Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы N 727 токтомуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангдарын ыйгаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси дипломатиялык рангдарынан (мындан ары - дипломатиялык рангдар) тышкары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангдарын ыйгаруу тартибин белгилейт.
1. Дипломатиялык рангды ыйгаруу
1. Дипломатиялык рангдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык ыйгарылат.
2. Ээлеген кызмат орундарын эске алуу менен дипломатиялык кызматтын дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген кызматкерлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине төмөнкү дипломатиялык рангдар ыйгарылат:
1) атташе;
2) үчүнчү катчы;
3) экинчи катчы;
4) 2-класстагы биринчи катчы;
5) 1-класстагы биринчи катчы;
6) 2-класстагы кеңешчи;
7) 1-класстагы кеңешчи.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Дипломатиялык рангдар "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-27-беренелеринин жоболорун эске алуу менен өмүр бою ыйгарылат.
4. Дипломатиялык рангдар ыйгарылган адамдарга Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык эмгек акысына атайын үстөктөр төлөнөт.
5. Дипломатиялык рангдарды ыйгаруу тийиштүү күбөлүктү берүү жана кызматтык тизмеге (эмгек китепчесине) жазуу менен ырасталат.
Дипломатиялык рангды ыйгаруу жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын персоналды башкаруу кызматы тарабынан дипломатиялык ранг ыйгарылган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен берилет.
2. Дипломатиялык рангдарды ыйгаруу тартиби
6. Дипломатиялык рангдар Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жетекчиси тарабынан ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын сунушунун негизинде ыйгарылат.
7. Дипломатиялык кызматтын дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген кызматкерлерине дипломатиялык рангдарды ыйгаруу жөнүндө төмөнкүлөр менен макулдашылган сунуштар ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын жетекчиси же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси тарабынан, ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын кароосуна киргизилет:
- ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин тейлеген орун басары жана ыйгарым укуктуу органдын статс-катчысы;
- ыйгарым укуктуу органдын статс-катчысы менен гана, эгерде дипломатиялык ранг ыйгарым укуктуу органдын статс-катчысы тарабынан түздөн-түз тейленүүчү жогоруда аталган бөлүнүштүн, органдын же өкүлчүлүктүн кызматкерине ыйгарылса.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тескеген түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн кызматкерлерине дипломатиялык рангдарды ыйгаруу жөнүндө сунуштар тийиштүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчилери тарабынан ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын кароосуна киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Дипломатиялык рангдарды тийиштүү кызмат адамдарына ыйгаруу жөнүндө сунуштар тиешелүү ранг үчүн ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөн күнгө чейин бир айдан кечиктирилбестен киргизилет.
Тийиштүү кызмат адамына "атташе" дипломатиялык рангын ыйгаруу жөнүндө сунуш ал дайындалган күндөн тартып үч айдан кеч эмес мөөнөттө киргизилет.
9. Протокол түрүндө таризделүүчү дипломатиялык кызматтын дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген кызматкерлерин дипломатиялык рангдарды ыйгарууга сунуштоо жөнүндө чечим дипломатиялык рангдарды ыйгаруу жөнүндө тийиштүү сунуш келип түшкөн күндөн тартып бир айдан кеч эмес мөөнөттө аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Дипломатиялык рангдарды ыйгаруу жөнүндө сунуштамада талапкерге дипломатиялык рангды ыйгаруунун зарылдыгынын тийиштүү негиздемеси, ошондой эле ал жөнүндө толук маалымат (кызматтык тизме, иш стажы) камтылууга тийиш.
11. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте алып салынбаган иши боюнча олуттуу эскертүүсү жана/же тартиптик жазасы бар дипломатиялык кызматтын дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген кызматкерлери дипломатиялык рангдарды ыйгарууга көрсөтүлбөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Дипломатиялык рангдарда болуу мөөнөттөрү
12. Дипломатиялык рангдарда болуу мөөнөттөрү:
1) атташе үчүн - 1 жыл;
2) үчүнчү катчы, экинчи катчы үчүн - 2 жыл;
3) 1 жана 2-класстагы биринчи катчы, 2-класстагы кеңешчи үчүн - 3 жыл;
1-класстагы кеңешчинин дипломатиялык рангда болуу мөөнөтү белгиленбейт.
Дипломатиялык рангда болуунун белгиленген мөөнөтү бүткөндө кезектеги дипломатиялык ранг ушул Жобонун 2-бөлүмүндө каралган тартипте, 1-бөлүмдүн 4-пунктун эске алуу менен жана иши боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте алып салынбаган олуттуу эскертүүсү жана/же тартиптик жазасы жок шарттарда ыйгарылат.
13. Дипломатиялык рангдарда болуунун мөөнөтүнө төмөнкүлөр кошуп эсептелет:
1) ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө иштөөсү;
2) чет өлкөлөрдөгү мекемелерде иштөөсү;
3) мурунку СССРдин жана союздук республикалардын Тышкы иштер министрлигинде иштөөсү;
4) ыйгарым укуктуу органдын жиберүүсү боюнча жогорку окуу жайларда, илимий мекемелерде окуусу, такшалмадан өтүүсү жана изилдөө жүргүзүүсү;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүнүштөрүндө иштөөсү;
6) 12 айдан көп эмес мөөнөткө өз алдынча өтүүдө окуу жайларында жана илимий мекемелерде окуусу, такшалмадан өтүүсү жана изилдөө жүргүзүүсү;
7) ыйгарым укуктуу органдын жиберүүсү боюнча эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлүүчү миссиялардын ишине жана иш-чараларга катышуусу:
8) эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасына бекитилген эл аралык уюмдарда квоталык кызмат орундарында иштөөсү.
4. Дипломатиялык рангды мөөнөтүнөн мурда жана кезексиз ыйгаруу, төмөндөтүү, ажыратуу жана калыбына келтирүү тартиби
14. Тийиштүү кызмат адамы өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын ак ниет аткаргандыгы, активдүү, демилгелүү жана кынтыксыз кызматы, өзгөчө маанилүү жана татаал атайын тапшырмаларды аткаргандыгы үчүн, ошондой эле ишинде олуттуу ийгиликтерге жетишкенде жана өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин (мөөнөтүнөн мурда ранг ыйгаруу) же ранг ыйгаруунун кезектүүлүктүн сактабастан бирок бир тепкичтен жогору эмес (кезексиз ранг ыйгаруу) рангынан жогорулатылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Дипломатиялык рангды мөөнөтүнөн мурда же кезексиз ыйгаруу ушул Жобонун 2-бөлүмүндө белгиленген тартипте ишке ашырылат.
16. Дипломатиялык кызматтын дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген кызматкери өзүнүн кызматтык милдеттерин дайыма аткарбаган же тийиштүү деңгээлде аткарбаган, дипломат макамына туура келбеген жоруктарды жасаган учурда дипломатиялык рангынан төмөндөтүлүшү мүмкүн.
Дипломатиялык рангынан төмөндөтүү эмгек мыйзамдарында жана мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте тартиптик жаза чара катары колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Дипломатиялык рангынан ажыратуу эмгек мыйзамдарында жана мамлекеттик кызмат жөнүндө жана дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте тартиптик жаза чара катары колдонулат.
Тиешелүү адамдар ага карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнө жараша дипломатиялык рангынан ажыратылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)