Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-февралы № 108
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 727 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангдарын ыйгаруу тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункту "дипломатиялык кызматтын" деген сөздөрдөн кийин "дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пункту "Дипломатиялык кызматтын" деген сөздөрдөн кийин "дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пункту "дипломатиялык кызматтын" деген сөздөрдөн кийин "дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пункту "дипломатиялык кызматтын" деген сөздөрдөн кийин "дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пункту "ранг ыйгаруунун кезектүүлүктүн сактабастан" деген сөздөрдөн кийин "бирок бир тепкичтен жогору эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
- 16-пункту "Дипломатиялык кызматтын" деген сөздөрдөн кийин "дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;
- 17-пункту "мамлекеттик кызмат жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "жана дипломатиялык кызмат жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Исаков |