Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-марты № 111
Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик ободо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 407, 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 451, 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын калкынын маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги маалымат чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча республикалык бюджетти түзүүдө мамлекеттик жана коомдук телерадиоуюмдарынын, ошондой эле мамлекеттин катышуусу бар телекөрсөтүү уюмдарынын телеканалдарынын Социалдык пакетине киргизилген жер үстүндөгү санариптик ободо жана спутниктик берүүлөрдө трансляциялоо кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан белгиленген тарифтерге ылайык жыл сайын финансылык каражат карасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ачык акционердик коомуна жер үстүндөгү санариптик ободо берүүсүнүн телеканалдарынын Социалдык пакетин трансляциялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн эсептөөлөрдө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан белгиленген тарифтерди колдонуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктундагы "жана туризм" деген сөздөр ", спорт жана жаштар саясаты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 6-пунктундагы "Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2, 4, 5, 11, 18-пункттарындагы ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомунун 1, 2-пункттары;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-сентябрындагы № 663 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 828 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 442 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 62 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |