Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-декабры № 727
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангдарын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангын ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпатталышы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангын ыйгаруу жөнүндө күбөлүктөрдү даярдоо менен байланышкан маселелерди чечсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 727 токтомуна 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси дипломатиялык рангдарынан (мындан ары - дипломатиялык рангдар) тышкары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангын ыйгаруу жөнүндө күбөлүк эки элементтен турат: капкалдырыксыз жана ичмексиз папка.
Капкалдырыксыз папка "Stardream mars" маркасындагы тыгыздыгы - 250-300 г/кв.м болгон атайын кагаздан (кызыл, кочкул кызыл түстө) даярдалат.
Анын бүктөлгөн түрдөгү форматы - 210x297 мм. Биговка - 1.
Бетине алтын түстүү фольга бастырылган. Ортосунун жогору жагында мамлекеттик органдын аталышы кыргыз жана орус тилдеринде жазылган:
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ".
"МИНИСТЕРСТВО ИНОСТРАННЫХ ДЕЛ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ".
Ортосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү (сол жагында) жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин символикасы (оң жагында) жайгаштырылган.
Бланктын ортосунун төмөнкү жагында кыргыз жана орус тилдеринде төмөнкү тексттер жазылган:
"Дипломаттык ранг ыйгаруу тууралуу КҮБӨЛҮК"
"СВИДЕТЕЛЬСТВО о присвоении дипломатического ранга".
Ички папка капкалдырыксыз, Ичмек тыгыздыгы 250-300 г/кв.м болгон агыш жалтырабаган кагазга басылган. Бүктөлгөн түрүндөгү форматы - 210х297 мм. Битовка - 1. Ичмектин ички бетине алтын түстүү фольга бастырылган. Ар бир тарабы алкакталып жана кыргыз оймолору менен кооздолгон.
Ар бир тараптын ортосунун жогору бөлүгүндө өзүнчө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн жана мамлекеттик органдын аталышы кыргыз жана орус тилдеринде жазылган: "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ", "МИНИСТЕРСТВО ИНОСТРАННЫХ ДЕЛ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ".
Ар бир тараптын ортосунда кыргыз жана орус тилдеринде төмөнкүдөй сөздөр жазылган:
"Дипломаттык ранг ыйгаруу тууралуу КҮБӨЛҮК"
"СВИДЕТЕЛЬСТВО о присвоении дипломатического ранга".
Ичмектин биринчи бетинин ортосуна кыргыз тилинде кызматы атооч жөндөмөдө жана аты-жөнү барыш жөндөмөдө дипломатиялык рангдын аталышы "... дипломаттык рангы ыйгарылды" деп басылат.
Ичмектин экинчи бетинде аты-жөнү орус тилинде, кызматы барыш жөндөмөдө "присвоен дипломатический ранг..." деп дипломатиялык рангдын аталышы басылат.
Төмөнкү бөлүгүндө "Министр" деген сөз, мамлекеттик органдын жетекчисинин аты-жөнү, буйруктун номери жана күнү кыргыз жана орус тилдеринде жазылат.