Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-январы № 62
Кыргыз Республикасынын калкынын маалымат алуусун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту "Кыргыз Республикасында" деген сөздөрдөн кийин "2018-2020-жылдарга" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин аталышы "Кыргыз Республикасында" деген сөздөрдөн кийин "2018-2020-жылдарга" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |