натыйжалуулукту баалоо үчүн текшерилүүчү субъекттер тарабынан коопсуздук талаптарын сактоо деңгээлин чагылдырган натыйжалуулук көрсөткүчтөрү колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
62. Баалоо жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майына чейин жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
63. Ыйгарым укуктуу органдардын ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн баалоо базалык жана атайын критерийлердин негизинде жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
64. Базалык критерий болуп конкреттүү тармакта коопсуздук деңгээлин жогорулатуу саналат.
Коопсуздук деңгээлин жогорулатуу критерийлери (өлүмгө учуроонун, бузуунун, чыгаруунун, булгануунун, уулануунун көрсөткүчтөрү, башка көрсөткүчтөр жана алардын динамикасы) ыйгарым укуктуу органдар тарабынан алардын компетенциясынын чегинде бекитилет жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
65. Атайын критерийлерге төмөнкүлөр кирет:
1) ресурстарды бөлүштүрүү: текшерүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган ресурстардын жана аналитикалык иш жүргүзүүгө, ишкерлерге консультация берүүгө, окутууга багытталган ресурстардын катышы;
2) тобокелдик даражасын эске алуу менен текшерүүлөрдү пландоо: жогорку тобокелдик даражасындагы текшерилүүчү субъекттерди текшерүүлөрдүн санынын (пландык жана пландан тышкаркы) текшерүүлөрдүн жалпы санына катышы;
3) консультацияларды берүү: ишкерлерге жана калкка кандай болбосун түрдө берилген консультациялардын саны;
4) ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарынын мазмундуулугу жана ыңгайлуулугу, социалдык тармактарды жана мессенджерлерди активдүү колдонуу:
- сайтта актуалдуу ченемдик-укуктук базаны жайгаштыруу;
- сайтка текшерүү пландарын жайгаштыруу;
- сайтта текшерүү барактарын жайгаштыруу;
- сайтта ишкерлер үчүн маалыматтык жана окутуучу материалдарды жайгаштыруу;
- сайтта эң көп кездешүүчү бузуулар боюнча түшүндүрмөлөрдү жана эң көп берилүүчү суроолорго жоопторду жайгаштыруу;
- онлайн-консультацияларды алуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
66. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн баалоо ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Жобонун 64 жана 65-пункттарында аныкталган критерийлердин негизинде жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Ишкердиктин субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын ишин баалоонун жыйынтыктары ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Текшерилүүчү субъекттерди колдоо боюнча алдын алуу чаралары
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
68. Алдын алуу чаралары болуп адамдын өмүрүнүн жана ден соолугунун, айлана-чөйрөнүн коопсуздугу, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктары үчүн тобокелдиктерди болтурбоо жана азайтуу үчүн текшерилүүчү субъекттерге алардын ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна ылайык келүү маселелери боюнча маалымдоо, консультация берүү жана сунуштарды берүү саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
69. Алдын алуу чараларын жүргүзүү текшерүүлөрдүн, аныкталган проблемаларды жалпылоо боюнча аналитикалык иштин, ошондой эле башка булактардан алынган маалыматтардын, анын ичинде илимий маалыматтардын жыйынтыгы боюнча ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Текшерилүүчү субъекттер тарабынан коопсуздук талаптарын максималдуу аткарылышы төмөнкүлөрдүн эсебинен жетишилет:
- коопсуздук талаптары жөнүндө маалыматты максималдуу кеңири жайылтуунун;
- текшерүү жол-жоболору жана текшерүү жүргүзүүдө текшерилүүчү субъекттердин укуктары жөнүндө маалыматты максималдуу кеңири жайылтуунун;
- текшерилүүчү субъекттердин коопсуздук талаптарын толук жана бир түрдүү түшүнүүсүн камсыз кылуунун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
71. Коопсуздук талаптары жана текшерүү жол-жоболору жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарына, ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына, ыйгарым укуктуу органдардын борбордук жана региондук бөлүмдөрүнүн жайларындагы ачык жеткиликтүү жерлерге жайгаштырылууга тийиш.
Маалымат төмөнкүдөй жайгаштырылат:
- ченемдик укуктук актылардын актуалдуу абалдагы расмий тексттери түрүндө;
- ченемдик укуктук актыларда камтылган талаптардын, ошондой эле жол-жоболордун деталдуу түшүндүрмөлөрүн камтыган колдонмолор, нускамалар, методикалык колдонмолор, схемалар жана башка маалыматтык жана окутуучу материалдар түрүндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
72. Ыйгарым укуктуу органдар ишкерлердин топтору үчүн тренингдерди жана жеке консультацияларды өткөрүү аркылуу ишкерлерге консультациялык колдоо көрсөтүүнү камсыз кылат.
Консультациялык колдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ишкерлердин жазуу жүзүндөгү жана оозеки суроолоруна онлайн (сайтта, социалдык тармактар аркылуу, ар кандай мессенджерлердин жардамы менен ж.б.), телефон боюнча, кагаз жүзүндө, окутуучу сабактарды өткөрүүдө, текшерүүлөрдү жүргүзүү процессинде жооптор;
- тобокелдик даражасын азайтууга, бузууларды болтурбоого жана четтетүүгө багытталган сунуштарды жана методикалык жардам берүү.
Эң көп кездешүүчү бузуулар боюнча түшүндүрмөлөр жана көп берилүүчү суроолорго жооптор ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
73. Алдын алуу чараларын жүргүзүү төмөнкүлөрдү эске алуу менен түзүлүүчү максаттуу топторго багытталат:
- иштин түрү (эң жогорку потенциалдуу коркунучтуу иштин түрлөрү);
- бизнестин көлөмү (чакан бизнес жана жаңы түзүлгөн бизнес);
- текшерилүүчү субъекттердин тобокелдик-профайлдары (бир нече жылдагы текшерүүлөрдүн жыйынтыктары).
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
74. Зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу органдардын региондук (райондук) бөлүмдөрү табигый, техногендик жана башка мүнөздөгү себептер боюнча кыйла аялуу абалда турган ишкерлерге жекече тартипте түшүндүрүү иштерин, окутуу боюнча иштерди жүргүзөт.
Зарыл болгон учурда, ошондой эле ишкердин суроо-талабы боюнча коопсуздуктун кыйла маанилүү талаптары боюнча маалыматтык жана окутуучу материалдар текшерилүүчү субъекттерге алардын иши жайгашкан жер боюнча жекече жеткирилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Форма
Ишкердик субъекттеринин инспектордук текшерүүлөр КИТЕБИ
_______________________________________________________________ (ишкердик субъектисинин толук аталышы, дареги)
№ | Текшерүү жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдын аталышы | Кызмат адамынын (адамдарынын) аты-жөнү, кызматы, күбөлүгүнүн номери, жазма буйруктун реквизиттери | Текшерүүнүн түрү жана маселеси | Текшерүү жүргүзүү башталган жана аяктаган дата | Купуя маалыматты ишкердик субъектисинин макулдугусуз таркатпоо жөнүндө милдеттенме, кызмат адамынын колу | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |