Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-апрели № 189
Кайтарылуучу чөлкөмдөрдү, алардын өлчөмүн, ушул максатта бөлүнгөн жерлерди пайдалануу режимин орнотуу жана бөлүнгөн тилкенин чегинде темир жол транспортунун жерлерин коргоо тартибин бекитүү жөнүндө
"Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 11-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайтарылуучу чөлкөмдөрдү, алардын өлчөмүн, ушул максатта бөлүнгөн жерлерди пайдалануу режимин орнотуу жана бөлүнгөн тилкенин чегинде темир жол транспортунун жерлерин коргоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
Кайтарылуучу чөлкөмдөрдү, алардын өлчөмүн, ушул максатта бөлүнгөн жерлерди пайдалануу режимин орнотуу жана бөлүнгөн тилкенин чегинде темир жол транспортунун жерлерин коргоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип кайтарылуучу чөлкөмдөрдү пайдалануу режимин жана өлчөмүн орнотуу эрежелерин, ошондой эле темир жол транспортунун бөлүнгөн тилкесинин чегиндеги жерлерди коргоону, жүк ташуу процессинин катышуучуларынын коопсуз ишин камсыздоону регламенттейт.
2-глава. Кайтарылуучу чөлкөмдөрдү, алардын өлчөмүн жана ушул максатта бөлүнгөн жерлерди пайдалануу режимин орнотуу тартиби
2. Темир жол транспортунун жерлериндеги кайтарылуучу чөлкөмдөр (мындан ары - кайтарылуучу чөлкөмдөр) калктын коопсуздугун жана темир жол транспортунун инфраструктурасынын объектилерин коопсуз пайдаланууну, темир жолго бөлүнгөн тилкенин жерлерине туташ жер участокторунда жер көчкү, уроо, жууп кетүү, сел, кум кыймылын жана башка коркунучтарды туудурган аймактарда курулмалардын, түзүлүштөрдүн жана темир жол транспортунун башка объектилеринин сактыгын, бекемдигин, туруктуулугун камсыздоо үчүн орнотулат.
3. Кайтарылуучу чөлкөмдөр өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлердин категориясына кирет.
4. Кайтарылуучу чөлкөмдөрдү, алардын өлчөмүн жана чек араларын, алардын чегинде темир жол транспортунун жасалма курулмаларын жана жер полотносуна терс таасир тийгизүү мүмкүндүгүн четке кагуучу жер колдонуу шарттарын белгилөө зарылдыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 10-июлундагы № 316 "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергия менен камсыздоо жерлери жана аларды колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык, ошондой эле жер полотносун куруу, реконструкциялоо жана оңдоо долбоорлорунда физикалык-географиялык, жер кыртыштык, гидрологиялык жана башка жаратылыш шарттарына жараша аныкталат.
5. Кайтарылуучу чөлкөмдөрдүн чегиндеги жер участокторунун ээлери жана жерди пайдалануучулар аталган жер участокторунда чарбалык ишти Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын жер, суу жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарга жана ушул Тартипке ылайык жүргүзөт.
6. Турак жай-жарандык багыттагы курулмаларга жана имараттарга тийгизген терс таасирин азайтуу максатында санитардык-коргоо чөлкөмдөрү орнотулат.
Санитардык-коргоо чөлкөмдөрүнүн тилкелеринин өлчөмдөрү жана колдонуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 27-майындагы № 6-чуа буйругу менен бекитилген Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу боюнча эрежелердин топтому менен аныкталат.
7. Суу жайылган жерде, көлдөрдүн жана суу сактагычтардын жээктерин бойлой орнотулган кайтарылуучу чөлкөмдөрдө мал жаюу, токойду коргоочу бак-дарактарды кыюу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 10-июлундагы № 316 "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергия менен камсыздоо жерлери жана аларды колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен аныкталат.
8. Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергия менен камсыздоо жерлери жана аларды колдонуу тартиби жөнүндө жогоруда аталган жобого ылайык электр өткөрүүчү аба линияларын сактыкта жана жакшы тейлөө үчүн:
а) калктуу эмес аймактан өткөн электр өткөрүүчү аба линияларын бойлой кеткен кайтарылуучу чөлкөмдөр жарыш түз сызыктары менен аныкталуучу четки зымдардан төмөнкү аралыкта орнотулат:
- чыңалуусу 1000 вольтко чейинки линиялар үчүн - 2 метр;
- чыңалуусу 1-20 киловольтко чейинки линиялары үчүн - 10 метр;
- чыңалуусу 35 киловольтко чейинки линиялар үчүн - 15 метр;
- чыңалуусу 110 киловольтко чейинки линиялар үчүн - 20 метр;
- чыңалуусу 154-220 киловольтко чейинки линиялар үчүн - 25 метр;
- чыңалуусу 400 киловольтко чейинки линиялар үчүн - 30 метр;
- жер астындагы кабелдик линиялар үчүн - 1 метр;
б) электр өткөрүүчү аба линияларынын четки зымдарынан ажырымы имараттардын жана курулмалардын жакынкы чыгып турган бөлүктөрүнө чейин алардын эң көп четтеп кеткениндеги кеңдиги:
- чыңалуусу 20 киловольтко чейинки линиялар үчүн - 2 метр;
- чыңалуусу 35-110 киловольтко чейинки линиялар үчүн - 4 метр;
- чыңалуусу 154 киловольтко чейинки линиялар үчүн - 5 метр;
- чыңалуусу 220 киловольтко чейинки линиялар үчүн - 6 метр;
- чыңалуусу 400 киловольтко чейинки линиялар үчүн - 10 метр;
в) токой массивдеринде жана бак-дарактар тигилген жерлердеги жолдордун кеңдиги:
- жапыс өскөн бийиктиги 4 метрге чейинки бак-дарактарда - электр өткөрүүчү аба линияларынын четки зымдарынын ортосундагы аралыктан кем эмес плюс 6 метр (четки зымдардын ар бир жагына 3 метрден);
- 4 метрден бийик бак-дарактарда - электр өткөрүүчү аба линияларынын таяныч траверсинин узундугунан кем эмес, плюс негизги токой массивинин эки эселенген бийиктиги (ар бир тарабы боюнча четки зымдардан токой массивинин бийиктигине барабар аралык боюнча);
г) чыңалуусу 2 киловольттон жогору болгон электр өткөрүүчү аба линияларынын зымдарынын алдында турган имараттар жана курулмалар, күйбөй тургандарды кошпогондо, кайтарылуучу чөлкөмдөрдөн чыгарылат;
Сейил бактарда, коруктарда, токойлордо, калктуу пункттардын айланасындагы жашылдандырылган чөлкөмдөрдө, токой массивдеринде, темир жол, шоссе жолдорунун, дарыялардын, көлдөрдүн боюндагы коргоо тилкелеринде электр өткөрүүчү аба линиялары үчүн жолдордун кеңдигин электр өткөрүүчү аба линияларын куруп жаткан уюм бак-дарактарды кароого алган уюм менен макулдашуу боюнча белгилейт.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 10-июлундагы № 316 "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергия менен камсыздоо жерлери жана аларды колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык кайтарылуучу чөлкөмдөрдүн чегинде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- электр өткөрүүчү линияларын эксплуатациялаган уюмдун жазуу жүзүндөгү уруксатысыз ар кандай курулмаларды, байланыш линияларын, кубаттуу аба электр тармактарын курууга, жардыруу, сугаруу, карьерлерди казуу, курулуш, жер казуу, монтаждоо, оңдоо иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле бак-дарак отургузууга, спорттук жана тегиздиктеги курулуштарды жүргүзүүгө;
- чөптүн, самандын, токой материалдарынын тактайларын үймөктөп коюуга, талаа стандарын, кашааларды, мал сарайларын жайгаштырууга, от жагууга, таштанды ыргытууга, кислота жана щелочтордун аралашмаларын төгүүгө;
- электр өткөрүүчү аба линияларынын жана подстанциялардын үстүнөн 100 метрден жапыс бийиктикте авиациянын учуусуна, алардын үстүнөн балласт, трос жана башка буюмдарды ыргытууга, ошондой эле парашют менен түшүүгө;
- жерди пайдалануучулар кайтарылуучу чөлкөмдөрдө айыл чарбасындагы талаа иштерин линияларды тейлеген уюмдарга, ишканаларга алдын ала кабарлоо менен жүргүзүшөт.
10. Жогорку вольттуу электр тармактарына жер участоктору белгиленген тартипте төмөнкү өлчөмдө бөлүнүп берилет:
- жер астындагы электр кабелдик линиялардын үстүндө - четки кабелден эки тарапка - 1 метрден, ушул чөлкөмдө кабелдик линияны экплуатациялаган уюм менен макулдашуусуз башка коммуникацияларды салууга жол берилбейт.
Байланыш объекттеринин кайтарылуучу чөлкөмдөрүнө жер участоктору белгиленген тартипте төмөнкүдөй өлчөмдө берилет:
- жер астындагы кабелдик жана абадагы байланыш линиялары жана радиофикация үчүн - жер астындагы кабелдин трассасынын же абадагы линиялардын четки зымдарынын ар бир тарабынан 3 метр аралыкта параллелдүү сызыктар менен аныкталуучу ушул линияларды бойлой кеткен жер участоктору түрүндө.
11. Темир жол транспортунун объекттерин андан ары этаптуу өнүктүрүү үчүн зарыл болгон кайтарылуучу чөлкөмдөрдүн өлчөмү баштапкы чыгымдарды үнөмдөө жана ташуунун көлөмү жогорулаган сайын инфраструктура объекттеринин андан аркы өнүгүшүн камсыздоону эске алуу менен келечекке техникалык-экономикалык эсептөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча аныкталат жана темир жол эксплуатацияга киргизилгенден тартып темир жол транспортун өнүктүрүү мүмкүндүгүн жана анын жогорку кубаттуулугуна жетишүүнү камсыздайт.
12. Кайтарылуучу чөлкөмдөрдүн жана бөлүнгөн тилкенин чегинде эңкейиш жердин туруктуулугун төмөндөтүүчү жана жер үстүндөгү жана чарбалык-тиричилик суулардын чыгышын начарлатуучу капиталдык имараттарды, курулуштарды жана курулмаларды куруу, токой дарактарын жана мөмө бактарын отургузуу, ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөрдү жана башка инженердик коммуникацияларды, убактылуу жолдорду орнотуу, жердин чымдуу катмарын кыруу, дың жерди айдоо, чарбактарды тигүү, жерди иштетүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 10-июлундагы № 316 "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергия менен камсыздоо жерлери жана аларды колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык аныкталат.
13. Жер полотносунун жана жасалма курулмалардын туруктуулугуна таасир этүүчү түрдүү чарба иштери жүргүзүлгөн кайтарылуучу чөлкөмдөрдүн өлчөмү инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүүгө адистештирилген уюмдардын аталган изилдөөлөрүнүн негизинде аныкталат.
3-глава. Бөлүнгөн тилкенин чегинде темир жол транспортунун жерлерин коргоо жана колдонуу тартиби
14. Темир жолдун бөлүнгөн тилкесинде (мындан ары - бөлүнгөн тилке) темир жолдорду жана аларга тутумдаш болгон курулмаларды, жабдыктарды, имараттарды жана токой дарактарын жайгаштыруу үчүн орнотулат (аларга жолдор менен жер полотносу, бекет жолдору менен станциялар, жүргүнчү вокзалдар, жасалма курулмалар, сигнализация жана байланыш, энергетика, локомотив, вагон, жол, жүк жана жүргүнчү чарбаларынын линиялары, имараттары жана курулмалары, суу менен жабдуу жана канализация, түрдүү багыттагы коргоочу токой дарактары, кызматтык, турак жай, маданий-тиричилик имараттары жана темир жол ишин камсыз кылуучу башка имараттар жана курулмалар кирет).
