Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 28 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 199
"Саясий мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жарандардын соттуулугу жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-берененин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Саясий мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жарандардын соттуулугу жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Саясий мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жарандардын соттуулугу жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төмөнкүлөрү бар Кыргыз Республикасынын жараны аким боло албайт:
- кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу;
- соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан анча оор эмес, оор же өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн соттуулугу;
- башка мамлекеттин жарандыгы.".
2-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 42-беренесинин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төмөнкүлөрү бар Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло албайт:
- кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу;
- соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан анча оор эмес, оор же өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн соттуулугу.";
2) 48-беренесинин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төмөнкүлөрү бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт:
- кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу;
- соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан анча оор эмес, оор же өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн соттуулугу.".
3-берене.
"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1195-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-беренесинин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төмөнкүлөрү бар Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло албайт:
- кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу;
- соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан анча оор эмес, оор же өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн соттуулугу;
- башка мамлекеттин жарандыгы.".
4-берене.
"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1196-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-беренесинин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төмөнкүлөрү бар Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло албайт:
- кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу;
- соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан анча оор эмес, оор же өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн соттуулугу;
- башка мамлекеттин жарандыгы.".
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|