Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты № 134
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
Жеке жана юридикалык жактарга электрондук формада көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө", "Электрондук колтамга жөнүндө", "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети:
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу 2018-жылдын 15-марты - 15-сентябрында электрондук формада мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча пилоттук долбоорду өткөрсүн;
- пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда 2018-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте электрондук формада мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды туруктуу негизде көрсөтүү боюнча маселелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизсин.
2. Пилоттук долбоорду өткөрүү учуруна Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануунун убактылуу эрежелери бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфосистема" мамлекеттик ишканасына Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын техникалык коштоого ыйгарым укук берилсин.
4. Мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор:
- ички маалыматтык системаларды Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына кошуу боюнча чараларды көрүшсүн;
- пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда 2018-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте электрондук формада берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын жана тиешелүү административдик регламенттеринин долбоорлорун киргизишсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын ишке киргизүүнү жана техникалык тейлөөнү Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде тиешелүү жылга каралган финансы каражаттарынын чегинде өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 15-мартынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануунун УБАКТЫЛУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануунун убактылуу эрежелери (мындан ары - Эреже) Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын (мындан ары - Портал) пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Портал мамлекеттик маалыматтык система болуп саналат, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада берүүнү жана арыз ээлеринин "Интернет" маалыматтык-коммуникациялык тармагын пайдалануу менен жайылтуу үчүн арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган реестрине (тизмегине) киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарга жетүүсүн камсыз кылат.
3. Порталдын негизги тили кыргыз тили болуп саналат, ошондой эле орус жана англис тилдери колдонулат.
4. Порталды техникалык тейлөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик ишкана ишке ашырат.
5. Жеке маалыматтар жөнүндөгү информациялар жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдын талаптарын сактоо менен Порталда сакталат жана иштетилет.
6. Мамлекеттик сырга кирген маалыматтарды Порталдын мамлекеттик маалыматтык системасында иштетүүгө, сактоого жана берүүгө болбойт.
2. Ушул Эрежеде пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
7. Ушул Эрежеде төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы - жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү, республикалык бюджеттин пайдасына башка төлөмдөрдү төлөгөндүгү жөнүндө маалыматтарды алмашууга арналган система.
Жеке кабинет - Порталда катталуу жол-жобосунан өткөн пайдалануучуларга Порталды пайдалануу менен пайдалануучу жиберген электрондук арыздарды кароо статусун жана электрондук формада мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасында байкоо жүргүзүүгө, ошондой эле Порталдын бардык функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу мүмкүндүгүн берген сервис.
Пайдалануучу - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу максатында Порталды пайдалануу үчүн Пайдалануу келишимин түзгөн жеке жана/же юридикалык жак.
Пайдалануу келишими - Порталды пайдалануунун зарыл болгон шарттары камтылган Порталда электрондук форматта оператор жана Пайдалануучунун ортосунда түзүлгөн Порталды пайдалануу жөнүндө макулдашуу.
Оператор - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Порталды техникалык коштоого ыйгарым укук берилген мамлекеттик ишкана.
PDF (Portable Document Format) форматындагы документ - документ көптөгөн платформалардын кайсынысында жана көптөгөн тиркемелердин кайсы биринде түзүлгөндүгүнө карабастан, баштапкы документтин шрифтин, сүрөтүн жана макетинин өзүн сактоо мүмкүнчүлүгүн берген документтин сканирленген үлгүсүн камтыган электрондук документтердин универсалдуу файлдык форматы.
3. Порталдын максаты жана милдети
8. Портал мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада берүү максатында түзүлгөн.
9. Порталдын негизги милдети төмөнкүлөр:
1) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеке жана юридикалык жактар үчүн жеткиликтүүлүк деңгээлин жакшыртуу;
2) жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат алуу деңгээлин жогорулатуу;
3) мамлекеттик кызматты сапаттуу көрсөтүүнү камсыз кылуу.
4. Пайдалануучунун Порталга кирүүсүнүн шарттары
10. Порталга Пайдалануучунун жеке кабинети аркылуу кирүүгө болот.
11. Пайдалануучунун жеке кабинетине Порталдын расмий сайтында Пайдалануу келишимин түзүү аркылуу катталуу жолу менен кирүүгө болот.
12. Пайдалануучу каттоо учурунда Пайдалануу келишиминин төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттерин толтурат:
жеке жактар үчүн:
- паспорттук маалыматтарын (жеке идентификациялык номери, аты-жөнү, туулган датасы, документтин номери, документти берген орган, берген датасы, жарактуулук мөөнөтү аяктаган дата, жашаган жери, улуту, жарандыгы, туулган жери, үй-бүлөлүк абалы, жынысы);
Юридикалык жактар үчүн:
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, юридикалык жактын аталышы;
- юридикалык жактын жетекчисинин жеке маалыматтары (жеке идентификациялык номери, аты-жөнү, туулган датасы, документтин номери, документти берген орган, берилген күнү, жарактуулук мөөнөтү аяктоочу дата, жашаган жери, улуту, жарандыгы, туулган жери, үй-бүлөлүк абалы, жынысы).
Порталда катталгандыгын тастыктоо үчүн Пайдалануучу Пайдалануу келишимине жеке жакты/юридикалык жактын жетекчисин идентификациялаган электрондук колтамга менен кол коёт.
13. Милдеттүү реквизиттер туура толтурулган учурда Пайдалануучу Пайдалануу келишими түзүлгөндөн кийин бир жумуш күндүн ичинде Порталда катталат жана Пайдалануучунун жеке кабинети түзүлөт.
5. Өтүнмө берүү жана кароо тартиби
14. Пайдалануучу жеке кабинети аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук формада өтүнмө берет, ал электрондук формада мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын серверинде катталат.
15. Пайдалануучунун Порталы аркылуу жиберилген электрондук формадагы өтүнмөлөрү Пайдалануучунун электрондук колтамгасы менен тастыкталууга тийиш.
16. Эгер мамлекеттик кызмат акы төлөө менен көрсөтүлсө, акы Порталда онлайн-төлөм сервиси аркылуу төлөнөт жана автоматтык түрдө электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасына жөнөтүлөт.
Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасынын иштөө тартиби, жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөгөндүгү, республикалык бюджеттин пайдасына башка төлөмдөр жөнүндө маалыматтарды алмашуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-октябрындагы № 709 "Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен аныкталган.
17. Пайдалануучу өтүнмөсүнө жооп алуунун түрүн тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ: электрондук түрдө, каттоо учурунда көрсөткөн электрондук почта дарегине, почта дарегине же болбосо жеке кабинетине кат жөнөтүү жолу менен алса болот.
18. Электрондук формада мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор өтүнмө алынгандан кийин бир жумуш күндүн ичинде милдеттүү түрдө Пайдалануучуга анын электрондук формадагы өтүнмөсү кабыл алынганы жөнүндө анын каттоо учурунда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине же болбосо жеке кабинетине билдирүү жиберүү жолу менен кабарлайт.
19. Пайдалануучунун өтүнмөсүн кароодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот:
- туура эмес же толук эмес маалымат;
- өтүнмөнү тапшырган учурда актуалдуу эмес маалыматтар берилсе.
Мамлекеттик орган өтүнмөнү кароодон баш тартуу жөнүндө Пайдалануучуга бир жумуш күндүн ичинде, баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен электрондук почтасынын дарегине же жеке кабинетине жиберет.
20. Электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө өтүнмөнү кабыл алуу жана ал боюнча жоопту жөнөтүү Порталда өтүнмөнү кароо милдети жүктөлгөн мамлекеттик орган жана кызмат адамы тарабынан аткарылат.
21. Пайдалануучу берген өтүнмө ушул Эреженин 19-пунктунда каралгандан башка учурларда милдеттүү түрдө кабыл алынууга жана каралууга тийиш.
22. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор электрондук формадагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өз убагында аткарууну жана оператор менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга ыйгарым укуктуу жооптуу жакты аныкташат.
23. Пайдалануучунун электрондук формада мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө өтүнмөсүн сактоо жана иштетүү, ошондой эле аны кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы жөнүндө информация маалыматтык системада, анын ичинде суралган мамлекеттик кызматты көрсөтүүчү мамлекеттик органдын маалымат базасында ишке ашырылат.
24. Пайдалануучулардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада алууга өтүнмөлөрүн кароо мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен аныкталат.
6. Портал аркылуу электрондук формада мамлекеттик кызмат көрсөтүү тартиби
25. Кызмат адамы өтүнмөнү карап чыккандан кийин Пайдалануучунун электрондук почта дарегине, жеке кабинетине же почта дарегине мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн (маалымкат, көчүрмө, күбөлүк ж.б.) жыйынтыгын PDF форматта, документтин тууралыгын текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү штрих-коду менен, же болбосо мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө даяр экендиги жана кайсы жерде алууга мүмкүн экендиги жөнүндө билдирүү жиберет.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында электрондук түрдө PDF форматта алынган жана Порталда мамлекеттик органдын жетекчисинин электрондук колтамгасы коюлган документ кагаз түрүндө алынган документ менен бирдей болот.
26. Мамлекеттик органдар электрондук формада мамлекеттик кызмат көрсөткөндө төмөнкүлөрдү камсыздашат:
- өтүнмөнү кароонун жүрүшү жана электрондук формада мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы жөнүндө Пайдалануучуга берилүүчү маалыматтын тууралыгын;
- өтүнмө катталган күндөн тартып Пайдалануучу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү Порталдан электрондук формада алган күнгө чейин Пайдалануучунун өтүнмөсүндөгү маалыматтардын жана мамлекеттик орган жиберүүчү маалыматтын бүтүндүгүн, сакталышын, өзгөрүлбөшүн.
27. Электрондук формада мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон административдик процедуралардын (иш-аракеттердин) мөөнөттөрү жана ырааты, анын ичинде министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери менен аныкталат.
7. Порталды администрациялоо
28. Порталды администрациялоону оператор ишке ашырат.
Оператордун Порталды администрациялоо боюнча милдеттери төмөнкүлөр:
- электрондук формадагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды Порталга жайгаштыруу;
- модернизациялоо жана техникалык жумуштар жүргүзүлгөндөн башка учурларда Пайдалануучулардын Порталды күнү-түнү пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо;
- Пайдалануучунун күнөөсүнөн болгондон башка учурларда, Порталга жайгаштырылуучу жеке маалыматтарды санкциясыз өзгөртүүдөн же жок кылуудан сактоо;
- Порталга киргендик фактысы тууралуу маалыматтарды каттоо жана сактоо.
29. Оператор электрондук формада кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдардан электрондук формадагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө актуалдаштырылган маалыматтарды алгандан кийин аларды Порталга жайгаштырат.
30. Өтүнмөнүн электрондук бланкынын формасын, аны толтуруу тартибин, Порталдын дизайнын, Пайдалануу келишиминин үлгүсүн оператор электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитет.
8. Корутунду жоболор
31. Электрондук формадагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр түшүнүүгө жөнөкөй жана Пайдалануучулардын керектөөлөрүнө жана кызыкчылыктарына ылайык болууга тийиш.
32. Электрондук формада мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде берилүүчү маалымат актуалдуу, туура жана санкциясыз кирүүдөн, жок кылуудан, бурмалоодон, блок коюудан корголгон болууга тийиш.
33. Мамлекеттик органдардын жетекчилери жана алардын өтүнмөнү кароо милдети жүктөлгөн кызмат адамдары электрондук формада кызмат көрсөтүүдөн негизсиз баш тарткандыгы жана Портал аркылуу сапатсыз электрондук кызмат көрсөтүлгөнү үчүн тартиптик жоопкерчилик тартышат.