Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-марты № 128
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ченөө каражаттарын текшерүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ченөө каражаттарын текшерүүнүн мөөнөттөрүн жана мезгилдүүлүгүн тартипке келтирүү жана Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасынын талаптарын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- преамбуласы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча жумуштардын натыйжаларын таануу эрежелерине ылайык ушул ченөө каражаттарынын типтерин бекитүү өз ара таанылган, ЕАЭБнин аймагында жүргүзүлгөн ченөө каражаттарын текшерүү Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен тартипте жүргүзүлөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 14.1-пункт менен толукталсын:
"14.1. Ченөө каражаттарын текшерүүдө:
- текшерүү методикасында көрсөтүлгөн текшерүү жол-жоболору аткарылат;
- ченөө натыйжалары жазылат, текшерүү методикасында каралган форма боюнча текшерүү протоколу таризделет жана арыз ээсинин талабы боюнча протоколдун көчүрмөсү берилет;
- ченөө каражаттарын текшерүүнүн жыйынтыктары ушул Жобонун 18 же 22-пункттарына ылайык таризделет.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Текшерүүгө жаткан ченөө каражаттарынын тизмеси жана текшерүүнүн мезгилдүүлүгүндө:
- бүткүл текст боюнча "Паспорттогу маалыматтарга ылайык" деген сөздөр "Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Текшерүүнүн мезгилдүүлүгү" графасынын 22, 38, 46 жана 64-пункттарындагы "Жылына 1 жолу" деген сөздөр "Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 48-3 жана 48-4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 101-1-пункт менен толукталсын:
"
101-1 | Заттардын жана материалдардын курамынын жана касиеттеринин физикалык-химиялык көрсөткүчтөрүн аныктоонун анализаторлору | Жылына 1 жолу |
|
";
- 102 жана 104-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
102 | Биохимиялык анализаторлор | Жылына 1 жолу | Оптикалык системаны пайдаланбастан ченөө функциялары менен толук автоматташтырылган жана техникалык системалары же түзүлүштөрү бар анализаторлордон тышкары |
";
"
104 | Иммуноферменттик анализаторлор | Жылына 1 жолу | Оптикалык системаны пайдаланбастан ченөө функциялары менен толук автоматташтырылган жана техникалык системалары же түзүлүштөрү бар анализаторлордон тышкары |
";
- 112-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
112 | Медициналык термометрлер: |
|
|
| - электрондук
- сымаптык | Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык өндүрүштөн чыкканда |
|
";
- 122 жана 123-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
122 | Электр энергиясынын үч фазалуу эсептегичтери: |
|
|
| - индукциялык - электрондук | 4 жылда 1 жолу ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык |
|
123 | Электр энергиясынын бир фазалуу эсептегичтери: |
|
|
| - индукциялык - электрондук | 8 жылда 1 жолу ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык |
|
";
- 125-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
125 | а) 1000 В чейинки токтун жана чыңалуунун трансформаторлору | Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык |
|
б) 1000 В жогору токтун жана чыңалуунун трансформаторлору | Оңдолгондон кийин жана өндүрүштөн чыккан учурда |
";
- 130-134-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
130 | Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун вольтметрлери эталондук | Жылына 1 жолу |
|
131 | Амперметрлер эталондук | Жылына 1 жолу |
|
132 | Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун амперметрлери эталондук | Жылына 1 жолу |
|
133 | Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун ваттметрлери эталондук | Жылына 1 жолу |
|
134 | Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун киловольтметрлери эталондук | Жылына 1 жолу |
|
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |