Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 27-январы № 28
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 199 токтому менен жактырылган "Саясий мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жарандардын соттуулугу жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 199 "Саясий мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жарандардын соттуулугу жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын төмөнкү жараны аким боло албайт:
- кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар;
- мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;
- кынтыксыздык талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|