Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-октябры № 593
Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 3-июлу № 440, 2015-жылдын 25-сентябры № 663, 2015-жылдын 3-декабры № 828, 2016-жылдын 6-июнундагы № 300, 2017-жылдын 21-июлундагы № 442, 2018-жылдын 30-январындагы № 62, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын калкынын маалымат алуусун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Социалдык пакетке өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилген Социалдык пакеттен бир же бир нече телеканалдарды жана/же радиоканалдарды мөөнөтүнөн мурда чыгаруу же Социалдык пакетти башка телеканалдар жана/же радиоканалдар менен толуктоо себептери боюнча гана киргизилиши мүмкүн.";
- 9-пункту "жана/же радиоканалдарын" деген сөздөрдөн кийин ", конкурстук шарттарда киргизүүгө тийиштүү жеке менчик телекөрсөтүү жана радиоуюмдарын" деген сөздөр менен толукталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасында 2018-2020-жылдарга жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын СОЦИАЛДЫК ПАКЕТИ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-июнундагы № 300, 2017-жылдын 21-июлундагы № 442, 2018-жылдын 30-январындагы № 62 токтомдорунун редакциясына ылайык)
№ | Социалдык пакеттин телеканалдарынын тематикалык багыты | Телеканалдардын аталышы | Социалдык пакеттин телеканалдарын ээлеген телерадиоуюмдар |
1 | Коомдук-маалыматтык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "Коомдук биринчи канал" | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы "КТРК" |
2 | Коомдук-маалыматтык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "5-канал" | "5-канал" жабык акционердик коому |
3 | Коомдук-маалыматтык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "МИР" | Мамлекеттер аралык "МИР" телерадио компаниясынын улуттук филиалы |
4 | Коомдук-маалыматтык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "ЭлТР" | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик "ЭлТР" телерадиоберүү компаниясы |
5 | Коомдук-маалыматтык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "Пирамида" | "Медиа-холдинг Пирамида" жоопкерчилиги чектелген коому |
6 | Коомдук-маалыматтык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "Ынтымак" | "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы(*) |
7 | Коомдук-маалыматтык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "Ала-Тоо-24" | Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясы "КТРК" |
8 | Илимий билим берүү телеканалы (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "Илим жана Билим" | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик "ЭлТР" телерадиоберүү компаниясы |
9 | Балдар-өспүрүмдөр телеканалы (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "Баластан" | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы "КТРК" |
10 | Маданий агартуу телеканалы (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "Маданият-Тарых-Тил" | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы "КТРК" |
11 | Музыкалуу-оюн зоок телеканалы (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "КТРК Музыка" | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы "КТРК" |
12 | Спорттук телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "КТРК Спорт" | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы "КТРК" |
13 | Региондук коомдук-маалыматтык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) |
| Кыргыз Республикасынын Баткен облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы |
| Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы | ||
| Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы | ||
| Кыргыз Республикасынын Нарын облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы | ||
| Талас облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы | ||
| Чүй облустук "СТВ" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы | ||
| "ОшТВ" телерадиокомпаниясы жоопкерчилиги чектелген коому | ||
14 | Маалыматтык-оюн зоок телеканалы (Социалдык пакеттин 1-телеканалы) | Чет элдик тармактык өнөктөш-1 | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы |
15 | Маалыматтык-оюн зоок телеканалы (Социалдык пакеттин 1-телеканалы) | Чет элдик тармактык өнөктөш-2 | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы |
Эскертүү: (*) Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы берүүлөрдү камтуу менен.