15. Темир жолдун бөлүнгөн тилкесиндеги жерлердин чеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 10-июлундагы № 316 "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергия менен камсыздоо жерлери жана аларды колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен аныкталат жана жеринде атайын белгилер менен белгиленет.
16. Бөлүнгөн тилкенин минималдуу кеңдиги четки темир жол огунан 12 метр өлчөмүндө белгиленет.
17. Көчкүдөн коргоочу курулмалар, дамбалар, эстакадалар жана башка атайын жабдуулар курулган темир жолдун бөлүнгөн тилкесинин кеңдиги аталган жабдыктарды жайгаштырууну эске алуу менен белгиленет.
18. Темир жолдун бөлүнгөн тилкесинин чегин инфраструктуранын операторлору, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирдикте жалпы пайдалануудагы эмес темир жолдордун ээлери белгилешет.
19. Бөлүнгөн тилкенин өлчөмүн өзгөртүү жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
20. Бөлүнгөн тилкенин чегинде темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунда ташуу процесстерине байланышкан башка техникалык каражаттардын кыймылынын жана эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыздоо, жүргүнчүлөрдүн ден соолугуна жана өмүрүнө коопсуз ташуу, экологиялык коопсуздук шарттарын түзүү, инженердик курулуштардын жана темир жол инфраструктурасынын башка объекттеринин сапаттуу иштөөсү үчүн шарттарды түзүү максатында улуттук ташуучу, жалпы эмес пайдалануудагы темир жолдордун ээлери, жүргүнчү, жүк жөнөтүүчү (жөнөтүүчү), жүк кабыл алуучу (кабыл алуучу), ошондой эле темир жол кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучу жеке жана юридикалык жактар жер, суу, жер казынасы, жаратылышты пайдалануу жана транспорт чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так аткарышат.
21. Инженердик коммуникацияларды, жол зымдарын, өтмөктөрдү, байланыш линияларын, электр берүү, нефть, газ өткөргүчтөрүн, ошондой эле башка темир жолдорду кесип өткөн же алардын жанында жайгашкан объекттерди куруу жана эксплуатациялоо үчүн бөлүнгөн тилкенин чегиндеги сервитут кызыкдар жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык улуттук ташуучу же жалпы эмес пайдалануудагы темир жолдордун ээси менен макулдашуу боюнча гана берилет.
22. Инженердик коммуникацияларды, жол зымдарын, өтмөктөрдү, байланыш линияларын, электр берүү, нефть, газ өткөргүчтөрүн, ошондой эле башка темир жолдорду кесип өткөн объекттерди же алардын жанында жайгашкан имараттарды жана курулмаларды бөлүнгөн тилкеде жайгаштыруу, куруу жана эксплуатациялоо шарттары долбоордук документтерге жана курулуш жана жерди пайдалануу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык алардын ээлери жана улуттук ташуучу же жалпы пайдалануудагы эмес темир жолдордун ээсинин ортосундагы макулдашуу боюнча гана аныкталат.
23. Ушул Тартиптин талаптарын бузган жактар жер, суу, жер казынасы жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.
4-глава. Корутунду жоболор
24. Кайтарылуучу чөлкөмдөрдүн чегинде чарба жана башка иштердин режимин сактоону, бөлүнгөн тилкенин чегинде имараттарды жана курулуштарды жайгаштырууну контролдоо мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар, улуттук ташуучу жана жалпы пайдалануудагы эмес темир жолдордун ээлери тарабынан "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.